Белгилүү жазуучубуз Арслан Койчиевден кезектеги адабий жаңылык...

  • 25.05.2020
  • 4593

Сүрөттө Кубатбек Жусубалиев менен Арслан Капай уулу Койчиев 

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы адабий конкурска катышкан авторлордун бири Арслан Капай уулу Койчиевдин суранычы менен “Алмуздактагы кечил” (№68) аттуу аңгеме аталган конкурстан четтетилди. Тек, автор адабий конкурсту жандантуу, кызытуу үчүн катышкан эле. Эмесе Арслан Койчиевдин жаңы аяктаган "Добул-Таштык "Заратустранын" аңгемеси" аттуу көлөмдүү романынын үзүндүсү менен дагы бир жолу тааныштырмакчыбыз.

АҢГЕМЕ

(Адамзат тарыхындагы тунгуч кечил тууралуу аңыз)

Бирде какыраган как талааны аралап, бирде боз чаптуу адырларды аралап, бирде тунарып, бирде ылайланып агат бу өзөн. Как талаанын койнун гүлдөтүп агат, боз чаптуу адырлардын такыр боорун бүрдөтүп агат. Жараткандын амири менен кара жер – кара жер болуп бөлүнүп, мөлтүр суу – мөлтүр суу болуп, өз-өзүнчө бөлүнгөн күндөн тарта, ушинтип акканы аккан.

Тээ бир эзелки замандарда, оболку адам тукуму эси жок чыккандан кылык-жоругуна иренжиген Кудай-таала каарын төккөн замандарда, жер бетин тегиз жайпап, ойду-тоону текши чайкап, кыбыр эткен жан-жаныбардын жашоосун кыйсыпыр түшүрүп, күм-жам кылган топон суу да Иордандын нугун жууп сала албаптыр. Жууп сала албаптыр! Топон суу тартылганда, Хермон тоолорундагы жар таштын боорундагы булактын кум чайкаган көзү өзүнөн-өзү ачылып, билектей жылжып агып, жылга-жылгадан сарыккан сууларды чогултуп отуруп, үч кошкондон кыяндаган чоң сууга айланып, эңиштеген сайын кум-шагылга шыкалган эски сайдын изин таап, өжөрлөнө жиреп-жарып отуруп, кез келген урчугун кемерленте жеп отуруп, аягы өлүү деңизге жетип куюлуп, кайра кадимкисиндей агып калыптыр. Ошол күндөн ушул күн бирде тунарып, бирде ылайланып агат, ошол күндөн ушул күн как талаанын койнун гүлдөтүп агат, боз чаптуу адырлардын такыр боорун бүрдөтүп агат.

 “Ээ, бирде ылайланып, бирде тунарып аккан кайран Иордан! Дагы канчага агар экенсиң? Тилазар адам тукумун дагы канчага бөпөлөп багар экенсиң? Куу дүйнөнүн кубулган мынабу кебетеси менен эч бир ишиң жок! Ал эми дүйнөнүн ырайы менин эсимди чыгарат, жүрөгүмдү сестентет! Бу түрүбүз менен жараткан Кудайдын каарынан кутулбай калдык көрүнөт, кутулбай калдык көрүнөт, чагымда, топон суунун кайра каптачу мезгили дагы жакындады көрүнөт!” Боз чаптуу адырдын айдөш боорундагы дүпүйгөн зейтун дарагын көлөкөлөп, Иордандын өйүзү менен бүйүзүн бойлото көз чаптырып, кериле кетмен чаап, кулактап алыш жыккан дыйкандарды, салаа-салаа болуп тараган ар бир өстөндүн тушу сайын ыңкып жаткан жашыл талааларды телмире тиктеп, ташка сүйөнүп отурган Валаам-кечил эки эстүүдөн бетер ушинтип күбүрөндү.

Маңдайынын терин аарчынды. Чаңкаганын басмакка тар куржундун көзүнөн темир кумганын кош колдоп сууруп чыгып, чоргосунан суу жутту. Кере-кере жутту. Кана жутту. Даамын! Жээгиндеги жалпак ташка таканчыктай тура калып, Иордандын тунук жээгинен сузуп алган көк кашка суу эле. Колу жумшак чайпалганда, кумганы кошо чайкалып, жука сакалын, көкүрөгүн суу жайпай берди. Жанып койду. Эңкейе берип, кочушуна эки-үч ирет толтура куюп, мойну-башын чайынды. Өңү сергий түштү. Бирок терең ойго бастырган санаалуу түрүнөн жазылган жок. Эси-дартын ээлеп, басса-турса тынчтык бербеген ошол ой мээсин көзөчүдөй чыгырыктай тегеренип, жүрөгүн эзип, санаасынан чыкпай турду: “Кудайлардын топон сууну каптатчу мезгили дагы жакындап калды көрүнөт! Жакындап калды көрүнөт! Жакындап калды көрүнөт! Бу жолкусу кандай болор экен? Бу жолкусу канча күнгө, канча түнгө созулар экен?”

Чиркиндики, ошондо да Иордандын кашка суусунан кана жутуп, анан гана топон суунун алдында калып өлсө арманы болбос. Темир кумганын куржунуна салып жатып, Валаам-кечил ой арасында аны да ойлонду. Иордандын өйүзү менен бүйүзүнө көз чаптырып, салаа-салаа болуп тараган ар бир өстөндүн тушу сайын ыңкып жаткан жашыл талааларды телмире тиктейт. Ой учугун улантат.

Күнөөсү ашынып, шиши толгон адам баласын бирин тирүү калтырбай, туташ жазалаганды көксөгөн кимиси болду экен бул саам? Дегеним, Энлил-кудай өзүбү же башкасыбы? Эмкисинде Нинигику-кудайы унчугабы же адамдын кылыгына тоюп кеткен жаны унчукпай туруп алабы? Катаалдыгын карматабы же боору ачыгандан мээримдүүлүгүнө тартабы? Жер бетинде кумурскадай жайнаган адам арасынан Утнапиштим сындуусу чыгабы бу жолу? Караан басып, кудайлардын купулуна толгон башы кара, буту айрысы чыкпай калсачы? Канча күн, канча түнгө созулат топон суу? Топон суу тартылып, дүйнө калыбына келер акыры. Ошондо... Ошондо, кийинки адам мууну оңолуп кетеби андан ары? Кудайлардын оюндагыдай болобу кийинкиси?

Биздин элдин арасында алигүнчө ооздон түшпөй айтылган, тээ бир эзелки-эзелки замандарда болуп өткөн мурунку топондун тарых-таржымалы чын-чынында эки дарыя арасын мекендеген эл-журт ичинде ийне-жибине чейин жазылган имиш. Кудай бетин салбасын, жети күн, жети түн топон суу жүрүптүр. Суу толук басканда, кургактан укум жер калбай, демейде көк тиреген тоолордун урчуктанган учтарынан бери көмүлүп, төгөрөктүн төрт бурчунун арасы мелт-калт толгон имиш. Жөн-жайы мындай: адам баласы кудайын тааныбай, кудайдын атын сатып, бирин-бири алдаганды, кудайдын атын сатып, бирин-бири кордогонду өнөр кылып алыптыр. Ошондо каарданган кудайлар чогулат дагын, төбөдөн жамгыр эмес эле, шаркырап аккан дарыяны дарыя бойдон төгүп жибергендей шаркырата нөшөр жаадырып, тегеректи курчаган мухиттерди ташкындатып, тоодой-тоодой толкундарды өйдө-төмөн чамынтып, буурулданта жүргүзүп, жер бетин топон сууга бастырып, тиричиликтин чакчелекейин чыгарып, адам баласынан биротоло кутулууну чечишет. Аныйы жок, баары макул таап, шерт бекитишет.

Энлил-кудай артыкча өчөшүптүр, “адамдарга алдыртан айтып койчу болбогула, билинип калбасын, непадам шек-шыбатын алышпасын” деп катуу эскертип, убадасын бек алат. Шатыра-шатман түшүп, бейгам жатышканында мүлдөсү менен күм-жам кылмак экен оюнда. Ушундай. Адам баласынын жамандыгы кудайлардын жанына батып, ошончолукка жеткириптир да. Анан да кишинин кесирдүү кылык-жоругунун кесепети тийип, убал-сообуна карабай, бүтүндөй жан-жаныбар дүйнөсүнөн кечип ийишмекчи болгонун карачы! Бирок, Кудай деген кудайлыгын кылат тура баары бир. Арасынан Нинигику-кудай түтпөй кетип, өңгөдөн да Утнапиштим деген ченебеген айкөл, жан-жаныбар аттуунун калтырбай тилин билген адамды өлүмгө түк кыялбай кыйналат. Аны эскертүүнүн айласын издейт. Утнапиштимдин уктоочу кезин күтөт да түн уйкусу маалында түшүнө түш болуп кирип, түшүндө адам баласынын башына үйрүлгөнү калган мүшкүл тууралуу эскертип коёт. Тирүү калуунун амалын түшүндүрүп, тирүүчүлүктү улоонун жол-жобосун үйрөтөт. Үрөйү учкан Утнапиштим түшүнөн чоочуп ойгонор замат, темир балтасын колго алып, шашылыштан жыгач жыгып, узун-туурасын кудум Кудай айткандай чактап, кеме курууга киришет. Күндүр-түндүр тынбай узанып, бачым курат. Тоодой толкун чамынып келип урса урагыс кылып, сапырылып келип урса оодарылгыс кылып, туруштугу жети күндүк топонго жеткидей бекем курат.

Анан кара башын жалгыз ала качпай, Кудайдын айтканын айткандай аткарып, жан-жаныбар макулуктун ар түрүнөн бирден, эркек-ургаачы, эркек-ургаачы кылып жуп-жуптап ала кетүүгө кам урат. Майда-барат дебей, боортоктоп сойлогон жылан-кескелдириктен тартып, көкөлөп учкан канаттуу, зыңылдап учкан чымын-чиркейден бери унутпай үн салып чакырат. Бирден жупту кемесине салдырат. Мына ушундай окуя. Мынабу биз көрүп жаткан тиричиликтин башаты. Нинигуку-кудайынын мээрими тийип, Утнапиштим-атанын мээнети кайтып, ошол күндөн ушул күн кымгууттуу тиричиликтин уланып калмагынын жөнү ушундай.

Андан бери миңдеген-миңдеген жылдар агылыптыр эсепте. Бирок ойлоп-баксак, бир сыйра каптап өтүп, сазайын колуна берген топон суу да оңоп-түзөй албаптыр адамды. Топон сууга чейинкилердин тукуму кандай болушканын ким билет, бирок азыркы адамдар оңолмок тургай, күнөөгө батканы баткан. Күн санап батууда. Сүйлөгөнү да күнөө, жасаган иши да күнөө. Кудайын тааныбай, кудайдын атын сатып, бирин-бири алдаганы, бирин-бири кордогону андан күчөдү. Коркуп дагы коюшпайт!

Ии, баса, анан да Утнапиштим-атадан бир кемчилик кеткени да айтылат.

Кыямат-кайым маңдайдан тооруп келген тополоң-кымгуутта алактап шашып калганданбы, же канча күн уйку бетин көрбөй чаалыгып-чарчаганданбы, айтор, балээ басып, жан-жаныбардын өкүлүн жуп-жуптап чакырып жатып эле, бир оокумда көктө кайкып уча алган, кургакта чуркаса аягы жерге тийип-тийбей зуулдаган бир макулуктун тилин да, атын да унутуп калат. Доошун андай өзгөртүп, үндөккө салат, мындай өзгөртүп, үндөккө салат, такыр окшоштура албайт. Көмөкөйүн бүлөп үн салат, таңдайын күүлөп үн салат, кашайып, баягы макулуктун тилин такыр өзүндөй келтире албайт. Жер жаңырта айкырып, атынан атап таап алайын десе, эсине жара чыккансып, атын да унутуп калат. Унутуп калат да чакыра албай калат. Ошондогу топондо жалгыз ошол макулук келбей калыптыр кемеге. Тукуму ошентип биротоло үзүлгөн экен. Тукуму үзүлгөн соң аты да унутулуптур. Калган жан-жаныбарды алааматтан түгөл куткарганы менен, тукуму үзүлгөн бир макулуктун айынан Утнапиштим өмүр бою өзүн айыптуу сезип, өмүр бою өзүн-өзү жемелеп, сай-сөөгү сыздап жүрүп өткөн дешет.

Валаам-кечил ойго бастырып отура берди.

Тээ төмөндө, адыр этектеп, куйрук улаш ээрчишип келаткан, ийиндерине бирден куржун асынган киши-кара баамына илинди. Тигиле карап турду да, арасынан мурдагы күнү эле ушул жерде маңдай-тескей отуруп, кажы-кужу айтышып кетишкен береги экөөнү кыймыл-аракетинен таанып, тигилердин эки күн өтүп-өтпөй, көптөп кайтып келатышкандагы жоругун билди. Бу саам төртөө эмес, алтоо ээрчишип алыптыр. Бу саам төртөөлөп эмес, алтоолойлу дешсе керек. Таяк таянган басыгына караганда, арткы үчөө сакалдуулардан экен, бу саам арага сакалдууларды салалы дешсе керек. Жолду баштап, алдыда келаткан экөө жарыша колдорун жаңсап, “тигинде! тигине!” дешкенсип, Валаам-кечил отурган тушту көрсөтүштү эле, артындагылар моюндарын созо серепчилеп карап, боз адырдын ээсинен бетер зейтун багынын түбүндө соксоюп жалгыз отурган кечилди көрүштү да бери - бет алдыдагы өр таяган чыйыр жолго салышты.

Көлөкөдөй илээшип артынан калбаган уруулаштары болот ушулар. Колдору бошосо эле, жанын койбой келе беришет, келе беришет. Бу маалда дыйкандар Иордандын эки өңүрүндөгү талаа-түздү жабыла тытмалап, согонун согондой сугарып, жүзүмүн жүзүмдөй сугарып,  бел чечпей иштеп жатышса тигинтип, жарым жыл болду, соңку кезде буларың башка кылаарга иштери жоктон бетер тез-тез келген өнөр таап алышты. Жебиреп айтар сөздөрү белгилүү. “Сенин кечил болуп кетмегиңдин кесепетин биз тартабызбы!?” дешет өктөлүү. Өпкөлөгөн туугандарынан он жылдан бери уккан көр жемеси ушул. Мүдөөлөрү таш кабарын билип туруп, жол арыта издеп келгенден же аларың тажабайт, шаабайларын суутуп, боз ала кылып аларды жолго салгандан же Валаам-кечилиң тажабайт. Келе беришет, келе беришет түңүлбөй.

Азыр да ошентип айтышаарын бөркүндөй көрүп турат. Көчүк басып отуруша элегинде эле, олурая тиктешип, “ай-уйга” келбестен титиреңдей башташат. “Сенин кечил болуп кетмегиңдин кесепетин биз тартабызбы!?” дешет. Ооба, ушинтишет.

Мунун баарына олуя күнөөлүү. Кимден ким, кандай уул тууларын, кимисинин урпагынан олуялар, кимисинин урпагынан көсөмдөр чыгаарын айткан олуя күнөөлүү. Анда Валаамдын өспүрүм кези. Бүлө-сүлөдөн кечип, а көрө дүйнөдөн так өткөндү артык санамак кайда, түк оюнда жок кези. Эки колун жайып, талмасы кармагандай көктү тиктенип, эрди-башы көгөргүчө өлүп-тала чимирилип, мадиан элинин укум-тукумдуу болмогун тиленген олуя: “Кудай жанын аман койсо, бу баладан ашкере баатыр, жан-жаныбардын тилин билген саятчы чыгат! Кудай жаныңды аман койсо, он сегиз уулдуу болосуң!” деп коюп атпайбы топураган элди дүрбөтүп. Эр жеткенде он сегизи тең мадиан элин жоодон коргогон, тогузу күн жакты беттеп бөлүнүп, Урук менен Эриду калааларына чейинки элди чапкан, тогузу түн жакты беттеп бөлүнүп, гиксосторду жанынан түңүлткөн жаанда жок баатырлар чыкмак. Олуя ушундай сөз айткан. Мадиан элине ушундай сөз тараган.

Бала болуп башына жүн чыкканы шыгы эртелей билинип, олуялыкка тандалып алынган, миңдеген жылдардан берки олуялыктын сырын купуя каткан не бир көзү ачык дааналардын этегине эрмешип жүрүп, таалим-тарбиясына жетик канган качанкы олуя эле тигил олуя. Төлгөсү такай оңунан чыгып, өмүрү олуялыгынан жаңылбаган олуя эле. Валаам жаңылтты. Жаамы журттун үч уктаса түшүнө кирбеген балээлүү жорукту баштады да эрезеге жетип, үйлөнчү мезгили келгенде элчилеп бүлө күткөндөн айный коюп жаңылтты. Кайындап койгон жерин мазактагансып, той каадасы жуп жакындаганда эки агайын элдин ортосуна жуучу түшкөндөгү шертти бузду, колун суратып, жүрөгүн аздатып койгон ашкан сулуу бийкечти боздотуп-сыздатып, болжошкон маалында жер дүңгүрөтө керней-сурнай тарттырбай койду, алдына барбай койду көшөрүп. Акылын тунартып, азгырып турса да, кыздын суйкайган сулуулугун чанды, аягына жыгылып, жалынып-жалбарса да, тууган-уруктан кечти. Жарыкчылыктан так өтмөккө ант ичти да элден-журттан безип кетти, чөл-биябан аралап, жердин бетин кезип кетти. Кечил болуп кетти.

Угушунда ошол окуядан кийин шылдың-шыкак кепке калып, бечара кызды кыйлага дейре эр албаптыр. Кара далы чагында араң токолдукка тийип, турмуштан жайын тапса керек эле. Ал эми... Ал эми өз уруусу ал окуянын ызаасын эмдигиче унута элек. Тээтиги өр таяп келатышкандар, мисалы. Жөн келатышкан жок, ызаалуу келатышат. “Элибиздин он сегиз уулдуу болчу, он сегиз баатырлуу болчу жайы бар эле” деп, олуянын качанкы айтканын доолаганы келатышат. “Сенин кечил болуп кетмегиңдин кесепетин биз тартабызбы!?” дешет. Көрөсүңөр го.

Валаам-кечил ордунан кыймылдабай отурду. Ойлуу отурду.

“Кесепет” дешет. Кайдагы кесепет? Кесепет кандай болорун өздөрү билишеби? Кесепетин калк тартып калбасы үчүн кечил болуп кеткенин эмнеге түшүнгүлөрү келишпейт. Адам баласынын шордуу башы ансыз деле канчалаган кызыл кыргын согуштан арылбай жатканы аздык кылабы буларга? Жер бетинен Кудайга жакпаган кылмыштуу иштер биротоло жуулсун үчүн Жараткан Эгем топон суу жүргүзбөдү беле! Акыбети текке кородубу? Эмнеге майнап чыккан жок? Адам баласынын жамандык издеген мандемдүү кулк-мүнөзү экинчи кулакка угулгус болсун, күм-жам түшүп өлгөндөрдүн башы менен кошо кетип, биротоло жоголсун, жок дегенде кийинкилери оңолуп, жашоосун жаңыча улап алсын деген изги ниет, аруу тилек менен топон сууну каптатпады беле? Эминеге оңолгон жок? Жаманчылыгы топон сууда жайран түшүп кошо өлбөй, өнүп чыкты каяктан? Он сегиз дейт. Он сегизи азырында жоону тосот, түбү жүрүп бири-бири менен жоо болот. Адам тукумун ээн калтырсаң, эптеп-септеп саны миңден ашып алса болду, кан күсөгөндөн душман издеп, түмөндөп алса бир-бирине батышпай, согушуп-кырылышканды көксөп калат тура. Көрүп жатпайбызбы анын мисалын. Карагылачы, Утнапиштим-атадан бери улангандар тогуз карын оодарылып, бир сыйра көбөйүп алгандан кийин эле эски жолойду баштаптыр, дагы тогуз карын оодарылганда эл эл болуп бөлүнүп, кылыч кезешип, журт журт болуп бөлүнүп, найза сунушуп, кырды бычак түшүптүр. Кырылышып эле жатышат, кырылышып эле жатышат. Кырып-жоюунун кумарын кайдан билип, кайдан туюп алышкан?

Урук-Экидунун эли менен түбү бирге тамырдан болчубуз, гиксосторуң менен да. Кайдан чыкты өчөштүк? Ким биринчи өчөшүп, ким баштады оболу? Мүмкүн... Мүмкүн, Утнапиштимди да аябаш керек болчу башында. Ошондо мынабу жарык дүйнө кан төгүлүү, жырткычтык, зөөкүрдүк, саткындык, деги койчу, адамга илээшкен жаман сапаттардын барын унутмактыр. Балким... Балким, жаңылып тандап алышкандыр, учурунда Утнапиштимден бөлөгүн тандап, жер бетиндеги адамдын жаңычасын башкасынан таратканда не болмок? Сөздүн кыскасы, нечен күн, нечен түн кирпик какпай толгонуп, соңкулардын келечегин элестеткенде эси чыгып, үрөйү учуп, жаны кашайгандан ушул бүтүмгө токтогон: топон сууну каптаткан кудай алдында элчилеп күнөөкөр болгусу келбейт, Валаам аттуунун кийинки-кийинки тукумунан кан ичип, кан төккөндөрдүн, тогуз карын оодарылганда бир-бири менен касташкан, дагы тогуз карын оодарылганда бирин-бири кулчулукка жыгуунун гана амалын издеген шүмшүктөрдүн жайнап өсүп чыгышын каалабайт, андан көрө урпаксыз өткөнү артык. Андан көрө так өткөнү артык! Ушундай. Өйдөлөгөн сайын арыштары басаңдап, кара терге чөмүлүп, тигиндеси күшүлдөп-бышылдап, күйүгө басып келаткандарга айтчу жүйөсү ар качандан белен.

Аңгычакты тигилер да маңдайына чукулдап келишти.

- Ай, Валаам! - жол баштаган алдыңкысы энтиккенден оң тизесине өбөктөй калып, сол жеңи менен чекесинин терин сүртүнүп, беш кадам жерден сүйлөдү. - Карачы, түтпөстөн кайра келатабыз!

Мелтиреген Валаам-кечил аларды эмес, алысты, алардын төбөсүнөн ашыра тээ алысты кадала тиктеген кебетеленип, үн каткан жок.

- Ушу! - жол баштаган кишиси күйүккөндөрүн басмакка саамга аялдап, озунуп кетпестен, эки жагына катарлаш туруп калган жолдошторуна алмак-салмак карап, ийнин куушурду. - Ар качандан бир качан отурган кебетеси да ушу, кыялы да ушу. Келген-кеткен менен түк иши жок.

Жолдо катар бекиткен бүтүмгө ылайык, чарылдап туш-туштан кезек талашпай, ирээтин да келтирип, жүйөсүн да келтирип, эң сакалдуусу өзү сөз башташы керек эле, баары сакалдуунун оозун иймене карашты. Оозу кургап чыккан сакалдуусу суу сурады.

- Чаңкап турам, бир жутум суу бергилечи оболу, - деди.

Жашыраагы ийниндеги куржунун аяр шыпырып, суусу жарымынан бөксөрө түшкөн кумараны элпек сууруп, эңилип сакалдууга сунду. Аптабы төбөдөн өткөн күндүн ысыгы, өпкөнү көптүрүп, биртике болсо да өр талашкан жол чындап канын катырган экен, сакалдуусу кумаранын кырын эрдине такап, кенен-кенен жутканда, тамагынан “култ-култ” этип суу чуркаганы угулуп турду. Түбүнө эки жутум суу калтырып, кумараны ээсине кайтарды. Саамга унчукпай турду. Валаам-кечилди тиктеп, ойлуу турду.

- Валаам! Кандайсың? Мени таанып атасыңбы? - деди.

Валаам мелтиреп унчукпады.

- Халдейлерден жуккан оору! - деди.

“Качанкы сөздү козгошуп, оңолбойт экен го!” деп ойлоду Валаам-кечил.

- Жашоодон так өтүүнүн жаман үйүтүн ошол элдин балдары баштаган, - деди абышка.

Оюндагысын ой-санаасында бербей, Валаам-кечил түнөрөт.

- Эй, Валаам, кулак сал! Болору болду, буга чейинкисин кечирдик! Кечиришели! Эл-журтуңа кайтышың керек бул сапар!

Кечиришели? Эмнени кечирүүсү керек эле? Кечил болмогунун жөн-жайын өз кулагы менен уга электен мадиандардын арасында жалгыз ушу абышкасы калган окшойт, Валаам-кечил айла жоктон унчукту:

- Топон суунун кайталанар чагы жакындап калды. Укум-тукумумдун азап тартышын каалабаймын.

- Топон суу? Дагы эмнеси болот экен? - деди абышка.

Какшыктабай этпей, чындап бүйрү кызыгандан, эмнени боолгоп айтканын тактамакка сурады.

- Дагы согуштар болот. Далай-далай кызыл-кыргын уруштар болот алдыда. Урпагымдын кан төгүшүн дагы, каны төгүлүшүн да каалабаймын.

- Кулак салсаң! Биз кайттык, ал оюбуздан кайттык, - деди абышка. - Бүлө күтүп, урпактуу болушуңду талап кылганы келген жокпуз бул ирет!

Анда эмнеге келишти жөө-жалаңдап? Эмнеге келишти куйкалаган ушу аптапта убара тартып? Көздөгөндөрү эмине?

Валаам-кечил таң калды. Уккан кулагына ишенбей, үңүлө тиктеп, оңдонуп отурду.

- Дагы далай согуштар болорун сен деле туйган турбайсыңбы! Сенин кантип туйганыңдын сырын мен биле албаймын.

Валаам, ал эми биздин олуязаада адамдарыбызга кудайдан аян түштү. Эки мертебе түштү. Мадиандарды кырсык, кылым-кылымда бир болчу кырсык тооруп турганы айтылды.

- Эмне кырсык?

Кери cүйлөбөй, Валаам-кечил жибип, жок дегенде кеп-сөзгө кулак салчудай түр жасады.

- Сөөк өчтү душман пайда болуптур чөлкөмдө. Ошол киши элин баштап, мадиандарды бирин калтырбай кырдырат имиш.

- Гмм... Душманыңардын аты-жөнү ким экен?

- Туз ургурдун аты - Моше!

- Моше?

- Ооба, Моше. Кенеилик Иофордун күйө баласы.

Валаам-кечил башын кекейтти.

- Эмне болуп туз ургур?

- Туз ургур эмей эмине, наристе чагында бешиги менен сууда агып бараткан жеринен улуу дөөлөттүү фараон кокусунан көрүп калып, өлүм чеңгээлинен сууруп алган бала болчу башында. Кийин ошол фараондун тузун актабай, каарына кабылды. Каарданган фараон көзүн тазаламак болгондон сары изине чөп салганда, Синайдын эшилме чөлүн аралай качып келген жеринен мадиандар ажалга арача түшүп, куу тумшукту тирүү сактап калган элек чогуулап. Киши экен деп арабызга пааналатып алганбыз. Ал турсун кенейилик Иофор канатына калкалап, киши кылып, шакирттикке алган. Аялдыкка кызын берген.

- Мына! Топон суудан кийин адам баласынын дегеле оңолбогондугунун дагы бир далили! - деди Валаам-кечил.

- Эми ошол кырат имиш...

- Кырылышта кимиңер жеңип, кимиңердин жеңилгениңер Кудайга баары бир эмеспи! Жеңип чыкканыңар жеңилгендерге караганда бу жарыкчылыктын жыргалын беш күнчөлүк ашыгыраак көрөрсүңөр көп болсо. Кырды-бычак түшүп талашканыңардын максаты – жарыкчылыкта бир-бириңден беш күнчөлүк ашыгыраак жашоо! Ошол жашоону башкага ыраа көрбөй, эсен-соо калганыңды деле эртедир-кечтир топон суу жутат! - деди Валаам.

Мынчалык кайдыгерлик, мынчалык мерездик болобу! Абышка ызаасынан таягы менен төбө талаштыра урчудай жүткүнүп, ээги титиреп, эки колу калчылдап чыкты.

- Эй! Эл-журтуңдун кырылганы жатканын угуп, жүрөгүң сыздабай, намысың козголбой, кантип чыдап отурасың?

- Кудай - күбө, баарын төбөдөн көрүп-билип турат, айтпадымбы, кезеңи жеткенде кыргандардын да жазасын колуна эселетип берер, - деди Валаам-кечил.

- Элиңе күй! Бизге күч керек! - деди абышка. - Жоо беттеген элиңдин кайратына кайрат кошуп, жок дегенде күч болуп бер.

- Канча айтамын? Колумду каруума дейре канга боёп, күнөөгө баткым келбейт! - деди Валаам-кечил.

- Олуяларга түшкөн аян ушундай: Мошенин эли бизди чапса, эртеңки күнү сени деле соо койбос, - деди абышка.

- Мен капкайдагы Мошенин жазасынан эмес, улуу Кудайдын каарынан корком, - деди Валаам-кечил.

“Түү, иттин баласы! Буга эмне болгон?” - ушунча жерден жөө-жалаңдап келип, сөзүн өткөрө албаганга абышка түтөп кетти ичинен. Титиреген эрдин кымтынып, ачуулуу тиктеди. Чанагына кирип, чүңүрөйгөн көздөрүн ымдап-ымдап алды. Ыйлап ийчүдөй болуп, ызаалуу тиктеди. Каректери арбашкандай кайрашып, тиктешип калышты экөөбү.

Абышка түңүлө албай тиктеди. Олуялардын айтканын адейи таш каптыргысы келип, таптакыр эле ант ичип алган арамбы? Котур ташын колтугуна каткан халдейлердин сыйкырчылары бирдеме дубалап жедирип, муну таптакыр баш үйүртмө кылганбы? Түкшүмөлү жетпеди.

“Оңолбойт экен!” деп ойлоду Валаам-кечил да абышкадан көзүн албай: “Бу сыйкы менен адамдар оңолбойт экен! Сыйкы деп коём! Кудайдан жасканбаган, топон суудан жалкыбаган немелер менин эки ооз сөзүмдү түшүнүшмөк беле!”

Ал эми анын каректери катып калгансып, кишини калкыта тиктешинен абышка жанбай турган тоотпостукту, кайтпай турган кайдыгерликти көрдү.

- Валаам! Чының айтчы, мадиандарга кастыгың  жок беле деги? - деди үнүн акырын чыгарып. - Эмнебизден жаздык элек?

- Чынымды эчак айткамын. Эгерде мадиандарга өч чыксам, жанагы Моше дегениңердин элине кирип кетпейт белем эмгиче!

- Биз эмне кылышыбыз керек эми?

- Бирөөгө жамандык издебегиле! - деди.

- Жамандык издеген жерибиз жок! Жамандык издегендер сырттан каруу-жарактуу келип, өздөрү катылганы жатпайбы?

- Алар издесе да, силер издебегиле. Жамандык издөө - өнөр эмес!

Гмм... «Жамандык издөө - өнөр эмес». Айтууда, топон суудан кийинки-кийинки замандарда кишилер ооздон түшүрбөй, эртели-кеч кайталап, кеңири тараган кадим сөз ушу. Ал учурда азганактай адам тукумунун азыркыдай жаман-жакшы болуп бөлүнө элек, бөлүнүүнү үйрөнө элек кези болсо керек. Андай өнөрү кийин чыкпадыбы.

- Жамандык издөө - өнөр эмес! - деп кайталады Валаам-кечил. Деди да жолдон калбай жөнөөчү маалы чукул эсине түшкөн немедей шашыла жыйналып, отурган жеринен куржунун асынды. Ордунан шып туруп, этегин кагынды да, басып кетти далысын салып. Тигил алтоо узата карап, аңырайган бойдон кала берди.

Атаңгөрү-ү, киши кийик кебетеленип, эл-журттун бетин көрбөй, ай-талаада күндүр-түндүр жалгыз каңгып, каңгыганына ыракаттанып, боз чаптуу адырларды аралай кезип, конолго издегенинде туш келген коону пааналап, таар куржунун жаздана туш келген коңулга түнөгөнүнө маашырланып, бирде ток, бирде кезере ачка калып, ара жолдо ошентип ачка-ток калганына кумарланып, тууган-уруктан кечет дегендин кебете-кешпири ушундай болот тура! Аркасына бир кылчайып карабастан, арышын кенен-кенен таштап кетип бараткандагы түрүн карап, абышканын кабыргасы кайышты. Алсыздыгына жаны кашайды. Артынан үн салды:

- Жеңиштүү болсок, кайрылып келербиз! Бет келишербиз дагы! Непадам... Непадам, жылас болуп баратсак, кабарыбызды алып кой! Уктуңбу, Валаам? Унутпастан, мадиандардын кабарын алып кой! Кабарын алып кой!

Кабарын алып кой? Боз адырды кыялай жүрүп, имерилиштен карааны төнүп, коктуга кирип кеткенчекти тигил алтоо биринен сала бири кезектешип кыйкырыштыбы, же өлөрманданган абышка тикесинен тик туруп, өңгөчү үзүлгүчө жалгыз кыйкырып жаттыбы, айтор, ушул доош кокту-колотту аралай жаңыргансып, кулагына үзүл-кезил, үзүл-кезил угулуп турду: «Мадиандардын кабарын алып кой! Мадиандардын кабарын алып кой!»

Адыр артынан адырды кыялай басып, үчүнчү коктуга имерилгенде гана кырда калган адам үнү тынчын албай, Валаам-кечил жедеп көнгөн жымжырттыгына – кум-шагылды мекендеген жылан менен кескелдириктин ышкырыгы, эшилме кумду байырлаган чөл келемиши менен чөл мышыгынын андан-мындан кыңшылап-уңшуганы гана угулган, сүйкүмдүү жымжырттыгына жетти. Дагы илгерилеп, жымжырттыкка үйүр ала түшкөнүндө, бөөн-чаяндын жойлогону, курт-кумурска, чегирткелердин жем издеп секиргенинен бери тыңшап, кете берди.

Кете берди, кете берди. Боз чаптуу адырларды аралап келатып, ой-түздү шимшилеген чөөлөрдүн улуганын укту. Өлүмтүк издеп, өлүү талааны айланып учкан кузгундарды көзү чалды. Ошол кечте боз чапты эңиштей түшүп, суу жээктеп конду. Ылымталуу тегиз жерди тапкан эле. Майда ташын терип ыргытып, эки аягы менен боз топурагын таптап, узунунан жатканга ылайыктап алды.

Түнкү асмандагы жымыңдаган жылдыздарды тиктеп жатып, бүгүнкү окуяны кайта-кайта эстеди. «Топон суудан кийин да адам тукуму оңолгон жок, - деп ойлонду адатынча, - Топон сууга чейинкилердин тукуму кандай болушканын ким билет, бирок азыркынын адамдары оңолмок тургай, күнөөгө батканы баткан. Күн санап батууда. Эми минтип кырылышканы калышкан тура!”  

Жайдак жерде таар куржунун жазданып, утур бир капталына оодарылып жатып, түйшөлдү. Адам баласынын оңолбосуна көзү жеткенде Утнапиштим өз урпагына аркасын салып, сүйлөшпөй кеткен имиш. Тетири бурулуп, укпай кеткен имиш. “Мен ал үчүн да кайгырам, түп атабыз Утнапиштимдин кайгысын кошо тартып, Утнапиштим болуп отурам. Түп атабыз Утнапиштим! Эгер рухуң тирүү болсо, угуп жаткандырсың, - деди жымыңдаган жылдыздарды тиктеп, - Топон суудан кийин укум-тукумуң өзү менен өзү көбөйгөнүн көрүп, жер бетинде адам тукумунун уланып-жалганганына оболу жетине албай кубангандырсың. Бир айтууда беш жүз элүү жашка чыгыптырсың, бир айтууда тогуз жүзгө чыгыптырсың. Беш жүздөн ашып, тогуз жүзгө жеткиче жашаганың анык болсо, арткы урпагыңдын бир уруу журт, соңку урпагың караламан калың журт болуп уюган чагын көргөндүрсүң. Анан, көбөйөрүн көбөйүп алышкан соң, бир-бирине батышпай, тетирисинсе, бир-бирине кара санап, жамандык издемей адатынан дале арылбаганына, Ай менен Күндүн жарыгына жуунган жер бетиндеги жашоону азап-тозокко айланткан кордукчул кулк-мүнөзү кайра бүткөнүнө күбө болгондурсуң. Ошондо, адам ынтымагы менен боордоштугу түбөлүктүү болбосуна көзүң жетип, каңырыгың түтөгөндө, кантип гана чыдадың экен? Убарасын чегип, үйрүлө түшкөнүңө болбостон, ыркы бузулуп тынышаарын аңдаганыңда, көргөн күнүң не болду? Адам баласы арбып отуруп, акыры түбү кылыч кезенип кырылыша турганын, маал-маалы менен бир-биринин канын төгүп кырылышып турмайын, эгерим жаны тынч алып жашай алышпасын туйганыңда, бу мүшкүл-каргашалуу жазмышты оболкулардын арасынан иргеп-тандап, жалгыз сенин башыңа үйүп салган Жараткан-Эгеме бир кайрылып, арман-муңуңду айтканга жарадыңбы? Айтаарын айтып алып, көз жашың төгүлдүбү да көңүлүң сөгүлдүбү? Эт жүрөгүң канадыбы? Адам аттуунун табияты эжели оңолбосуна ишенип, куурагырдыкы, кулк-мүнөзү менен ниет-пейилин Кудайдын каалоосу менен болтура албасыңды билип, колуңдан келбесин туюп, сөзүң өтпөй эшейип, алсыздыгыңа айлаң жок ынанганыңда, кара жерди тепкилеп кан какшап ыйлап, түңүлүп турганыңда, эмне деп наалыдың да кимди каарыдың? Кимисине тилиң тийгизип, кимисин каргадың? Жараткан-Эгемдиби? Ошондо, Жараткан-Эгем жообуна эмне деди? Карып кебин кийип, сенин кайгыңды мен кошо тартып отурам, сенин ...”.

Валаам-кечилди убайым тарттырган дагы бир жагдай боло турган. Ошол күндөн ушул күн ооздон түшпөй айтылып келаткан бул аңызды жалгыз Валаам-кечил эмес, башы кара, буту айры аттуунун баары билет. Билишкени менен же өкүнүп коюшпайт, же кайгырып коюшпайт, капырай. Ушуга да капа.

Уул-урпагынын боордоштугу утурумдук экенин көргөндө, Утнапиштим акылынан адаша жаздап, эки эстүү кебетеленип тентип кеткен имиш. Ошондон ары дайынын экинчи таптырбай жер кезип, ың-жыңсыз жоголгон имиш. Дагы бир кабарда, өзүн-өзү өлтүргөн имиш! Ким билсин, балким, топон суудан кийинки тарыхтагы адам тукумунун ичинен өз өмүрүнө өзү кол салып, өзүн-өзү өлтүргөн туңгуч киши – Утнапиштимдин өзү болгондур. Ким билсин, балким, шордуу адам баласынын ичиндеги дагы бир жаман жолойду, балээлүү өнөрдү ошентип Утнапиштим өзү баштап бергендир. Ким билсин, балким ошондо... 

Ойго бастырган Валаам-кечил ары бир оонап, бери бир оонап, жата берди. Түн оогондо көзү илинип, башка чапкандай уктаптыр.

Теребелдеги жан-жаныбар аттуунун алай-дүлөй түшүрүп, чуу салганынан ойгонду. Башын саал көтөрүп, өөдө карады. Күн жүрүш менен күн батыш тарапты тиктегенде, уйкусу умачтай ачылды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Көзүң жамандыкты көрбөсүн, тарп аңдыган кузгун менен таз жору өлүү талаанын үстүнөн тынбай тегеренип, уюлгуган кара булут сымал көктүн бетине батпай удургуп, чарк айлана учуп калыптыр. Кулак түрдү. Жылаңач адырлардын арасындагы ызы-чууну эшитти. Ал ызы-чуу бирде чаңырык аралаш ачуу каткырык, бирде каткырык аралаш ачуу чаңырык болуп кубулду. Билди. Каңылжаары күнчөлүк жерден кандын жытын алганга жинди каткырыгы чыкканча кутурган көркоо тукуму менен кокту-колотту жаңырта каңшылап, улуган чөө тукуму кардылары жарылганча өлүмтүккө тоюнаарын сезип, туйтуна жаланып-жуктанып, үйүр-үйүрү менен самсып, жортуп калган болучу. Жүрөгү «зырп» этти. Туйду. Бир жамандык болгонун туйду. «Аттиң, бир-биринен беш күнчөлүккө көбүрөк жашоонун кызыгы үчүн кимиси кимисин жутту болду экен?» деп ойлоду Валаам-кечил. Канчасы кырылды? Канчасы аман?

Ордунан атып туруп, этек-жегин чала-була кагынды да колу-башын чайынып алмакка суу жээгине жөнөдү адымдап. Жээкке жакындаганда көргөн көзүнө ишене албай элейди. Эки аягы шиленбей, катып калды ордунда. Тобо! Бу эминеси, капырай? Демейде кашкайып аккан Иордандын көк кашка суусу кызыл түскө боёлуп, кызыл суу болуп агып жатыптыр. Иорданды тааный албай селейди. Эси эңгиреп карап турса, адегенде мала кызыл болуп аккан дарыя бара-бара кочкул кызыл болуп акты. Өзөн толо суу эмес эле, кан-жин агып калды бир маалда. Кан-жиндин көөн жипкирткен иси уруп турду. Көзүнө жаш имериле жаздап, «Кудайдан коркпогондор! Кимиңер кимиңердин түбүңөргө жеттиңер?» деп күбүрөндү.

Канга чыланган өлүктөрдүн суу бетинде калкып, бирден-экиден ага баштаганын көзү чалды. Чалкасынан кулаган бойдон агымдын шарында кетишкен, каршы-терши кескиленген беттерин суу жайпап, бирерлеринин курсактары челкейе-челкейе көөп чыккан, бирерлеринин карды эшилген өлүктөрдү көрдү, эт-бетинен суу кулачтап жыгылганы андан көп белем, көк шилиси менен жону эле карарып араң көрүнүп, ичеги-карды чубалжып, көмкөрөсүнөн агып бараткан өлүктөрдү көрдү. Кимдин ким, кайсы элден экенин ажыратуу кыйын эле. Кимиси кимисин кырып жатканын ажырата албай башы маң. Күн жагы деле кыргын, түн жагы деле кыргын.

Өрүмүнөн жазылып, теңи денеге чапташып, теңи суу бетине жайылган узун чачты көргөндө, олоң чачтуу аялдын сөөгү агып баратканын билди. Артынан дагы бири агып келатты чачы жайылып, анан дагы бири агып келатты. Өчү бар кимдир-бирөө жоон билегин түрүнүп, кош миздүү шамшарын жалаңдата суу башына отуруп алып, өңчөй олоң чачтууну бирден-бирден койчо мууздап жаткансып, анан дагы бири агып келатты чачы жайылып, дагы бири агып келатты чачы жайылып. Кимиси кыргын салса да аял-эркеги деп ылгабай, бир элди боо түшүрө кырганын билди. «Оо, Кудай!» деди, «Кайсы замандан тарта адам мынча мыкаачы болуп калган? Кайсы замандан тарта убал-сообун ойлобой, бир-бирине жамандык издеп калышкан? Бир-бирине жамандык издөөнүн чеги болобу? Мыкаачылыктын чеги болобу?»

Чеги жок экен. Болбойт дагы экен. Аңгычакты кекиртеги шылынган наристелер менен кызыл эт ымыркайлардын сөөгү кылкылдап агып келатканын көргөндө, асманы аңтарылып кеткендей болду. Оо, кудай, наристе менен ымыркайда не жазык!? Ак-караны ажырата элек наристе менен кызыл эт ымыркайда кимдин эмне кеги бар? Кимдин эмне өчү бар? Тиктей албай, тескери бурулду. Аёо дегенди билбеген ырайымсыз кимдир-бирөөнүн мыкаачылыгы ашынып-ташынып турганын болжоду, кан ичмейи кармаган кимдир-бирөөлөрдүн бүтүндөй бир элди биротоло тукум курут кылып, түбүнө жетмейин жандары жай таппай калганын болжоду.

Суу жээгиндеги төбө чачты тик тургузуп, аза-бойду дүркүрөткөн көрүнүштөн качып, өйдөлөй чуркап чыкты тызылдап. Эки жагын каранды. Кимдир-бирөө суу башына эринбей отуруп алып, эринбей өлүк кулатып жаткансып, түн жак деги тынч эмес. Түн жакты жалт карады. Салаңдаган кара булут сымал уюлгуп, жабалактап коноор маалынын оңтоюн издеп, карга-кузгундун айланып учканы эсиңди чыгарат, күн жакты жалт карады. Ошол жакты карап туруп калды. Адырларды этектеп, кара жолдун чаңын ызгытып, жүк артынган төрт эшегин кыдыңдата кубалап, этек-жеңдерин далбактата эшектен калышпай дикилдеп чуркап, жөө-жалаңдап ылдам келаткан топ кишини көрдү.

Эки жагын элтең-элтең карашып, алданемеден сестенип, кебетелери соо эмес. Эстери чыккан эмедей. Куугуну барбы, же бир балээден кутулганынан уламбы, качып келатышкан эмедей. Анда-санда сүйлөнүп коюшат. Тим сүйлөшпөй, жин тийгенсип өз ара буркулдап коюшат. Демин катып тыңшады. Тили буруурак кебинен коңшулаш элдин Иудей чөлү жакка бир өтүп, кайра кайтып келаткандагы кишилерин боолгоп тааныды. Чубата-чубата кербен айдатып, Иудейдин чөлүн аралай катташчу эле, эмне болгон буларга? Жана тыңшады. Анда-санда силкинип-кагынып, эки ооз кеп айткан болушат бир-бирине. Биринин кебине бир кулак салбай, эки ооз кеп айткан болушат да, ошол эки ооз сөзүнүн бири эле мадиандар жайында. «Тирүү мадиан калган жок! Тирүү мадиан калган жок!” деп какшанышат утуру. Ушуну укту. Кулагына шак урунгандан, ушул сөздү даана укту.

Аялдай туруп, маңдайларынан утурлай басты. Алдыларына салган төрт эшекти тынбай чапкылап айдап, катуу келаткан тигилер каршыдагы чоочун кишинин караанын таңазар алышкан жок.

- Тирүү мадиан калган жок! Тирүү мадиан калган жок! - деп буркулдайт өткөн түнкү окуядан кийин эсине келе албай жаткан бирөөсү.

Өң-алеттен кетип, калчылдаган жолдоштору белимчидей кайталап, андан калышпайт:

- Капырай-капырай! Мадиандын тирүүсү бу жалганда калган жок!

- Мадиандын тирүүсү бу жалганда калган жок!

- Ооба, ооба, мадиандын тирүүсү бу жалганда калган жок!

Валаам-кечил дүпүйгөн зейтун багын көлөкөлөп отурчусунда уккан баягы сөздү, каңырыгы түтөгөн баягы абышканын сөзүн эстеди. «Мадиандар кырылганы калды» дебатпады беле кашына келип? Ошону эстеди. Өлүгү тигинтип өзөндүн суусуна кетип, сууга акпастан кара жер жазданып калганы тарп аңдыган ит-кушка жем болуп, жаш-карысы дебей боо түшүп кырылганы - мадиандары турбайбы демек.

Мадиандарды жексен кылууну буюрган кан ичери ким дегени болду экен? «Моше» дегенди укту эле, чала-бучук укту эле, ошо болуп жүрбөсүн? Ооба, ооба, «Моше» деген. «Туз ургур» деп каргашкан. Чын эле ошо болбосун? «Эгер Моше экени чын болсо, Кудайдын каарынан коркпостон, бир элди бир элге тукуруп салган ошол киши кандай неме болду экен?» деп ойлоду. 

Эшек айдагандар тушуна чукул келгенде, мадиандан экенин билгизбей, тигилердин тилинде чалып сүйлөдү.

- Туугандар, жол арытып каяктан? - деди.

Көздөрүн алайтып, чочуп кетти тигилер. Жарагы жок, жай киши турганын көрүп жоошуду. Кыдыңдап желген эшектеринин оозун тартты.

- Кырсык! Кырсык! Бу дүйнөнүн алааматка батканын өз көзүбүз көрүп келе жатабыз! – деп какылдады баштоочусу. 

- Алаамат? Эмне алаамат?

- Ханаан жери кызыл канга өлчөөсү жок боёлду. Израилдин балдары мадиандарды түгөл кырды. Мадиандын аты өчтү, бу ааламда “мадиан” деген калктан тирүү киши калган жок!

- Кантип калган жок?

- Ооба, калган жок. Мошенин буйругу!  

- Мошеңер ким?

- Израил балдарынын көсөмү эмеспи!

- Ашыкпай айтчы, тууганым. Мошенин ал эмине буйругу экен?

- Ээй, тууган, эмнесин гана айталы... Эмнесинен жаңылып-жазышканын ким билсин, иши кылса кечээ күнү, күн көтөрүлөрдөн мурун эле, жер тепкилеп кыйкырган Моше-көсөм Израил балдарына кайрылып, жер жүзүнөн мадиандын аты өчсүн, мадиандын баласын экинчи кулак угуп, көз көрбөсүн деп буйруду. Тыңдап атасыңбы, тууган? Кулак угуп, көз көрбөсүн деп!

- Анан?

- Чоң-кичине дебей жарактарын белендеп, күн мурунтан камдуу турушкан экен өздөрү, Израилдин балдары мадиандын эр кишилерин керели кечке, күн уясына батканча кубалап жүрүп кылычтады. Белчесинен кан кечишип, бирден-бирден кууп жүрүшүп кылычтады. Талаа-түздөн кармалганын талаа-түздөн кылычтады, калаа ичинен кармалганын калаа ичинен качырбай туруп кылычтады. Эрезеге жеткен эркектанасынын бирин да соо калтырбай өлтүрүп чыгышты адегенде. Каршы-терши кулаган өлүктүн көптүгүнөн аяк коёрго жер жок азыр ал жакта. Карга-кузгун менен ит-куштун күнү тууду белем, эркинче тойлоп жатат. Ошонун баарын өз көзүбүз менен көрдүк. Угуп атасыңбы, тууган?

- Киши кишиге башынан өч! Киши кишиге башынан өч! - деди Валаам-кечил.

- Не себептен өчөштүгүн ким билсин, албууттанган Моше-көсөм аны менен токтобой, энеден “мадиан” болуп туулган эркек тукумунун биротоло үзүлүшүн буйруду. Биротоло үзүлүшүн! Көздөрү ойноктоп, кан кечкендин кызыгына баткан Израилдин балдары маалкатып турбады. Бүлөдөн бүлө калтырбай, үймө-үй түрө кыдырып, мадиандардын бала-чакасынын эсебин алган соң, кызыл эт ымыркайына чейин бирден мууздап чыгышты. Бирден мууздап чыгышты! Уул экени билинер замат шамшарларын шилегилеп, бешиктегисин бешиктен мууздашты, энесинин колундагысын энесинин колунан чырылдата жулуп алып мууздашты. Израил балдары кыйгуулап кыйкырып, жарагын булгалап ары-бери чуркаган сайын, жер тепкилеп айкырган Моше сүрөөн салып, шыктандырып турду.

- Шордуу энелер! Шордуу наристелер!

- Энелери гана эмес, мадиандын мүлдө ургаачысы шордуу экен! Эркектеринин айынан алар да бөөдө кыргын таап алды. Жаасы катуу неме тура Мошеси, “өмүрүндө эркек көргөн, эркек жыттап, эркек жологон ургаачысы эзели тирүү калбасын” деди эле, чуркурап ыйлаган катын-калач, кыз-кыркынды чубатып, Израилдин балдары көсөмүнүн айтканын айтканындай аткарды. Ээй, тууган, өңгөдөн да ургаачынын кан кусуп, көк айрыган кыйкырык-чуу аралаш чалгы менен чапкандай кыйрап, миңдеп-миңдеп кырылганы үрөйдү жаман учурат экен, көргөнүбүз эмгичекти көз алдыбыздан кетпей, уккан ызы-чуубуз кулак тушта жаңырып, эсибизге келе албай келебиз. Ошону менен кайран мадиан тукуму жексен болду! Жексен болду!

- Бечара адам тукуму акыр заманга чейин эле бирин-бири кырып салмай болгон го! Мадиандарды түгөл жуткудай Мошеге эмне күч келген?

- Жараткан Кудайдын буйругу ошондой имиш!

- Кудайдын буйругу ошондой имиш!?

- Ооба. Мошенин айтуусунда, мадиандар тукуму адамзатты туура жолдон адаштырып, тетири жолго азгыруу үчүн жаралган кырсыктуу журт имиш! 

- Кудайды да, кишилерди да алдагысы келген ал кандай неме!?

- Билбейбиз, Кудай урсун, анысын билбейбиз.

- Колун канга кошо чылагандары кимдер? Жалаң Израилдин балдарыбы же...

- Андайлары болду. “Мошеси айтып жатканда, үлгүрүшүбүзчө өлтүрүп калалы” деп кыйкырып, кош миздүү кылычын ала жүгүрүп, Израил балдарына кол кабыш кылгандар да болду арасында.

Улуусу безилдеп сүйлөп жатканда, кечээ түнкү окуяны кайра баштан укканга калчылдап чыккан жолдоштору баштарын ийкегилеп, кубаттап турушту.

- Силерчи? - деди Валаам-кечил.

- Мадиандын тирүүсүн көрсөк эле колу-бутун таңып, Израил балдарынын алдына жыгып берүүнүн милдетин мойнубузга алганбыз. Ошол убада менен бошонуп чыктык, тууган.

Үнсүз-сөзсүз мелтиреп, саамга тиктешип калышты. Баятадан чалып сүйлөгөн Валаам-кечил таза мадиан тилинде:

- Андай болсо, мен - мадиандан элем! – деди.

Дароо түшүнө алышпай, дароо ишене алышпай, тигилер көздөрүн чакчайтты.

- Мадианмын, - деди Валаам-кечил камаарабай.

- Ччч... Чын эле... Чын эле мадиансыңбы? - деди баштыгы кекечтенип.

- Ооба, мадианмын. Көрүп турбайсыңарбы!

- Биз... Биз сени колу-бутуңан байлап барып, яхудилерге тапшыруубуз керек. Өтөөчү милдетибиз ошондой.

- Каршы эмесмин. Бирок шартым бар: кенейилик Мошенин өзүнө алпарып, өз колуна тапшырууга кудуретиңер жетеби? - деди Валаам-кечил. - Өтүнүчүм ушул: колуңардан келсе, Мошенин өзүнө алып баргыла, алдына алып баргыла.

Тигилер бир-бирине элейе тиктеп, айткан шартына кулак салышкан жок.

- Эмне турасыңар жалдырап!? Байлагыла! – деди сакалдуусу.

Өктөм чыккан үндү угаар замат тигилер эсин жаңыдан жыйган немедей Валаамды көздөй жабыла жүткүнүштү. «Тез! Тез!» деп чурулдашты. Четки экөөсү арканды эстеп, бурула калып, эшектин канжыгасындагы арканга чуркашты. Арканды ала чуркашты. Биринин колунан бири талашып, чубап ийишти. Качырып ийчүдөн бетер эси чыккан дагы экөөсү аттап-буттап жетип барып, Валаам-кечилди каруудан чап кармап, ийниндеги тар куржунду сыйрып ыргытышып, эки колун дароо артка толгошту. Катуу толгошту. «Бачым бол! Бачымыраак бол!» деп кыйкырышты. Валаам-кечил «былк» этпей туруп берди. Аркандын бир учун мойнунан арта салышып, бекем тартып, арчындап байлап жатышканда да ой-санаасы менен гана алпурушуп, үн чыгарган жок. Санаасында Мошеге жолугууну гана самады.

«Мошеге жолуга аламбы же маңдайдан кез келген баш кесерине салып беришеби? Мошесине жолуга аламбы же жокпу? Кудай-кудай, жолуктура көр. Жолугуп өлөйүн. Маңдай-тескей келсем, айтып калчу сөзүм бар эле, айтчумду айтып өлөйүн. Эки ооз гана сөзүм бар эле. Оо, Жараткан, жүз көрүштүрүп, жолуктура көр, жолуктура көр Мошеге. Айтышым керек мен ага, ансыз дагы күнөөсү ашынып, Кудайга иши жакпай турган адам баласынын күнөөсүн оготер эселетип оорлотконун айтышым керек. Көзүнө тик багып, бетине айтышым керек...» - дейт ой-санаасында.

Тигилер Валаам-кечилдин эки колун артына кайрып таңып, арканды мойнунан белине чейин айлантып, чырмап байлашкан соң, эшектерин башка-көзгө чапкылап буруп, яхудилердин жерин көздөй ашыгычтуу жөнөштү.

- Кенейилик Мошенин маңдайына алпарууга кудуретиңер жетеби? – дейт Валаам-кечил.

Кабактарын ачпай түнөргөн немелер өз ара ачуулуу буркулдап, суроосун кулактын сыртынан кетиришти. Кыдыңдаган эшектерин утур сооруга чапкылап, мөөрөй алчудай ашыгып коюшат. Төрт эшекке куйрук улаш дегдеңдеп бараткан Валаам-кечилди утур бирөөсү колундагы таягы менен эки далынын ортосуна кезек-кезек укуп коёт.

Иудейдин чөп өнбөгөн боз чаптуу адырларын аралап келатышты. Ошол боз чаптуу адырлардын такыр боорун аңдып, тарп аңдыган кузгун менен таз жорунун төбөдөн кетпей айланып, каалгып учканы көрүнөт. 

“Кеп-сөзгө келишеби” деген үмүт Валаам-кечилдин көңүлүнөн кетпейт. Айдап алгандардын таягынын учу кош далынын ортосун оюп ийчидөй сайылып, укушкан сайын, мойнун кыйгачтана буруп, сурап калат:

- Алпарууга чамаңар жетеби?

“Бурк-бурк” эткенден башка тыңгылыктуу жооп уга албай убара. Ансайын бушайман. “Мошеңердин кашына жетсем эмине! Кездешип калсам эмине!” – деп күбүрөнөт. 

Валаам-кечил кайталап сураганын койбоду, айдагандар өз ара буркулдап, таяктын учу менен эки далынан ортосуна сайгылап, кабырга тушка укушуп, шаштырганын коюшпады. Боз чаптуу адырлардын койнундагы буйткалуу, кууш коолорго жайгашкан майда конуштар бар, ошолорго жакындап калышты окшойт. Беймаалданган дабыш чыкты. Илгерилеген сайын кокту ичинен киши-каранын үн салганы даана угулду. Катуу жүргөнгө энтигишип, жүрүштөрү жайлады. Имерилишке чукулдаганда Валаам-кечилдин тынчы кете баштады. Жүрөгү дүкүлдөдү. Күбүрөнүп, көзүн сүздү. Көзүн сүздү да ичинен төлгө кылып, күбүрөнгөн бойдон арышын майда таштап кете берди: “Мошесине жолуктурушабы же жокпу? Жолуктурушабы же жокпу? Моше...”.

Каардана кыйкырган үн жаңырды. Көзүн чоң ачты.

- Тирүү мадиан калдыбы? Жашырбай айткыла! Жашырганыңарды катаң жаза күтүп туру! Тирүү мадиан калдыбы? – деп кыйкырган желдетти көрдү.

Жалаңдаган кош миздүү кылычын сундура кармап,  тике маңдайдан утурлай басып келатыптыр.

Комментарий калтырыңыз