Каада-салт, мурас жөнүндө учкул ойлор

  • 07.07.2023
  • 4638

“Каада-салтты мурас тутуп уланткан болбойт, аны күрөшүп жеңиш керек.” – Томас Стернз Элиот, британиялык драматург, адабий сынчы.

“Ар бир доордун өз кемчилиги бар, алар мурунку доорлордун кемчиликтерине жуурулушат, анан биз аны адамзат мурасы санайбыз.” — Генрих Гейне, немис акыны, публицист.

“Салт – наадандыктын үймөгү.” – Михаил Салтыков-Щедрин, орус жазуучусу.

"Салт – бул тек гана эл көзүнө көрүнүш үчүн чапан-чарыгыңды кийип чыкчу ностальгия." – Эндрю Марр, британиялык журналист.

"Тирүүлөрдү өлгөндөр башкарат". – Огюст Конт, француз философу, социолог.

“Салт дегениң өчкөн оттун күлүн сактоо эмес, тамызгы жандыруу.” — Жан Жорес, француз философу.

"Салт тутунгандардын бири келечекке кейисе, экинчиси, өткөнгө өпкөсүн какканды койбойт." – Льюис Мумфорд, америкалык тарыхчы, социолог, философ.

"Биздин улуттук эстутумдун тереңдиги жети мүнөткө жетпейт." – Карл Бернштейн, америкалык журналист.

"Портретти дубалга тетири каратып койгондон эле тарых өзгөрүп кетпейт." – Джавахарлал Неру, Индиянын мамлекеттик, саясый-коомдук ишмери.

"Авторитет жана салтка каршы күрөшөм десең, өзүң авторитет күт, анан өз салтыңды калыпта." – Григорий Адольфович Ландау, орусиялык саясый ишмер.

“Уулуң унутканды неберең эске туткусу келет.” – Эйлис Росси, америкалык феминист, социлолог.

“Салт – бул эски чеберчиликти жаңы чеберчилик менен өздөштүрүп, тажрыйба топтоо”, – Александр Круглов, орус жазуучусу, акын.

"Көзү өткөн эски муундардын каада-салты тирүүлөрдүн эсинен кеткис коркунучтуу түштөй." – Карл Маркс, немис философу, социолог.

"Ар бир салт чечмеленип турган үчүн эле жашайт." – Поль Рикёр, француз философу.

“Туура иш кылууга убактың да, акчаң да калбаган кезде, каада-салтка барып такаласың”. – Курт Альдер, немис химиги.

"Айрым стереотиптер мезгил өткөн соң салтка айланып калат." – Сергей Сидоров, орус киночусу.

“Каада-салт – келечекке кадам шилтөөсүнө биз жөлөк болгон өткөн тарыхыбыздын бир бөлүгү". – Виктор Кротов, орус жазуучусу.

“Каада-салт – түркөйлүк маданияты.” – Александр Круглов, орус жазуучусу, акын.

"Каада-салттар мазмуну өчкөн сайын ыйык түрдө баалана баштайт." – Александр Круглов.

"Көптөгөн институттар менен көзкараштардын эски наадандыктан башка карманар эч нерсеси жок." – Пьер Буаст, француз лексикографы, акын.

"Сансыз салттарда баарыбыздын пендечилик бейнебиз шарылдап агып турат." – Эдмунд Гуссерль, немис философу.

“Бүтүндөй маданиятыбыздын түп тамыры каада-салттарыбыздын кыртышынан өнгөн. – Эдмунд Гуссерль.

“Салт – башаты унутула турган булак”. – Эдмунд Гуссерль.

“Түпкүлүгүнө келсек, салт – бул болгонду болгондой сактап калуу”. – Ханс Георг Гадамер, немис философу.

"Кээ бир мектептер сыймыктанган салттын өзгөрбөстүгү, ишенимдүүлүгү көп учурда көрсөтмө бойдон кала берет." – Этьен Анри Жильсон, француз философу.

"Салт, тамырынан ажырап жоголор болсо, маассаны дүрбөтүп, жамааттык ызы-чууга алып келет.” – Карл Густав Юнг, швейцариялык психиатр.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз