Нуриз Өмүрбаева: Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың

  • 13.12.2022
  • 2568

*     *     *

Жай узады. Шамал уруп, жаан тийип,
жалбырагын төгүп бүттү дарактар.
Чоочун мага өз өмүрүм баш ийип,
чоочун жолдун жетегинде бараткан.

Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды.
Да бир жылдын учун кармап турамын.
Учпай калган жүрөк узак жашайбы?..
Кайкып учкан канаттуудан сурадым.

Куштар мага жооп узатып ыраактан,
өз тилинде үн салгандай болушту.
Куштун тилин, куштун жолун бирок да,
жылдар мага унуткарып коюшту.

Кээде гана буюктурат бир санаа,
ушул аалам жаралгансып кусадан.
Канаттуулар жер которуп учсаңар,
коштоп учпай улутунуп узатам.

Күндү беттеп, күздү таштап барарың,
жаздыр жашыл жака-бели кештелүү.
Мекен кылган бир сүйүүнүн караанын,
менин эрким, мейкиндигим чектелүү.

Жетер жерге жетип эсен. Күн кармап,
кайтсаң экен адаштырбай ай-жылды.
Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,
узак жолдо канаттарым кайрылды.

Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп.
Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.
Кайра кайтып келериңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешти эле.
Кайра кайтып келериңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешчү эле.

2022-ж

МЕКЕНГЕ
Журт кыйырын коргой албас коркоктор,
калкына хан, элге эге болушту.
Апа аскан казан кулап очоктон,
Ата журтум, асманыңда ок учту.

Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,
Койнуң кооптуу, өңүң  жүдөө, комсоорок...
... Жылда жылан жылып келип, кол салып,
кушсуз, кутсуз, уяларың томсорот.

Бейпилдигиң, бейпил күнүң, бүлүнүп...
Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың.
Өмүр чиркин күлгүнүндө күбүлүп,
ок мээленген бута болду кайран күн.

Эр жигиттер өлүм сүрүн билбеген,
коргоп турду наристенин куурчагын.
...Сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер,
Сөздө гана Эр Манастын урпагы!

Өздөн чыккан душман болду хандарың,
өрт ичинен нан издеткен калкына.
Өмүр өңүн тааный элек балдардын,
көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

...Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,
кайран элим канат, калкан күтө элек.
Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,
жаратың көп... Кайсыл бири бүтөлөт?..

Мекен ыйы ай-ааламда үңүлдөп,
Кулагына жетпей койду Теңирдин.
Адам уулу Мекенинин кулу дейт.
А биз сени кулга айланттык, кечиргин!

Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,
арман ырын ырдап турдук эчен күн.
Арсыз, арзан, жарыктары үлбүрөйт,
жылдыздары кайда кетти Мекендин?

...Ата журтум, өмүрүмдүн соңунда,
сага барып бүтөт бардык жолдорум.
Кечир мени, багыты жок жолуңда
жарык дагы, жылдыз дагы болбодум.

Кечир бизди, багыты жок жолуңа
жарык дагы, жылдыз дагы болбодук.

2022

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз