Балдардын иммунитетин кантип көтөрүү керек?

  • 09.04.2020
  • 5887

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдарыңыз оорубасын десеңиз, ага аптекадан алган витаминдер жана антисептиктерди бербегенге аракет кылуу керек. Туура тамактандыруу, таза абага алып чыгуу баланын иммунитетин чыңайт.

Ата-эне болуу – бул өтө татаал, машакаттуу иш. Азыркы маалымат заманында ар күн сайын медицина жаатындагы жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, балаңыз туш болушу мүмкүн болгон адатка айланып калган оорулардын тизмелерин окуса болот. Экзема, астма, аллергия жана ушул сыяктуу көйгөйлөр тынч уйку бербей, жашоону оордотот.

Бирок өзүңдү ошондой күндөп-түндөп коштоп жүргөн сарсанаадан, а балдарды бардык көйгөйлөрдөн арылтуунун бирден бир жолу – балаңызга топурак чаңга оонап, ыракатка батып ойноого жол берүү. Бул көз караш барган сайын өз талапташтарын көбөйтүп келет.

Ата-энелер көпчүлүк учурда анын ден-соолугуна зыян деген нерселерден оолак сактоого аракет кылышат. Ар качандан бир качан антисептиктерди колдонушуп, колу жерге тиелекте самындап жууп, чаң чугузбай тазалап турушат. Жыйынтыгы таптакыр башкача болот: Occupational Environmental Lidia Casas, Ana Espinosa, Alícia Borràs-Santos. Domestic use of bleach and infections in children: a multicentre cross-sectional study журналынын изилдөөлөрүнө караганда, антисептиктерди көп пайдаланып, тазалыкта өскөн балдар, айылда чаңда ойноп жүргөн балдарга караганда 20%ке суукка көп урунуп ооруп калышат.

Доктор Майя Шетрит-Кляйн (Maya Shetreat-Klein) деле ушундай пикир айтат: “Микробдор, эскирбеген жаңы тамак-аштар, жаратылыш кучагында жүрүү балдардын ден-соолугуна жакшы таасир тийгизет.

Акыркы жылдары белгилүү болгондой, адамдын микробиомдук чөйрөсү, микробдордун  ичегидеги топтору – адамдын иммунитети жана ден-соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Ал канчалык көп түркүмдүү болсо, ошончолук жакшы, ашыкча санитардык тазалоолор организмди ошол көп түрлүүлүктөн ажыратат. Бир эле чай кашык топурактагы микроорганизмдердин саны, планетадагы адамдардын санына барабар.

Албетте, эч ким топуракты кашыктап же деп айтпайт, бирок изилдөөлөр айыл жергесинде туулуп өскөн балдар астма, аллергия деген оорулар менен аз оорушат, анткени алар микроорганизмдердин эбегейсиз көп чабуулдарына ар дайым кабылып турушат. Балдардын ден-соолугу чың болуш үчүн таза абада көп ойногонго мүмкүнчүлүк берип, ошол жерде өстүрүлгөн тамак-ашты берүү жетиштүү. Балдар микроб жугузуудан коркпой, ылай менен ойноп, топуракка оонап, жыргап ойноолору керек.

Бул кванттык физика же сыйкыр эмес. Бул турмуш тажырыйбасынан алынып, изилдөөлөр менен такталган жөнөкөй принциптер.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз