Динара Бейшеналиева: Бийликтегилерге миң алкыш

  • 11.04.2020
  • 3662

Мекеним да каректе,
Мекеним да каректей

Бир жолу прозаларымды көтөрүп алып, “Акыйкатка жеттим” деген кишинин эшигин такылдаттым. Баш сөз жазып бере аласызбы дедим. ”Эмне жөнүндө жаздың?” “Прозаларым үч бөлүктөн турат. Аңгемелер. Повесттер анан “Белгилүү белгизсиздер” деген үчүнчү бөлүгү бар”. “Белгилүү белгисизиң эмне?”. ”Белгилүү инсандарыбыздын  белгисиз тараптарын издегенге, элге болгон ак эмгек, ак сүйүүсүн алып чыкканга аракет кылгам. Исхак Раззаков (Өткөндө “Раззаковдун көз жашы” деп жарык көрдү.Д.Б), Жусуп Абдырахмановго окшогон адамдардын өмүр сүртүмдөрү бар. Мисалы, Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнүн эң акыркы күнү  баяндалган. “Эң акыркы күнү?”. “Ооба. Жайнаган солдаттардын астында турган Жусуп тигилерге  кайрылат: “Жигиттер, баарыңар мусулман балдары экенсиңер. Жанымдагы күнөөсүз сулап жаткан эр азаматтарга куран түшүрүп алайын. Өзүмө да куран окуюн,  мылтыгыңарды кезебей ылдый түшүрүп тургула! Өктөм чыккан үнгө баардыгы нес болгондой куралдарын төмөн түшүрөт. Жусуп кыбыланы карай чөк түшө отура  калып,  көпкө  куран окуйт. Анан ордунан туруп, “Жигиттер, эми милдетиңерди аткара  бергиле!”- деди мылтыкка артын салбай тике карап, көзүнөн от чачырата... Ой-бой-бой, өрт жигит экен, көзүнө карай албай койдум. Колум калчылдап, ата да албай койдум...” 

Ушуга окшогон бир топ мыкты инсандарыбыз жөнүндө жазылган ал бөлүгүндө.  “Китебиңдин атын эмне деп койдуң?”. “Бар”. “ Эмнеге “Бар?”. “Ушу сурооңузга жооп бербей эле коёюнчу”. “Мейли, мейли. Неме, сен анда баарын толугу менен кагазга чыгарып кел”.

Чыгарып келдим. “Бир жумадан кийин кел”. Бир жумадан кийин келдим. Жолдо келатып аябай сурамжылады, бир болсо жакшы ой-пикир жазганы калды окшойт деп коём өзүмчө. Аябай сурамжылады дегенден улам бир окуя эсиме түшүп кетти. Иним ырдайт. Тили жаңы чыккан кезде эле төшөктөн ышкырып ойгончу.Түнү менен түшүндө ырдап чыгабы деп күлүп калчубуз. Арабаев атындагы окуу жайдын музыкалык бөлүмүнө тапшырды. Экөөбүз келгенбиз. Иним сүйүнүп чыкты. “Апче, мени комиссия мүчөлөрү  кайра-кайра суранышып, ырдатышпадыбы” –деди. Жактырып ырдатышса демек, өткөнүм ошо да деп ойлоп турганы жайнаган көзүнөн  көрүнүп турду. 

Өзү аккордеон тартып, Ырыспай Абдыкадыровдун  эки ырын, Жаныш Кочкоровдун бир ырын ырдап бериптир. Үнү тунук,  мукам. Муңдуу сыяктуу дагы. Ырын жөн угалбайм. Уккан сайын эле ичим, түшүнүксүз  бирдеме  боло берет. Иним жыйынтыкты укканы кирип кетти. Бир убакта кебетеси жаман, бозала болуп чыкты. Мени көрүп, чуркап келип эле кучактап, ыйлап калды...

Өтпөсүн билгем, тааныш жок эле. Бирок талант баалаган кимдир-бирөө чыгар деген үмүт бар эле...

Кирдим. “Эми, мындай да. Неме, сен менин атагыман пайдалангың келип жатат. Мен баш сөз жазып бербейм, ошо, неме да”, - деди.  Унчукпай чыгып кеттим.  Пендеден кайтпаса Кудайдан кайтат деп коёт. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет деп коёт.  Бир ооз жылуу сөз айталбаган – а кишинин  акыйкаты  кандай болду? Таң калган деле жокмун. Таарынган деле  жокмун.

Мен да кичинемен  калем кармайм. Ушул калемим убактымды  куру бекер алган жокпу деп ой жоруйм.  Калемимдин өмүрүнө, өзүмдүн өмүрүмө  саресеп салам.  Денемдин эмес, жанымдын жашоосу, өзүмдүн эмес, калемимдин жашоосу узак-узак болсун дейм. Мен узарта албайм. Адамдар да узарта албайт. Жанагыга окшогон үлкөндөр да узарта албайт. Алар да мага окшош жумуру баш, эки аяк. Кудайдан гана сурайм. Жол издейм,  жарык, шоола, из издейм.Чокуга чыгыш үчүн кыялай кеткен үч жол бар экенин аңдадым. Биринчи тепкичинде  жеген тамагыңдын адал, арамын карап, адалын, тазасын жеш керек. Тазасы акылды тунуктайт. Экинчи тепкичинде  өзүңдү жакшылап карап, таанып алышың керек.  Өзүңдү  таанысаң эч ким эмес экениңди билесиң. Эч ким эмес  экениңди билсең, эч нерсеге да ээ эмес экениңди көрөсүң. Жерге,  сууга, малга, жанга. Жада калса кара башыңа да ээ эмессиң.  Аны сага аманат  кылып, көтөрүп тур, жакшы көтөр, жакшы жактарга гана көтөрүп бар деп  берген. Аласасы келгенде сенден сурабай туруп алып кетет. 

Эгер, адамзаттын баары экиничи баскычта болгонда дүйнөдө  согуш болмок эмес.  Жер талаш, дүнүйө талаштан келип чыгып атпайбы. Үчүнчү баскыч, биз сөз кылган Акыйкат. Акыйкатка жеткен адам Кудайдын көзү менен көрүп, Кудайдын оозу менен сүйлөп калат. Кудай зөөкүргө да өмүр, ырыскы берип жатпайбы. Алдыңа бир  жаш калемгер келип, эки ооз сөз жазып бере аласызбы десе, “Атагымды алып  алганы келдиң” дегени, адамдын нааразылыгын келтирбей  эле  бооруңду оорутат. Күлбөйм. Мен эч кимге күлгөн эмесмин. Жаман сөз да айтпайм. Менин жазуучулук дараметим а кишинин жазуучулук дараметине балким, караандабастыр. Балким, а кишинин дүйнөсүн түшүнбөстүрмүн. Бирок, бир түшүнгөнүм: Кудайдын Акыйкаты  кадам сайын, карыш сайын жакшылык кыла берүү, жакшыны көрө берүү, жакшыны айта берүү, жакшы  боло  берүү...

*     *     *

Жараткандын өмүрү менен жүрүп,
Жайнаган гүлөңүрүн  сүйөлбасаң,
Гүл көргөнүң   бекер.
Күнүн, дооронун  сүрүп,
Ысыгына ыраазылык түйө албасаң,
Күн көргөнүң  бекер.

Акыл, кудуретти  Мээрмандан алып,
Алсызга жөлөк боло албасаң, 
Адалдыгың бекер.
Кара жер үстүнөн  ырыскы таап жеп,
Кара жер астын эсиңден чыгарсаң,
Адамдыгың бекер.

*     *     *

Аалам ушул, айлампа, шарапкана.
Алкымыңды агытаар, шалактама.
Кулаганда  кургуйга, өөдөлөбөй,
Кудай дээрсиң, жалынып Жаратканга.

Делбетаппыз, жер үстү – оорукана.
Дене-топо, жаралган  оорупкана.
Тирүү туруп өлүктөй жашоо кыйын,
Айыккандар айыгаар өлүп кана.

*     *     *

Туулган жердин баркына эрте жеттим көрүнөт. Дегеним, Казакстанда бир ар жыл жашап калдык. Мен анда алты жашта болчумун. Кең даласын, ызгыган шамалын, түзгө барып кулап калган Күнүн жана башкаларын эскерейин деген деле ниетим жок.  Кумдуу чөл жүрөгүмө мекенге болгон сүйүү  үрөнүн септи. Айтайын дегеним ушул  (Ошо күндөрдү, ушу күндөрдү көрсөткөн Кудайыма миң мертебе шүгүр!).  Казактар бакубат, бай турушат экен. Күнүнө шерине, тана, арак-шарап. Ызы-чуу. Кыйкырык.  Жагымсыз маанай. Жагымсыз майрам.... Мен саргарып бараттым. Ооба, саргайып кеттим. Боз топурак көздөн учат. Кайда караба, эшилген кум. Кайда караба ыр, ый, күлкү. Кускум келет.  Боз топурагымды сагынам. Жылаңайлак чуркап кетсем, таманыма жуп-жумшак болуп төшөлүп калчу эмес беле. Жамгыр жааганда сонун жыттанчу эмес беле. Мына ушул көрүп атканымдын баары топурагымдын алыста калганынан болуп атат. Топуракка жетсем го...

Бир күнү Кыргызстандан  машина келди дешти. Чуркап чыктым. Күр-күр этип мотору өчпөй турду КАМАЗ өңдөнгөн чоң машиненин. Кичинекей колдорум менен сыласам, туулган жеримдин топурагы дөңгөлөгүнө  жабышып келиптир. Машиненин моторунан чыккан жыт, дөңгөлөктөн чыккан жыт мени кетирбей, бекем кучактап  алды. Бул машина – машина эмес эле Кыргызстан.  Жүрөгүмдүн ошондогу соккону ай! Мекеним.  Ата-Мекеним.  Чачым саксайтып, дөңгөлөктүн жанында катып турдум.  Жылалбайм... Карыш жылалбайм... Көзүмдөн тамчылар тыпылдап куюлуп атты....

*     *     *

“Карек”  аттуу бул ыр, менин эң биринчи жазган ырым. Эсимде, мектептен үйгө кирип келип эле жазгам. Сулп, даяр түшкөн эмнегедир. Кыйналган да эмесмин. Ошондон улам  ыр дагы адам менен бирге чоңоюп отурат окшойт деп ойлоп калам.

(Учурунда “ Кыргызстан пионери” жана башка гезиттерде жарык көргөн. Д.Б)

Карек -
Кубаныч жарык,
Кипкичине,
Эң назик.
Ошондуктан,
Коргойбуз да,
Кол менен,
Кирпик менен,
Каш менен,
Кир чаңытпай,
Жаш менен...
Мекеним да каректей,
Мекеним да каректе.

*     *     *

Түн. Туталанам. Тумчугам. Дүнүйөгө батпайм. Аквариум ичиндеги балык сезем өзүмдү.  Эгем сууну алмаштырса тазаланат, болбосо чалчык. Эгем төбөмдөн жем таштаса жейм, болбосо ачмын. Сүзгөнүм бекер. Күткөнүм  жем.

 Оо, Кудай, мени жем жеш үчүн эле жаратпаган чыгарсың. Денем топурак болгон менен жанымды нурдан жаратпадың беле, мени төрт бурчектин ортосуна камап эмне кыласың?  Бул жерден чыгарып таштачы! Чыгып кетейинчи, Оо, Кадыр! Оо, Рахман! Оо, Сабыр!..

Бир күн сурандым. Бир ай, бир жыл сурандым. Түн. Отурам адаттагыдай.  Байкасам дем алганым башкача. Жа-ай. Жүрөгүмдө сүйүүдөн башка нерсеге орун жок, толуп турду. Ага да, буга да  жакшылык каалап, жалган-чындын баарына ичим ысыйт. Ооба, бир келген экем,  жок дегенде жакшылык каалап өтүп кетейин. Карасам,  өзүмдүн отурган жерди үстүнөн карап туруптурмун.  Ал отурган менин өтмүшүм окшоду. Ооба. Алышкан менен алышып.Тартышып. Таарынышып... Анда мен ырдын артынан кубаласам, азыр ыр менин орбитам болуп айланып турду. Кетилип, кесилип, кечирим менен келиш керек окшоду бу жерге. Бүт баарын кечирип жибериш керек экен. Бу поэзия деген дүйнөнүн көөдөн, көкүрөк-жүрөгү окшоду.  Баш жагына көз жетпес. Баш жагына жеталсаң колуңдан калем-кагазың ыргып, сен да аалам менен аалам болуп айланып калат окшодуң. Дүнүйө нурдан, ырдан бүткөнү анык экен...

*     *     *

Жер чоң эмес,
Жер бир үлкөн - айыл чыны.
А айылдар  жайгашкан,
Аалам деген дүйнө  бар.
Аалам анан жайгашкан,
Болмуш деген чийне бар.
Болмуш дагы жайгашкан,
Боп-бош, Боштук үймө бар.
Убак сааты сөзү жок.
Кулак көзү, өзү  жок.
Андан ары жок дебе.
Дагы-дагы, дагы  бар,
Нөл, нөлдөргө барабар.
Нөл-нөлдөрдү жок дебе,
Накталыктар башталыш.
Нак данектер ташталыш.
Нөлдүн баары - башталыш...

*     *     *

Москванын Шереметьево аэропортунан бир депутат жигит менен сүйлөшүп калдык. Жанымда дагы бир кыз бар болчу, журналист.   Маанисиз эле аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүп турдук. 15 мүнөт ичинде үч жолу, “Рейсти учурбай коём, түшүрүп таштайм”  дегенге үлгүрдү. Байкасам, бул анын төл сөзү өңдөндү. Орду келсе, келбесе деле опурула бергенинен улам оорулуу экенинен кабар берди. Жөн эмес. Көзү кутурган айбандын көзүндөй бир жерге токтобой, ала чакмактайт. Бука мойну  букжуюп, сөөмөйү  сороңдойт. Журналисттерге эби менен сүйлөгөнү ушу болсо, жөн кишини тебелеп кетет ко. Мындайлар өзүнөн чини жогорунун аягына жыгылат. Кайран өмүр ушуга кор болгон...

*     *     *

Күү бүткөндүн баарысы алп күзгүдөн  чагылат...
Күрөө тамыр токтолуп, күч-кубатың кагылат.
Күмүш шыңгыр топ  жылдыз, үйүн издеп нетесиң,
Күндүз өчүп, түн күйүп, кең ааламдан табылат....

Жигиттигиң  мертинбес, мелт-калт толгон курагың.
Мээнетиңди алайын, сынба, төкпө  убалын.
Тирилет дейт өлгөндү, оо дүйнөдө бир убак,
Жигиттике үмүт жок,  кетсе келбейт  убагың....

*     *     *

Менин эне катары жүрөгүмдү өйүгөн маселе бар. Менин балам, баламдын баласы тынч, бакубат, карызы жок элде жашай алабы? Балама кам көрсөм мага жарашат. Бийлик, мага окшогон энелердин үнүн угуш үчүн бийлик. Карыз күн сайын жылып келе жатат. Унутканга, алаксыганга, алаксытканга да акыбыз жок. Турат ал. Эч ким кечип жиберген жок. Эртеңки күнү алка жакадан алса, карапайым калк эмне кылабыз? Күч-кубатыбыздын канчалык экенин чаңдай болгон тумоо көрсөтүп койду го.

“Мен кетем, менден кийин эмне болсо ошо болсун” десеңер жаңылышасыңар. Эзелтен бийликке келгендер жакшы бир иш жасаш үчүн келишет. Жеш үчүн, ичиш үчүн эч ким келбейт ко дейм. Ашказанга барган ошол эле суу менен, ошол эле нан. Үстүңө ошол эле эл жашаган бир башпаанек. Он үй болсо деле бир үйдө жашайсың. Суу ичкен, май жегендин деле барар жери жер асты. Дүнүйө жыйып, эч кимдин башы экөө болбогонун көрдүк ко. Бирок элине кастык кылып, эки уттурушту. Шүмшүк көрүнүштү, каргыш угушту. Ал эми каргыштын да, алкыштын да жер астына чейин бармагы бар. Ошондо алар түбөлкүсүнөн да уттурушту. Болбосо,  дүнүйөнүн сынактыгы кайсы? Сынактан өтүп, өтпөй калганың Кудай астында эмеспи...

Карызды ойлосом түн уйкум качат. Миңдеген энелердин уйкулары качат. Азыркы бийликтеги эл уулдары, жөн эле келип кетпей, тарыхта атым калсын десеңер, эл астында, Кудай астында жүзүбүз жарык болсун десеңер, элди карыздан кутултуп кеткиле! Биз энелер силерге кайрылабыз, анткени, убакыт аябайт! Бүгүн ойлонбосок, эртең кеч!

Келген дарттын дабасы болот деп коёт. Чечилбеген маселе болбойт эч. Кудайга шүгүр, ишкер балдарыбыз бар, ийри отуруп түз кеңешип, эл камы үчүн кызмат кылып койгула! Балким, силерге келген бир мүмкүнчүлүктүр бул дагы... Элге жетсем дегенде эки көзү төрттөр бар чет жакта жүргөн. Келишсин. Төлөшсүн!...

Ачык-айкын жүргөн иш гана илгерилемеги бар. Үлкөндөрдү көрүп, үрөй учуп турганда, карыздан кутултсаңар, миң алкыш!..

*     *     *

Добулбас унү токтолуп топук ыктайбы.
Доорлордун үнүн - суурулуп султан  утпайбы.
Эл деген эрен, эл деген берен канаке,
Исхактай уулуң,  Жусуптай уулдар чыкпайбы...

Убайым тарткан энени уулдар  укпайбы.
Ужуту уят  көкүрөк-көөнүн  тытпайбы.
Калдайган караан, как жүрөк өзү чеп болгон,
Калкымдан энди, кан Манас өсүп чыкпайбы...

Караймын алыс, кадамым катып, түтпөймүн.
Карааның жалгыз, кагылам сенден. Тиктеймин,
Түрк тилдүү элдин түрүлбөс,  түндүк  бирлигин,
Көрсөм го, чиркин... Бактылуу болуп бүтпөймүн...

Бөлөктөн өбөк, жамандан жакшы күтпөймүн.
Сен үчүн калкым, агарган  аппак  сүттөймүн.
Ажыдаар элдер айланып турат, кантейин,
Ак тилек, дуба, сүйүүдөн түбүң түптөймүн...

*     *     *

Тилген жүрөк, тийгизген  дарманы от,
Тириликтин тикенек майданы көп.   
Аппак элең, актыгың  жыйып кетпе,
Уул болсоң сен,  жан энең кыйып кетпе.  

Бой сүйүүңдү болкулдак, кучак-кучак,
Боюң басса, боз дүнүйө  тушап-тушап.
Алтын чылбыр,  аргымак буруп кетпе,
Алчыланып,  жан элиң  кыйып кетпе.

Бороон боздой,  борошо  ашса дагын,
Боз туманы,  деңизи ташса дагын,
Уул болсоң сен, замандай куруп кетпе,
Зар-заман дей, жан энең  кыйып кетпе...

*     *     *

Периште. Адам. Ушул экөө жөнүндө көп ойлоном.  Экөөнүн окшоштуктары, артыкчылыктары жөнүндө ой жоруйм. Периште-периште эле боло алат экен. Ал энди, адам, периште дагы,  адам дагы, айбан дагы боло алат тура. Периште өз чек арасынан чыкпайт экен. Адам чыгат. Кантип? Айбанды (малды) адалдап союп жеп, оокат кыл деди. Малга чөптү же деди. Чөпкө топуракты же деди. Топуракка кайра адамды же деди. Эч ким чек арадан чыкпайт. Бирок адам малды да, жанды да, топуракты да жеп жатыры...

Аңгемеде периштелерге болгон сүйүүм ошондойчо башталат. Бирок азыр  Жабреил алейки салам жөнүндө айтайын деп жатам. Адамзатка  Акыйкат китеп ташып түштү деп тааныдым. Бир жолу, ушул азыр эмне кылып жатты экен деп ойлоп койдум өзүмчө. Анан эле компьютеримден жооп чыга калды. Бү дүйнөнүн кулагы уганак эмеспи, суроо салсаң эле жообун адамдын оозу аркылуу же китеп, шамал, жаан-чачын аркылуу угузат. Жоопто Жабреил алейки салам бир түшкөндө убакыттын берекесин алып чыгып кетиптир. Бир түшкөндө аялзатынан уяттуулукту алып кетиптир... Ошентип отуруп адамдардын жүрөгү толук карайып бүткөндө Куранды алып чыгып кетет экен. Бу деген сөз алакан жайып тиленген тилегиң кабыл болбойт дегендикке жатат. Үнү Кудайга угулуп кетти деген сөз бар. Бул жакшы сөз экен, Кудайдын бизге болгон мээрими бар тура.

Жүз жылдан бери жабылбаган чоң мечиттин эшиги жабылды. Куран көтөрүлүп кетер апааттын башталышы эмеспи деп ыйлашты  ажы акелер. Бүгүнкү күн  эмес,  адамзаттын эртеңки күнүнүн амандыгын тилеп атышты алар (Эркек кишинин ыйлаганы мага да жакпайт. Бирок дүйнөгө устун болуп калчудай кайыл-кайдыгер ныксырап, көзү бозоруп, көрүнгөндү челип, кутуруп, катып калгандан да  Кудай сактасын...)

 Бул караңгылык эмес, бул жарыктык. Алысты көргөндүк...

Кесепет дүнүйөгө келди. Ойлоно турган нерсе бар мында. Бир кичине эл, бир чоң элдин чеңгелинде кансырап атканда алтын чөйчөктөн чай чайкап  отургандар да  “Кой, мунуң адамгерчиликке да, элчиликке жатпайт. Тарт колуңду” дегенге жараган жок. Дүнүйө кайдыгерликке батты. Баалуулуктар алмашты. Жулунгандыкы туура. Уурдап алсаң да байыганың туура. Кедей болсоң - алсызсың. Алсыз болсоң туш тарабыңан кысмакка алынасың. Жашоого да укугуң жок. Жер жүзүндө жашоого “укугу” жоктор көбөйүп, “булгап” атышат. Алардан “тазалаш” керектигин, ар кандай экспермент жүргүзүп, жоготуш керек экениндигин өздөрүн  “Кудай” сезип аткандар айтып атышса,  Жер-Энеге “кам” көрүп атышса, алысты көргөндөр Кудай дебегенде не дешсин...

*     *     *

Чар тарабым гүлаалы, жайыт керген, сен жалган.
Чарчаганда канатым, кайык берген, сен жалган.
Оңго бир аз кадамды таштап койсом ойлоно,
Он оодарып дүйнөгө, чабыт берген,  сен жалган.

Көктөсүн деп көөдөнүм, жайык болгон, сен жалган.
Көзгө чындык көрсөтүп, сайып койгон  сен жалган.
Сүзүп  койсом оң тарап, сүйөй калган деңизи,
Сүйгүздүң го өзүңдү, Кайып берген, сен жалган...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз