Улуу жазуучунун «Манас» жана манасчылар жөнүндө айткандарынан

  • 14.02.2022
  • 3583

«Манастын» айрым үзүндүлөрүн гана билген ырчы аталгандардын бардыгы манасчы боло  бербейт. Ырчынын канча убакыт ырдаганынан анын билим өрүшү, күчү байкалган. «Манасты» баштан-аяк бир аптада же он күн ырдап бүтүргөн ырчы – нагыз байталман манасчы эмес. Азыркы заманга чейин дегеле манап аттуудан жомокчу чыкты деген сөз уламышта да, тарыхта да жок.

Келдибекке чейин «Манасты» ким айтканы белгисиз. Журттун оозундагы аңызга караганда, башка ырчылардай эмес, Келдибектин сөзүнүн кудурети өтө күчтүү болгон. Анын дастанын табият да, ата-бабалардын арбагы да сүйүнө уюп тыңдаган дешет.

Келдибекти көзү менен көрүп, кулагы менен уккандар ага тен койсо, ал эми жаңы муун Балыкка эч кимди теңдештирбеген, андан ашкан ырчы жок жана болбойт деп билген. Балыктан кийин анын уулу атактуу ырчы Найманбай чыгат. Ошентип, Балыктан баштап «Манасты» айтып таратууда, кийинки урпакка берүүдө мурастык салт жаралат. Казак элинин айтыштары көп эле болсо эки саатка созулган. Ал эми «Манастын» миллионго жакын ыр сабын жалгыз башына сыйгызып отурган Саякбай Каралаевди улуту акындык кылат ко.

Атаганат, ушу Сакемдин көзү өтүп кетсе, «Манасты» Саякбайдын дал өзүндөй аткара турган шакирттери артында калаар бекен? Бул адам түрк элинен сейрек кездеше турган талант, тамаша акын. Сакеме теңештиргенде, гректердин аэддери, Гомери тушарына тең келбейт!

Раиса КЫДЫРБАЕВА: «Манас» эпосунун катаал бир учуру

1952-жылы июнь айында «Манас» эпосуна арналган чоң авторитеттүү окумуштуулардын, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен илимий конференция болуп өткөн. Конференциянын алдында бир гана суроо, «Манас» эпосу элдикпи же элдик эмеспи деген бир гана суроо коюлган.

Конференцияга катышкандар бул суроого же оң, же терс жооп бериш керек болчу. Маселенин ушундайча коюлушу «Манас» эпосунун тагдыры кыл учунда деген сөз эле. Ошол мезгилдеги эпоско карата болгон саясый кырдаалды эске келтирсек, калмак элинин «Жаңгары», өзбек элинин «Алпамышы», азербайжан элинин «Деде Коркуту», казак элинин «Эдигеси» элдик эмес деп табылып, тыюу салынган чыгармалардын катарына кирген. Ушуга караганда эмки кезек «Манас» эпосуна да жетип калган болучу. Бул жерде конференцияга чейин «Кызыл Кыргызстан»,  «Советская Киргизия» газеталарынын беттеринде жүргөн талкууну да эске ала кетиш керек. Себеби бул талкуунун жүрүшүндө «Манас» эпосуна карата келишпес карама-каршы эки тенденция, эки көз караш бар экени ачыкка чыкты.

Биринчиси – түздөн-түз каралоочулар, жокко чыгаруучулар. Бирок баарынан да «Манас» эпосунун тагдыры чечүүчү факторго – ошол учурдагы советтик турмуштун идеологиялык саясый абалына, жалпы союздук масштабда осмополиттердин, улутчулдардын, ар түрдүү саясый кылмышкерлердин «бети ачылып», аёосуз түрдө репрессияга дуушар болуп турган учурга байланыштуу болчу.

Мына дал ушундай идеологиялык-саясый кырдаалда «Манас» эпосуна арналган илимий конференция башталып, андагы негизги докладды москвалык окумуштуу-тилчи, Өзбек ИА мүчөкорреспонденти, профессор А.К.Боровков жасады. Кошумча докладдар менен филология илимдеринин кандидаттары М.И.Богданова, А.А.Валитова, Б.Керимжанова, кыргыз жазуучулары К.Маликов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, сынчы Ө.Жакишев, философия илимдеринин кандидаты К.Давлеткелдиев чыгып сүйлөштү. Жарыш сөзгө казак элинин жазуучусу жана окумуштуусу М.Ауэзов, москвалык окумуштуулар Климович, Бернштам, кыргыз тилчиси Б.Юнусалиев, чуулгандуу «үчилтик» – Балтин, Нуров, Самаганов ж.б. чыгып сүйлөшкөнүн эске түшүрсөк, бул конференция канчалык саясый курч деңгээлде өткөнүн байкоо кыйын эмес. Негизги докладчы профессор А.Боровков, көп сандаган кошумча докладчылар, ошондой эле жарыш сөздө чыгып сүйлөгөндөр (бир Самагановдон башкасы) «Манас» эпосуна байланыштуу ар башка  материалдарга кайрылышса да, акыр-аягы келип, бир гана суроого: эпос элдикпи, же элдик эмеспи деген суроого так кесе, оң же терс жооп берүүгө аракеттеништи. Албетте, азыркы көз караш менен, фольклористика илиминин азыркы деңгээли менен караганда, «Манас» эпосуна карата, дегеле эпоско карата – «ал элдикпи же элдик эмеспи» деген суроонун коюлушу таптакыр туура эмес, мындан да ачыгыраак айтсак, эпоско карата маселенин мындайча коюлушу илимге эч кандай тиешеси жок.

Бирок биз мезгилдин тарыхый шартын, коммунисттик идеологиянын бир беткей саясатташкан үстөмдүгүн, анын үстүнө ошол жылдарда жарык көргөн И.В.Сталиндин «Марксизм жана тил маселеси», «СССРдеги социализмдин экономикалык маселелери» деген эмгектери коомдук аң-сезимди бүтүндөй «кишендеп» салганын эске албай коё албайбыз. Мына ушундай шартта илимий конференцияны кириш сөз менен ачкан А.Алтымышбаев маселени бир гана ушундайча («Манас» эпосу элдикпи же элдик эмеспи) койгонун идеологиялык учурдун өкүм талабы катарында түшүнүшүбүз керек. Элдик оозеки чыгармачылыктын байыркы эстелигине азыркы замандын саясатынан келип чыккан маселе коюлган соң, конференциянын жүрүшүндө идеологиялык каршылашуу улам күчөгөндөн күчөп отурганы, айрым учурларда душмандашуу позициясына чейин өтүү табигый иш болучу. Илимий талаштын жүрүшүндөгү ушундай атмосфераны байкаш үчүн Климович менен Бернштамдын, Климович менен Богданованын, Балтин менен Юнусалиевдин, Самаганов менен Керимжанованын ж.б. сүйлөгөн сөздөрүнө, бир-бирине берген репликаларына кайрылсак жетиштүү болот.

Мына ушундай шартта өткөн «Манас» эпосу боюнча талаштартыштын мүнөзүн жана жыйынтыгын алдын ала белгилөөдө Боровковдун доклады өзүнчө бир ишенимдүү таянычка айланды. Ырас, Боровков өзүнүн докладында «Манас» эпосуна ачык түрдө каршы чыккан жок. Ал турмак, сөзүнүн аягында кыргыз эпосу сөзсүз сакталыш керек дегендей жыйынтыкка келди. Бирок докладчы эпостун ондон ашык варианттарынын ичинен жалгыз гана Шапактын вариантын жарактуу деп эсептегени, бул калгандарын бүтүндөй жокко чыгаруу менен барабар эле. Ачыгын айтканда, Боровков өзүнүн докладын өтө бир беткей, өтө тенденциялуу тандалып, иргеп алынган фактылардын негизинде куруп, «Манас» эпосу «элдик эмес» деген жыйынтыкка келгенин азыр байкоо анча деле кыйын эмес. Ал эми ошол татаал жана курч саясый кырдаалда бир гана М.Ауэзов «Манас» эпосу боюнча Боровков жасаган докладдын илимге таптакыр негизделбеген дал ушул тенденциясын эң туура байкап, таамай мүнөздөгөн. М.Ауэзов минтип айтыптыр: «Докладчынын ой жүгүртүүсү жалаң терс, элдик негизге жат материалдарга негизделген, эпостун негизги сюжеттик өзөгүндө жаткан элдик элементтерге көңүл бурулган эмес. Натыйжада докладчы «Манасты» изилдебей эле, жалаң ага жабыштырылган, чапталышкан нерселерди изилдеп калган».

М.Ауэзов бул конференцияда доклад жасаган эмес. Ал жарыш сөздө катардагы адамдардай эле чыгып сүйлөгөн. Бирок өзүнүн мазмуну жана пафосу боюнча илимий жагынан далилдениши жана аргументтелиши боюнча Ауэзовдун бул сөзү Боровковдун кеңири баяндамасынын антитезасы, б.а., карама-каршы бет келген сүлпөтү десек болот. М.Ауэзов өзүнүн концепциясын докладчыга окшоп, эпостун ар кай жеринен үзүп-жулкуп алынган ыр саптарынын негизинде түзбөй, ал конкреттүү үч суроо коёт:

а) кыргыз совет элине «Манас» эпосу керекпи же жокпу;

б) бириктирилген вариант түзүүгө мүмкүнбү;

в) эгер мүмкүн болсо, кандай жол менен. Кеп бул жерде маселенин конкреттүү коюлушунда гана эмес.

М.Ауэзов кеңири сөзүндө ушул үч суроодон турган позициясын так, ишенимдүү далилдер менен аныктады. А ачыгын айтсак, өткөөлсүз туюк жарга келип капталган конференциянын ишин кеңири жолго алып чыккандай болду. Ырас, М.Ауэзовдон мурун айрым жолдоштор (маселен, М.И.Богданова ж.б.) «бириктирилген вариант» жөнүндөгү идеяны терең илимий талдоого алып, конференциянын ишинин эпицентрине, борбордук маселесине («Манас» элдикпи же элдик эмеспи деген жалган илимий суроонун ордуна) айландыра алган жок. Дал мына ушул жагынан алганда, эгерде Боровковдун атайы доклады «Манас» эпосуна арналган конференциянын саясатташкан прелюдиясы болсо, М.Ауэзовдун чыгып сүйлөгөн сөзү көп түйүндүү талаш-тартыштын өзүнчө бир апогейи, эң бийик илимий чекитине айланды. Конференциянын чечими да, негизинен, Ауэзовдун дал ушул «бириктирилген вариант» идеясына келип токтолгону бекеринен эмес. «Манас» эпосун сактап калыш үчүн мындан ашкан даанышман чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ошентип, өз учурунда тымызын билинбеген, байкалбаган Боровков менен Ауэзовдун ортосундагы «дуэль» акыры келип Ауэзовдун жеңиши менен аяктады.

«Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» аттуу «Турар» басмасынан жарыкка чыккан китептен алынды.
Жыйнактын түзүүчүсү Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз