Аты жок болгон менен заттуу китеп

  • 05.11.2022
  • 2188

Акыркы кездерде китептерге караганда социалдык тармактарда ырлар жайнап чыгат. Ыр жазган кишини түшүнсө болот. Өзүн мыкты сезет, өзүнүкүн туура деп эсептейт. Бул табыйгый нерсе. Бирок ыр жазгандын баарын эле акын дешке болбой калган жагдайлар толтура.

Бир жагынан адабий сын кашайып дайынын таптырбайт, экинчи жагынан, коомчулукка жакса эле ыр болуп калбайт. Элестетиңиз, тамекинин жалбырагын таңгактап жатканда, төрт сортко айласыздан бөлөт эмеспи. Ырлар деле ошол сымак. Ырдын ырдай машакаты бар, поэзиянын поэзиядай кудурети бар.

Акындарды салмагына жараша (чыгармаларынын) үч топко бөлсө болот. 1) акын, 2) чоң акын, 3) гений. Адабиятчылар, адабият таануучулар, сынчылар макул болобу-болбойбу билбейм, генийди азыр эмес, келерки чак мезгил өзү тандайт. Биринчи топко ыр жазгандардын баарын кошконго болбойт. Акын деген наамга арзыган кеминде үч-төрт жакшы ырлар жыйнагын жаратып койгондой сейрек бол, акындар басмадан кетме-кет чыгарып жаткан китептеринде ырларын иргеп, талдап, таразалап, чоң жоопкерчилик менен жарыкка чыгаргандар кол менен саналып калды.

Азыркы Интернет заманында көзү өткөн акындардын мыкты ырларын уурдап алып “өзүмкү деп” чыгарган авторлорду эске албаганда (ушундай колу туткактарды ашкерелеп, кайсы акындардын кандай ырларын кимдер уурдаганын ачыкка чыгарган бир азамат жок), поэзия айдыныңда “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген эле абал...

Жакшы ырсыз, чыныгы поэзиянын берметтерисиз жашоонун кызыгы жок. Соцтармактардын күнү тууган чакта, акын аттуулардын ырларына баам салбай коё албайсың. Кайталанма ойлордон жаңы ой тапкысы келгени менен трафареттин жетегинен чыкпагандары канча, ыр саптары жугумсуз, жасалма, экиленме, бирок кооз, азгырма сөздөр менен шөкөттөгөн куплеттерден карабай качкың келет. Көңүлгө тык эттире “мен бармын” деген ырларды издейсиң. Алар өзүн-өзү жарнамалабай туруп эле ойго бай, салмактуу маңызы менен ээрчитип жөнөйт. Бир сыйра окуш аздык кылат. Кайра-кайра окуп, данегин чагасың. Мен азыркы улуттук адабиятта азын-оолакпы же көппү, айтор, чымырканып эмгектенген акындардын бир катарын жакшы тааныйм. Ошолордун ичинен аалам төрдөн тааныган акыным Бектуруш Салгаманин болду.

Акындын “Аты жок китеп” ырлар жыйнагы колума тийгенде, баш көтөртпөй окуткан бир сырды сездим. Акын өзү турмушта кандай экенин билбейм, акындын образын ырларынан билсе, ырларынан сезсе-туйса болот. Акындар асмандан алып жазганга акысы жок, өзү жашаган чөйрөнү, турмушту, өзүн курчаган ааламды ырга салышат да, ыр аркылуу ички сезимдеринин абалдарын туюндурат. Орус адабиятында сүйүү лирикасынын чебери атыккан Сергей Есениндин: “Менин өмүр баяным, мен жөнүндө билгиңер келсе, ал өзүмдүн жазган ырларымда...” дегендей, акындардын баары эле өзү жөнүндө ырларында төгүлүп-чачыла албайт. Анын да себептери бар. Алардын вазыйпасы турмуштан ой алуу, турмуштан ой жаратуу, андыктан булардагы чеберчиликтин деңгээли, табылгалар, олжолуу ой алкактары, алар кыйынчылык менен багындырган бийиктиктер чоң мааниге ээ. Акын сезгенди кадыресе кишилер сезбей-туйбай калышы толук мүмкүн. Ал эми акындын ырларынан адамдар өздөрүн окушат, көрүшөт, ырлардын таасири менен (интеллектуалдык планда) таразага тартылат, жашоого ой чаптырышат, бир бүтүмгө келет, эстетикалык таалим-тарбиясы жөнүндө айтпай турайын.

Китеп “Айылым Кара-Ташта” деген ыр менен ачылат. Ноокаттын Кара-Ташы айтылуу чоң сөз зергери Мурза Гапаровдун киндик кан тамган айылы, андан калса алмасы менен атагы чыккан жайы да бар. Россиянын бир катар чоң шаарларын кышында Кара-Таштын алмасы каптап кетет дешет мекендештер. Жогоруда айткандай, айылы, туулган жери жөнүндө жазбаган акын жок, кичи мекенинин сүрөтүн ар ким алына жараша тартат. Сан миңдеген туулган жер жөнүндөгү дүйнөлүк адабияттагы ырлардын ичинен миң жылдан кийин да өз сүрөтүнүн боёгун жоготпогондой тумсак, туптунук, өтө элестүү, турган турпатын көчүрүп келгендей жандуу, түбөлүк турчудай өлбөс шедервлерди жараткандар аз. Мындай энчи ар кимге буюра бербейт. Демек, ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир, төрөлгөн турактын элесин өзүндөй тарта билиш оңой эмес.

Автор таң эртеден тоого чыгып, тээ бийиктен туулган жерине назар таштап, көз алдындагы сулуулукка элжиреп, өрөөпкүүдөн өпкө-жүрөгүн чаап жиберчүдөй сыдырым желди “сыныкчынын манжаларына” салыштырса, “бөдөнөнүн жумурткасындай” таштары отургун деп, этегинен таркылаганын ырга салат.

Капталында тооң Чапайдын,
Кабыры бар атам, апамдын.
Көңүлүмдүн кабыргалары,
“кырс-кырс” сынып, сыздап караймын.

Акындын ырларындагы бир өзгөчөлүк, бир жактуу баяндоо же ырдоо менен чектелбейт, экинчи, үчүнчү жактар менен алакалашат, анын тегерегиндеги объектилерге тил бүткөрөт, баарлашат, пикир алышат. Керек болсо ички сезимдерин, ой-туйгуларын бөлүшөт. Туулган жердин абасы жердешинин башынан жылуу-жумшак сылап, таштары “Кел, мага отур! Кетип калбагын!” деп суранат. “Балта мизиндей, менин аппак тишимдей, / бети сепкил чагыл таштарың, / көңүлүмдүн кабыргалары, / үшкүрүгүм күйүк жыттанып” деген жана башка сөз тизмектери тагыраак айтканда, эпитеттер, салыштыруулар уйкаштык үчүн, шайма-шай келген ыргак үчүн эле эмес, ырдын элестүүлүгүн, көркөмдүүлүгүн, эстетикалык табитти арттырууга кызмат кылат.

Акындын туулган жеринен шаарга кеткенине далай жылдар болду. Ал айылынан борборго иштегени, акын болом деген тилекте жүргөн менен ара-чолодо келсе да, Кара-Ташы качанкы балалыгын жоготпой, балалыгын унуттурбай, койнуна каткан элестерди көрдү. Аны мындайча баяндады.

Шол таштар сайда камалып,
Ошол бойдон жатат агарып.
Тоголоткон таштар сыяктуу
Таштап кеткен бизди балалык...

Ырдын контекстиндеги ой менен турмуш чындыгы дал келди. Кылымдарды карыткан табияттын өң-түсүн, боёкторун, топурак-ташын койнуна каткан жер дагы акын сындуу канчалаган муундун балалыгын, жаштыгын, улгайган кезин сактап калары күмөнсүз. Так ушул ырга жакын, бир тематикадагы маанилеш, санаалаш, мазмундаш ырлар “Кагат саат таңдайын”, “Салгаман”, “Айыл четиндеги талаа”, “Туулган жерди кезип жүрүп”, “Асыл жерим, мен сага мураскермин”, “Ала-Тоо сен суу бербесең” жана башка бир нече ырлар китептин барагынан арылап окулат.

Акын туулган жерин, кичи мекенин ырдап отуруп, өзү жөнүндөгү таржымалын айта кетет. Жымсалдабай, ооз көптүрө мактанбай, болгонун болгондой “балп” эттире айтканга маш, кайгырса кайгысын, кубанса кубанганын жашыра албайт, “ким эмне дээр экен деп” кысынбай, кагазга ороп-чулгабай шар айтат, чындыкка тике карайт. Муну ак жүрөктүүлүк, ачыктык, жөнөкөйлүк десе болот.

Көп болчу досторум тээ жаш чагымда,
калбады көптөрү акыл тапканымда.
Жүрбөдүм бирөөлөрдүн жетегинде,
Үрбөдүм бирөөлөрдүн айдагында.

*     *     *

Жүрөмүн жылтылдаган алтындан да
Жыландын көзүндөгү жашты көрүп. – деп сезимталдыгын, сезгичтигин, көңүлүнө жакпаган нерселер менен келише албастыгын жар салат. Акын мүнөзүндөгү принципиалдуулук анын ырларына да мүнөздүү. Эч кимди туурагысы, эч кимге окшошкусу да келбейт. Туулганда Бектуруш Салгамани, туурунда акын Салмагани боюнча калгысы келет. “Жүрөмүн жылтылдаган алтындан да, / жыландын көзүндөгү жашты көрүп” демекчи, акындык сезим-туюмунун күчтүүлүгүнө, интуициясына, баамчылдыгына ишенет жана ишендирет. Ошентип, окурман ырларынан өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын нерселерди жатка билип, жан дүйнөсүнө жат нерселерден оолак болууну сезип отурат.

Ырлары аркылуу өз образынын (штрих) сызыктарын байкатпай тартып бергенге аракеттенет. Айтканда да ыгын таап, ыр саптарынын ичинен билдирбей жылмалап, өзүнүн оозу менен айтканда: “Жаман адам дегендер да бар, бирок жакшы акын деп жактап, мактап айтчу көп” деп, чын сырын ачыкка чыгарат... Ал элчилеп, башкаларчылап атактуу “Табалдиевдердин” фамилиясын эмес, өз жеринин атын атасынын ысмындай алып жүргөнүнө курсант, сыймыктанат (анткени табалдиевдер көп, Салгамани деген акын бирөө да). “Салгаман” деген ырында көп жылдардан кийинки туулган жерине барып, эли-жеринен кабар алганы келген акын ээлери чет жактарга жүргөн, ээн калган үйлөрдү, жакын кошунасы Пензага кеткенден бери көрө элегин, кара кулпу кайтарып калган кароосуз үйлөргө, ыпыраган, жүдөгөн айылына ичинен сызылат, ичинен кейийит. “Туулган жердин топурагы алтын” деген аксиоманын көөнөрбөстүгүнө ишендирет.

...Адамдар жаңырта албаган,
а мезгил эскертип салбаган.
Сагыныч, кусамдын ээси сен,
Саздак жер, камыштуу Салмаган!

Учурда биздин социалдык абалыбыз, турмуш шартыбыз эмнеге оңолуп, жакшырып кете албаган себептеринин бири экономикалык каатчылык эле эместигин, руханий жакырчылыктын тереңдеп баратышы, адамды адам сүйбөй жерип калгандан, эне тилге болгон көңүл коштук, кайдыгер мамиледен, улуттук баалуулуктардын тебеленишинен, дүйнөкордук менен ачкөздүктүн араанында калган кыргыз пейилинин жоголуп баратканынан көрөт. Келиңиз, автордун маркум “Насирдин Исановго жазган катын” чогуу окуйлу.

Биз жакта жок, ал жакта барбы чындык?
Биз жакта көп, ал жакта барбы уурулук?
Каргаларга айлантып кыраандарды,
канаттарын кескилеп, айрып, кырктык.

Ырда көркөм кептин фигуралары айрыкча анафора менен эпифора ушунчалык ийкемдүүлүк менен колдонулган. Сап башында кайра-кайра кайталанышы көркөм кептеги ойду эмоцияга, поэтикалык кудуретке ширелтип турат. Мындан башка “Биз бул жакта сүйбөйбүз акыйкатты, / биз сүйөбүз калп айтып, жагынганды”, / “Өз жерине бөтөндү кийирсе да, / өз аймагын бийлетпейт карышкырлар” деген ыр саптарында тизмектешип келиши, жарык дүйнө менен чын дүйнөнүн (акыреттин) алым-сабак айтышы сыяктуу сезилгенсийт.

Эгемендүүлүк жылдарында карапайым үй-бүлөдөн чыккан Кыргызстандын биринчи премьер-министри, СССР инженердик академиясынын академиги, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмү, анын элге жасаган опол тоодой иши, бул жарыкчылыктан жупуну жашап өткөн токпейил турмушу, жаңы түзүлүштүн келечеги үчүн башын сайып койгон чынчылдыгы, терең билимдүүлүгү жана сабырдуулугу аңыз болуп калды.

Бийлик кризисинин тереңдеши, өлкөдө болгон эки-үч төңкөрүштүн себептери айкын-ачык болгонуна карабай (отуз жылдан бери анын сабагы эске алынбай жатканы кандай арман...), көр дүйнөгө эл бийлегендердин көзү тойбой, жеке көмөчүнө күл тартуу менен алекеттенип калганына ичи ачышат. Жаны кашайып, жумшак ирония менен маркумдун чынчылдыгын, тазалыгын сайып өтөт.

Чет элдерге сатып тоо, көл, туз, сууну,
“Чоң” сөрөйлөр чекеден сөзсүз ууру.
Бишкек Пекин өңдөнүп бара жатат,
биздин көп кыз бүтүк көз бала тууду.

Ажо болгон эргулдар бул жакта азыр
Асман чийген хан сарай куруп жатыр.
Атаңыздын эски үйүн оңдоп койбой,
акыл деген болбоптур сизде такыр.

Акындын куралы калеми, коомду тазартуу, агартуу, жаңыртуу вазыйпасы канчалык жоопкерчиликтүү экенине карабай, эгемендүүлүктүн отуз жылы бизге эмне берди, эмнеге жетиштик, эмне өзгөрдү деген собол элдин оюнда, эки көзүндө дале турат. Бир гана үмүт, бир гана эртеңки күнгө болгон жакшы тилек өлгүсү келбейт. Кыргыз эзелтеден бери “жакшы тилек, жарым ырыс” деп ташка тамга баскандай айтып койгон. Ошол үлбүлдөгөн жарыктын бир үзүмүндөй өчпөгөн, соолубаган үмүт менен келаткандардын бир катары акын да жакшылыктан үмүт үзбөйт.

Анын “30 жыл мурда, кийин” деген ырында жүлүндү өрттөгөн Баткен окуясына, Баткен согушунун эмнеден улам-улам кайталанып, жаш жоокерлердин, жөн жай тургундардын, бейкүнөө жаш балдардын набыт болушуна жол берген апаатты болтурбай коюунун ылаажысы жок экенине жаны кейип:

30 жыл мурда мага бирөө келип,
“Оңолбойт 30 жылда Кыргызстан!”
деп айтса тилин дароо жулуп, кесип,
дарга асып коймок элем тумшугунан.

    *     *     *

Карызың Ала-Тоодой өрчүп, өстү
Көз жашың турат Ысык-Көлдөй толуп...
Өлөсө абалыңды көргүчөктү,
Өзүмдүн көзүмдү алгым келет оюп.

Акындын бул ыры 2021-жылдын июнь айында жазылган. Бир жылдан кийин Баткен согушу кайра кайталанды (2021-жылы 36, быйыл 62 кыргыз жарандары, көпчүлүгү жапжаш аскер кызматкерлери набыт болду). Акын жүрөгүнөн эмне чыкса, кандай ызаа менен кайгы кан-жанын куушурултса, ичин эзип-жанчыса так ошондой эмоция менен ыр курады, ошондой эмоция менен оюн айтты. Мекенчилдик сезимдин мындан артыгын кайдан табабыз? Учурда китеп окулбай калды. Эгер ушул ырлар өз кезегинде окурмандарга жетип турса, өз учурунда коомчулук тарабынан анализденсе, реакция жасалса, адамдардын ар-намысын, рух курчутуп, аяр сезимдерин ойготпой коймок эмес... Так ушул ойго орустун улуу сынчысы В.Белинскийдин: “Поэзия – жашоо турмуштун кан тамырынын согушу, ал өмүрдүн каны менен жаны, жарыгы менен оту” деп таамай айтканы төп келип турат.

Болгону беш куплеттен турган ыр, анын акыркы куплетине назар таштаңыз.

“Дагы 30 жылга жетпей Кыргызстан,
Жоголот, жери болот көрүнгөндүн!”
деп айтса бүгүн бирөө, кайгы-муңдан
дарга асып алчуудаймын өзүмдү өзүм.

Айла кеткендеги ой, аргасыздан айтылган бүтүм. Коомго карата, коомчулукка карата ачуу чакырык. Өзүн карапайым адамдардан өйдө сезген, кызматы, мансабы, уруусу, статусу жогору турганы үчүн башы асманга жеткендердин, мамлекеттик машинаны башкарып жаткандардын, бийлик бутагындагылардын ар биринин аң-сезимине акындын ушул коңгуроосу жетер бекен дейсиң?..

Акындын жүрөгүн зыркыратып, көңүлүн чийки май жегендей кылгыркан эне тил маселеси. Канча айткан-деген менен майнап жок. Ооз жүзүндө, эне тил майрамында даңазаланган кыргыз тили кыргыздын жүрөгүндө, дээринде, көкүрөгүндө даңазаланбай калганына эмне себеп? Парламенттин минбарында туруп, эки тилдин орфографиясын, орфоэпиясын жана стилистикасын бузуп сүйлөө адаты калмак турмак, жылдан жылга өөрчүп, кыргыздын нукура төл сөздөрү пайдалануудан калып барат. Шаарда эмес айылдарда, тээ түпкүрдөгү элетте деле карапайым адамдар аралаштырып сүйлөгөнгө өттү. Кыргыз кыргыз болуп туруп, эне тилин жээрип баратканы кандай шумдук. Ушинтип отурса, дагы бир жарым же бир кылымдан кийин бурят, хакас, тывалыктардын кейпин кийип калбайбыз деп ким кепилдик берет?

Бектуруш Салгамани “Эне тил” деген ырында жеке позициясын, жеке көз карашын ачык билдирет.

Кейибеймин пайдасы бир тийбесе,
кийим, оокат, пулга муктаж эмесмин.
Эгер уулум эне тилин билбесе,
эч убакта аны балам дебеймин!

    *     *     *

Эч теңи жок энемдин бул белегин
Эгерим мен Курандан кем санабайм,
Улут тилин чанса неберелерим,
Урпагым деп өппөйм, бетин карабайм.

Ушул ырды окуп отуруп, аргасыздан авар элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун “Менин Дагестаным” деген китебиндеги мына мындай саптар эске түшөт: “Тилдин баркына жетпей жатып, бир нерсе жазам деген киши сүзгөндү билбей туруп, дайрага секирген акмакка тете... Эгер адам жүрөгү толо ыр болуп, бирок дудук төрөлүп калган болсо, анда анын жарык дүйнөгө келбей койгону жакшы. Менин жүрөгүмдө далай ыр, жан-табиятымда жаңырган үн бар. Ал үн-сенсиң, жан биргем авар тили. Сен мени баладай колуман жетелеп, айылыман чоң дүйнөгө, адамдарга алып чыктың, эми мен аларга өз журтум жөнүндө баян кылып отурам”.

Автордун “Китепкана”,“Эне тил тууралуу”, “Кыргыз тили” деген ырлары эне тилдин абалына, тагдырына кайдыгер карабаган атуулдук вазыйпаны эске салат.

Китептен акын өзү саякаттап барган “Куала-Лумпуда калган гүл”, “Днепр дайрасы”, “Каспийдин ак куулары”, “Тундурада туулган жерди эстеп”, “Фудзияма тоосунун этегинде”, “Мойнокто поездде бара жатам” өңдүү бир катар ырларынан өз көзү менен көргөн, жүрөгүнөн өткөргөн жерлерге таандык сулуулукту, кооздукту сезип-туюп, “Агуудабы, тынч турабы билбеймин, / аяк-башы каякта деп тиктеймин” (60-бет), ”Сүлү качып түздө сумсайып, / сөксөөлдөр бир жутум сууга зар” (61-бет), “желишин такыр үзбөгөн, / жел кирпик какпай жүгүрөр” (62-бет), “Үлбүрөйт чачкын ак булут, / үзүлгөн жиптей жалганбай. / Ай-тоого бирөө атайын, алпарып койгон калкандай” деген бир канча поэтикалык фигураларды кылдат жуурулуштуруп, көркөм кептин элестүүлүгүн, экспрессивдүүлүгүн жана угумдуулугун арттырган.

“Аты жок китепте” акындын жан дүйнөсүнөн сызылып өтүп, жеке лабораториясынан чечберчилик менен иштелген ырлары басымдуулук кылат. Аларды тематикага бөлүп отуруунун зарылдыгы деле жоктой. Акын көңүлү, дили, илхамы эмнени айткысы келсе тартынбай ачык, кылчактабай шар, тайманбай бетке айткан чын дилдүү ырлары көп.

Ошого карабастан, бүдөмүк ойлордун тебелендисинде калган, чала иштелген, “оюна эмне келсе, ошону жазган го” дедирген, өзү айтмакчы “балп” эттирген ортозар, чолок ырларды жолуктурууга болот. Сөзүбүз куру болбосун үчүн “Адам, бул – боктун кабы” (51-бет), “Ооруканада” (72-бет), “Дагы таяк тууралуу” (77-бет), “Шалтак ыр” (90-бет) аттуу ырлары баяндоо, жеке көз караштын деңгээлинде калып калган. “Шалтак” деген сөз жаман маанисинде кимдир-бирөөлөргө карата айтылса, “тепселген”, “салынды” дегенди туюндурат. Жашы алтымыштан ашкан аялын ойношу менен кармап алган күйөөсү үч талагын берип, “бар, туш тарабың кыбыла” деп кетирип жиберет, аялдын үч кызы, үч күйөө баласы бар, алар кантишет болду экен, “эгер мени аялым ойнош күтсө, мен жокто үйгө алып келсе, чыдаймынбы...” деп кошунасы Гүлайымдын кылыгына кыжаалат болуп ырын аяктайт акын. Ошондо автордун ыры шалтакпы же каарманы шалтакпы?

Аталган китеп мыкты китеп. Айрыкча “Өгөй ата...”- Ашынамдын тагдыры” (133-бет) деген балладасы кынтыксыз иштелген, образ түзүү, көркөмдүк жагынан, маанисинин тереңдиги, тематикалык-психологизмдин артыкчылыгы, ыргактык-синтаксистик параллелизмдеринин молдугу менен ажайып сонун чыгарма. Мен ал жөнүндө ФБ баракчасына оюмду жазгам, аны кайталап отурбайын. Тамшанып окуйсуз, окуяны элестетип, каармандары менен аралашып, баарлашып, акындын талантына тан бересиз, суктанасыз.

Оюбузду жыйынтыктап жатып, улуттук адабиятыбыздын казынасын байытууга бел байлаган өзү минтип: “Поэзия – бар тапканым, жыйганым, / поэзия – өлөрдө окуур ыйманым” (35-бет) деп шардана айткан чоң акын, чоң сүрөткер, чоң лирик Бектуруш Салгаманинин 2021-жылы Бишкек шаарынан жарыкка чыккан “Аты жок китеп” деп табышмактатып, сырдана сунган китеби аты жок болгону менен заттуу, нарктуу, окумдуу китеп болгон.

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнин доценти.

2022-жылдын октябры.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз