Акылмандык жөнүндө алжир эл жомогу

  • 11.01.2024
  • 4875

Бул дүйнөдө бир акылдуу жана колунан баары келген адам жашаптыр. Ал кездеме токуп, жол оңдоочу, үйлөрү жана көпүрөлөрдү салчу, аңчылыкка чыгып, мал бакчу. Бир жаман жери – билгенин адамдарга үйрөтчү эмес.

Кудайдын бир күнүндө ал дүйнө кыдырып, алдынан жолуккан акылмандуулуктун баарын чогултуп келүүнү чечип, жолго чыгат.

Жер кезип жүрүп дүйнөдөгү тапкан билимди, акылмандуулукту чогултуп, карапасын толтуруп үйүнө кайтты. Келгенден кийин карапаны кайда катсам деп ойлонуп отуруп, бир чоң бакты көрөт. Ал карапаны бактын башына эч ким жете албаган жерге илип коюуну чечти. Анан карапаны курсагына байлап, бакка чыга баштады. Ошол убакта үйдөн тиги кишинин баласы чыгып, атасынын кылып жатканына далда жерде көрүнбөстөн байкоо салып турду. Атасынын бакка кыйналып чыгып баратканын көрүп, чыдабады.

- Ата, мен сага кеңеш айтсам болобу? – деди атасына.

Аны шыкаалап турганына жини келген атасы баласын жемеледи:

- Улуу кишилерди аңдып жүргөн кантип болсун? Уялсаң боло.

- Мен аңдыган жокмун, жөн гана көрүп калдым, сиз карапаны аркаңызга байлап алсаңыз оңой чыкмаксыз, ошону эле айтайын дегем.  

Атасы ойлонуп көрсө, баласыныкы тура экен. Ал анчалык деле келесоо болбогондуктан бактын башына жеткенде гана минтип ойлоду: “Карасаң, карапага дүйнөдөгү толтура акылмандыкты жыйып келсем, баламдын акылы жеткен нерсеге өз акылым жетпептир”. Ал өзүнө жини келип, карапаны жерге ыргытып жиберет. Карапа быркырап сынып, ичиндеги билим, акылмандуулуктар айланасына чачылат. Ал жөнүндө уккан адамдар жүгүрүп келишип, бир заматта акылмандуулукту талап кетишет.

Азыр акылдуу адамдарды бардык жерден жолуктурса болот, бирок акылмандуулук бардыгына жеткен эмес. Ошондуктан, сизге акылы жок, келесоо адамдар жолугуп калса, аларга таарынбаңыз. Алжирде мындай сөз бар: “Акылсыз адам – бул кечигип келип, акылмандуулукка жетпей калгандар”.  Мына ошондой, келесоо болбоюн десең, кечикпей жүргөнгө аракет кыл!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз