Манас... Эмне үчүн Манас?

  • 15.08.2022
  • 2221

Кыргыз эли байыртадан Ай-ааламга, Күнгө, Теңирге сыйынып келген. Теңир – бул Асман деп билген. Жараткан, Асман, Теңир – бул бир түшүнүк болгон.

Алтайда жүрүп Жакып кан: “Ушинтип картайып, куу баш атыгып, дүйнөдөн баласыз өтөмбү?” деп кейип, күнүгө бийик жерге чыгып алып, эки колун жогору көтөрүп жалдырап Көк Асмандан, Көкө Теңирден бала сурайт, уул сурайт...

Көп узабай зайыбы Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Тогуз айдан соң тогуз күн толготуп жатып көз жарат, уул төрөйт.

Кубанычы койнуна батпаган Жакып кан эл-журтту чакырып той берет. Аксакалдарга, акылмандарга, билермандарга кайрылып, уулуна ат коюп берүүсүн суранат. Ошондо кайдан-жайдан экени белгисиз, аса таякчан, ак кийимчен, ак сакалдуу думана пайда болот. Ал айтат: “Атын Манас койгула!” деп. Баары унчукпай макул болушат. Думана кандай келсе, ошондой кайып болуп кетет.

Демек, ал бекер келген жок да, аны Теңир жиберди, Асман жиберди. Демек, Манас жөнөкөй бала эмес экен да, Кыргыздын маңдайына жаралган, эл башы боло турган, душманга каршы аттанаар болочок баатыр жаралган экен да...

Думананын оозу менен Жараткан, Теңир, Асман эмне үчүн “Манас” деп атады? Анткени Манас – Асман Уулу! Куткаруучу! Коргоочу! Кыргыз элине атайын келген сактоочу!

МА-НАС...  АС-МАН...  МА-НАС...  АС-МАН – МАН-АС...

Байкадыңарбы, ардактуу окурмандар, тамгалардын окшоштугун, алардын санын!? Беш тамга тең бап келип жатпайбы! Бул окшоштук бекер жеринен эместир!..

Урматтуу билермандар, илимпоздор, окумуштуулар, манасчылар жана “Манас” таануучулар!? Силердин оюңар кандай? Эмне дейсиңер?

Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен Күнүңдүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй!..

Демек, бүгүнкү күндө да биздин жол көрсөткүчүбүз, кеңешчибиз жана сактоочубуз бар, ал – Улуу МАНАС !!!

Авазбек ЖУСУПБЕКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз