Адабий таасир: булгаковдук мистика, айтматовдук философия

  • 20.12.2022
  • 2649

(А.Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” романы боюнча ой толгоолор)

А.Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” романы 2014-жылы жылдын эң мыкты прозалык чыгармасы катары “Турар” басмаканасы уюштурган “Арча” адабий сыйлыгынын баш байгесин жеңип алган.

Биринчи романы “Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)” 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жүрөктү сыздаткан окуяларын кудаян уруусунун трагедиясы менен көрсөтүп, 16-жылы Мукайдын өлүмдөн кутулганы менен репрессия туткунуна айланып, жашоосун көз алдынан сыдыргыга салып өткөрүп турганын сүрөттөп, бир үй бүлөнүн, бир уруунун, бир элдин мисмилдиригин баяндаган. “Мисмилдирик” жарыялангандан кийин деги бул сөздүн этимологиясы эмнени түшүндүрөт деген ой менен китепти окугандардын арбыганы да чын. Ошентип, Жамгырбек Бөкөшев айткандай, аталышы менен “...кыргыз тилин мыкты билем дегендердин шаштысын алган”, өз жолу, өз стили бар жазуучу адабиятка ишенимдүү кадам жасап, сөз сандыгынын оозун ачып, удаа-удаа романдарын жарыялады.

“Бакшы менен Чынгыс хан” 2016-жылы колума тийген, канча жолу окудум. Тажабай окудум, окуган сайын сөздөрүн көкүрөгүмдө сактап окудум. Окуялардын мааани-маңызын калчап, ар бир каармандын жаралуу тарыхын аңдап отуруп, эми гана пикиримди жазып отурам. 2020-жылы эле жазуучу менен кабарлашып, кат түрүндө бир топ жагдайларды сүйлөшкөнбүз. Бирок макала жазган жокмун. Сурап гана тим болду деп, жазуучу да таң калса керек. Ооба, сурап гана тымпыйдым, ичимде макала быша электигин түшүнүп турдум.

“Бакшы менен Чынгыс хан” романы “Мисмилдириктен” кийин жазылып, чагылгандай тез тарады. Азыр коомчулук китеп окубайт дешкени менен окугандар бар экен. Китепти адабият чөйрөсүнө эч тиешеси жок эле адамдан алдым. Окуганга кызыгып алган экен.

Романда советтик Ташкент калаасындагы бактысыз Бактыгерей Избасаровдун кол жазмасынын тегерегиндеги чуулуу окуялар менен тээ илгерки монгол тукумунун Алтын Ордонун ээлиги үчүн кырылган ич ара согушу кош багытта (паралелль) сүрөттөлөт. Эки башка доор, түрдүү тагдыр баяндалса да, эки түрдүү мейкиндикти, тагдыр жазмышы ар башка каармандарды бириктирип турган каарман, бул – Чынгыс хан.

Жазуучу романды жазуу идеясын (фактылар 2020-жылы Арслан Койчиев менен менин (мен – Нурзат Казакова) жазуу жүзүндөгү маегибизден алынды) “1992-жылы казакстандык атактуу чыгыш таануучу Вениамин Петрович Юдиндин (1928–1983) изилдеп, басмага даярдаган “Чингиз намеси” (автору: Үтөмүш кажы) китеби колума тийип калды. Ошол кол жазма катуу таасир калтырды. Өзгөчө, чыңгызиддердин бир бутагы кулдукка жыгылганы тууралуу мурда эч жерде жолукпаган фактыга таасирлендим.” – деп түшүндүрүп, сөзүн Юдиндин сөзү менен: “Чыңгызиддердин кулдукка жыгылып, кийин көтөрүлүш чыгарышы тууралуу эпизод өз жазуучусун күтөт”, – деп аяктаган эле.

Дүйнөлүк адабиятта актуалдуу, мезгил, мейкиндик тоскоол боло албаган Чыңгызхан темасына Арслан Койчиев Жочи тукумунун кулдукка жыгылган учурун жазуу идеясын ишке ашыруу үчүн Чыңгыз хандын арбагын окуялар түрмөгүнө аралаштырганы эң сонун табылга болгон да, роман ичинде роман жараткан. Ооба, “Бакшы менен Чынгыс хан романы” – роман ичиндеги роман, “автору” – Бактыгерей Избасаров. Бактыгерейдин капысынан жолуккан монгол күүчүсүнүн жан дүйнөсүн миң толгогон күүсүнөн кийин жаралган романы десек туура болор.

Роман советтик идеологиянын адам аң-сезимин уулаган, бөрк ал десе баш алган заманын, эбактан адам баласы жаралгандан баштап, Чынгызхан заманындагы, Элбасар хан – Өзбек хандын бийлик талашууларын, бакытты колдон учурбай жай Жоочу тукумун кулчулукка кармап калган Теңиз Буканын катаал бийлигин, Ата арбагына сыйынып, ыйык Йасаны (Чыңгыз хандын Улуу курултайда айткан бийлигинин мыйзамдары) туу туткан Сайчы уулдун тагдыр жазмышын, бактыдан куру жалак калган, бирок төрөнүн тукумунанмын деп башын бийик көтөрүп, чогулган жоролошторунун арасында маузер чал атка конгон Бактыгерей Избасаровдун бактысыз тагдырын баяндап, көздөгүнөн кайтпай, “тууралжыныраак, нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык, узун этектүү боз чапанчан, башында чымкый ак топучан кишини” көргөндөрдүн мурдунан кан кетирип, суракка алган Хамид Хайруллаев, замандын кишиси катары атка минер, бийликтин камчысынын жетегинде жүргөн биринчи катчы – Николай Аблеухов сыяктуу каармандар аркылуу өтмүш менен бүгүнкү күндү байланыштырган.

Көрүнүп тургандай, роман – көп катмарлуу: бир карасаң, мистикалык (Чыңгыз хандын арбагынын бакшы чакыргандан бери кылым карытып жер кезиши), кадыресе турмуш-тиричилик (Ташкент калаасынын күнүмдүк жашоосу), философиялык (кырылган өлүм, өлүмдө аман калып, тилден айрылган Өгөдөйдүн жашоосу) жагдайларын көрүп, А.Койчиев романын жазарда, деги эле адабият босогосун аттаардан мурун дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү менен абдан тааныш болгонун айта кетпесек болбос.

Элбасар хандын бакшысы чакырып кеткен колдоочу, Чыңгызхандын арбагы ошол кырылыштан Бактыгерейдин заманына чейин жер кыдырып, көрүнчүсүнө көрүнүп, тукумуна аталарын эстетмекчи болгон ойлору ойрон болгону менен Сайчы уул менен Бактыгерей гана түшүнүү менен кабыл алып, арбак менен сүйлөшүп да жатканы кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын, дүйнөлүк адабияттын таасиринен жаралган адабий туунду.

Албетте, романдын окуялар тизмегинен жазуучунун адабий таасир элегинен өткөнүн баамдоого болору ириде окуяларды куруу жагынан булгаковдук стиль көбүрөк байкалат, роман ичиндеги роман жазуу идеясы М.Булгаковдо Понтий Пилат окуясын Мастер жазса, А.Койчиевде Бактыгерей Чыңгыз хан жөнүндө наме жазат эмеспи. Мастер Иешуанын тагдыр-жазмышын жазуу менен алектенип, чыгармаларын өрттөп жиберсе, Бактыгерей Избасаров Чыңгыз хан тууралуу казалдарын жазып, жоготуп жиберип, ал Хамид Хайруллаевдин колуна түшүп, романдын ичиндеги окуялар башталып кетет.

Эгер Воланд 1930-жылдардагы Москвадагы элдин нравалык бузулуусун Варьетеде ашкерелесе, Чыңгыз хан советтик бийлик заманындагы элдин ар нерседен саясый ката табууга жедеп көнүп бүткөн бечаралык абалын базардагы соодагерлер аркылуу көргөзүп турат. Романдын 136-бетинде коончулар Чыңгызхандын арбагын бири шайтан десе, бири азезил, бири Кыдыр деп айран-таң калып отурбайбы. Окуяларды куруу жагынан да окшоштуктар кездешет. Маселен, М.Булгаковдун “Мастер жана Маргаритасында” Воланд Берлиоздун өлүмүн алдын-ала билип: “Аннушка уже купила подсолнечное масло, и не только купила, но даже и разлила. Так что заседание не состоится” – дейт. Айткандай эле Аннушка төккөн майга тайгаланган Берлиоздун буту тайгаланып, трамвайдын алдына кирип кетип, жан таслим болот.

А.Койчиевде да Чыңгызхан Бактыгерей менен сүйлөшкөндөн кийин арбак Бактыгерейге: “Жолуңдан майлыгын булгалаган чайканачы чыгат. Ошонун бир чөөгүн чайына азгырылбай эле кой. Анттиң дегиче чын балээге кабыласың” – дейт. Эгер ошондо Бактыгерей Чынгыз хандын айтканынын укпай кетип калса, дароо Хайруллаевдин кылтагына түшмөк. Угуп, чай ичпегени үчүн чын балээге кийин кабылып жүрөт. Жогорудагы эки романдын ортосундагы айрым бир окшоштуктарды ар ким ар кандай түшүнөр, ал эми менин жеке пикиримде, адабий таасир ушунчалык мойну ичке процесс, жазуучунун абайлаганы шарт. Албетте, мистикалык сюжет же каарман ар дайым колдонулуп келген, ал жазуучунун максатына жараша болору да анык. Жазуучу берилип кетүүдөн сак болуу керек, чыгармачылык процессте айрым жазуучулар каармандарын ушунчалык жакшы көрөт же алар менен кошо жашайт. А.Койчиев да Чыңгызхандын арбагынын өз тукумунун кандай жашап жатканын көрүүсү үчүн, намени жазып жаткан Бактыгерейди арбак жолуккан таң эртеде Хайруллаевге жолуктурбоо үчүн, Сайчы уулдун окуясын жаздырып бүтүү үчүн булгаковдук мотивге салып койгону айкын көрүнүп турат.

Экинчи адабий таасир Кремлден келген башчы Николай Аблеуховго байланыштуу байкалат. Николай Аблеухов тууралуу жазуучудан сураганымда А.Белыйдын романынан таасирленгенин кабарлаган. Демек, жазуучу романды жазуу үчүн А.Белыйдын “Петербург” романындагы сенатор Аблеуховдун образын окуялар түрмөгүнө аралаштыруу менен кийинки урпактары Йасадан баш тартып, христианчылыкты кабыл алуу менен өз жерлерин сактап калууга аракет кылган бечаралык абалын укмуш сүрөттөгөн экен. Эгер А.Белыйдын “Петербург” романында сенатор Аблеуховдун таржымалы: “Эти предки (так кажется) проживали в киргиз-кайсацкой орде, откуда в царствование императрицы Анны Иоанновны доблестно поступил на русскую службу мирза Аб-Лай, прапрадед сенатора, получивший при христианском крещении имя Андрея и прозвище Ухова. Так о сем выходце из недр монгольского племени распространяется Гербовник Российской Империи. Для краткости после был превращен Аб-Лай-Ухов в Аблеухова просто.” – деп гана кыска берилсе, дал ошол Аблеуховдун окуясы “Бакшы менен Чыңгыс ханда” кеңири сүрөттөлүп, Тогрулчунун жан кейинткен ички өксүгү, ата жолунан тайдымбы деген армандуу жан дүйнө кыймылы, тай казанга улам чумкуткандагы боор ооруткан кебетеси чынында эле шумдук чагылдырылыптыр.

Чокундурууга даярдоо алдында бүжүрөгөн Тогрулчунун көзүнө Чыңгызхандын арбагы көрүнүп, тукумунун айласыз абалына боор ооруган ата-арбак кийин келем деп коюп, жоголуп кетип жатпайбы. Кийин келем дегени советтик бийликтин учуруна туш келип, Чыңгыз хан тууралуу жазылган кол жазманы иликтөөгө келген Тогрулчунун тукумуна (Николай Аблеуховго) жолугуп, ата-тегин эскерткиси келет. Тилекке каршы, Ата-арбактын аракетин орусташып калган тукуму түшүнгөн да жок.

Романда окурмандын эсинде кала турган бир катар каармандары бар. Адегенде эле окуя түйүндөлүп баштаганда чакчарылган Хамид Хайруллаев чыгат. Ал – өз заманынын типтүү КГБсы, типтүү өкүлү, типтүү мүнөзү. Адатта көркөм мүнөз каармандын кептик өзгөчөлүгүнөн, кийинген, сүйлөгөн манерасынан, жүрүм-турумунан байкалат. Хамид Хайруллаевдин кийинген кийимин автор кадимки эле Сталинге окшоштурган, бирок аны жазуучу ачык айтпайт. “КГБ” дегенибиз кашы коюу, кочкор тумшук, көзү көгүштүү, боз ыраң костюм-шымчан...”, “бозыраңды темирдей бекемдиктин, майтарылбас эрктин жышааны деп билээр эле жолдош Хамид Хайруллаев”. Ушундай сүрөттөөгө ээ болгон Хайруллаев Бактыгерейдин жазган намесинин сары изине түшүп, акыры Бактыгерейди кармайт. Бирок Ч.Айтматовдун Таңсыкбаеви өңдүү көздөгөн максатына жетпей, сурак учурундагы Бактыгерейдин өлүмү ага зыянын тийгизгендей кабыл алат. “Сволочтун күтпөстөн өлүп калганын карасаң!?” – деген Хайруллаев ит өлгөндөй кабыл алып, корсоңдоп, кармалбай турган Чыңгызхандын арбагынын артынан түшүп, аны кадыресе инсан катары кабыл алып, табууга аракет кылганы өзүн-өзү жазалаганга барабар.

Экинчи бир мүнөз, бул – Бактыгерей. Көздөгөн максатына жетпеген, бактыдан куру жалак калган, акыркы күндөрүн ичкилик менен өткөрө баштаган, бирок да дайыма өзүн “төрө” тукумунанмын деп, башын өйдө көтөрүп жүргөн жайы бар бактысыз бирөө. Жашоосунун маңызы жок, башаламан, бушайман болуп жашаган Бактыгерейдин бактылуу жашоо көз ирмеми Чыңгыз хан тууралуу жазган мезгилине туура келет. Ал кадимкидей Сайчы уул үчүн убайымга да батып кетет эмеспи. Бактыгерейдин калеминен жаралган Сайчы уул Өзбек хан менен Элбасар хандын кандуу кармашын өз көзү менен көрүп, Элбасар хандын өлүмүнөн кийин Өзбек ханга каршы сүйлөп тилинен айрылган Өгөдөйдүн күүсүнүн таржымакалын түшүнгөн каарман.

Сайчы уул Айтматовдун Эдигейи өңдүү Тинз-Букага бараткан жолунда бир кылымдык ойлорду ойлоп, өмүр менен өлүмдүн эриш-аркактыгын, адамзаттын жашоосу, жакшылык-жамандык, адамгерчилик-текеберлик, баатырдык-коркоктук, ата-бабанын жолун улоо ж.б.у.с. ойлордун жетегинде Ата-арбакка жолугуу менен өзүнө дем байлап, Жоочунун балдарын кыргындан сактап калган өзгөчө күчтүү каарман. Бала Токтомуштун чыйрак чыкканын көрүп, үмүт байлаган каарман. Чын-чынында кийин ошол бала Токтомуш Алтын-Ордонун ханы болуп чыга келерин алдын ала сезген кыраакы жоочу каарман. Романда сөз кылар каармандар көп: Рахим Абдуллаев, Өгөдөй, Теңиз-Бука, Тогрулчу, Николай Аблеухов ж.б. бирок да жогорудагы үч каарман чыныгы мүнөзгө ээ болгон каармандар деп атаар элем. Анткени романдагы окуялар барып келип ушул үч каармандын тегерегине топтолгон.

Жыйынтыктап айтканда, Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” романы эгемендүүлүктөн кийинки бараандуу бир роман болуп калды. Өзүнө чейинки Чыңгыз хан тууралуу романдардан анын айырмачылыгы – Чыңгыз хандын өмүр таржымалына токтолбостон, бүгүнкү тукумдарынын үстүнөн айланып учкан арбактын трагедиясын берүү максатын көздөп, арбакты “...жайын таппай кыйналды, жанын таппай кыйналды. “Ал укпаса кебиңди, мен угайын” деген жан барбы... бул кыйырларда, “ал жазбаса сөзүңдү, мен жазайын” деген жан барбы бул калаада? Кыйналды.” – деп жан дүйнө кыйноосун тарткан Ата-арбактын образын алып чыгышы менен окурмандарды ойлондурган роман жарата алган жазуучу деген тыянакка келдим.

Нурзат КАЗАКОВА, адабиятчы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз