Аваз Жокей: Жашооң курусун

  • 14.11.2022
  • 1831

АҢГЕМЕ

Бул жигит көчөдөн жолуккан сайын жакшы учурашат. Бирок башкаларга окшоп көп сүйлөбөйт. Чын ниеттен ал-жайды сурашат да кете берет жолун улап. Көптөн бери көрүнбөй калган. Бул кездешүүдө демейкиден узакка турдук.

– Саламатсызбы, байке!

– Аа, саламат иним, кандай жүрөсүң, кайдасың, көрүнбөйсүң? Жашоо жакшыбы?

– Курусун жашоо.

– Эмне болду? Жүдөгөндөй түрүң бар...

– Жашоодон жадап бүттүм. Несин айтайын... Сизге жолукканым жакшы болду. Жакшы адамдар менен коштошкум келди.

– Эмне, алыска сапарга чыгасыңбы?

– Ооба, кайта келбес жакка.

– Ок, антип айтпа! Анча эмне күч келди?

– Бүттү, жашоого тойдум.

– Кой антпе, турмушта кыйынчылыктар көп болот, чыдаш керек...

– Жок. Чыдабайм... Сизге ыраазымын... сиз дайыма мени колдоп келесиз. Менден кемчиликтер кетсе кечириңиз.

– Ай иним, токтот былжырак сөзүңдү. Бүгүн кызуу экенсиң. Эртең башкача сүйлөп каласың.

– Таң атпай баш ооруса, ого бетер көңүл чөгөт...

– Ме, жүз сом. Эртең башыңды жазасың. Бүгүн ичип салба. Азыр түптүз үйүңө барасың да, эс аласың. Макулбу?

– Болду. Сиздин бир ооз сөзүңүз. Сизди сыйлайм. Сизди угам.

– Макул. Жөнө үйүңө.

– Ооба. Рахмат.

*     *     *

– Салам, байке!

– Ой дагы эмне болду? Мурдагыдан да жүдөп калыпсың го...

– Жададым жашоодон... Уруксат берсеңиз кетейин... барса-келбес жакка.

– Ай сен токтот жаман оюңду. Өмүр сага оюнчук эмес...

– Токтоналбай жатам...

– Жашоо бир келет. Эсиңде болсун.

– Ооба, билем. Сизди мен абдан сыйлайм...

– Жөнө үйүңө. Экинчи мындай сөздү укпайын.

– Макул. Кеттим, анда... Эме... кечиресиз... жаныңызда жүз сом жок беле?

– Ай, атаңдын сенин. Ме, карма. Бул эртеңкиге.

– Ооба. Баш жазганга.

*     *     *

– Саламатсыз...

– Сенби дагы? Деги сенин көзүң ачылган күн болобу?.. Кебетеңди урайын...

– Сизге жолукканым жакшы болбодубу... Кошуңуз. Бүттү. Экинчи мени көрбөйсүз.

– Бүтпөгөн ырыңды дагы баштадыңбы?

– Чын эле, чыпчын, иттей тажадым... Кетем, барса-келбеске...

– Анан эмне, ажыраш аяк кыласыңбы?

– Я?.. Ммм... ооба.

– Кой, болбойт, ичпей кет. Тиги дүйнөгө таза кетиш керек.

– ???...

– Бир четинен туура кыласың. Ушул ит жашоодон көрө өлгөнүң артык. Жардам берейинби? Асынып өлгөн оңой дейт ко?

– ???...

– Байбичем кир жая турган жип ала кел деди эле... Дүкөндөн азыр эле алып чыктым. Ошону сага берейин. Ичке болсо да бышык, бекем жип экен. Сени көтөрөт. Ме, карма!

– Я?!. Эмне жип?.. Эме... тиги... азыр...

– Токто! Токто дейм! Эй, жиби жок каякка?.. Кетип калды го... Колдонуп турса болмок. Башкасын азыр эле барып сатып алмакмын.

АЯГЫ.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз