Мухтар Ауэзовдун 1952-жылы «Манас» боюнча өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзү

  • 23.02.2022
  • 5270

Тарыхый сүрөттө: Мухтар Ауэзов менен Түгөлбай Сыдыкбеков

Данакер

Бүгүнкү өтүп жаткан конференцияда биз биринчи иретте төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийишпиз:

1. Советтик кыргыз элине «Манас» эпосу керекпи же жокпу?

2. Анын варианттарынын бириктирилген туундусу болушу мүмкүнбү же жокпу?

3. Эгерде мүмкүн болсо, бул ишти кандайча жол менен ишке ашыруу керек?

Ушул суроолорго жооп алгандан кийин гана «Манасты» окуп, изилдөө жана анын жаралуу доору жөнүндөгү суроолор коюлганы туура болот. Ошентип, менин оюмча, бул сөзүмдө бая айтып өткөн ошол үч суроого жооп берүүгө милдеттүүмүн.

Мен кабыргасынан койгон биринчи суроо – бул кыргыз совет элине «Манас» эпосу керекпи? – деген суроо. Дегеле бул суроо бүгүнкү конференциянын алдына коюлуп олтурат. Ошондуктан, бул суроого негизги докладчы жана кошумча доклад жасаган жолдоштор жооп берүүлөрү зарыл. Биз негизги докладчы жолдош Боровковдун сөзүнөн ушул суроого ачык жооп ала алдыкпы? Же башка кошумча сөз сүйлөгөн жолдоштор ачык жооп бериштиби? Жок, биз бул суроолорго жооп ала албадык. Боровковдун сөзүнүн 99 пайызы Сагымбайдын варианты жөнүндө гана болду. Докладчынын ой жүгүртүүсүндө өңчөй терс жактар гана камтылып, эпостогу чыныгы элдик элементтер каралбай калган. Анан дагы ал «Манасты» изилдебей эле, эпоско жабышып жүргөн кошумча нерселерге алаксып кеткендей болду.

Ошонун натыйжасында эпостогу баалуу сапаттарга докладдын бир гана пайызы бөлүнүп берилиптир. Боровков өзүнүн сөзүнүн аягында: «Эпосту колдо бар материалдардын негизинде кайра иштеп чыгуу керек» – деп айтышы – бул абдан туура жыйынтык. Ал эми «Манас» эпосу чынында эле кыргыз элине керек. Бул жөнүндө жеке эле жазуучулар, окумуштуулар гана эмес, кыргыз эли дагы өзүнүн жаңыланган, социалисттик доордогу кайра жаралган маданияты менен жооп берип жатат. Мына, отуз төрт жылдан бери советтик кыргыз эли «Манасты» окубай жүрүшкөн деп кантип айта алабыз? Же ушул кезде дагы аны менен катар эле панисламизм, пантүркизм пропагандаланган деп айтсак болобу? Анткени эл өзү совет доорунда мурда ооздон-оозго гана айтылган «Манасын» популярдуу кылып жайылтпадыбы: мектептерде окулуп, театрларга коюлуп, ал тургай колхоз-совхоздордун сахналарына чейин жетти.

Эл өзү эле өзүнө керексиз, жакпаган жерлерин эбак алып таштаган. Кыргыз эли революцияга чейин дээрлик кат-сабатсыз эл болуп келгенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Албетте, феодалдар арасында да, жөнөкөй эл катмарында да жашап келген эпос үчүн эбегейсиз күрөш жүргөн. «Манас» кыргыз совет элине керекпи же жокпу деген суроону чечип жатып, биз башка бир маанилүү нерселерди да эстен чыгарбашыбыз керек. Бул байыркы эстеликке кыргыздын бүткүл рухий байлыгы, илгертен жыйнап келген маданий мурасы кирген. Мында поэтикалык, тилдик байлык көп кылымдар бою кыргыз элинин социализмге чейинки кыргыз адабиятынын өнүгүп-өрчүп келгендигин чагылдырып турат. Эми кандай гана тилчи өз адабиятында (жазма) классиги болбой туруп, көптөгөн чыгармалары жок туруп, ушундай бай тил мурасын камтыган чыгарманы жээрий алат? Мындан сырткары, эпосто көп кылымды камтыган поэтикалык маданияттын өнүгүшү дагы бар. Эпосто элдин тарыхы менен бирге эле, мен жогоруда айтып өткөндөй, көптөгөн мифтер, уламыштар, санжыралар, макал-лакаптар бар. Анда элдин үй-бүлөлүк, тиричилик, коомдук, экономикалык турмушу кеңири чагылдырылган. Эпосто монгол чабуулу, XIV–XVIII кылымдардагы кыргыз-калмак согушу жөнүндөгү жана башка тарыхый окуялар да орун алган – уйгур падышачылыгына чейин.

Ушул айтылгандардын баары «Манас» кыргыз совет элине анын өткөн тарыхын баяндаган баалуу эстелик катары керек экенин билдирип турат. «Манас» чыгарылышы жана изилдениши керек. Өткөн ондогон жылдардын тажрыйбасы менен гана чектелип калууга болбойт. Бирок эпос кандай сапатта чыгарылышы керек? Бул суроого жооп бериш үчүн мен экинчи коюлган суроомо өтөйүн.

Мен варианттардын бириктирилген туундусу мүмкүнбү? – деген суроо койбодумбу. Докладчылар жана башка чыгып сүйлөшкөн көп жолдоштор сыяктуу эле мен дагы мындай бириктирилген туундуну жасоого болот деп ойлойм. Бирок аны кандайча жасоого болот? Бул суроого биринчи болуп академик Радлов жооп берген. Ал үч манасчынын айтуусу боюнча өз вариантын түзбөдү беле? «Манас» ырынын размер-өлчөмүнүн бирдиктүүлүгү, образдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү, кандай манасчы болсо да бирдей нукта айткан сюжеттик негизги багыты – бул Радловго өзүнчө тематикалуу жана фабулалык жактан бир бүтүн болгон эпос вариантын түзүүгө мүмкүндүк берген. Ар бир манасчы, аткаруучу – эпостун автору деген тар, илимге каршы түшүнүктөн качуу керек. Бардык эле варианттарында жалпы окшош жерлер, даяр клишелер бар. Ал тургай айрым ырлар да кээ бир сөздөрү гана өзгөчөлөнбөсө, өтө окшош. Дал ошондуктан бул жерде сүйлөшкөн жолдоштор Радлов жасаган жана кийинки варианттардын окшоштугун белгилеп өтүштү.

Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаков менен Шапактын, Каралаев менен Шапактын варианттарын салыштырып, жалпы белгилерин айтышты. Бул окшоштук идеялык-тематикалык гана эмес, сюжеттик-поэтикалык, образдык-стилдик сапаттарда да бар. Ошондуктан, Сагымбай Орозбаковго окшош болгон кийинки варианттардын ага окшоштугун Сагымбайды туурагандык деп түшүнбөстөн, биз бир гана жазма эстеликтин ар кайсыл варианттарын салыштырып көрүп жатканыбызды түшүнүп, муну илимий жактан туура ачып беришибиз зарыл.

Эгерде бириктире турган туундуну ушундай ойлордон келип чыгып жасай турган болсок, анда бардык башка варианттарды карап жатып ар бир айтуучунун өзгөчөлүгү, негизинен, башталышында жана аягында гана боло турганын байкоого болот. Албетте, эпостун бул бөлүктөрүндө ар бир айтуучу өз дараметтерине жараша өзгөртүү киргизип, кошумчалай алышкан. Бирок бул айтуучунун өз сөзү катары айтылган ырлар эпостун нукура тулкусуна, сюжетине кирбей, кириш сөз иретинде гана калган, ар бир манасчынын өзүнүн гана эпоско, эпостун каармандарына болгон мамилесин, сезимдерин билдирген.

Убакыттын тардыгына байланыштуу, мен ошол жалпы окшош жерлерди жана айырмачылыктарды санап отурбайын. Бирок Өмүркул Жакишевдин докладына жана Кубанычбек Маликов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу «Манасты» эң жакшы билген жолдоштордун сөздөрүнө токтоло кетейин. Алардын баары өздөрү талкууга алышкан варианттардагы элдик элементтерди ишеничтүү далилдешип, ачып көрсөтө алышты. Башкача айтканда, ушул эле жолдоштор өздөрүнүн так талдоолору менен эпостун нукура элдик касиетин ача баштап, бириктирилип чыгарыла турган туундунун кандай боло тургандыгы жөнүндөгү ишти башташты деп айтсам болот. Демек, биз бардык варианттардан ондогон, жүздөгөн эле эмес, миңдеген жалпылыктарды көрдүк. Ошондуктан айрым бир саптарды гана салыштырып олтуруп албастан, толугу менен бир эпизоддун ар кандай варианттарда кандайча айтылганына көңүл бурушубуз керек.

Ал эми аткаруучунун, манасчынын өзү кошкон ырларын алып салуу керек. Окуяларды баяндаган ырлар, поэтикалык курулмалар өзүнүн стилдик түзүлүшү менен эле өзгөчөлөнүп турат. Ошондой эле ар бир манасчы, аткаруучу бул ырларды бирөөдөн үйрөнүп алып айтканы билинип турбайбы. Ар бир манасчы мурунку муундагы манасчыдан аларды өзүнө сиңирип алып калган. Анын устатынын да өз кезегинде өз устаты болгон – коллективдүү чыгарма болгон бул эпикалык чыгарма ошентип кылымдардан бери ооздон оозго өтүп айтылып, сакталып келген. Дал ошон үчүн биз аны элдик чыгарма деп атайбыз.

Ушул айтылгандардын негизинде мен бул эпостогу ар кандай варианттарды бириктирчү жалпы түзүлүш-канва жок дегендерге жооп кайтаргым келет: канва бар, сюжет да бар. Ал – бардык эле манасчыларга белгилүү болуп, алар ошонун тегерегинен чыга албаган окуялар, сюжеттер, тема. Бул фабула да илгертен жашап келген. Ушуга мисал катарында, ушул жерде олтурушкан айрым жолдоштордун күмөндөнүүлөрүн жок кылуу үчүн бул жерде катышып жаткан Ысак Шайбеков, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай, Ыбрай сыяктуу манасчыларга алдын ала тема берип, айттырып көрсөк болор эле. Ошондо алар мурда өздөрү кошуп жиберишкен кириш сөздөрдү, ашыкча жерлерди айтпастан, бир эле ырды айтып беришмек. Биз анда ырды айтуу гана манерасы эмес, ырдын өзү да, өлчөмү да, сөздүк составы да, образдык-стилистикалык системасы да окшоштугуна ынанмакпыз. Ошол окшоштуктун өзү эле бириктирилген туундунун мүмкүн экенине күбө болуп турбайбы?

Бул бириктирилген туундуну жасоо боюнча оюмду жыйынтыктап жатып төмөнкү маселелерге токтолгум келет: жаңы варианттын үстүндө иштеп жатканда бир гана вариантка айланчыктап туруп алыш керек эмес – Каралаевдин же Шапактын вариантына гана. Менин оюмча, каралаевдик, шапактык жана радловдук варианттардын үчөөнү тең бирдей пайдалануу зарыл. Айрым бир учурларда башка бардык варианттарды дагы пайдаланып, ошонун негизинде бириктирилген жаңы вариантты түзүү керек. Мындан сырткары, албетте, мен эл арасынан дагы накта элдик мүнөздө жазылып, сакталып калган варианттардын изделишин каалар элем.

Мындан ары да өз сөзүмдү, сунушумду тактай кетейин: менин оюмча, иш жүргүзө турган редакциялык группанын арасында Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу эпосту мыкты билишкен акын-жазуучулардын болушу керек жана талаш учурларда алардын сөзү өзгөчө бааланышы керек деп ойлойм. Эми мен үчүнчү суроо боюнча – жаңы вариантты кантип кайра түзүп чыгыш керек деген суроо боюнча – өзүмдүн оюмду кыскача айтып берейин. Ушунчалык көп материалдын ичинен, миллиондогон саптардан керектүү нерсени кандай жол менен тандап алуу керек? Биз бул жерде көлөм эң башкы максат эмес экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Көптөгөн кайталоолорду алып салыш керек. Бирок ошол эле учурда сактала турган кайталоо болушу да мүмкүн. Анткени ар бир эле эпоско кайталоо мүнөздүү эмеспи.

Мындан сырткары, панисламизм жана пантүркизмге байланышкан, хандарга, монархтарга байланышкан жерлерин, дин үчүн болгон агрессияны баяндаган жерлерин, элдин биримдиги үчүн деп жалгандан, кайталап айтам, жалгандан идея көтөрүлгөн жерлерин алып таштоо зарыл. Ошол эле учурда күрөш жөнүндө, кыргыз эли байыркы жана орто кылымдарда бөтөн элдин эзүүсүндө туруп, боштондук, биримдик үчүн күрөшкөн жерлерин сактап калуу керек. Албетте, Манастын ойдон чыгарылган, апыртылган жортуулдарын да алып салуу керек. Бирок ошол эле учурда элге таандык кулк-мүнөздү, өзгөчөлүктөрдү чагылткан – элдин жакшылык жана жамандык, ишенич, космогония жөнүндөгү түшүнүктөрүн, каада-салттарын чагылткан ырларды сактап калуу зарыл. Алар фантазиялуу болсо да, реалдуу түшүнүктөргө баш ийбесе да сакталып калуу керек. Эпос деген эпос да. Ал биздин заманда жаратылган чыгарма эмес. Элдин ой жүгүртүүсү, көз карашы да тарыхый категория сыяктуу эле мезгил менен кошо өзгөрүлүп жүрүп олтурган. Ошондуктан эпосту биздин бүгүнкү күндүн чыгармасына окшоштуруп оңдоп салуунун эч кажети жок. Муну бизден советтик илим да, социалисттик маданият да талап кылбайт. Жолдош Сталин айткан: «Тарыхты жакшыртып оңдоштун да, жамандап бузуунун да кереги жок», – деген сөздөрүн эстен чыгарбашыбыз керек.

Бирок эң башкысы – ушул жарала турган бириктирилген жаңы вариантты жарыялоодо анын биринчи чыгарылчу китептерин өтө терең, бардык тарапты камтыган илимий түшүндүрмө (комментариялоочу) макалалар менен жабдып, бул варианттын үстүндө жасалган иштер жөнүндө жазуу керек. Ошол эле макалаларда бул жерде докладчы жана кошумча докладчылар, башка чыгып сүйлөшкөн жолдоштор айтышкан фальсификациялар (эпостун нукура мазмунунун бузулушу), идеализациялоо жөнүндө жазылышы абдан маанилүү.

«Манас» эпосунун жаралуу доору жөнүндөгү суроого кайрылып жатып мен профессор Климовичтин эсине муну салгым келет: эпостун байыркы негиздерин IX кылымдан издөө, сиз айткандай, анталиялык түрктөргө эмес – аларды биздин көбүбүз бул жерде биринчи ирет угуп олтурабыз – ыраматылык Фалевге таандык. Сиз да өз эмгектериңизде ага шилтеме берип жүрөсүз. Кээде Орхон жазмалары менен салыштырып, сиз бул жерде айткандай «Манасты» XV–XVIII кылымдардагы дунган-калмак согуштарына гана байланыштырып, ушул ойду таңуулап жатпайсызбы, бизге – эпос ошол кезде жаралган деген идея, сиз ушул кезге чейин таанып жүргөн Жирмунскийге  таандык. Ошол эле учурда бул маселе боюнча мен айтар элем: жаралуу доору жөнүндөгү суроо боюнча эпосту бир эле доорго такап салганыбыз туура болбос. Анткени азыр эч кимибиздин колубузда муну так айгинелей турган документтерибиз жок. Ал эми Бартольддун жалпы жонунан гана айтылган «калмактардын өткөндөгү тарыхы» деген сөзүнө ишенип, шилтеме берүүгө болбойт. Себеби Бартольд «Манас» жөнүндө айткан эмес, ал эпосту да билген эмес, фольклорчу да болгон эмес. Ал, бул суроо боюнча адис болбогондон кийин анын сөзүнө таянганыбыз да туура болбойт.

Мен болсо бул боюнча Орхон жазмаларын эске алганыбыз абдан туура болот ко деп ойлойм. Айрыкча, Тюнюкуктун эстелигине орнотулган таштагы, Күлтегиндин эстелигиндеги таштагы жазууларды эске алышыбыз абдан зарыл. Ошол жазуулардан айрым жерлерин эске сала кетейин: «Кегмен кара тамандарын басып өтүп, биз согуштук, кыргыздардын өлкөсүнө чейин жеттик». Андан ары ошол эле жазмаларда айтылат: «Барс-бек деген болгон, биз ага ошол кезде Каган деген наам ыйгардык жана менин карындашымды аялдыкка бердик. Бирок ал өзү күнөөгө батты, анан Каган өлдү (демек, өлтүрүлдү б.а.), анын эли болсо кул менен күңгө айланды. Биз кемген өлкөсү кожоюнсуз калбасын деп, аз калган элдин арасын иретке келтирип (башкача айтканда, согуштан улам кырылган элге), биз кайра дагы согуш ачтык жана аны кайрадан кыргыздардын башкаруусуна бердик».

Бул жазууларда мындай деп айтылган жери да бар: «Менин таякем Кагандын урматына кыргыз каганын «Балбан» деп атап, мен эл башына койдум». Андан ары – ошол эле жазууларда: «Күлтегин 26 жашка толгондо биз кыргыздарга жортуулга аттандык. Найза бою үйүлгөн кар үстүндө чыйыр жол жасап, Кегмен кара тамандарына жетип, биз кыргыз элин алар уктап жаткан кезде чаап алдык. Алардын каганы менен биз Сунга карасында согуштук. Күлтегин ак кула атка минип, бизге каршы чабуулга умтулду, бир аскерди жебе менен жыга атты. Дагы экөөнү найза менен сайып өлтүрдү, биринин артынан бирин, ушул салгылашта ал өзүнүн атынан ажырады, атынын бели сынганда биз кыргыз каганын өлтүрүп, анын уруулардан турган кошуунун басып алдык».

Ушул эле жортуул (кыргыздарга каршы жасалган жортуул) Тюнюкуктун эстелигинде коюлган ташта да жазылган.

Жолдоштор, эми өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү? Бул жазуулар байыркы кандуу согуштардын күбөсү эмеспи? Кыргыздарга каршы кытайлар, кийинчерээк калмактар жана жунгарлар, же болбосо, коңшулаш эле жашашкан түрк урууларынан, түрк каганаттарынан мындай жортуулдар дайыма болуп турганын далилдеп турбайбы.

Орхон жазуулары деген эмне? Аларды азырга чейин тил эстеликтери катары үйрөнүп, изилдеп жатышат. Бирок алар ошол эле учурда байыркы фольклордун үлгүлөрү, эстеликтери болуп жүрбөсүн? Себеби мында эпикалык баяндын кыскача фабуласы, түзүлүшү көрүнүп турбайбы? Эгерде ушундай, ташка чегилип жазылган эстеликтер бар экенин эске алсак, анда эмне үчүн оозеки түрүндө толугу менен эл арасында жашаган болбосун?

Эгерде ушундай эстеликтерди тогуз-өгүздөр, түргөштөр жана башка элдер жасашса, анда эмне үчүн мындай баяндарды ошол эле учурда, ал тургай андан да мурдагы доорлордо – VI–VII кылымдарда эзүүдө болуп, дал ушундай өзүн коргоочу баатырга муктаж болушкан кыргыздар жарата алышпасын? Эмне үчүн кыргыз эли көргөн ушундай кандуу согуштар эпостун кайра жаралуусуна түрткү бербей, таасирсиз калмак эле?

Андан кийин кыргыздар уйгурлар тарабынан талоонго туш болуп, кийинчерээк Чыңгыз хандын уулу Жуучу тарабынан басылып алынган... Эмне үчүн кыргыз эли көргөн ушундай кандуу согуштар эпостун кайра жаралуусуна түрткү бербей, таасирсиз калмак эле? Мен калмак жана жунгар эпостору «Манаска» такыр таасир эткен эмес деген ойдон алысмын, анткени бул окуялар кийинчерээк өтүп, эпоско аз да болсо өз изин калтырып кеткен. Бирок ал окуялардан эпоско жаңы кошумчалар, күчөтүүлөр, башкача трактовкалар гана кошулушу мүмкүн эле. Бирок бул «Манас» эпосунун жаралышында калмак-жунгар согушу чечүүчү мааниге ээ экендигин билдирбейт. Бул, ошол доорлорго чейин эле «Манас» эпосунун айрым баяндары, варианттары, ырлары жана легендалары жаралгандыгын жокко чыгара албайт.

Эпостун жаралуу доорун аныктоодо дал ушул өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл. Бул жагынан алып караганда «Манас» эпосу өзүндө байыркы доорлордун белгилерин да камтып турат деп өз докладында айткан Климовичтин сөзү туура. Бирок чындыкты табуу үчүн изилдеп, талкуулап жатып биз баарыбыз тең калыс, бирдей багытта ой жүгүртсөк, улам эле бир айтканыбызды танып, кайра башка ойго көчө бербесек. Анда биз эпостун – «Манас» эпосунун жаралуу доору байыркы мезгилдерден башталган деген өз алдынча, өз көз карашы менен оюн билдиргендерге мынчалык катуу сын менен кайрылбас элек.

(«Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» аттуу «Турар» басмасынан жарыкка чыккан китептен алынды)

Жыйнактын түзүүчүсү Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз