Латыш эл жомогу: Чиркей менен карышкыр

  • 09.01.2024
  • 5783

Кашабаң сазда ылаалаган атты көрүп жөнөп калды. Жара тартып казысына карын кампайтмакчы болду. Оңдой берди болуп айлана ээн, иттердин үргөнү, адамдарын үндөрү угулбайт. Ат дагы өзүнүн бул оюна макул болгонсуп башын ийкеңдетет. Ушул учурда маңдайына зың этип чиркей пайда боло калды.

- Каке, кайда жөнөдүң, тилиңди салаңдатып, көзүңдү алаңдатып желип-жорто, - деди чиркей каадалуу зыңылдап.

- Атты жарганы, казысына тумшук малганы, - деди карышкыр жалана берип жолун улагыча.

- Өзүң жалгыз элеби?

- Анан кимди кошмок элем?

- Биз бүт чиркейлер аны менен эртеден бери алышып атабыз. Моюн бере турган эмес. Башын ылдый ийкесе ылдый кетебиз, өйдө сермесе өйдө кетебиз. Куйругу менен шыйпанып канчабызды шылый чапты. Жана эптеп көтөрүп чаап алсак тең жарымыбызды басып өлтүрдү. Ушунчабыз жүрүп алыбыз жетпей жатса жалгыз барып жейм дегениңе жол болсун!

- Ыя ошондойбу? – деп карышкыр токтоло калды, эми араң жалгыздыгы эсине түштү, тумандай каптаган чиркейге моюн бербеген аттын казысын унутуп, чапчыса-тепсе чокмордой тийген сом туягын эстеди. – Чын эле ат алдыргыдай эмес, бактымды башка жактан издейин, - деп күрсүнүп алып бул жерден оолактап жөнөдү.

- Жабалактап канын соруп жаткан жалгыз атыбыз болсо тартып алгысы бар! – деп кашабаңдын аңкоолугуна күлүп, өзүнүн куулугуна корстон болгон чиркей аттын канынан кайта дагы бир соргону учуп жөнөдү.

Орусчадан которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз