Бейшебай Усубалиев: Жүрөк сууга агып баратат

  • 29.08.2022
  • 3549

АҢГЕМЕ

Эстелик сага,
Эскерип кара.
Эстелик жазган
"Э" деген тамга.
* * *
"О" деген тамга тегерек,
Окуудан башка не керек.
* * *
Гүлдөй өс,
Гүлдөй жайна.
Өткөн өмүр,
Келбейт кайра.
(Окуучулук курактагы күндөлүктөн)
…Кайсы класста экеним эсимде жок, айтор, акыркы сабак болсо керек эле. Эжей сабакты мына эми баштайын деп оозун эптеп келатканда эле, Замира класска үңүлдөп ыйлап кирип келди. Баарыбыз делдейдик. Эжей да делдейди. Замира эки колу менен бетин басты да, үңүлдөгөн бойдон партасына жөнөдү. Партага өбөктөп алып, ого бетер үңүлдөп кирди. Эжей бизди карап элейди. Биз эжейди карап, элейгенден элейдик. Бир маалда ал эсине келе калды да, аста басып, Замиранын жанына келди.

- Саа эмне болду? - деди, өз үнүнөн корккондой.

Тиги ушуну эле күтүп жаткансып, жанагыдан да беш бетер өңгүрөп коё берди. Эжей айласы кеткендей баарыбызды бир айландыра карап алды да, кайра Замирага кайрылды.

- Замира, - деди эркелеткендей, атынан чакырып. - Кой эми, уят… Чоң эле кыз. Кана, айтчы, саа эмне болду?..

Дагы басылбады. Былк этип койбоду. Үңүлдөп жаткансыйт, өңгүрөп жаткансыйт. Бирок доошу бөлөкчө. Күйүт деле сезилбейт. Эже бир нерсени туйдубу:

- Жүрүчү эшикке, - деди колтугунан сүйөй. - Эс ал…

Замира каршылык кылбады. Бая эле ушинтпейсиңби дегендей ордунан шып турду да, эпилдеп эшикти көздөй жөнөдү. Дагы эле бетин бекем басып алган. Кантип жыгылбай басып баратканын билип болбойт. Эжей артынан жөнөдү. Экөө ээрчишип чыгып кетишти. Бир-бирибизди суроолуу тиктешип, биз кала бердик. Көп өтпөй эле экөө ээрчишип кайра киришти. Замира ыйлабай калыптыр. Бети да ачык. Бирок бизди карабады. Негедир уялгандай, кысылгандай жалтактап жерди эле карайт. Кайпастагансып карайт. Ордуңа отура бер дегендей эжей ага ишарат кылды. Замира ордуна учуп жетти да, отура кетти. Эже босогонун жанында бир азга турду да, бизди бир сыйра айландыра карап:

- Баяманов, бери чыкчы! - деди сурдангандай.

Саламат эчактан бери эле муну кымыйып күтүп жаткансып, ордунан атып турду да, шыпылдай жөнөп калды. Эжей үндөбөдү, жөн гана сурдана тиктеп койду. Эжейдин үнү да сурдангандай, ырайы да сурдангандай көрүнөт. Бирок каар деле байкалбайт. Атүгүл күлкүсүн тыя албай, атайы сурданып жаткандай. Сурдана тиктеп койду да, үндөбөстөн жүрү дегендей эшикке жөнөп калды. Кылтыя басып, Саламат ээрчиди. Эчтеке түшүнбөй, биздин башыбыз маң. Бирде бири-бирибизге суроолуу элейсек, бирде Замираны тиктеп элейебиз. Замира үндөбөйт, жер карап отурат. Биз менен эч бир иши жоктой… Ушинтип суроолуу тиктешип отуруп, чуру-чуу түшүргөндү да унутуп калыптырбыз. Демейде мугалим жокто классты үч көтөрүп жиберчү эмес белек. Бүгүн… Ушинтип ойлонуп, акырындан ойгонуп, эч кимибиз сыртка чыгарбасак да, көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган кандайдыр бир толкун бири-бирибизге жеткирип, ошол толкун жеткирген кабардан улам жаңыдан гана гүүлдөй баштаганыбызда эжей кирип келди. Бейкапар. Эчтеке болбогондой, эчтеке сезбегендей сабакка киришти. Биз ого бетер таңдандык. Атүгүл чочулай да баштадык. Бирок сабак деген сабак да, бара-бара алаксып кеттик. Саламат да эстен чыгып кеткенсиди. Коңгуроого аз эле калды. Муну биз оңой эле билчүбүз, сааты жок эле билип койчубуз. Бизге кимдир бирөө шыбырагандай болчу. Биз аны көрчү эмеспиз.

Ал бир туруп тээ алда-кайда жашынып алып шыбыраса, бир туруп ичибизде отуруп алып шыбырагандай туюлчу. Шыбырын деле укчу эмеспиз, анткени доош угулчу эмес. Жөн гана шыбырап жаткандай туюлчу. Анан дептерлер шуудурай баштачу. Өзүбүз өзүбүзгө ээ боло албай, кыйшалаңдай баштачубуз. Бүгүн да дептерлерибиз шуудурап, өзүбүз кыйшалаңдай баштадык. Дал ушул маалда Саламаттын башы кылтыйды. Адегенде башын кылтыйтты да, анан акырын кирип, эжейди суроолуу тиктеп туруп калды. Эжей отура бер дегендей башын жаңсап койду. Баягындай эле кылтыя басып барып, Саламат ордуна отурду. Бу да бейкапар. Эчтеке болбогондой, эчтеке билбегендей. Жок, жүзү албырат. Кызарып чыгыптыр. "Эшикте суукта жүргөн го байкуш…" - деп ойлоп койдук. Аңгыча коңгуроо кагылды. Жамырап эшикке чыктык. Берки өйүздүн балдары өзүбүзчө кетчүбүз. Саламат да биз менен кетчү. Өзүбүзчө бөлүнүп чыгарыбыз менен, Саламатка жабышып жатып калдык:

- Эмне болду, ыя?.. Айтсаң, эмне болду?..

- Силер эч кимге айтпайсыңарбы?.. - деди ал сыймыктана.

- Жок, айтпайбыз!.. - Баарыбыз бир ооздон чуулдап жибердик.

- Айтсаңар, мени өлтүрөт!.. - деди ал ого бетер сыймыктана. - Эжей да эч кимге айтпа деди. Деректир да айтпа деди. Айтсаң деди… - Өңү-башын бырыштыра, башын чайкап койду.

Биз элейгенден элейе карап калдык.

- Айтпайсыңарбы?.. - деди Саламат кайрадан, сөз таппай калгандай. - Айтсаңар… - Чочугандай башын шак көтөрдү. - Айтсак, иттин катыны болоюн дегилечи…

Биз жабыла кыйкырдык:

- Иттин катыны бололу! Иттин…

- Аа… - Саламат санаасы тынгандай, бизди айландыра бир карап алды. Андан баадаланууну деле байкай албадык, тескерисинче, биресе сыймыктана, биресе кандайдыр бир тартынып-кысынып жаткандай. - Билесиңерби… - деди акыры акырын, өз сөзүнөн өзү уялгандай кымырылып. Анан капысынан эле аптыга. - Билесиңерби… мен өптүм… Өп-түм. Замир-раны…

Бизге көчкү күр-р этип көчүп кеткендей туюлду.

- Ыя?!.

Оозубузду ачып, Саламатты аңырая тиктеп калдык.

- Кантип?.. - дедик анан өзүбүзгө келип.

- Чын эле… - деди ал, бизди угуп-укпай. - Өптүм. Келатсам эле алдыман чыга калды. Анан… Өпкүм келип кетти. Колумду бетине тийгизип жибердим. Бетиби… Тим эле жупжумшак экен. Жу-уп жу-ум-шак… - Бетин алаканы менен сыйпалай кетти. - Меники андай эмес. - Жу-уп жум-шак… - Биздикин да сыйпалады да. - Силердики да андай эмес экен… Анан… Колумду өөп-өөп алдым. Ал жинди экен, бетин басып эле ыйлап жиберди. Жиндисиңби, эмне ыйлап жатасың дедим. Сен өөп ийбедиңби дейт. Качан өптүм, колумду эле өппөдүмбү дедим. Ооба саа, өптүң дейт ал кайра. Анан апама айтам, азыр ээрчитип келем деп ыйлап үйүн көздөй кетти. Мен акырын култ этип класска кирип кеттим. Апасы келсе, өлдүм го деп отургам… Келбептир!.. - Саламат кудуңдап сүйүндү. - Көрбөдүңөрбү, өзү эле келди үңүлдөп…

Саламат жер-сууга батпай турду. Биз да батпай турдук. Саламат таптакыр өзгөрүп кеткендей сезилди. Өзүнө өзү окшошпойт. Сүрдүү. Жадырайт, ырай-пешене деген жок, бир гана жадыроо калгандай. Бирок сүрдүү. Биз суктандык. Аны суктана карап турдук. Эмнеге? Билбейм. Бирок суктана, тамшана карап тура бердик…

- Үйүнө барган эмес окшойт, - деди Саламат дагы эле сүйүнүп. - Жөн эле ыйлап жүрө берген окшойт. Эжейге эле айткан окшойт. Жаначы, ыйлап эжей менен чыгып кеткендечи. Эжей урушту. Бир кызыктай урушту. Деректирге алып барды. Эч кимге айтпагын деди. Эми деректир өлтүрөт го дедим. Өлтүргөн жок. Өлтүрмөк турсун, күлдү…

- Күлдү?!. Эмнеге?

- Жөн эле… Эмне үчүн өбөсүң дейт. Билбейм дедим. Өпкөндү билесиң, анан эмне үчүн өпкөнүңдү билбейсиңби дейт. Билбейм дедим. Билбесең кантип өптүң дейт. Колумду бетине тийгиздим, анан колумду өптүм дедим. Ал ыя! - деди да, боору эзилип күлдү. Өлүп кетейин күлдү. Кайра айтчы деди. Колумду бетине тийгиздим, анан колумду өптүм дедим кайра мен. Анан колуңду өпсөң эле буркурап ыйлап ийдиби деди ал, ого бетер күлүп. Ооба, ыйлап жиберди дедим мен. Чыдабай баратсаң айт, катын алып берели деди. Кереги жок дедим. Мунуң уят, - деди анан, - менден бөлөк жан укпасын. Эч кимге айтпа. Айтпайм дедим мен.

Саламат эдиреңдеп келатты. Биз капысынан башка бир дүйнөгө кабылып калгансып бир таңдансак, не бир табышмактуу, не бир туңгуюк дүйнөгө кабылып калгансып сайрап келаткан Саламатты делдейе тиктеп, бир суктандык. Бизди кандайдыр бир кереметтүү бороон будалап учуруп бараткандай болду…

Саламат үйүнө бурулду. Ал өйдөкү айылда жашачу. Саламат эмес, мына бул бүтүндөй жарык дүйнө бурулуп кеткендей болду. Биз менен сыймыктуу коштошту. Эми ойлосом, коштошуп жатканын билбей эле коштошкон көрүнөт. Биз да ооз учунан коштошкондой болдук. Баарыбыз аны жабыла суктана карап, узатып турдук. Ал сыймыктана басып баратты. Баспай эле, каалгып учуп бараткандай туюлган Саламатты карап туруп биз эсибизге келе албай жаттык. Ал ары узаган сайын, биздин ичибиздегилердин улам бирин өзүнө жулуп алып жаткансып, эңшерилип бараткансыдык.

Аны узата карап турдук-турдук да, анан эмне турабыз деп бир-бирибизге суроолуу тиктедик. Үндөшпөстөн өз жолубузга түштүк. Ындыныбыз өчкөн. Сөздү эмнеден баштарды билбей, башты жерге салып, шылкыйып келатабыз. Мен ошондо бир нерсени - баарыбыздын ичибиз күйүп келатканын туйдум. Эмнеге? Билбейм. Айтор, ушул мезгилге чейин биздин көөдөнүбүздө жашап келген эч кимге ыраа көрбөс кандайдыр бир керемет нерсени кимдир бирөө жула качып кеткендей болду. Ардандык. Атүгүл Мурат чыдай албай кетти көрүнөт, үйүнө бурула берерде:

- Өптүм деп коёт… - деди кыжырдана. - Өз колун өөп алып…

Муну укканда биз негедир сүйүнүп кеттик.

Сүйүнгөн боюнча бир-бирибиз менен коштоштук. Үйгө жалгыз келатам. Бир кезде капысынан эле оң колум чымырап, анан ысый баштады. Ал ысык нерсе колумдан башталып, көөдөндү көздөй өрдөп бараткансыды. Жүрөгүм болк дей түштү. Мен колумду, көөдөнүмдү көргөн жокмун - карабадым. Бирок негедир Саламаттын бетине окшоштурдум. Алоолонгон. Кыпкызыл. Таңдандым. Таңданып келатып тык токтодум - колум биринчи жолу качан ушинтип чымырап ысыганы капысынан эсиме шак дей түштү. Негедир уялып кеттим. Анда да класста отурганбыз. Тыныгуу маалы болчу. Ыракат менин артымда отурчу. Ал сүрөткө түшүп, анысын жанындагы отурган кызга көргөзүп жатыптыр. Негедир менин да көргүм келип кетти. Артка бурулдум да:

- Берчи маа, көрүп берейин, - дедим.

Ал ала бер дегендей үндөгөн жок. Колумду сунуп, мына алайын дегенимде, ал:

- Ие… уялам… - деп тызылдап жиберди да, сүрөттү кармаган колумду бети менен баса калды.

Сүрөт, сүрөттүн үстүндө колум, колумду баскан анын бети.

Колумдун үстүндө жупжумшак бир нерсе бүлк-бүлк этип дем алып жаткандай болду. Колум дирт эте түштү. Дирт… дирт… дирт…

Колумду тартып алалбай калдым. Кыймылдабай калгандай. Ыракат болсо башын көтөрбөйт. Билинер-билинбес жылмайып кылтыят. Бир кезде башын акырын көтөрдү да, эми ала бер дегендей, колумдун алдындагы сүрөттү аста жылдыра кетти. Ала албадым. Бурулуп да кете албадым. Жаны кетип колдоюп калгансыган колумду Ыракатты тиктеген боюнча акырын тартып алып келаттым…

Азыр да колум эч нерсени сезбей колдоюп тургансыды. Коркуп кетип, силкип көрдүм. Кыймылдайт экен. Санаам тына түштү. Эртеси Саламатка бардым да:

- Айтсаң… - дедим эч кимге угузбай коомайсыздана, - колуң ысыды беле? Өпкөндөчү…

- Билбейм, - деди тиги түшүнүп-түшүнбөй ийнин куушуруп. - Мени анда ток уруп кеткен…

Түшүнбөдүм. Кайдагы токту айтып жатат деп кыжырым келди.

Эми ойлосом, Саламат көпкө чейин тактан түшпөй, сайран куруп жүрүптүр да. Эч кимге айтпа деген ыймандай сыры бүт класска, атүгүл бүтүндөй мектепке жайылып кетти окшойт. Ал буга кудуңдап сүйүнүп жүргөнсүдү. Чын эле, бул сыр бүтүндөй мектепке жайылды беле, буга Саламат жер-сууга батпай дердеңдеп жүрдү беле - мен муну азыр так билбеймин. Болгону ошондо бизге ушундай сезилгенин гана билемин. Биздин кыздар кызык эле. Биз, эркектер балдар, бир-бирибиз менен канчалык чукчуңдашып чокуша кетпейли, баары бир эч нерсе болбогондой баарыбыз чогуу жүрөр элек. Кыздарыбыздын биз сыяктуу чокуша кетишкенин деле көрбөдүк, бирок алар өз-өздөрүнчө бөлүнүп, топ-топ болуп жүрөр эле. Ушул ар бир топ күн сайын Замираны карап алышып, өз-өздөрүнчө күжүңдөшүп киришчү болду. Өңгөсүн билбейм, мага эртеси эле класс, атүгүл бүт дүйнө өзгөрүп кеткендей туюлду. Бүт дүйнө Саламатты эмес, а Замираны суктанып да, ичи күйүп да, аяп да карап жаткандай болду. Кызык, ушу окуядан кийин мен бир да жолу Замираны тике карай албадым. (Бирок мен анын жүзүн ушунчалык көргүм келчү, Саламат өпкөндөн кийин бети кандай болуп калды экен деп ойлой берчүмүн.) Коркконум деле жок, ичим деле күйгөн жок, аяганым деле жок, бирок, эмне экенин алигиче билбеймин, негедир тартындым…

Замира кыздарга көп кошула албай, негедир коомайсызданып жүргөнсүдү. Азыр кээде эки көзүмдү бекем жуумп алып, Замиранын ошондогу баскан-турганын элестетем, кулагымды төшөп коюп, анын айткандарын, үнүнүн доошун, шыңгыр, уяң күлкүсүн угам. Ушулардын баарын элестетип эске салсам, ошондо Замира эч бир коомайсызданбай эле, тескерисинче, бул дүйнөгө батпай сыймыктанып жүргөндөй сезилип кетет. Азыр ойлосом, байкуш Замира ошондо өзүндөгү, биздин ар бирибиздеги, бүт дүйнөдөгү өзгөрүшкө кантип туруштук берип, кантип көтөрүп жүрдү экен! Эркек балдар кызык эле жан экенбиз да, мен муну Саламаттын өнөрүнөн улам айтып жатам. Ал кийинчерээк айткандарын улам-улам өзгөртө берчү болду. Адегенде колун Замиранын бетине тийгизип, анан тийгизген колумду өптүм деген болчу. Эртеси эле жок, өз колумду өөп туруп, ошол өпкөн колумду Замиранын бетине тийгиздим дей баштады. Көп өтпөй эч бир кол-солумду өпкөн жокмун, артынан акырын аңдып бардым да, бетинен өөп алып, тызылдаган бойдон качып кеттим деп кирди. Эртеси болсо дагы башкача…

Буга кыжырданган Мурат:

- Атасынын башы! - дечү кыжына.- Өз колун өөп алып…

Биз бара-бара унута баштадык. Саламат да мактанбай калды окшойт. Биз жайкы каникулдан кайтып келгенде, мектебибиз таптакыр өзгөрүп кеткендей сезилчү. Өзгөчө кандайдыр бир табышмактуу жытты кантип унуталы. Биз ала келчү белек, же парта, терезелердин сырларынын жыты беле, айтор, ушунчалык жагымдуу, ушунчалык сүрдүү жытка кабылчубуз. Азыр көчөдөн кичинекей, мотурайган окуучуну көрүп калсам, же мектеп деген сөздү эле уксам, ошол жагымдуу да, сүрдүү да жыт мурдума бур дей түшөт. Атүгүл мына азыр ушул саптарды жазып жатканымда да ошол жытты кадимкидей искеп жаткансыймын, ал мени куду мээрман энедей өз бооруна тартып, бери кел деп өзүнө чакырып жаткансыйт…

Анан эле жыт өз күчүн жоготчу беле, же биз жытка сиңип кетчү белек, айтор, бара-бара биз ал жытты сезбей калчубуз. Бул жыттын тарап сиңип кетиши менен баягы мектебибиз кадимки эле баягы мектебибизге айланып кетчү. Дал ушул жыт сыяктуу эле Замира менен Саламат чачкан нурдуу жыт да бара-бара унутулуп бараткандай болду. Анын үстүнө биз улам-улам чоңоё баштабадыкпы. Баарыбыз тең эле өзгөрбөй баягыдай калган сыяктуубуз, бирок ушул эле маалда чоңоюп да бараткансыйбыз. Чоңоюп баратканыбыз дайыма эле билине берчү эмес. Каникулдан кийин гана билчүбүз. Үч ай каникулда жүрөр элек. Анан окуу. Баарыбыз келебиз. Чоңоюп калганыбызды ошондо билчүбүз. Окуу башталчу. Окуу башталгандан кийин эле билинбей калчу. Куду эле баягы жагымдуу да, сүрдүү да жыт сыяктуу. Кайра кичирейип, кайрадан баягы кейпибизге келип калгандай туюла берчү. Анан кайра каникул, кайра окуу. Чоңоймой, кайра кичиреймей. Кайра… Кийинчерээк биз, эркек балдар, чоңоюп келатканыбызды кыздар аркылуу биле баштадык. Балким, мурда деле ушундайдыр, бирок биз аны элес албасак керек. Каникулдан кайтып келгенде эле, кыздарыбыз күжүңдөшө башташчу болду. Жакшылап назар бурсаң, ар бир бала тууралуу күжүңдөшөт да, кыткылыктап киришет. Эми ойлосом, биздин ар бир кыймылыбыздын, тырмагыбыздан чачыбызга чейинки кенедей өзгөрүүлөрдүн баары тең кыздарыбыздын көз алдынан өтүп турчу экен, алар ар бирин көзөмөлдөп, текшерип-тескеп турчу экен. Көрсө, алар өздөрүн өздөрүнө билдирбей, эне болууга ошондо эле көндүрүп жаткан турбайбы!..

Бир жолу каникулдан келгенде да адаттагыдай эле үймөлөктөшүп алып, күбүрөп-шыбырашып жатышыптыр. Жандарынан өтүп баратып, эч бир элес албагандай кулак төшөп калдым.

- Карачы, - деп жатат бирөө мага карата, - мунусу да чоңоюп калыптыр. Мурду өсүптүр…

- Койчу ай, мурун да өсчү беле, мурда эле ушундай болчу, - деп шыбырады экинчиси.

- Жок. Жакшылап карасаң, өсүптүр…

Ушинтишти да, адатынча кыткылыктап күлө башташты. Мен уялып кеттим да, сыр бербей ары бастым. Аларга көрсөтпөй, мурдумду улам-улам сыйпалап коём. Билинбейт. Үйгө келерим менен күзгүгө карандым. Билинбейт. Мурункудай эле.

- Ата, мурун да өсөбү? - дедим анан атама.

- Өспөй койчу беле? - деди атам күлүп. - Өзүңдүкүн эле карабайсыңбы, коңкоюп кеткенин…

Ишенген жокмун. Мурун кантип эле өссүн деп ойлоп койдум өзүмчө.

Ушинтип жүргөн учурда биз эми бөлөкчө чоңойо баштадык. Күндөрдүн биринде эле кыздарды атынан чакырып кирдик. Кызык, муну ким баштады, буга ким үйрөттү, эмне үчүн минттик? Азыр ушул соболду коём да, жообун таппай түйшөлөм. Анан ичим күйөт. Атынан чакыра баштаганга негедир ичим күйө берет. Мурда фамилияларынан чакырчубуз. Атынан чакырабыз деген ой үч уктасак түшүбүзгө кирбеген. Анан капысынан эле… Атынан чакырып, биз кыздарга жакындап бараттык. Бирок атынан чакырып, биз кыздардан алыстап да бараттык. Бул да эчтеке эмес, кол беришип учураша баштаганды айтпайсыңбы. Бул да кайдан келди, эмне үчүн келди? Мурда деле кол кармашчу элек. Ак терек, көк терек ойномой, кол кармашып алып тегеренип ойномой. Айтор, оюн артынан оюн эле. Мектеп босогосун аттагандан баштап эле кол кармаша баштаганбыз. Анан… Анда алар кол эмес экен да, кол эмес эле оюнчук турбайбы. Кызык, анатомиядан берген эжей жүрөк көөдөндө жайгашат деп окуткан. Кыз-эркек дебей, баарыныкы ушул жерде жайгашат деп айткан. Мына басып көрсөңөр, дүкүлдөп жатабы, ошол жүрөк болот деп оңой эле түшүндүргөн. Калп айтыптыр. Калп айтпаса да, жаңылган окшойт. Аны да бирөө ушинтип алдап койгон да. Кыздардын жүрөгү алаканында болот турбайбы. Анткени учурашайын деп колун кармаганда, куду көөдөндөгү жүрөгүңдөй бүлк-бүлк этип дүкүлдөп жатпайбы. Дүкүлдөйт да, чымыратып жиберет. Эгер жүрөгү ушул алаканында болбосо, анда кайдан дүкүлдөмөк эле. Эжей жаңылыптыр да, өзү эжей болсо да жаңылат экен да. Биринчи ким менен кол алышып учураштым экен? Эсимде жок. Бирок кол кармашып учурашканды эстеген сайын азыр да туйлап жаткан жүрөктү капысынан мыкчып алгансып, бир дирт этип алам.

Акыры оозубуз да, ооздон чыккан сөзүбүз да жүрөккө айланып бараткансыды. Айрымдарыбыз кыздардын атын жута баштадык, аяккы тамгаларын билдирбей бирден жалмап кирдик. Саламат Жүзүмканды Жүзүм дей баштады, Мурат Бүбүканды Бүбү дей баштады. Саламат Жүзүмканды Жүзүм дегенде оозу дирт этип, Жүзүм деген сөзү да дирт этип кетчү болду. Мурат да Бүбүканды Бүбү дегенде, оозу, оозу менен бирге Бүбү деген сөзү да дирт-дирт этип турчу болду. Эмне үчүн минтесиң деп Саламаттан сурадык, Мураттан да сурадык. Билбейм… деди Саламат. Билбейм деди Мурат. Эмне экенин билбейм, Жүзүм дегим келе берет дейт Саламат. Бүбү дегим келе берет дейт Мурат. Эми жүрөк колдон оозго көчө баштады…

Жүрөктүн кайсы жерде экенин билбейт деп анатомия эжейибизге тымызын нааразы болуп жүргөн маалда бир жадыраган эжейге туш келип калдык. Ал орус тилден берет экен. Жаңы эле бүтүп келиптир. Ушу жаңы эжебиз сабак бере баштады. Мурдагы эжей-агайларыбызга анча окшошо берчү эмес.

- Силер кызык экенсиңер, - деди бир күнү ал, таңдангандай башын чайкап. - Балдар өзүңөрчө, кыздар өзүңөрчө ойнойт экенсиңер. Ушу кантип болсун, чогуу ойнош керек да. Силер чоңойдуңар да… Душман эмессиңер, классташтарсыңар, туугансыңар…

Муну эч кимибиз күткөн эмеспиз. Баарыбыз дымый түштүк. Кыздар да, балдар да.

- Эже, - деди аңгыча баягы эргул Тынчтык. - Биздин кыздар менен ойногучачы, ээ… Борборуң менен… - Сөзүн улай албай, кыткылыктай баштады.

- Эмне, эмне?.. - деди эже эчтеке түшүнбөй.

- Жинди! - дешти кыздар, Тынчтыктын эмне дегенин түшүнүшпөсө да.

Биз, балдар, каткырдык. Биз деле анын эмнени айтып жатканын түшүнчү эмеспиз, ошо түшүнбөгөн бойдон мектепти бүтүп кеттик. Бирок бул сөздү укканда эле кыздар "жинди!" - деп чуулдап киришчү, а биз болсо каткыра баштачубуз. Тынчтык бизден үч жаш улуу болчу. Өзү ичинде кири жок, ак көңүл бала эле, бирок шоктугунан, жалкоолугунан улам эки жолу көчпөй, акыры биз менен чогуу окуп калган. Ал бизден бөлөкчөрөөк эле, кыздарыбызга да бөлөкчөрөөк тийишчү. Ошондуктанбы, көбүнчө кагуу жеп калчу. Анан биздин жаныбызга томсоруп басып келчү да: "Биздин кыздар менен ойногуча, борборуң менен ойногон жакшы!.. " - деп нааразылана колун шилтеп койчу. Биз жабыла каткырып калчубуз.

Эжей Тынчтыктын сөзүнө анча деле назар бурбады. Бизди карап тура берди. Убадалашып алгандай, баарыбыз бир маалда тып басылдык...

- Кана эмесе, - деди эжей жадырай, - биз бир оюн ойнойлук. Макулсуңарбы? - Биздин жоопту күтпөй эле. - Кана, ар кимиң каалаганың менен отургула…

Катып калгандай элейдик. Атүгүл шалдая да түштүк. Кыздар да, балдар да…

- Кана эми, - деди эжей, ого бетер жадырап. - Уялбагыла. Болуптур анда, мен досканы карап турайын.

Эжей досканы карап, былк этпей туруп калды.

Эжей ары карары менен, биз ого бетер катып калдык. Кыймылдагандан, атүгүл дем алгандан корккондойбуз. Бир кезде Саламат ордунан турду. Анан Мурат, анан Тынчтык… Айтор, апыр-тапыр эле болуп калдык. Эмне экенин билбейм, кыздардын эч кимиси ордунан козголгусу келбеди. Ошондуктан апыр-тапыр кыйлага созулуп кетти. Кыткылыктаган тымызын күлкүлөр. Доошуна бүткүл ааламды батырган тымызын күлкүлөр. Бир мезгилде Саламат бозоруп келип кайра менин жаныма отуруп калды. Ал Жүзүмкандын жанына баарынан мурда жеткен эле. Ал жетери менен Мурат ордунан ыргып турган. Бирок Жүзүмкан жанына жуутпай жатты. "Эжей айтпадыбы…" Ушул сөзүн улам-улам кайталап, көгөрүп жатып эптеп отурган эле. Ал отурары менен Жүзүмкан ордунан ыргып турду да, Ыракаттын жанындагы бош орунду көздөй тызылдады. Саламат бозорду да калды. Анан мени көздөй басты. Мына азыр кыжынып отурат, жанын коёрго жер таппай отурат. Саламат да кызык, отургусу келбесе отургусу келбей койгондур, буга неге мынча күйүп-бышат дейм да. Байкуш Саламат аа, неге мынча түнөрөсүң, баарыбыздан мурда кыз өбүүгө жараган сен элең го, эми ошол эч кимди көзүңө илбей дердеңдеген заманың кайда? Жүзүмкан заматта күм-жам кылдыбы?..Түнөрө кыжынган Саламатты карап туруп бир таңдансам, бир боорум ооруду. Аңгыча апыр-тапыр бүтүп, билинер-билинбес кыткылыктаган күлкүлөр гана калды. Ошондо гана эже жүзүн бизге бурду да, баарыбызды айландыра бир карап алып, класс ичин толтура жарк этип күлүп койду. Анан эч нерсе билбеген, укпаган кишидей, сабак өтө баштады. Сабакка алаксый баштадык. Кызык, бир кезде мен өзүмдөн өзүм эле жүдөй баштадым. Кежигем бүлк-бүлк эте түштү да, ысып кирди. Ысык өрдөп баратты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз