Кубантай Эрназаров: Ата

  • 16.08.2022
  • 2680

АҢГЕМЕ

Жай саратан. Чөп чабык. Чак түш. Ар кайсы жылгада чөп чаап жүргөн адамдар алыстан кудум кумурскадай кибиреп араң көзгө урунат. Түш ченде талаадагы адамдардын карааны сээлдеп, жылга этектеп аккан суу боюнан бирин-серин атчандар, чалгысын далыга артып жөө бараткан караандар көрүнүп баштады. Чөп чапкандар куйкалап тийген күндүн табы кайтканга дейре ар кимиси ар талдын түбүндө көлөкө качырып жатышат. Суу жээктеги ар талдын түбүндө кобур-собур, чалгы чыңаган балканын чыңк-чыңк үнү. Көлөкө аркан бою узарган ченде суу боюнан адамдар ыргылжың чыгышат да, атчаны атчан, кээси жөө күн табына куйкаланып турган күнгөй бетке бет алышат. Көз байлангыча ар коктуда чөп чабык башталат.

Тээ чокуда Чокчо-Көздөгү жигит гана куйкалап тийген күндүн аптабына карабай чөп чаап жатты. Бул бийиктен айыл алаканга салгандай ыраактан көрүнөт. Айыл ичинде эрбеңдеп жүргөндөр курттай кибиреп көрүнүп, чоң кишиби, же жаш балабы, аялбы, же эркекпи, кемпирби, же чалбы – айырмалап болбойт. Жигиттин жашы отуздун тегереги. Бул бийикте жайгашкан какыр жер күнгө эки эсе ысыганына карабастан жигит ишин токтотор түрү жок. Күн чокусун жегидей куйкалап, жигит ага өчөшкөнсүп улам күч алып чалгысын шилтейт. Айланада кыбыр эткен жан жок. Көк-Занкардын боорун байырлаган күйкөлөр гана асманда каалгый учуп баратып кокусунан абада тык токтоп, канаттарын дирилдетип туруп калышат да, жерге окчундай учуп түшүп, кайра асманга каалгып кетишет. Күйкө ысыкты сүйөт. Күн тийген сайын кутурган жаныбар. Ниети жаман куш деп калышат. Жаан жаабаса, дайым кургачылык болсо деп тилейт имиш.

Калпакты түрө салып башына баса кийген жигит чындап эле куйкалаган күнгө өчөшкөндөй. Чөптү шылып бараткан чалгынын мизин тиктеген бойдон бир дем албай сол чыгарып жатты. Улам бир сол чыгарган сайын тээ төмөндөн алаканга салгандай айылды тиктеп терең дем алып туруп калат. Жогору чыгып, кайра сол башталат. Чалгы үнү шырт-шырт-шырт... Ага улай туш тараптан чегиртке үнү чырт-чырт-чирк-чирк... Тим эле оркестрде музыка ойнолуп жаткандай. Хор үнү. Жай саратандагы талаа үнү. Талаадагы гармония. Чакчайып тийген күн хорго дирижёрлук кылып жаткандай күлмүңдөйт да, куйкалайт. Төбөдө туруп бар жандууга отун чачып өзүнчө тамашага батып жаткандай.

Жигит солду ортолоп калганда, тээ айыл четиндеги үлүш жеринде эрбеңдеп ойноп жүргөн беш жашар баласы көзгө урунду. Үлүш жердин жарымына жүгөрү, жарымына беде эгилген. Талаада чөп башталганы жүгөрү менен бедени бир барып сугарып коюшка чамасы келбеди. Баласы аңыз башына кандайча келип калганы түшүнүксүз. Сыягы көпөлөк кууп ойноп жүрүп келип калса керек. Аны көргөндө жигиттен илхам кайтты. Өзүнчө кабатыр. Баласын башына кийген төбөсү ак, кырбусу кызыл жээктүү баш кийиминен жазбай тааныды. Баласы жүгөрү эгилген жөөктөргө кирип кетип, кайра чыгат. Дагы кирип кетет, кайра чыгат. Чай кайнам убактан соң баласы аңыз четиндеги ташка басып келди да, күнгө какталып таш үстүнө чокчоюп олтуруп алды.

Жигит жанатан бери баласын утур тиктеп токтобостон чалгысын шилтеп жаткан. Муну көргөндө, эми чындап илхам кайтты. Чалгысын шалдайып араң шилтеп сол этегине чыкты да, ылдыйды тиктеп олтурду. Эрте менен чөпкө жөнөгөндө келинчеги сегиз жашар улуу баласын ээрчитип жайлоого иштери менен кеткен. Беш жашар баласын чоң атасына калтырган.

Атанын уулуна кабатыр болуп жатканынын себеби бар. Беш жашар уулу ачык күндө бир аз жүрүп койсо, мурдунан кан токтобой ага бермей адаты бар. Айрыкча түнкүсүн уктап жатканда мурду канап, ата-энени түзүк эле убайымга салат. Айылдык доктурга көрсөтсө, мунун дарысы жок имиш.

Жигит чөнтөк телефонун алды да, үйдөгү атасына чалды.

- Туут-Туут-туут... – чалуу тынымсыз кетип жатты. Атасы телефонун албады.

Түшүнүктүү. Демек, чоң атасы пешим намазын окуп, уктап калган. Баса, бүгүн жума эмеспи. Же небересин уктатып, өзү жакынкы мечитке кеткен чыгар. Бир аз туруп чыдабай дагы телефон чалды.

- Туут-туут-туут…

- Алло, балам, - атасынын кирилдеген үнү угулду.

- Ата, - деди жигит шашкалактап, - Кедекти карап койчу. Чак түштө жүгөрү аңызда жүрөт.

Чак түштө жүгөрү аңыз тарапка ойноп келип, ташка чокчоюп олтуруп алган беш жашар тентектин аты – Келдибек. Жаңыдан төрөлгөндө тили эми чыккан үч жашар агасы Келдибек деп айтканга тили келбей «Кедек» деп чакырар эле. Ошол бойдон Келдибек аты калып, «Кедек» атка конгон. Үч жашар агасы эки айлык инисин сийгек деп айтканга тили келбей «гидкек» деп урушар эле. Көз салып турбаса шейшепке оролуп жаткан инисин үстүнөн ат кылып минип чапкылап ойнойт. Бир жолу кудай чоң сактаган. Чоңдордун эч ким жокто төркү бөлмөдө бешикте жаткан иниси ойгонуп, чукуранып ыйлап калат. Аны үч жашар агасы термете берип тажаптыр да, кандай айла тапканы белгисиз, айтор бешиктен эптеп чечип, эшикке бир бутунан кармап сүйрөп чыгат. Ушуну алиге дейре айтып күлүп калышат.

- Башына күн өтүп, дагы мурду токтобой канап жүрбөсүн, – деди жигит телефондон атасына дале чый-пыйы чыгып.

- Кандайча аңызда жүрөт? – атасы таң калды. – Балаң үйдө.

- Ой, ата, мен өз көзүм менен көрүп турам. Чак түштө аңыз четинде олтурат. Барып үйгө апкелип койчу сураныч.

- Ой, балаң үйдө дейм! Кандай түшүнбөйт бул.

- Тууй ата! – жигит телефонду кармаган бойдон шалдайды.

Атасына муну эч түшүндүрө албады. Миң жолу айтса да, атасы түшүнөр эмес. Карылык да. Карыганда адам жаш баладан бетер болуп калат тура. Ананчы. Жетимиш беш да оңой жаш эмес.

Атасы менен телефондон алым-сабак айтышкандан пайда чыгар эмес эч. Чалгыны орулган чөптүн арасына катты да, арыда арканда турган атты токуй салып, түз өөнгө жөнөдү. Атчан баратып атасына бир чети ичтен таарынды. Караган түбүндө көлөкөдө жаткан куржундагы атала, балка, дөшү, кайрак жаткан жеринде калды. Кыялап кеткен жол менен Оро-Башы аркылуу кетпестен, бул сапар жондоп бастырып келип Котур-Тескейдеги Эгендин илгерки чөп орчусу – Комуз аркылуу тик ылдый атын тердетип заматта өөнгө түшүп келди. Келди да, үйгө бурулбастан Келиштин кашаасы аркылуу суу бойлоп, түз Кызыл-Таш тарапка атын желдире бастырып жөнөдү.

Түз аңызга келди. Атты кашаага байлай салып, беде бойлоп жүгөрү тарапка бет алды. Буту тушалып калгансып баскан арышы арбыбайт. Бийик өскөн калың жүгөрү аңызды аралап баласы олтурган таш тарапка бет алды. Жүгөрү аралап баратып керзи өтүкчөн буту сууну сезди. Байкап караса, жөөктөргө бурулган суунун этеги жөөктү ортолоп калыптыр. Кошуна аңызда бирөө сугат сугарып жүргөндөй. Ал бурган суу улуу келип, сугаттын пайнабы жүгөрү аңызга жете түшүптүр. Басып баратканда өтүгүнөн суу өттү. Чалчык жөөктү өтүкчөн тебелеп өтүгү багалекке дейре ылай болгон жигит жөөк башына чыга келди. Жөөктөн чыгар замат кетмен таянып таш үстүндө бөкчөйүп олтурган атасын көрүп чочуду. Атасы башына небересинин төбөсү ак, кырбусу кызыл жээктуу шапкесин кондура кийип алыптыр. Жигит атасын тиктеген бойдон селейди:

- Ата?

- Иэ?! Сен кайдан бу?

Бийик өскөн жүгөрү арасынан капыстан чыга калган баласын көрүп баятан ысыкта үргүлөп олтурган ата да чочуду. Экөө тиктешип туруп калышты. Жигит иштин-чоо жайын эми түшүндү. Башына небересинин шапкесин кийип алган атасы төрт-беш жөөк жүгөрүгө сууну буруп коюп, суу жөөктүн аягына чыгышын күтүп аңыз четиндеги таш үстүндө дем алып үргүлөп олтурган кербези экен. Атасы да улам жашы өйдөлөгөн сайын бөкчөйүп кичирейип баратканын сезди. Келип атасына кол берип учурашты. Күнгө какталып олтурса да атасынын алаканы муздак бойдон. Жигит жөн гана сыр билгизбей:

- Жүгөрү сугарып жатасыңбы? Жөн койсоң деле болмок. Айтсаң өзүм деле кылат элем го.

- Кой, балам, – деди атасы уулуна боору ачыгандай. – Чөп чапканың деле жетишет. Мага үйдө жатканда эмне. Муну мен деле сугарып коём. Чөмөлө кылышка чамам келбесе да, сугат сугарыш колдон келет, балам.

- Иий, ата, ысыкта үйдө олтурсаңчы, – деди жигит кейигендей түр көрсөтүп. - Айтмакчы, Кедек кайда?

- Апасы жайлоодон келди. Ага таштап, өзүм жөн жатпайын деп кетменди алдым да, алыштан суу буруп аңызга келдим.

- Мечитке жума намазга барбадыңбы?

- Жок, барбадым. Жума намаз бир жакка качмак беле. Кийинки апта бош болсом барам. Бүгүн андан көрө акырын кыбырап сугат сугарайын. Баламдын мээнети текке кетпесин бекер.

- Жүр, кетелиби үйгө? Чогуу тамак ичели.

- Жок, мен келатып бирдеме шам-шум этип алдым. Сен андан көрө үйгө бар. Мен келатканда келин казанга урунуп калган. Курсагың ачкан чыгар. Ысыгында жеп ал, балам.

- Мейли, – жигит аңыз бойлоп кашаада байлануу аты тарапка басты.

- Эй, бала! – бир маалда арттан атасы кыйкырды. – Ушул ысыкта да киши жылаңбаш чөп оробу. Апенди десе. Башыңа бирдеме кийсеңчи. Ысык өтүп кетпесин.

Артына кылчайган жигит башын сыйпалады. Бая чөп орчуда атасына чый-пыйы чыгып телефон чалып жатып башындагы калпагын алып бетиндеги шоргологон терин аарчыгандай болгон. Баласын ойлоп шашкалактап жатып калпагын ошол жерге унутуп салыптыр.

2022-жыл.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз