Топчугүл Шайдуллаева: «Келин таш»

  • 09.11.2022
  • 5177

АҢГЕМЕ

Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Мөлтүр-Булак айылына жете бербей, «Келин таштын» тушуна келгенде капыс өчүп калды. Ансыз да күн кечтеп, шашып аткан айдоочу сөгүнгөн бойдон жерге атып түшүп, капотун ачты. Суусу кудум печканын үстүндө турган чайнектей шарактап кайнап, андан чыккан ысык бууга чыдай албай жүзүн ала качты. Арка-алдын карап, шар аккан суу боюнда турганына сүйүндү. Чакасына чуркады. Автобус ичиндегилер өз алдынча күбүр-шыбырга өтүштү.

– Тообо, илгери бу «Келин таштын» тушунан өтүп баратканда ат, эшек бир үркүп алат дешчү эле, эми минтип машине, автобустар да бузула турган болуп алыптыр. Өгүнү так ушул жерден уулумдун машинеси да мотору отказ берип... – Кексе аял автобустун терезесинен бийик дөңдүн башындагы төбөсүнө түйүнчөк көтөргөн келиндин элесин берген ташты тигиле карап, шыпшынып алды.

– А, бу дегенибиз менен жеңе, бул жерде бир мандем бар, каргыш тийген жер да. – Кемпирге жанаша отурган андан бир аз жашыраак эркек ишенимдүү сүйлөдү.

– Каргыш тийбесе келин кантип ташка айланып калмак эле, анын үстүнө кайнатанын каргышы жаман болот, азыркылар муну көп түшүнбөй атышпайбы. – Эркек нааразы боло ойго чөктү. Далай ирет келини ачуусуна тийгенде каргап жибергиси келип, өзүн араң токтотот, кокус каргышым чын эле тийип, келиним ташка айланып калбагай деп коркот чолок оюнда. Анан келини да кээде чектен чыгып кетет… Эркектин терең санаасын автобустун жүргөнү бузду.

Бу чөлкөмдө «Келин таш» тууралуу баянды билбеген адам жоктур. Жолдон өтүп бараткан ким болсо да өспүрүм кызына таш келинди сөөмөй кезеп көрсөтүп: «Көрдүңбү, кийин барган жериӊде жакшы келин болбой, кайын атаңа каяша айтсаң, ушул келиндей болуп ташка айланып каласың. Илгери өткөн заманда бир эси жок, баш ийбес келинин кайын атасы үйүнөн кууп атып: «Ылайым таш болуп катып кал» деп каргап коёт. Түйүнчөгүн көтөрүп, төркүнүнө келаткан келин ушул жерге келгенде ташка айланып калган экен».

Уламыш айтылып жүргөнү менен «Келин таш» качан жаралып, кантип ушул дөңдө туруп калганын тереңден билген деле киши жок. Ушуга дейре “Келин ташты” изилдейин деп ага кызыккан окумуштуулар деле болбоптур. Ким билсин, ал дөң башындагы жөн эле бир таштардын биридир.

Ушундан уламбы, бу чөлкөмдүн келиндеринин көбү ысык-суукка чыдамкай, үйдөгү өзүнүн акыбалына моюн сунган, бөтөнчө көтөрүмдүү.

Жыпаргүл – күйөөсү алыскы чет жакка иштеймин деп кеткен айылдын көп келиндеринин бири. Кайын атасына өз убагында чайын берип, үстү-башын жууп-тазалап карап, анын айтканынан чыкпаганга аракет кылат. Кыңылдап ырдап коюп, керээли-кечке үй тиричилиги менен алек болуп жүрө берет. Ырына алаксып, кайын атасына болгон капалыгын да унутуп калаар эле. Жыпаргүлдүн жакшы ырдаарын бүт айыл билет, мектепте окуп жүргөндө мугалимдер майрам сайын муну чоң клубда ырдатышчу. Анын назик, уккулуктуу үнү микрофону жок эле жаңырып кетчү. Кийин такыр ырдабай калды. Келин болуп келген жери бир ооздон Жыпаргүлдү экинчи ырдабайсың деп тыйып коюшту. Эл алдына чыгып обон созбогону менен ырдаймын деген каалоосу көөдөнүн тээп жүрө берди. Жылдар өтсө да бул сезими өчпөдү. Кээде үйдө жалгыз-жарым калган маалда бөлмөсүнүн эшигин жаап, ырдап-ырдап алат.

Уулу алыска кеткенден бери Маширап чал кылдан кыйкым издеп, Жыпаргүлгө көп киришип, наалычу болду. Кечээтен бери экөөнүн талашы бүтпөйт. Келини бактагы бышып аткан өрүктөрүн, алмаларын элдин келиндерине окшоп район борборундагы чоң базарга алып барып сатам дейт, кайын атасы көнбөйт. Келинине шаарды, базарды көрсөткүсү келбейт бу кексе киши. Жаман оюнда акча чеңгелдеген ургаачы бузулуп кетет. Анын үстүнө келини жаш, ким болсо да бир кайрылып тиктей турган чырайы бар, жылдыздуу.

Жыпаргүлдүн күйөөсү Самидин бир аптада бир чалат. Үйдө жалгыз чөнтөк телефон бар. Аны оозгу бөлмөдөгү текченин өйдөңкү кабатына коюп коюшкан. Адегенде телефон менен кайын атасы сүйлөшөт, андан кийин буга кезек тиет. Бүгүн адатынча кайын атасы уулу менен көпкө сүйлөшүп туруп алды. Ага келинин жамандаганга да үлгүрдү. Баарын угуп, баарына кайыл болуп, жер тиктеген Жыпаргүлдүн да эрине айтаар сөздөрү көп эле, ичине батпай өрөпкүп турду. Балдардын окуусу жакында башталат, мектепке кийим-кече, майда-барат алышы керек, өзүнүн да кем карчтары көбөйдү.

– Ме, эриң сүйлөшөм дейт, – Маширап чал келинине телефонду узатып жатып, нааразы жүзүн тескери бурду.

– Сами, кандайсың? Келин үнүн пас чыгарды.

– Жыпар, атамды капа кылба деп канча айтам сага! Азыр жакын болгонумда сени менен башкача сүйлөшөт элем. Базар-сазарды айтып атамдын ачуусуна тийбегин! – Сами кыйкырып сүйлөдү. Келин чыйрала түштү.

– Өзүм сатсам алма, өрүктүн пулу кичине колго киреби дегем... үйгө келген алып-сатарлар арзан алып атышпайбы, Сами...

– Жыпар, базар дегенди унут! Угуп атасыңбы?! Атам каалабаган ишти жасаба! Дагы ызы-чуу болуп, атама каяша сүйлөчү болсоң өзүңдөн көр, талагыңды берип коём…

– Сами… – Күйөөсү телефонду коюп койду.

Томсоро түшкөн келин колундагы телефонду көпкө көз албай тиктеп турду. Оюнда күйөөсү кайра чалат дедиби. Анан бир оор үшкүрүп алып сыртка чыгып кетти.

Ошол күнү жамгыр бөтөнчө көнөктөп куюп, түш оосо да басылбай, айылдын келиндери менен кошо Жыпаргүл да кетменин көтөрүп суу боюна жөнөдү. Дарыя улуулап, жээктеги шалыларды жалмап кетпесин деп келиндер чым казып, таш коюп, шалыпаянын четтерин жандалбаста бекемдеп, кара терге түшүштү. Кечке жуук гана күн ачылганда үйгө кайткан Жыпаргүл суу болгон чачын жууп, тер баскан дене-боюн чайканып алып, чоң күзгүгө келди. Узун чачын тараганча бети-башын карап, көңүлү бир аз ачылды. Үйдө эч ким жок эле. Келин адатынча обон созду, өзүнүн жакшы көргөн ырын үнүн акырын чыгарып ырдады. Ушул ырды ырдаган сайын жеңилденип, чери жазылат, чарчаганын унутат. Азыр да ушундай болду.

Карап, карап карегим талып издесем да,
Бүт дүйнөдөн таппадым сендей,
көрбөдүм сендей…[1]

Күзгүдөгү Жыпаргүлдүн жүзү ырдаган сайын сулуу тартып, нурданып кетти. Ансайын келин обонун созо берди. Ал бөлмөгө кайын атасынын кирип келгенин да байкабады. Чачын өргөнчө эргип ырдай берди. Эртеден берки бүркөө кабагы ачылган күндөй жаркыды.

Босогодо турган кайын атанын ачуусу келди. Экинчи ырдабаймын деп убада берген эле го келини. Эми муну кара, мени билмексен, көрмөксөн болуп атканын. Ырдаганда баарын унутат, эшиктеги иштерин да, күндүн кеч кирип баратканын да. Болду болбоду мунун ичине шайтан кирип кеткен. «Сүйөм, сагындым» деп атат. Кечээтен бери базарга барам деп оолукканы бекеринен эмес… эри жокто бирөө-жарымга көзү түшкөн бу жугармактын.

Бери баскан сайын кайын атасы келининин демейдеги күйпүл ала кейпи жок, бөтөнчө сулуу болуп кеткен жүзүн даана көрүп, таң калды. Чын эле бу соо эмес…

– Жыпаргүл!

Келин чочуп кетип, ордунан тура калды. Колунан тарагы ыргыды. Кайын атасы аны тирүүлөй жута тургансып, жекире карап турду.

– Бедаваа, экенсиң да! Кудай жалгабаса! Эшикте канча иштериң жатат, мал келээр маалы болду, сен күзгүнү тиктеп отурасың… тириликтен калып! – Абышка артына бурулуп, эшикке жөнөдү. Бирок келининин буга кайтарган күтүүсүз жообу муну «тык» токтотту:

– Ата, ошол иштердин баарынан чарчадым… – Жыпаргүл бул ирет башын жерге салбай, боюн түзөдү.

Кайын ата таң калды:

– Эмне дейсиӊ?! Чарчаган адам ырдайт экен да!

– Ырдасам эс алам, ырдабасам буулугуп өлүп калам, ата… – Жыпаргүл кайын атасына эми тике карады: – Ата, эртеңден баштап базарга чыгам же балаңыз жарытып акча салбаса…

– Аа-аа, шондой де… – Маширап чалдын гыжабасы[2] ого бетер кайнап, жүзү кара көк тартып, эки муштуму өзүнөн өзү түйүлүп, келинине жакындады.

– Кана, бери карачы, эмне дедиң, жүгармак…– Өӊү бозала болуп кеткен Жыпаргүл аткан бойдон сыртка качып чыкты.

– Жогол! Базардан нары үйгө кайтып келбе, азыткы, кесепет! – Абышка сөөмөйүн келинге кезеп, артынан кыйкыра берди.

– Ылайым ырдап көчөдө кал… жакшылык көрбө!

Өң-алеттен кеткен келин тышка качып чыкты да, там аркасына өтүп, өрүк энесине жетип барып, аны кучактап калды. Кайын атасы андан ары дагы эмне деп атканын уккусу келбеди. Аза бою дүркүрөп, денесин калтырак басты. Кайын атасы муну каргап атат! Өрүктүн танасига башын жөлөп, бар күчү менен өрүк энесине жабышты. Бу картаң өрүк Жыпаргүлдүн көз жашын эчен жуткан, дилдиреген баданин[3] эчен кучагына алган. Келин өрүк энесин караан тутуп, калтырагы басылганча тура берди.

Бул окуядан кийин Жыпаргүл үйгө илең-салаң кирип чыгып, көӊүлү эч нерсеге чаппай, табы качты. Кайын атасынан каргыш угуп, куугун жеген келин күйөөсүнө үмүт артып турду. Ал үмүтү да бирде өчүп, бирде бүл-бүл күйүп, аны түпөйүл кыла берди.

Келин менен кайын ата ичинен тымызын Самидинден келчү кезектеги коңгуроону күтүштү.

Апта айланып, адатынча Самидин чалган маалда телефон абышканын чөнтөгүндө болчу. Келини бөлмөгө киргенче ал канча күндөн бери камдаган сөздөрүн баласына бир канча ирет кайталап айтканга үлгүрдү. Акыры уулу атасынын кабатыр көңүлүн тынчытты шекилди, абышка жашып, эреркеп кетти:

– Энең тирүү болгондо мени ушунун көзүн каратмак эмес…– Эмшеңдеген чалдын колунан телефон түшүп калды. Жыпаргүл аны жерден ала койду:

– Алло, Сами…– Күйөөсү аны сүйлөтө койбоду.

– Жыпар, мен сага эскерткем тынч жашагыла деп, эми өз убалың өзүңө, сага үч талак! Уктуңбу! Талак, талак, талак бердим…– Анын үнү жаңырып кеткендей болду. Келин кулагы чуулдап, колдору калчылдап, теңселе басып барып кол телефонду текчеге койду да, иреңи учкан бечара жүзүн кайын атасына көрсөткүсү келбей, бөлмөдөн чыгып, там артына өттү. Өрүк энесине да жете албады, буттары чалыштап, дубалга жөлөнүп отуруп калды. Көзүнөн аккан жаш этегине мончоктоп куюлду: «Бул эмне кылганың, Сами, менин сөзүмдү неге укпадың, талак бергидей эмне күнөө кылдым сага, жок дегенде балдарды ойлосоӊ боло! Сен бирөөнү таап алгансың. Уккан ушагым көрсө чын экен да! Мен эми кайда барам!?»

Заматта күлү сапырылган турмушу келиндин ичин өрттөп, башындагы жоолугу шыпырылды, үстүндөгү камзирин, бутундагы маасы, көлөчүн чечип ыргытты. Жылаңаяк буттарын арыктагы салкын сууга салды…

Жыпаргүл келин болуп ушул босогону аттаган күндөн бери үйдөгүлөр капа кылганда там артына өтүп, бак ичиндеги картаң өрүктү кучактап ыйлап-ыйлап, бугун чыгарып, анан арыктагы билектей сууга жүзүн чайып, кайра эч нерсе болбогондой тирлигин кыла берет эле.

Бүгүн болсо анын жагдайы башка. Келин дубалга жөлөнгөн тейде ордунан жылбады. Бозоргон жүзү ого бетер кубарып, батып бараткан күндүн нурун ыйдан шишиген көздөрү менен кадала карап отура берди. Азыр өзү да ушул Күндөй болуп акырын батып кетсе кана, …же маңдайында карап турган «Келин таштай» болуп катып калса эмне! Эри «талак» берген Жыпаргүл эми бу коргондо бир күн да калганга акысы жок. Атаганат ай, көрсө, төрт бала төрөп да келген жерине тамыр жая албаптыр. «Ургаачы бир эле сөздүн ээси» деген чын экен да. Ушул үйгө он сегиз жашында келди эле, эмне көрдү, эмне тапты… эринин коргондогу итине чейин ийилди, тилин тишине катты, таӊ аткандан түн киргенче тиричиликтин бар түйшүгүн мойнуна көтөрүп, тиктегени үйдөгүлөрдүн кабагы болду. А мунун өзүнүн көӊүлүн бирөө-жарым сурады бекен? Кулагы бир жакшы сөз уктубу? Же ушунча жыл киптиси[4] сүйүнүп кийим кийсечи. Кайын энеси каза болгондон кийин кайын атасынын каары ого бетер күчөдү. Бирдеме болсо эле «сени каргап салам» деп шу күнгө чейин коркутуп келди. Менин каргышыма калсаң түбөлүк оңбойсуң, элден чыгасың, «Келин таштай» катып каласың дейт. Жыпаргүл башка келиндердей эле каргышка калуудан чын эле коркот эле. Коркпошко чара жок. «Келин таш» маңдайында эртели-кеч булардан көз албай тиктеп турса. Качып кайда барат?

Ай төбөгө келгенче отура берди…

Айдын жарыгында «Келин таш» даана көрүнүп турду.

Бу таш, болгону бир боппоз жансыз таш, ургаачы аттуунун жүрөк үшүн алып, мынча сестентет, жерге киргир мынча сүрдүү! Өзүнүн чоңоюп келаткан жалгыз кызын ойлоду, таш болуп калуу коркунучу кызынын да көкүрөгүнө бир өмүр орноп калуусун каалабай кетти, кызы да мунун өзүндөй болуп түбөлүк каргыштан коркуп, жер тиктеп жашайбы?! Анан бир күнү бир ирет өз оюн айтам деп каргышка калабы? Күйөөсү талагын берип, куугун жейби?! Муну ойлогондо Жыпаргүл өзүн койорго жер таппай, ордунан тура калды.

– Эй, «Келин таш», өлтүрөм сени, уктуңбу!!! Сен бетпаксың! Акмаксың! Сен балким, кайын атаңды кор тутуп чын эле каргышка калгандырсың! Бейбаштанбай кайын атаңды сыйлап койсоң өлөт белең! Сен жаамы келин журтунун бетине сүрткөн көө болдуң! Сенин айыңдан жер көз болгон келиндердин убалы кимге?! Ошо, сөз бүттү! Сени мен бүгүн түнү сөзсүз жок кылам! Уктуңбу! Кетмен менен башыңа бир чабам да, талкалап салам! Мен күчтүүмүн…

Келин токтобой, «Келин ташты» колу менен кезеп, сүйлөнө берди. Анын түн жарымда там артындагы кыйкырыгы сөрүдөгү Маширап чалды уйкудан ойготуп жиберди. Ай жарыгында жылаң аяк, жылаң баш, чачтары саксайган келини «Келин таш» менен «урушуп», аны тынбай каргап-шилеп атат. Кайын ата жакасын кармады. Уйкусу качып, ордунан туруп, аркы-терки баса берди. Келини бир топто барып күйүккөн акыбалда арыктагы суудан кочушуна толтуруп, жутуп-жутуп алды да, дубалга жөлөнгөн бойдон унчукпай калды.

Жыпаргүл бул маалда акыл-эсин пештеп, кайын атасынын уктап калуусун күттү. Ташты кантип кулатуунун миң амалын оюнан өткөрдү.

Абышка оо бир топто барып гана катуу уйкуга кирди. Келин кетмен, күрөгүн алды да шашып «Келин ташка» жөнөдү.

Жыпаргүл келиндин элесин берген таштын түбүн адегенде тегерете казып чыкты. Эстеликтин түбү өтө эле терең экен, тоонун таштарына жабышып «тамырлап» кетиптир, көрүнбөйт. Тереңдеп казса да «былк» этпей тура берди. Ташка тийген кетмен, күрөк четинен сынып… айласы кеткен келин тегеректен чоң таштарды топтоп алып, таш эстеликтин түбүн мээлеп ура баштады. «Келин таш» бир кебелип койбоду. Бир маалда чарчап-чаалыккан Жыпаргүл жерге чалкасынан жатып алып, «келиндин» мынчалык бекемдигине ыза болуп, бир саамга ыйлап да алды. Анан ордунан туруп, муштумдары менен анын «бети-башын» ургулап жиберди.

– Күйгүзөм сени, сен бети жокту өрттөп салам, – Жыпаргүл тапкан акылына сүйүндү.

Алоолонгон от таш эстеликти каптап, соймоңдогон жалын асманга бийик атырылды. Жыпаргүлгө таш чын эле күйүп аткандай сезилди, жүрөгүндө үмүт жанды, тындырбай отту жага берди, отун терип, от жаккандан тажабады... Таң агарып калган маалда оттун ичинен «карс» деген алда немедей катуу добуш эки ирет чыкты.

– Таш сынды, сынды! Таштын «тамыры» сынды! Уктуӊарбы, оо, азабы көп келиндер!!! Уйкудан тургула, көргүлө!

Бети, башы көө болгон Жыпаргүл сүйүнгөндөн колундагы көсөө таягын көтөрүп, айыл жакты карап тегерене бийлеп жиберди.

От өчкөндөн кийин Жыпаргүл капкара болуп ыш каптаган эстелик таштын урула берип ичкере түшкөн түп жагы жарака кеткенин, дээрлик экиге бөлүнүп калганын көрдү.

«Келин таш» бир түрткөндө эле «дүп» деп чуңкурга кулады. Жыпаргүл сынык кетмени менен топуракты шилеп, “келин” туруп басып кетчүдөн бетер аны шашып көөмп кирди. Тоо башында кудум кишинин сөөгүн койгондой дөмпөйгөн мүрзө пайда болду. Жыпаргүл кетмен, күрөктөрүн алыс, алыс ыргытып жиберип, “кабыр” үстүнө шалдая отуруп калды. Абдан чарчаганын туйду.

«Келин таштын» ордунда жок болуп калганын айылдыктардан биринчи болуп келиндер эмес, Жыпаргүлдүн кайын атасы Маширап көрдү. Чочуп кетип, оозунан келмеси түштү. «Кандайча? Эмне болуп кетти!? Мындай болушу мүмкүн эмес!». Абышка жөлөнүп турган түркүгү кулагандай, эки тизесинен жан кетип, көзү караңгылай түштү. Бу келини Жыпаргүлдүн колунан келгенин боолголоду: «Пай-пай-пай, кылбай кал, оңбой кал, Жыпар, алың ташка жеткен экен да, эси жок, бузуку…»

«Келин таштын» кулашы менен ал тууралуу уламыш да бара-бара эл ичинде аз айтылып, айтылса да анын таасири илгеркидей эмес. Кийинчерээк таптакыр унутулуп да калды. А Жыпаргүл тууралуу аңыз кеп али күнчө эл оозунан түшпөй келет. Кайнатасы каргап, анан таш келинди түп тамыранан оодарып жок кылган келиндин кийинки тагдыры көп жылдар эл көзүндө турду.

Бу келин эми кандай күнгө кабылат экен деп кызыккандар көп эле. Кээси каргыш муну узатпайт деп кулагын түрсө, кээси бөөдө каргыш тиймек беле дегендери да болду. Жыпаргүл ошол окуядан кийин балдарын алып чоң шаарга көчүп кетти. Иштеп да, ыңгайы келгенде эл алдында ырдап да жүрдү. Бир кезде бир бөлмөдө жашырынып, буулугуп обон созгон Жыпаргүлдүн көкүрөк-көмөкөйү толук ачылып, кубулжуган мукам үнү аны чоң сахнага тез эле алып барып, даңазалуу ырчыга айлантты. Аны жакындан көрүп-билгендер жашоосу бакубат экенин, балдары мыкты тарбия көргөнүн айтып жүрүшөт.

Эми бу чөлкөмдүн тал чыбыктай өспүрүм кыздары илгеркидей «Келин таш» баянын эмес, көңүлдү көккө сермеген Жыпаргүлдүн ырларын кулак төшөп угушат дейт, арасында эжесиндей ырчы болгусу келгендери да көп экен.

P.S. Бул чыгарма белгилүү жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” китебинен алынды. Китепти сатып алууну каалагандар +996 772 855 710 телефон номуруна чалыңыздар!

[1] Н.Абдырахманов, «Сага».

[2] Кыжыры.

[3] Денесин.

[4] Киптиси – ийини.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз