Харуки Мураками: Арам өрдөк

  • 01.12.2022
  • 1623

АҢГЕМЕ

Кууш бетон тепкичтер менен ылдый түшүп, бийик шыбына карай кургап калган арыкка окшогон кеңири, узун коридорго туш келдим. Дубалдагы лампочкалар каптаган калың чаңдан майда тор менен курчап койгонсуп араң эле үлбүлдөйт, андан да ар бир үчүнчүсү күйүп кетиптир. Өзүмдүн алаканым араң көрүнөт. Жым-жырт. Караңгы коридордогу жалгыз добуш, резинка таманы бетон полдо кырчылдаган бутумдагы кроссовкамдын добушу.

Коридор менен эки жүз же үч жүз метрдей баскандай болдум, балким километрдей. Эч нерсе ойлонбой, жөн эле келе бердим. Бул коридордо аралык да, убакыт да билинбейт. Андан кийин кыймылым да сезилбей калды. Ошентсе да алдыга жүрө берип, дубалга такалдым. Бул жерде коридор экиге ажырайт экен – оңго, солго.

Т түспөлдөш кесилиш?

Курткамдын чөнтөгүнөн бырышкан баракчаны алып, дагы бир жолу эмне жазылганын окудум: “Коридор менен түз барыңыз. Акырында эшик болот”.

Дубалды карап, эшикке окшогон эч нерсе көрө алган жокмун. Бул жерде мурда эшик болгонбу – изи да жок, келечекте эшик болот деген да белги байкалбайт. Кадимки эле бетон дубал. Кандай салынса ошондой. Эч өзгөчөлүгү жок. Тутка да жок – метафизикалык да, абстрактуу да, метофориялык да. Эч кандай.

Охо-хо.

Дубалга жөлөнүп тамеки түтөттүм. Эмне кылсам? Дагы бара берсемби? Же артка кайтсамбы?

Бирок ачыгын айтканда, көпкө деле арсарсыган жокмун. Чынын айтсам, менде мындан башка айла да жок эле, алдыга гана барыш керек. Жокчулук төбөмдөн басып, абдан каржалган кезим болчу. Ай сайын төлөнгөн кредиттик карыз, мурдагы аялыма төлөнчү алимент, көчүк айланбаган тар квартира, ваннадагы таракандар, метродогу тыгылыштар - бардыгы көкөйгө көк таштай тийген. Анан эле ушул жакшы иш табылып калды. Эмнесин айтайын, айлык акысы кокодон, жылына эки жолу үстөк сый төлөмдөр, жайында узак созулган дем алуу. Ошонун баарынан бир бурулуш, бир эшик калганда баш тартуу...

Тамекинин калдыгын тебелеп өчүрүп, он иеналык тыйынды төлгө кылып өйдө ыргыттым да, жерге түшүрбөй тосуп алдым. Бүркүт! Оңго бурулуп жөнөп калдым.

Эки жолу оңго, бир жолу солго, он тепкич ылдый, анан дагы бир жолу оңго бурулдум. Аба кофенин калдыгындай салкындай баштады. Мен жолду карай акча, кондиционер иштеген ыңгайлуу офис, жакшынакай кыздар тууралуу ойлоп келаттым. Эшикке чейин жетсем, ошонун бардыгы меники болуп калуусу ажеп эмес.

Акыры алдымдан эшик көрүндү. Алыстан ал эски почта маркасындай көрүнгөн менен, улам жакындаган сайын эшикке окшой баштады. Анан бөлөк нерсе эмес, даана эле эшик экени билинди.

“Эшик...” Кандай жакшы сөз!

Мен жөтөлгөн болуп эшикти акырын тыкылдаттым да, жооп күтүп артка бир кадам чегиндим. Он беш секундадай убакыт өттү, жооп жок. Кайрадан, эми катуурак чертип дагы чегиндим. Жооп жок.

Курчап турган чөйрөм тарый баштады. Заманам куурулуп, үчүнчү жолу чертейин деп кадам койгондо эшик дабышы чыкпай ачылды. Эшиктин ачылганы да өзгөчө сезилди, бирөө атайын ачпай, кайдадыр бир жактан соккон желдин агымы менен өзү ачылып кеткендей. Бирок албетте, өзү ачылган жок. Электр күйгүзгүчүнүн тырс деген үнү менен жарык болуп, бир жигит көрүндү. Бою менден бир аз пас, жыйырма бештерге барып калган. Эми эле жуулган чачтарынан суу сарыгат, кийими жок, жылаңач денесине күрөң халат жамынып алыптыр. Буттары бир кызыктай – ичке, ап-аппак, чамасы жыйырма экинчи көлөмдө[1]. Таза жазуу дептерине окшогон жалпак бети жагымдуу бажыраят.

- Кечирип кой, мен ваннада элем.

- Ваннада? - Мен колумду көтөрүп саатымды карадым.

- Тартип ошондой. Түшкү тамактан кийин сөзсүз ваннага түшүү керек.

- А-а, мейли анда.

- Эмне иш менен келдиңиз?

Чөнтөгүмдөн жанагы баракчаны алып, ага сундум. Жигит аны суу кылып албас үчүн бармактарынын учу менен алып, бир нече жолу кайталап окуду.

- Сиз беш мүнөткө кечигип калдыңыз,- дейт күнөөлүүдөй.

- Ооба. – Башын макул деп ийкеп, мага баракчаны сунду. – Бул жерде иштейин дедиңби?

- Ооба.

- Мейли, ачыгын айтсам, мен билбейм, ошенсе да башчыларга айтып көрөйүн.

- Ыракмат.

- Баса, шарттуу сөздү билесиңби?

- Шарттуу сөз?

- Шарттуу сөздү билбейсиңби?

Мен айлам кете баш чайкап:

- Жок...

- Анда билбейм. Башчылар шарттуу түрдө сөзсүз эч кимди киргизбе деген. Буга абдан катаал көңүл бурушат.

Баракчаны кайрадан сууруп чыгып тигилем. Шарттуу сөз тууралуу эч нерсе жок.

- Унутуп калышкан го.

– Балким ансыз деле менин келгенимди башчыларга айтып көрөрсүң?

- Ошол айтыш үчүн шарттуу сөз керек. - Ал чылым салган чөнтөгүн издеп денесин сыйпалайт, халатында чөнтөк жок экен, мен тамеки берип, оттук менен тутантып бердим.

- Жаман иш болду... эмне кылабыз? Балким, эптеп шарттуу сөздү эстээрсиң?

- Айла жок. Эмнени эстемек элем?

Мен башымды чайкайм.

- Мындай убарачылык мага деле жакпайт. Бирок башчылар башкача пикирде. Ошон үчүн башчылар да. Түшүндүңбү?

- Түшүндүм.

- Мага чейин башка бала иштеген экен. Ал шарттуу сөз тууралуу унутуп калып, башчыларга киши келгендиги боюнча айткан экен. Ошол замат иштен бошотуп коюшту. А азыр жакшы ишти табыш кыйын эмеспи.

Мен баш ийкедим.

- Балким, жардам берип койорсуң, я? Анча-мынча.

Жигит дубалга сүйөнүп, тамекинин түтүнүн үйлөйт.

- Болбойт.

- Эч кур дегенде шегин эле билдирип койчу.

- Балким бир жерде микрофон болуп калсачы?

- Эх! - Бир азга арсарсып туруп кулагыма: - Жөп-жөнөкөй эле сөз. Угуп атасыңбы? Сууга байланыштуу. Алаканга батат. Жегенге болбойт.

Эми мен ойлонуп калдым.

- Кайсы тамгадан башталат?

- “Ч...дан”, - дейт ал.

- Чоргобу?

- Туура эмес. Дагы эки жолу.

- Эмне “эки жолу”?

- Дагы эки жолу аракет кыласың. Таппасаң – бүттү. Сен мени кечирип кой, бирок мен ансыз да тоболкечиликке барып атам. Сен үчүн эреже бузуп.

- Чоң ыракмат. Дагы кичине жардам кылчы. Мисалы, канча тамгадан турат?

- Анча болду, сөздү эле айтып кой дебейсиңби?

- Жок, - дедим камырабай момпойуп. - Тамгалардын эле санын.

- Алты, - деп жигит багынып берди. – Атам туура айткан экен.

- Атаң?

- Атам айтып калчу: “Бирөөнүн батинкесин тазаласаң, боосун байла деп догурунат”,- деп.

- Туура, - макул болдум.

- Ошол, алты тамга.

- Сууга байланыштуу, алаканга батат, жегенге болбойт, ошондойбу?

- Ооба.

- Анда чулдук. Ошондой өрдөк бар, - дедим.

- Өрдөк болсо жегенге болот да?

- Койчу?

- Ошондой го. Антсе да балким ошол чулдук дегендериң даамдуу деле эмес ко, – жигит эки анжы болуп турду. - Анан да чулдугуң алаканга батпайт да.

- А сен көрдүң беле?

- Жок.

- Чулдук, - деп көгөрдүм. - Мындай, алаканга баткандай кичинекейлери болот. Алардын эти ушунчалык даамсыз, ал эмес алардын этин ит да жебейт.

- Коё тур, - деди жигит. - Мындан баштайлычы, шарттуу сөз такыр эле “чулдук” эмес.

- Ой койсоңчу. Мына, чулдуктун суу менен байланышы бар, алаканга батат, этин жегенге болбойт. Алты тамгадан турат.

- Адашып атасың.

- Эмнеден?

- Шарттуу сөз ал эмес да. “Чулдук” эмес.

- Анан эмне?

Жигит унчуга албай калды.

- Аны мен айта албайм.

- Эмне дээриңди билбей калдың да. Ошон үчүн айта албайсың, - дедим болгон токтоолугум менен. - Мына, сууга тиешеси бар, алаканга батат, этин жегенге болбойт, алты тамгадан турат. “чулдук”. Башка төп келчү сөз жок.

- Бар, - деди жигит ыйлап ийчүдөй.

- Жок.

- Бар.

- Кантип далилдейсиң? Далилдей албайсың. “Чулдук” бардык жагынан төп келет. Ошондойбу?

- А балким кайдадыр бир жакта алардын... жанагы... алаканга баткандардын этин жактырган иттер бардыр?

- Кайда? Кайсы иттер?

- У-у.. – онтоп ийди ал.

- Мен иттер тууралуу бардыгын билем. Бирок кичинекей чулдуктун этин жеген итти бир да жолу көргөн эмесмин.

- Эмне, алардын эти ошончолук эле даамсызбы?

- Сөз жок.

- Өзүң жеп көрдүң беле?

- Жок, албетте. Андай арамды кантип жемек элем?

- Аның да чын.

- Балким башчыга мен тууралуу айтып көрөрсүң? – деп көгөрдүм.

- Сага айла жок экен да, - жигит жоошуй түштү. – Аракет кылып көрөйүн. Бирок менимче тыянак чыкпайт.

- Ыракмат. Анык эле алтын экенсиң.

- А алаканга баткандай көлөмдөгү чулдуктар чындап эле болобу?

- Ананчы.

Алаканга баткандай көлөмдөгү Чулдук баркыт менен көз айнегин сүртүп, улутунуп койду. Анын жанын тиш оору жеп атат – оң азуусу сыздайт. “Догдурга барыш керек”, - деген ой башында турат. Айла кетти! Тиш доктур, айлык отчёт, машине үчүн айлык төлөм, андан да кандиционер бузулуп... Башын булгаары креслонун жаздыгына жөлөп өлүм тууралуу ойлонду: “Ал жакта деңиздин түбүндөгүдөй жым-жырт”.

Алаканга баткандай көлөмдөгү Чулдук үргүлөп кетти.

Аны интеркомдун чыйылдаганы ойготуп жиберди.

- Эмне? – деди аппаратка башын буруп.

- Сизге бирөө келди, - деген кароолчунун үнү угулду.

Алаканга баткандай көлөмдөгү Чулдук кол саатына карап:

- Кечигүү - он беш мүнөткө.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] Жапондордун 22-бут кийими биздин 33-ченемге барабар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз