Харуки Мураками: Чуркоо тууралуу не айта алам

Колуӊуздагы китепче – азыркы жапон адабиятынын көрүнүктүү чеберинин мажарасы, өзү айткандай “сергек жашоо мүнөзүнүн сырлары тууралуу эмес, чуркоо тууралуу шилтемелери”. Күндөлүк очерк жана аллегориянын чегинде Мураками күндө кайталануучу сүкүткө салыштыруу менен чуркоо тууралуу өз ойлорун жалпак тил менен окурмандын астына жаят. “Чуркоо тууралуу берилип жазуу, – дейт ал, – өзүӊ тууралуу да жан дилиӊ менен жазганды билдирет”.

Харуки Мураками – жөө күлүк жазуучу.

Чуркоо бизди алга сүрөйт. Мисалы, Харуки Мураками өзү ырастагандай 33 жашка чыкканда чуркай баштаганы үчүн жазуучу болгон. Ошол учурдан тартып жумасына алты ирет чуркап, жылына кеминде бир марафонго катышмайын жаны жай албайт.

Өз кезегинде мен басмаканачы болгом, анткени жүгүрүп жүргөн күндөрүмдүн биринде менеджер болууну таштап, өз ишимди баштайм деген чечим кабыл алгам.

Колуӊуздагы китеп улуу чебердин колунан чыккан жана андан өз оюӊузду тастыктаган ынанымдуу идеяларды таба аласыз, чуркоого болгон мамилеӊизди жакшылап аныктап аласыз.

Чуркай элек болсоӊуз сөзсүз түрдө баштайсыз. Чуркай баштаганда бир нерсени жадыӊыздан чыгарбаӊыз: белгилүү бир аралыкты чуркап өтүүнү максат кылыӊыз. Мисалы, Мураками кылдаттык менен сүрөттөгөн Грециядагы марафон. Чынында ал стартка өз убагында келе алган эмес. Бирок так ушул сыпаттама мени анча чоӊ эмес шаар Марафондон башталган Грециядагы классикалык марафонго жетелеп келди.

Айкын максат гана жаан, кар жаап жатканына же жумуштан абдан чаалыкканыӊызга карабастан көчөгө чыгып чуркаганга түрткү берет. Мына сизди ачык эле үгүттөп жатам. Автор өзү чуркай баштоону эч кимге таӊуулабайт, жазуучулук өнөр сыяктуу эле чуркоо да бардыгы үчүн эмес экендигине ынандырат. Ага карабастан бул китеп акыркы он жылдыктагы башка иш-чараларга караганда жапырт чуркоого чоӊ таасирин тийгизди.

Чуркоо бул – жеке спорт экендигин Мураками көзгө сайгандай так белгилеген. Ал байланыш каражаттарынын баарынан бир аз убакытка болсо да алыс болуп, өзүӊ менен өзүӊ болууга жол ачат. Бул саякатта тагдыр сизди алып келген орундарды жакшы өздөштүрө аласыз, пикирлештерди кезиктире аласыз жана эч кандай акчага сатып ала албас жаӊы сезимдерди ала аласыз. Чуркоо аркылуу өзүӊүздү ачасыз, жок, өзүӊүздү жаӊы түзүп чыгасыз.

Окуӊуз, чуркаӊыз жана алга карай сүӊгүӊүз!

Михаил Иванов, “Манн, Иванов и Фербер” басмасынын башкы редактору, жөө күлүк Мээнеттенүү – ар бир адамдын тандоосу.

“Чыныгы мырза ажырашкан аялдары тууралуу, төлөгөн салыгы тууралуу эч качан айтпайт” деген белгилүү афоризм бар. Мунун баары жалган экендиги түшүнүктүү. Ооба, жаӊы эле өзүм ойлоп тапкан афоризм. Айыптуумун, кечирим сурайм. Эгерде бирөө жарым ушинтип айта турган болсо, өз саламаттыгы тууралуу кеп кылбоо деген чыныгы мырзанын насыятын баса белгилеп кетмек.

Чыныгы мырза эмес экендигим эч кимге жаӊылык деле эмес, андыктан мырзалык парасаттар мага тиешелүү эмес. Анын үстүнө ушундай китеп жазып атканда өзүӊдү аргасыздан коомай сезесиӊ. Бирок актануунун арамза аракети деп түшүнбөгүлө, чуркоонун айланасында жазып жатсам дагы бул китеп сергек жашоо мүнөзүнүн сырлары тууралуу эмес. Мен караламан калкка “Ден соолук чыӊ болуш үчүн күн сайын чуркайлы!” деген чакырык таштагым келбейт. Бул китепче болгону чуркоо мага эмне берери тууралуу. Анын беттеринде тереӊ ойлонуп түшүнүүгө аракет кылам, өзүмө өзүм суроо берип, өзүм аларга жооп берем. Болгону ушул.

Сомерсет Моэм устаранын да өз философиясы бар экендигин жазган. Кандай жадатма иш-аракет болбосун аны күн сайын кайталасаӊ, ал кандайдыр бир сүкүт тартуу мазмунуна ээ болот. Ушул мааниден алганда Моэм мырзанын көз карашына толугу менен кошулам. Демек, жазуучу, жөө күлүк болуп туруп чуркоо тууралуу жупуну ойлорумду жазууну чечтим, албетте, кийин терип, басып чыгарам, мунун эч кандай уят-сыйыты жок.

Өз ойлорумду олтуруп жазып баштамайын кыйратып деле кагазга бир нерсе түшүрө албайм, ушундай жаралсам керек. Ошондуктан “чуркаганымды гана” түшүнүп алуу үчүн мага олтуруп алып, азыр сиз окуп жатканды жазууга туура келди.

Париждеги бир мейманкананын номериндеги керебетте оонап жатып, “Интернэшнл геральд трибюнга” көз жүгүртүп аткам. Марафон тууралуу макала көзүмө урунуп калды. Анда белгилүү марафончулар менен болгон интервьюлар бар эле жана күжүрмөн рухту колдоо үчүн кайсы мантраны өз ичинен кайталай тургандыгын ар бир жөө күлүктөн сурашыптыр. Жакшы ойлонулган нерсе. Кырк эки чакырымды жүгүрүп өткөнчө киши эмнени гана ойлобойт, таӊ калыштуу. Мантрасыз финишке жете албайсыӊ, марафон –  спорттун ушундай катаал түрү.

Жалпысынан марафончулардын бири улуу агасы (ал дагы марафончу) үйрөткөн “Pain is inevitable. Suffering is optional”[1] деген мантраны кайталайт. Которгондо анын жетесине жеткирип бериш кыйын, бирок аны минтип оодарып койдум: “Оору – сөзсүз. Жапа чегүү – ар бир адамдын жеке тандоосу.” Мисал менен ачып берейин. Сиз чуркап баратасыз дейли, ойлоносуз: “Кыйын болуп баратат. Болду, чыдай албайм”. Сизге оор экендиги чындык, андан эч ким кача албайт. Ал эми мындан ары чыдайсызбы, жокпу, аны сиз чечесиз. Ал толугу менен сиздин ыктыярыӊыздагы иш.

Ушул айтымда “марафондук чуркоо” аталышындагы спорт мелдешинин түпкү мазмуну кыска, нуска берилгендей сезилет.

Чуркоо тууралуу китеп жазуу ою алгач мага он жыл мурун келген. Балким андан да мурда. Убакыт өтүп атты, бирок ишти колго алууга моюнум жар бербей келди. Азаптандым, кыйналдым, бардыгы ойдогудай болбоду. Эмне деген түшүнүксүз тема – чуркоо? Бул тууралуу эмне жазса болот? Ойлорумду топтош кыйынга турду.

“Эмнени сезсем, ойлосом, башымда эмне болсо, ошонун бардыгын ачыктык, болушунча тактык менен кагаз бетине түшүрүүгө белсенип көрүү керек. Ушундан баштайм. Баары бир башка жол жок” деген ой кокусунан кылт этти. 2005-жылдын жайында кол жазмага шашпай киришип, 2006-жылдын күз айларында колго тийгиздим. Албетте, автоцитаталарсыз болбой койгон жок, болгону ошол учурдагы шаабайымды жаздым. Чуркоо тууралуу берилип жазуу өзүӊ тууралуу да жан дилиӊ менен жазганды билдире тургандыгын жазып жатып жон терим менен сездим. Бардыгы чуркоонун айланасында болгон бул китепти мемуардык аӊгеме катары окусаӊыз да түк оӊтойсузданбайм.

Жазылгандар “философияга” жетпей эле койсун, бирок сиз мындан эмпирикалык эрежелердин топтомуна тушугасыз. Аларда эч кандай өзгөчө эч нерсе жок болушу ыктымал, бирок кандай болбосун чуркоо сабагын бүткүл турпатым менен баштан өткөрүп өздөштүрдүм. Жапа чегүү – менин жеке тандоом өзүм үчүн өзүмдү айкындоого жол ачты. Бул билим кеӊири пайдаланууга жараса да, жарабаса дагы, мени мен кылып турган ошол.

2007-жылдын август айы

I бап

Мик Жаггерге күлгүдөй кимдин акысы бар?

2005-жылдын 5-августу

Гавайи, Кауай аралы

Бүгүн 2005-жылдын 5-августу, күнгө жума. Гавайидеги Кауай аралынын түндүк жээги. Көпкөк асман ушунчалык кынтыксыз, түпсүз, дирилдетип делебени козгойт тим эле. Токумдай дагы булут жок. “Булут” деген түшүнүктүн ишаарасы да жоктой. Июль айынын аягында келдим бул жакка. Боло жүргөндөй бир бөлмөлүү батир ижарага алдым. Эртеӊ менен салкын кезде столго олтуруп иштейм. Азыркыдай, ушул саптарды жазып жаткандай. “Чуркоо деген эмне?” деген темага эркин дил баян. Жай саратаны болгондуктан ысык.

Гавайини түбөлүк жай аралдары деп аташат, бирок баары бир Түндүк жарым шар болгондуктанбы, жылдын төрт мезгили өкүм сүрөт. Жайкысын кышкыга караганда белгилүү деӊгээлде ысык. Массачусетс штатындагы кирпич-бетондуу Кембриждин дем кыстырган, жан кыйнаган ысыгына салыштырмалуу жергиликтүү климат бейиштей сезилет. Бул жерде кондиционери жок эле жашайм. Терезени кыӊырайтып койсо, жеӊил сыдырым жел уруп турат. Кембриджде август айын Гавайиде өткөрүүгө белсенип жатканымды айтканымда: “Сен эмне? Мындай ысыкта жайында аякка ким барат?”, – деп айран таӊ кала сурашкан. Алар түндүк-чыгыштан тынымсыз урган пассаттан улам Гавайи жайы салкын болорун билишпейт дагы, түшүнүшпөйт. Денени сергиткен авокадо көлөкөсүндө китеп окуган, башыӊ оосо океанга чабак урганы барган кандай бакыт экендигин билишпейт.

Гавайиге келип чуркай баштадым. “Чуркоосуз өтпөгөн күндөр” деп шарттуу атоого боло турган жашоо мүнөзүнө кайтып келгениме жакында эки жарым ай болот (эгер мага байланышпаган чуркабай калгандарымды эсептебегенде). Бүгүн мен эртеӊ менен Lovin’ Spoonful: “Day-dream” жана “Hums of the Lovin’ Spoonful” [“Элес”, “Лавин Спунфулдун мотивдери”] аттуу эки альбому менен мини-диск плееримди койдум. Эки пластинка теӊ 1966-жылы чыккан жана ушул музыкалар коштоосунда туптуура жетимиш мүнөт чуркадым.

Бул учурда мени тынчсыздандырган нерсе – аралык, ал эми ылдамдык анчалык деле кабатыр кылбайт. Өзүмчө унчукпай чуркап, аралыкты арбытам. Катуураак чуркагым келсе, катуулайм. Ылдамдык өссө, убакыт кыскарат. Эӊ негизгиси – ашыкча күч сарптабашым керек, өнө боюмдагы жагымдуу сезимди эртеӊкиге чейин сакташым зарыл. Повесть жазып атканда да так ушундай болот. Жазылып атканда өзүӊ үчүн жаз, жазылбаса эрким менен чечим кабыл алам да токтотом. Бирок эртеӊ жумушка киришкениӊде жагымдуу болот. Эрнест Хемингуэй да бул тууралуу жазса керек эле. Башталган нерсени уланткыӊ келеби, ыргакты бузба. Узак мөөнөттүү долбоорлордо бул башкы нерсе. Ыргак берилсе, ийри түздөлөт. Маховик жүрүшүн ылдамдатканга чейин, туруктуу ылдамдыкты алганга чейин ишти ара жолго таштап салбаш үчүн күчтүн барынча аракет кылуу керек. Бул учурда ашыра тырышуу анчалык кооптуу эмес.

Асфальт көчөдөн жаанга туш болдум. Жан сергитерлик. Деӊиз тараптан топтошкон булуттар келип, так төбөмдөн салаӊдап туруп, бир азга майдалап жаап турду дагын, шашылыш иши бар сыяктуу артын карабай сүзүп кетишти. Мына кайрадан алкы ачылган күн куйкалай баштады. Аба ырайы кыйла жупуну, анда эч кандай кошмо татаалдык, подтекст да жок. Метафоралуулуктан дайын жок болсо, символикалуулук тууралуу кеп кылыштын кажети аз.

Жолдон мага чуркаганды сүйгөн бир нече жөө күлүк жолукту. Аял-эркеги теӊме-теӊ. Мына бирөө жерден алыстай түшүп, абаны жирей каракчылар кууп келаткандай жигер менен жүгүрүп барат. Башкасы, колжойгону паровозчосунан бышылдайт, түшкөн ийиндерин карасаӊ чуркоо ал үчүн азаптын азабы. Балким бир жума мурун дарыгери диабетин текшерип, спорт менен машыгууга кеӊеш берсе керек. Ал эми мен болсо ортосунда салаӊдап жүрөт окшойм.

Lovin’ Spoonful’дун музыкасы ар убак жакшы. Маанилүүдөй сезилүүгө умтулуштун да кажети жок, кандай болсо ошондой. Жан тынчтандырган үндөрү 1960-жылдардын ортосундагы баштан өткөн түрдүү окуяларды эске салат. Чынын айтканда бул окуялар өзгөчө деле эмес. Мен тууралуу даректүү фильм тартышса, бардыгы теӊ: “Эми мунсуз деле жасаса болмок. Ал... болгону ашыкча курулай нерсе”, – деп бир ооздон күӊк дешмек. Ооба, ооба. Алар баары маанисиз жана курулай. Бирок мен үчүн маанилүү эскерүүлөргө толгон жана абдан баалуу. Муну же тигини эске түшүрүп жатып, өзүмчө жылмаям же кабагым бүркөлө түшөт. Мынакей мен – ушул үйүлгөн курулай нерселердин жыйынтыгымын. Мына мен, ушул жерде. Кайай аралынын түндүк жээгинде.  

Айрым учурда жашоо тууралуу ойго чөккөндө жээкке сүрүлгөн агынды дөӊгөчтөй сезем өзүмдү. Маяк тараптан урган айдарым жел эвкалипт дарактарынын баштарын күүгө салат.  

Ушул жылдын май айында Массачусетс штатынын Кембридж шаарында орун алганымда чуркоо менин күндөлүк турмушумдун таяныч бутактарынын бирине айланды. Жан дилим менен чуркадым. “Жан дилим менен” деген сөздү айтканымда сандык жактан айта турган болсом, аптасына алтымыш чакырым тууралуу кеп болуп жаткан болот. Жумада алты күн болсо, ар күнү алты чакырым чуркоо зарыл дегенди билдирет. Негизи жумада, албетте, жети күн бар, чынында күн сайын чуркаса деле жаман эмес болмок. Жаандуу күндөр, жумуштагыдай эле убакыт жетишпеген күндөр болот. Чуркагым келбей калгыдай чарчайм кээде. Ошондуктан бир күн – эс алуу, аны эсептен алдын ала чыгарып койгом. Жумасына алтымыш чакырым, башкача айтканда, айына эки жүз алтымыш чакырым. Бул сан мен үчүн “жан дилим менендин көрсөткүчү” болуп эсептелет.

Июнь айында өзүм эсептегендей өз 260 чакырымымды чуркадым. Июль айында көрсөткүчтү жогорулатып, эч кандай эс алуусуз күнүгө ондуктан 310 чакырым жүгүрдүм. Албетте, күн сайын он чакырымдан жүгүргөн жокмун, бир күнү он беш чакырым болсо, кийинки күнү болгону беш чакырым жүгүргөн учурлар болду. Орточо алганда күнүнө он чыкчу, желип чуркасаӊ убактысы бир сааттай. Чуркоого болгон мындай мамилени “олуттуу” деп атайм. Гавайиде ушинтип күнүмкү он чакырымдык ченемди карманайын деп чечтим. Көптөн бери мындай өжөрлүк менен ушундай аралыкка чуркай элек болчумун.  

Жаӊы Англияда муну жасоого эч качан аракет кылып көрбөгөн жанга жай мезгилин өткөрүү алда канча кыйындай туюлушу мүмкүн. Айрым учурда бул жерде ачык жана салкын күндөр болот, бирок көп учурда барып турган жагымсыз, жан чыдагыс ысыктык өкүм сүрөт. Ал турсун желден дайын жок. Шамал жок болсо, океандан урган нымдуу мунарык суу чүпүрөктөй денеге жабышат. Бир чака сууну баштан аяк куюп жибергендей терден улам өтмө катардан өтүп кийим суу болуш үчүн Чарльз дарыясын бойлой бир сааттык чуркоо жетишерлик. Күн терини аябастан куйкалайт. Башым иштебей маӊ болуп чуркайм, башымда эч кандай байланышкан ойлордон дайын жок. Көп чуркагандан кийин сыгылган лимондой болуп, кандайдыр бир жаӊычылдык сезим ичимден тээп чыгат.

Кайсы бир кезде “жан дилим менен” чуркаганды таштадым, ага бир нече себеп болду. Биринчиден, жашоо ушунчалык шашылыш иштерге толуп кетти, чуркаганга жөндөн жөн эле убакыт калбай калды. Жаш кезимде убактым ушунчалык көп болгон деп айта албайм, бирок жумушка толгон учурларды да эстей албайм. Эмнегедир жашоо ушундай жиктелген, жыл өткөн сайын жумуш үстү үстүнө үйүлө берет.

Экинчиден, мен триатлонго кызыга баштадым, марафонго болгон кызыгуум сууй баштады. Өзүӊүз билгендей триатлон чуркагандан тышкары сууда сүзүүнү жана велосипед менен жарышты камтыйт. Ансыз деле жөө күлүк болгондуктан чуркагандан көйгөй жаралган жок, бирок бул үч спорттун түрүн бирге алып кетиш үчүн көп машыгууга туура келди. Нөлдөн баштап сууда сүзгөндү кайра үйрөндүм, жарыш велосипедин тебүү техникасын өздөштүрдүм, керектүү булчуӊдарды чыӊдадым. Мунун баарына көп күч, убакыт жумшадым. Ошондуктан чуркаганга убакыт жетишпей калды.  

Буга эӊ негизги себеп курулай чуркаган жадатып жибергендиги болушу толук мүмкүн. 1982-жылдын күз айларында чуркап машыга баштап, жыйырма үч жыл чуркадым. Дээрлик күн сайын желип чуркап, кеминде жылына бир жолу марафонго (менин эсебим боюнча жыйырма үч марафон) катышып турдум. Жапонияда жана чет өлкөлөрдө катышкан алыскы жана жакынкы аралыкка чуркоонун санын эсептебей ак коёлу. Алыс аралыкка чуркоо менин мүнөзүмө шайкеш келчү. Мага тек гана чуркаган жакчу. Өз жашоомдо алган адаттардын ичинен чуркоо эӊ эле пайдалуу, мен үчүн өзгөчө баалуу көндүмдөрдүн катарында болду. Тынымсыз жүгүргөн жыйырма жылдан ашык убакытта дене боюм менен рухум эӊ сонун чыӊалды деп ойлойм.

Спорттун командалык түрлөрүнө анчалык жакын эмесмин. Жакшыбы, жаманбы мен тубаса ушундаймын. Кай бир учурда (мектептеги жылдарды эсепке албаганда) футбол же бейсбол ойногондо бир аз ыргайсыздыкты байкайм. Балким бир туугандарым жок болгондуктанбы? Кандай болбосун айланамда башка кишилер жүрсө, дайыма өзүмдү ыӊгайсыз сезе берем. Эки киши ойночу оюндарда, мисалы теннисте анчалык ийгиликке жетишкен жокмун. Сквошту жакшы көрөм, бирок башка оюнчуга каршы ойношко туура келсе, жеӊишке жеттимби же жеӊилдимби айырмасы жок – эмнегедир көпкө чейин тынчтана албайм. Кыскасы, кандай мелдеш болбосун – бул мен үчүн эмес.

Жеӊилгенди жактырбаган адамдарды таптакыр түшүнбөгөндүктөн эмес. Ким жеӊет, ким жеӊилет, капарыма да албайм. Бала чагымда ушундай болчумун, чоӊойгондо деле ушул бойдон калдым, өгөрбөй калдым го. Мени жеӊиш же жеӊилүү күтүп жатканы – таптакыр маанисиз. Өзүм белгилеген стандарттарыма туура келгеним алда канча маанилүү. Ушул мааниден алганда алыс аралыкка чуркоо – спорттун мыкты түрү.

Марафонго катышууга аракет кылып көрсөӊүз, сизден ким катуураак, ким жайыраак чуркай тургандыгы анчалык деле маанилүү эместигине көзүӊүз жетет, кимдир-бирөө менен мелдешкен жериӊиз жок да. Эгер сиз дүйнөлүк атакка жетсеӊиз, чемпион наамына күрөшүп жатсаӊыз, бул башка кеп. Анда атаандашыӊыздан озуп өтүү – сиздин негизги милдетиӊиз. Бирок катардагы жөө күлүктөр үчүн жеке жеӊиш же жеӊилүү эӊ орчундуу маселе эсептелбейт. Балким кимдир-бирөө ошол балага “тезек тердирүү” үчүн чуркаса, өзүн машыгууга мажбурлай албагандар үчүн жаман эмес өбөлгө болушу мүмкүн экендигин талаша албайм. “Ошол бала” кайсы бир себеп менен чуркаганга катышпай калды дейли. Анда эмне болот? Чуркагандын мааниси толугу (же жарым-жартылай) менен жоголот. Мындай мамиле менен жөө күлүк алыска чуркай албасы бышык.

Көпчүлүк жөө күлүктөр аралыкты чуркап өтүүгө канча убакыт кетерин алдын ала билип чыгышат. Алар өздөрү койгон чектен өткөнү – жакшы! Алар бир нерсеге жетишкенин сезишет. Ашпай калса, анда бир нерсеге жетишпей калгандыгы.

Ойлогонуӊдан жай, бирок болгон күчүӊ менен чуркаган учур да болот, ошондо ыраазы болгон сезим пайда болуп, жакшы таасир аласыз. Чуркап бараткан учурда жүрөк жылыткан нерсе болсо, муну жетишкендик катары эсептесе болот. Башка сөз менен айтканда, аралыкты чуркап өтүш үчүн жөө күлүк өзүнө сыймыктанууну (же сыймыктануу  сыяктууну) сезиши маанилүү. Бул аныктоочу учур делет.

Өз жумушум тууралуу ошону эле айтмакмын. Жазуучунун ишинде менин түшүнүгүмдө жеӊиш, аны менен катар жеӊилүү да кездешет. Нускалар, адабий сыйлыктар, мактаган же жемелеген сын-пикирлерди анын мазмуну эмес, көрсөткүч катары кабылдоо керек. Жазгандарым менинички стандарттарыма туура келеби же жокпу, ошол алда канча маанилүү. Мында эч кандай актануу кереги жок. Башкалар алдында актанган анчалык кыйын эмес, бирок өзүӊдү алдай албайсыӊ. Ушул мааниде жазуучулук эмгек марафондук жарышка окшош. Мындайча айтканда, жазуу талабы ачык-айкын болбосо да сенде жашаса, анда сөзсүз сырткы жашоонун  критерийлерине дал келүүнүн кажети жок.  

Чуркоо ден соолугума гана пайдалуу эмес, мен үчүн таасирдүү метафора болуп берди. Күн сайын аралыктан аралыкка, улам жогорулатып, улам жеӊип чыгып чуркоо менен өзүм да жогоруладым. Кандай болсо да күн сайын өз алдымча иштеп, күчүмдү аябастан эӊ жогорку руханий деӊгээлге көтөрүлүүгө аракет кылчумун.

Улуу жөө күлүк болгон эмесмин, болбойм дагы. Орточо деп айтпаш үчүн менин деӊгээлим орто. Бирок бул түк да мааниге ээ эмес. Бүгүн көп эмес болсо да кечээкиден ашып түшкөндүгүмдү билүү мага алда канча маанилүү. Алыс аралыкка чуркаганда биз кимдир-бирөөнү жеӊишибиз керек болсо, албетте, баарынан мурда өзүбүздү.

Бирок кырк бештен оогондо өзүн тастыктоо системасы жаӊыла баштады. Башкача айтканда, чындыгында менин курагымды эске алса, жыйынтыкты жакшыртуу оӊунан чыкпай калгандыгы таӊ каларлык болбой калат. Ар бирибиз жашообуздун бир учурунда кара күч мүмкүнчүлүгүбүздүн туу чокусун баштан өткөрөбүз. Албетте, бардыгы өз алдынча болот, жалпысынан суучулдар жыйырма беште, боксчулар отузда, бейсболчулар көзгө көрүнбөс чекти отуз беш жаштын ары жак, бери жагында өтөт. Бул сөзсүз болор нерсе жана эч нерсе кыла албайсыӊ. Бир ирет көз дарыгеринен: “Жаш курагына байланыштуу алысты гана көрүүсү күчөгөн адамдар жок болгону чынбы?”, – деп калдым. Ал аябай күлкүлүү нерсе уккансып күлүп жиберди да, азыркы күнгө чейин мындай адамдар кайрылбагандыгын айтты. Бул жерде да ошондой эле. (Тилекке жараша искусство жаатындагы абал бир кылка эмес. Мисалы, Достоевский “Шайтандар” жана “Бир тууган Карамазовдор” мыкты чыгармаларын өлөрүнө бир канча жыл калганда жазган, алтымыш жашында каза болгон. Композитор Доменико Скарлатти клавиша аспаптары үчүн 555 соната жазган, анын үстүнө көпчүлүгүн элүү жети, алтымыш эки жаш аралыгында жазган.).

Эгер жөө күлүк катары мен тууралуу сөз кылар болсом, туу чоку кырк беш жашта келди. Буга чейин марафонду ашык-кеми менен үч жарым саатта чуркап келчүмүн, башкача айтканда, чакырымды – беш мүнөттө, бир миляны – сегиз мүнөттө. Аралыкты эч кыйчылыксыз чуркап өтүүгө үч жарым саат толук жетчү. Үч саат кырк мүнөт көрсөткүчтө өзүмө өзүм нааразы болчумун. Ооба, ар дайым эле машыгууга жетишпей калчумун, айрым учурда начар формада болуп, бирок марафонду төрт саат ичинде келүүгө жетишпей калса болот деген ой эч качан башыма келбептир. Туруктуулук мезгили аталган бул мезгил жетишерлик узакка созулду. Андан соӊ абал өзгөрдү. Мурдагыдан кем эмес машыксам да үч саат кырк мүнөттө чуркап келалбай калдым. Бир чакырымга беш мүнөт кырк секунд кете баштады, андыктан бүткүл аралыкка төрт саат араӊ жете баштады. Оозумдан келмем ыргыды. Буну куракка байланыштуу экендигин ойлогум жок. Акыры кадимки күнүмдүк жашоомдо физикалык жактан начарлоонун белгилери байкалган жок. Бирок болгон нерсени танууга жана жокко чыгаруу баарынан оор болду, барган сайын жыйынтыгым начарлай берди.

Балким канааттандырбаган көрсөткүчтөрдөн улам акыр аягында марафонго табитим жоголуп, иш багытын бурууну олуттуу түрдө караштыра баштадым. Алыс аралыкка чуркоонун артынан түштүм, андан соӊ триатлон, кийин сквошко ж.б. кызыктым. “Чуркоо, дагы башка нерсе менен гана алектенсем, жакшы фигурамды бузуп алам, – деп чечтим. – Өзүмдү физикалык жактан жакшыртуу маселесине комлекстүү мамиле кылыш керекпи”.

Сууда сүзүүнү жеке машыктыруучум менен машыга баштагандыгым жыйынтыгын берди. Азыр мурункуга караганда алдан канча тез, чоӊ ыракаттануу менен сүзүп калдым. Булчуӊдар жаӊы шартка тез ыӊгайлашат экен, тулку боюм да байкаларлык өзгөрдү. Башка жагынан марафондогу жыйынтыгым эч жакшырган жок, төмөндөөнүн үстүндө болду. Чуркоо мен үчүн жагымдуу иш болбой калды. Экөөбүздүн ортобузда аргасыздык апатиясы башталды. Жумшаган күч-аракетим сый көрсөтмөк турсун, көӊүлүмдү кайт кылды. Бардыгына кошул-ташыл ички бөгөт коюу сезими көӊүлүмдөн кетпей туруп алды. Ар дайым ачык турган эшик эле бир күнү күтүүсүздөн бекилип калды. Кыскасы, бул психологиялык көрүнүштү “жөө күлүктүн меланхолиясы” атадым. Бул меланхолия мүнөздүү өзгөчөлүктөрү тууралуу кийинчерек баяндап берем.

Он жылдык тыныгуудан кийин Кембриджде (Билл Клинтондун бийлиги учурунда 1993–1995-жылдары эки жыл болгом) жүрүп, мелмилдеген Чарльз дарыясын көрүп ушунчалык жүгүргүм келди. Жалпысынан дарыялар кандайдыр бир укмуштуу өзгөрүүлөр болмоюн окшош сезилет. Чарльз дарыясы да мурдагыдай эле көрүндү. Ай артынан ай, жыл артынан жыл алмашып, студенттер мууну алмашты, мен он жылга карыдым, андыктан сөздүн түз маанисинде суулар көп акты. Бирок ага карабастан дайра бир тамчы да өзгөргөн жок, кандай болсо ошол бойдон калды. Өз суусун Бостон булуӊуна үнсүз алып барат. Жээгин нымдап, жайкы чөптөргө өмүр тартуулап, сууда сүзүүчү канаттууларды азыктандырып, эски таш көпүрөлөр көлөкөсүнө жашынып, жайкысын көктө сүзгөн булуттарды чагылтып, кышкысын муз алдына жашынып, мелмилдеген бойдон океанды көздөй умтулат.

Буюм-тайымымды көтөрүнүп, керектүү документтерим менен убактылуу Кембридге отурукташып, мурункудай шымалануу менен чуркаганга кириштим. Эртеӊ мененки көӊүл сергиткен абадан кере дем алып, тааныш жерлерде чуркагандыгыма көӊүлүм удургуп турду. Шилтеген кадамдын үнү, дем алуум, жүрөгүмдүн түрсүлдөгү кайталангыс полифониялык ыргакка жуурулушат.

Чарльз дарыясы – жергиликтүү регатаны[2] сүйүүчүлөрдүн кичи Мекеси. Мында өз кайыктарында каяккадыр сүзүп жүргөн адамдарга толо. Мен алар менен жарышып чуркайм, алар ар убакта озуп кетишет. Каалгыган кайык туш келсе, анда мелдеш атак-даӊкка чулганып калат!

Балким ушундан улам так ушул жерде Бостон марафону өткөрүлөт чыгар, Кембриджде жөө күлүктөр көп. Дайра жээгин бойлото көп чакырымга созулган чуркоочу жол созулуп жатат, көӊүлүӊ кааласа каякка, канча чуркайм десеӊ өз эркиӊ. Ырас, мында велосипед сүйүүчүлөр да жок эмес. Ошондуктан аркаӊан кууп жеткен велосипедден буйтап кетиш үчүн ар дайым даяр болуу керек. Айрым жерлерде асфальт жарылып, андыктан мындай жаракалардын бирине чалынып кетпеш үчүн көздү карап чуркоону жадыӊыздан чыгарбаӊыз. Айрым учурда жол чырактын жашыл жарыгын көпкө күткөн көӊүл иренжитет. Эгер ушундай майда нерселерге көӊүл бурбаганга үйрөнсө, чуркаган абдан жагымдуу болору бышык.

Чуркап баратып рокту көп угам, анда-санда – джаз. Музыка ыргагы чуркоонун ыргагына шайкеш келиши керек болсо, эӊ эле ылайыктуу коштоочу шерик – бул рок. Мейли Red Hot Chili Peppers, Gorillaz, Жефф Бек, Creedence, Beach Boys же ушул сыяктуу эски музыка болсун. Ыргак мүмкүн болушунча жөнөкөй болгону жакшы. Азыр көпчүлүгү айподдор менен чуркашат, ал эми мага эски MD-плеерим эле болот. Айподго салыштырмалуу ал мастодонтко окшоп калышы мүмкүн, албетте, музыка алда канча азыраак батканына карабастан толугу менен канааттандырат. Досторду, жумушту махабат кумары менен айкалыштырбаган сыяктуу эле музыканы компьютер менен айкалыштырбоо керек деп эсептейм.

Июль айында 310 чакырым чуркаганымды айттым. Жумуш менен эки күндүк сапарды, эки күндүк жаанды, төбөдөн куйкалаган эки күндү эске алганда бул аралык – жаман эмес көрсөткүч, ал тургай абдан дурус! Эгер айына 260 чакырым болсо – бул “жан дилим менен чуркоо”, 310 чакырым болсо – бул “олуттуу”.

Салмак таштарым менен чуркаганды көбөйтүү керек болду. Эки жарым айда жети кадак ыргыттым, бөрсөйө баштаган курсагымдан дайын жок. Жети кадак – үч килограммдан бир аз көбүрөк. Эт дүкөнүнө барып, үч килограмм эт сатып алып, көтөрүнүп үйгө жөө келгениӊизди элестетсеӊиз. Элестеттиӊизби? Оордугун сездиӊизби? Ушундай оордукту көтөрүнүп жашап жүргөнүм тууралуу ой бир кыйла татаал сезимдерди сезүүгө мажбурлайт. Бостондогу жашоонун өз артыкчылыктары бар, маселен куйма сыра (“Сэмюэль Адамстын жайкы эйли”[3]) жана май токочтор (“Данкин Донатс”), ага карабастан өжөрлөно күндө спорт менен машыгуу өз жемишин берди. Бул да жагымдуу.

Карылык босогосунда турган киши ушул сыяктуу нерселерди жазса керек, балким кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Бардыгына ачык-айкын болуш үчүн мен обочо жүргөндү жактырган адамдардын катарына кирерин айтып коёюн. Жалгыз болгонду жактырам же жалгыз болгон мен үчүн анча кыйын эмес. Адегенде эки саат эч ким менен сүйлөшпөстөн жалгыз чуркасам, андан кийин иш столумда иштеп беш саат кайра эле жалгыз олтурсам дагы зерикпейм. Жалгыздыкка жакындык – бала кезимден. Мемиреген тынчтыкта китеп окууну же музыкага чөмүлүүнү жактырчумун жана зерикчү эмесмин.

Анткен менен салыштырмалуу эрте үйлөндүм (жыйырма эки жашымда), анда да жалгыз эмес жашоого акырындык менен көндүм. Университетти аяктагандан кийин бир канча убакытка бар иштетип, адамдар менен сүйлөшө билүүнүн канчалык мааниси бар экендигин түшүндүм. Адамга таптакыр жалгыз жашаган болбой тургандыгына өз тажрыйбамда ишендим. Курулай чындык экендигинде талаш жок.

Жыйынтыгында баары бир коомго аралашууга туура келди. Азыр артка карап олтуруп, жыйырма жашымдан отуз жашыма чейинки он жылдык өмүр жолумда жашоого болгон көз карашым жакшы өзгөргөндүгүн түшүндүм. Өзүм да өзгөрдүм, жаш маанисинде эмес, инсан катары чоӊойдум. Тажрыйба алып, агым менен болуу искусствосун өздөштүргүчө көп нерсени баштан өткөрүүгө туура келди.

Татаал он жыл болбогондо жазуучу болмок эмесмин, кала берсе болгум келсе да боло алмак эмесмин.

Балким адамдар өзгөрөттүр, бирок анчалык укмуш эмес. Эч болбогондо жалгыздыкка жакындыгым эч жакка кеткен жок. Ошондуктан күнүмкү бир саат, бир жарым саат чуркоо мен үчүн абдан зарыл. Унчукпастан өз алдымча өзүм менен өзүм болуп, психикалык гигиенанын эӊ маанилүү эрежелеринин бирин сактай алам. Чуркап баратып эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимди укпай койсо болот. Андагы бирден бир милдетиӊ кыймылдагы пейзажга көз чаптырыш керек. Ушул бир жарым саат – менин күнүмдүн эӊ маанилүү бөлүгү.

Жүгүрүп жүргөндө эмне жөнүндө ойлоно тургандыгымды көп сурашат. Бул суроону адатта алыскы аралыкка эч качан чуркап көрбөгөн адамдар беришет, анан тереӊ ойго батырат. Чындап эле жүгүрүп жүргөндө эмне тууралуу ойлоном, ыя? Чынын айтканда эмнени ойлонорум дурус деле эсимде жок. Эстей да албайм.

Бир гана нерсени так айта алам: суук күндөрү суук тууралуу ойлоном, ысык күндөрү – ысыкты. Капалуу болсом капалык тууралуу ой жүгүртөм, көӊүлүм ачык болсо – кубаныч тууралуу. Жогоруда жазганымдай эч бир себепсиз өткөн турмуштан бир көз ирмем эске түшө берет. Кийин романда колдонууга болор ой келе берген учур (чындыгында бул нерсе өтө аз болсо дагы) болот. Болбосо так бир нерсе тууралуу ойлобойм, өзүмчө чуркаганым чуркаган.

Негизи чуркап жүргөндө айланамда кандайдыр бир боштук болот. Ушул боштуктун ичинде болуп калыш үчүн чуркап жаткандаймын. Баары бир ал тыгыз болбогондон кийин ага ушул сыяктуу ойлор келе берет жана мезгил-мезгили менен аларга учурап турам, бул негизи табигый нерсе. Адам жан дүйнөсү боштукка чыдабайт. Биз буга жетишээрлик күчтүү, ырааттуу эмеспиз. Балким жүгүрүп жүргөндөгү келген ойлор (ой сымалдар) өзгөчө мазмунга ээ эмес табиятында көӊдөй болгон ушул боштуктун жемиши гана деп ойлойм.

Аларды асманда сүзүп жүргөн, турпатын өзгөртүп турган булуттарга салыштырса болот. Ал эми асман ар дайым ошол эле. Булуттар – келип кетчү коноктор. Жакын учуп келет дагы жок болот, көк асман гана калат. Ал бар, ошол эле учурда жок. Асман субстанцияга ээ, бирок ошол эле учурда андан ажыраган. Биз ушул акыл жеткис чексиздиктин бар экендигин кабыл алуубуз гана керек.

Уландысы бар...

Которгон Эрмек Шоруков, РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү

[1] Оору – сөзсүз. Жапа чегүү – ар бир адамдын жеке тандоосу.

[2] Регата – жел кайык жарыш.

[3] Пейл эйлдин (Pale ale) америкалык аталышы (сөзмө-сөз которгондо – “бозомук сыра”). Кулмагы көп кошулуучу бул сыра жогорку сапаты менен айырмаланат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз