Каныбек Жунушевден балдар үчүн базарлык

  • 30.08.2022
  • 1878

АРЧА
Акылым жетпей башкага...
Жылмайык бийик аскада
Таңгалам десең, таң калам
Илинип турган арчага.

Кай убак көрсөң жапжашыл
Канчада жашы билинбейт.
- Туура миң жыл жашадым
Туулган күнүм бүгүн дейт.

БЫШЫРСА БОЛБОЙБУ!
"Мээге чай кайнатпа"
Дей берет агам Асанбай.
Борщ бышырса болбойбу,
Баштын ичи казандай...

КАРГА
Сагызгандай шакылдаган
Сабатым жок окуган.
Бирок мендей дыйкан жок
Кечке жерди чокуган.

ЖАРАТЫЛЫШ
"Ай жарык-ай, Ай жарык!"
Бакалар чардайт шаңданып.
Жаратылыш жаркырайт,
Жандууга өзү таң калып.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз