Гүлзат Бектемир: Мурас

  • 20.12.2022
  • 2979

АҢГЕМЕ 

Эрте менен Жайна эжем:

– Ош базарда азырынча эл сейректир, барып алтын шакегимди сатып келчи. Тыйын керек болуп атат, – деп мени жумшады.

– Дагы сатасызбы? – дедим аны жактырбай. Эжем жооп бергенче артынан жездем кирип келди да:

– Таң ата электе кымындай кызды базарга жибересиңби? – ачуулана сүйлөдү. Эжем үндөбөй, кызыл кутучаны колума кармата салды.

– Ой, муну баласынтып арзан баада сатып алышсачы?

– Бул соодалашканды сен экөөбүздөн жакшы билет! Андай сарсаана болуп атсаң, өзүң бар дейт элем... Бирок шакектен да, акчадан да жок каларымды билем! – эжем жездеме жиндене жооп берди. Булардын түндөтөн берки урушу акча экенин эми түшүндүм. Таң эрте базарга баргым келбей турса да, жездемдин колуна акча тийери менен ичип кетмейи бар экенин эстеп, макул болдум.

Сыртта Күн көтөрүлүп калыптыр. Биринчи эле келген “Ош базар” деген жазуусу бар автобуска отурдум. Уйкум келип, үргүлөп араң баратсам да, кутучаны жоготуп албайын деп чөнтөгүмө салып, бекем кармап бараттым...

Ош базарында кызуу турмуш башталыптыр. Айрымдары дүкөндөрүн эми ачып, айрымдары товарларын көчөгө жайып, кээси соодалашып, ар кимиси өз оокаты менен алек. Баштык көтөрүп бутка чалынгандар андан көп. Жакын эле жерден келген ысык самсанын, мантынын жыты табитти ачат. Ар жерде топтошуп тургандар ары-бери өткөндөргө арзан баада телефон сунуштап, жолду торойт. Алар жолду торогон сайын чөнтөк кесерлер бар экенин эстеп, чөнтөгүмдөгү кутучаны мыжыга бекем кармайм.

Базардын күн батыш тарабында катарынан тизилген, алтын алган дүкөндөрдүн бирине кирип:

– Шакек сатайын дедим эле... – дедим дүкөнчү аялга колумдагы кутучаны берип. Ал кутучаны ачып көрүп:

– Бул шакек кимдики? Уурдап алдыңбы же таап алдыңбы?...– мени шектене карады.

– Эжемдики. Эжем сатып кел деп жиберди.

Аял шакекти ары-бери айлантып карады да, мага ишенбегендей сатып алуудан баш тартып, кайра колума карматты. Эртеден бери уйку сурап, кутучаны ачып карабаптырмын. Эми көрдүм. Бул мага бала кезимден тааныш шакек эле.

*     *     *

Баарыбыз боз үйдө кыркалекей тизилип, чоң энемди жоктоп отурдук. Көз көрсөтүп келген тууган-урук, коңшу-колоң бизге кайрат айтып, аны эскерип атты. Түн киргенде келген-кеткен азайып, чоң энем менен курдаш болуп жүргөн эки кемпир сөөк кайтармакка биз менен калды. Чоң энемдин өлүмүнө көнгөнсүп, башкабыз тынчып калсак да, улуу эжемдин ыйы токтогон жок. Отургандардын, кирип-чыккандардын кой дегенине болбой ыйлап атты.

– Ай, кыз, – деди кемпирлердин бири жини келип. – Үйдүн улуусусуң, тарта-тарта ыйлап, бир туугандарыңа баш көз болбойсуңбу?! Энең жакшы жашады. Калган өмүрүн силерге, неберелерине берсин. Ыраазы бол, энең тынч жатсын!

Эжемди бул сөздөр деле соорото алган жок.

– Менин ичим өрттөнүп атат! Алтыным энем ай... ушунча оокат-жайыңды, бизди кимге таштап кеттиң?!

Сырттан жеңелер жууркан-төшөк көтөрүп кирип:

– Бир аз эс алып алгыла, – деп үстүбүздү жылуулап жаап койду. Баятан бери көз жашы тыйылбаган эжем бир нерсени эстегендей тып токтоду да, Жайна эжемди карап:

– Баса, энемдин алтындары каякта? – деп шыбырап сурады.

– Менде! – деди Жайна эжем. Ушул учурдан тартып эки эжемдин ортосунда биз түшүнбөгөн “кармаш” пайда болду.

Эртеси чоң энемдин сөөгү жерге берилди. Эл тарай электе эле эжелерим үйгө кирип, бир бөлмөгө бекеништи. Көптө барып экөө эки тарапты карап эшикке чыкты. Өз ара таарынычтары бар окшойт деп ойлодум. Бирок эл тарап, кеч кирип калганда, эки эжем баягы бөлмөгө кайра кирди. Алардын үнү улам бийиктеп чыгып, бири ыйлап, бири кыйкырып атты. Ызы-чууну угаарыбыз менен бөлмөгө бир туугандар бат эле чогулдук.

– Ал шакекти мен алышым керек! – өктөм сүйлөдү улуу эжем. – Үйдүн улуусу менмин!

– Мен алышым керек, үйдүн кичүүсү менмин! Энем ооруп төшөктө жатканда мен карадым, мен алам!

– Сен энемди ушул алтындары үчүн карагансың!

– Сага энем керек эмес болчу. Эми анын алтыны керек болуп калдыбы?!

– Сен ал тирүү кезинде эле далай алтынын сатып жибердиң! Эми жок дегенде ушул шакегин мага ыраа көрсөң болбойбу?! – улуу эжем долуланып ыйлап кирди.

Баятан унчукпай карап турган Анарбек байкем ортого түшө калды.

– Ай, койгула, кайгыбыз басылсын! Анан деле бөлүшүп аласыңар!

Бирок байкемдин сөзүн эч кимиси кулагына илген жок. Уруш күчөгөндөн күчөп отуруп, чачташууга айланды.

– Ушундайыңда берип кал шакекти! – улуу эжем жулкунду.

– Бербесем эмне кыласың?! – деди Жайна эжем моюн бербей. Улуу эжемдин ачуусу чындап келди окшойт, Жайна эжемди баса калды.

Аңгыча шакек эжелеримдин колунан ыргып, менин бут алдыма түштү. Аны тааныдым. Жерде жаткан бермет көздүү, калың алтын шакек кантип, качан чоң энемдики болуп калганын, мен жакшы билет элем. Негедир бут алдыма жаткан шакекти, аны талашкан эжелеримди карап, чоң энемди эстедим. Ал киши кыял-жоругун, долулугун шакегине кошуп кыздарына мурас кылып калтырып кеткен тура.

... Чоң энемдин кенже уулу Акмат байкем үйлөнгөнүнө бир жылга жакын калганда, аларды өкүл ата-энеси “эч болбосо кеч болсун” деп отко чакырды. Чоң энем келин-уулун, туугандардан эки-үч кишини ээрчитип конокко кетти.

Эрте менен ойгонсок, чоң энемдин кабагына кар жаап калыптыр. Өзүн коёрго жер таппай, үйгө кирип-чыгып, күбүрөнүп, күңкүлдөп жүрдү. Байкем менен жеңемдин да маанайы суз. Жеңем адаттагыдай эле эртең мененки чайды даярдады. Баарыбыз дасторкон четине отурдук. Бизди көрмөксөнгө салып, ары-бери баскан чоң энеме,

– Апа, келиңиз чай ичесизби? – деди жеңем.

– Сен мага эми бир чыны чайды да сурап бересиңби?!

Эртеден бери урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай турган чоң энем эми каарданып, келинине асылды. Акмат байкем кимисине болушарын билбедиби же эртеден бери апасынын жөнү жок жемесинен чарчадыбы, айтор, эшикке чыга качты. Жеңем унчукпай дасторкону менен алек. Ушул учурда чоң энем ордунан тура калып, жеңемдин алтын шакегин колунан булкуп-жулкуп чечип алды.

– Мен тагынбаган шакекти сен тагынат бекенсиң?! – деди ызырына.

Бир аз мурун эле жеңем мага:

– Карасаңыз, кыз, мага түндө өкүл энем такты, – деп кубанычы койнуна батпай көрсөттү эле.

Ошол кубанычы узакка созулбай, дароо колунан чечтирип жиберди. Жеңем ыйлагандан башка эч нерсе деген жок.

Чоң энем ушундай киши эле, бирөөлөрдүн дүнүйөсүн бат эле ээлеп алчу.

... Эми минтип ошол шакек дагы талашка түшүп отурат. Аңгыча сырттан Акмат байкем кирип келди. Кырылып-кыйкырышып жаткан эжелерин желкеден алып ажыратып:

– Эй, силер дүнүйөдөн өлдүңөр беле?! Жок дегенде апамдын жетилиги өткөнчө коё турсаңар боло! Арбакты сыйласаңар боло! Чыгып кеткиле үйүмдөн, чыккыла! Жоголгула!

Карап тургандар да, кармашып аткандар да бирин бири ээрчип сыртка жөнөдү. Эжелерим чоң энемдин жетилигин күтпөй үйлөрүнө тарап кетишти. Ошондо шакек кимисинде калганын мен билбей калгам.

*     *     *

Бир топ талаш-тартышты жаратып, колдон колго өтүп, бир туугандардын ыркын кетирген шакек, эми минтип менин колумда. Аны тезинен сатып жибергим келди. Дагы бир аз алдыга басып кийинки дүкөнгө баш бактым. Келишимдүү жигит мени жылмайып тосуп алды. Мен башымды ийкеп учураштым да, унчукпай колумдагы кутучаны карматтым. Дүкөнчү жигит шакекти кармалап, айлантып карап, кичинекей таразасына тартып көрүп:

– Он миң сом болот, – деди жылмайганынан жазбай.

– Бир аз кошпойсузбу?..

– Жок, чоң кыз, бул баага макул болбосоңуз, башка дүкөндөргө барып көрүңүз.

Соодалашкым келбеди. Башка дүкөндөргө да баргым келген жок. Жигиттин санап берген он миң сомун алдым да, сыртка чыктым. Шакекти кандай бекем кармап базарга келсем, дал ошентип акчаны бекем кармап эжемдин үйүнө бараттым...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз