Бери караң: Кулчулук жөнүндө байыркы икая

  • 06.12.2022
  • 2584

ЭСКИ ПАДЫШАЛЫК МУРАС.

Бир курдай фараон дин кызматчыларын чогултуп, аларга мындай дептир:

"Кулдардын чубурган узун сабын көрүп турасыңарбы? Колу-буттарында кишен, эртеден-кечке ташыгандары таш. Коркконубуз – булардын көтөрүлүшү. Ошондуктан аларды миңдеген аскерге кайтарткандагым. Кулдардын санын эми да көбөйтүү керек. Буларды баш көтөртпөй иштетүү үчүн кароолду дагы күчөтүп, бул аңкоолорду тойгузууга туура келет. Ансыз иш биз каалагандай жүрбөйт… Түгөткүр кулдар жалкоо анан калса кежир да келишет.

Карасаңар, жарыбагырлардын кыбыраганын! Күзөтчүлөр камчы менен жондорун тиле-тиле сабай турган жерде эле, алар да бир кудай урган немелер болду. Шашпасын булардыбы? Шымалана иштегидей кылбасам элеби! Анүчүн бизге күзөтчүлөрдүн деле кереги жок, керек болсо күзөтчүлөрдүн өздөрүн кул кылабыз. Эмесе мындай кылалы.

Бүгүн, күүгүм кечте кулдарга эркиндик тартуулаганымды жар салгыла! Алар ташыган ар бир таш үчүн тыйын төлөнөт. Чогулган пулун каалаган оокатына жумшап, тамак-аш, кийим, үй-жай күтсө болот. Мен кулчулукту жок кылам! Мындан ары ар бир адам эркиндиктин ээси!” – дегиле.

Эртеси фараон курчоосундагы дин кызматкерлери менен атайы үймөктөлгөн тоонун кароол дөбөсүнө чыгат. Мына анан көрүп ал шумдукту! Баягы кыбыраган жалкоо кулдар таштарды шаарды көздөй жарыша ташып, атүгүл көпчүлүгү эки-үчтөн таш көтөрүп, кишенден бошоп, эркиндикти сезген кулдар буттары жерге тийбей чымын-куюн. Кээси боз ала чаңга карабай, бакубат жашоо куруу үчүн үзүлө чуркап мээнеттенгеничи.

Фараон күн сайын кароол дөбөдө өзү жакшы көргөн орунга көчүк басып, ылдыйда көрүнгөн окуяларга көңүлү курсант. Бир айдан соң баары кескин өзгөрсө болобу. Кулдар арасында чакан топтор бөлүнүп, алар өздөрүнчө араба жасап, араба түртүп, чокуга чоң-чоң таштарды үйгөнүчү.

«Булардын ойлоп таппаганы жок ко! – деп фараон аң-таң, — арасында өздөрүнүн кызматтары пайда болуп: бири суу, бири азык-түлүк ташып, деги койчу, жакында өздөрүнө жетекчини, сотторду тандашчудай. Мейли, каалаганын кылышсын… Мейли. Булар эми «эркин адамдар да»! Пулуң болсо кулуңмун деп жутунган бул акмактар таштарды мурда кандай ташыса, ошондой эле ташый беришсин…» – деген экен.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз