Ги де Мопассан: Аялдын ыйман сыры

  • 23.12.2022
  • 2089

АҢГЕМЕ

Досум, сиз менин өмүрүмдөгү эң эле эсте калган жаркын эскерүүлөрдү айтып берүүмдү өтүнүпсүз. Мен абдан эле карыдым, жөлөп таяй турган тууганым да, балдарым да жок, ошондуктан сизге ыймандай сырымды ачык айтып, тобо кылар жолум ачык. Бир гана суранарым, менин атымды ачык айтпайм деп убада берсеңиз.

Мени көп жолу сүйүштү, сиз мындан кабарыңыз бар, мен өзүм деле махабатка ышкылуу элем. Мен абдан сулуу элем, эми ал жамалымдын изи да калбаганда ушинтип айта берсем болот ко. Сүйүү мен үчүн – аба менен дененин жашоосу болгондой эле жан дүйнөнүн жашоосу эле. Мен кимдир-бирөөлөрдүн сүйүп эркелетүүсү жок жашоодон кечип кеткенге да кайыл элем, кимдир-бирөө дайыма мени ойлоп, эңсеп туруусун каалачумун. Өмүрүмдө жүрөгүм менен берилип бир ирет гана сүйгөнмүн деген аялдар көп. Мен болсо акылымдан адашкычакты ушунчалык көп сүйдүм, мендеги ышкынын оту түгөнөрүнө дегеле ишенчү эмесмин, бирок ал дайыма отун жетпеген мештей болуп бара-бара өзүнөн өзү өчөр эле.

Бүгүн сизге башымдан өткөн алгачкы окуяларымдын бирин айтып бергим келди, ал окуяда менин ныпым күнөөм жок эле, бирок кийинки жасаган бардык күнөөлөрүмө жол ачкан так ошол окуя болгон. 

Мени Эрве де Кер деген бай графка күйөөгө беришкенине бир гана жыл болгон, мен аны албетте, сүйчү эмесмин. Менин оюмча чыныгы сүйүү эркиндикке, ошол эле маалда тоскоолдуктарга да муктаж болушу керек. Милдет катары сүйүү, мыйзам жана чиркөө тарабынан бекитилген сүйүү да сүйүүбү? Мыйзамдуу өбүшүү эч качан ички арзуу менен өбүшкөнгө тең келе албайт.  

Күйөөм узун бойлуу, сымбаты келишкен, сырт келбети жагынан чыныгы дворянин эле. Бирок акылы жок болчу. Оюндагысын кылыч шилтегендей тарс эле бетке чапчу. Анын акылы атасы менен энеси үйрөткөн даяр ишенимдерге толо экени сезилип турчу. Ал эч качан олку-солку болчу эмес, баары жөнүндө өзүнүн абдан чектелген пикирин эч бир токтолбой, опоңой эле айта салчу, башка көз караштар да болушу мүмкүн экенин түшүнчү эмес. Бул алысты көрө албаган адам экени, ал эшик-терезеси ачык үйгө арылдап кирген шамалдай акылды жаңыртып, чыйралткан идеяларга жабык экени сезилип турчу.      

Биз жашаган сепил ээн жерде эле. Бул калдайган кунарсыз, килейген эшиктер менен курчалган курулуш эле; аны каптап кеткен пөпөнөк[1] абышкалардын апакай сакалын элестетчү. Токойго айланып кеткен парк биердегилер «бөрү зындан» деп атап коюшкан терең чуңкур менен курчалып турар эле, ал эми парктын тээ этегиндеги ээн жерде камыш менен балык баскан эки чоң көлмө боло турган. Күйөөм аларды кошуп турган өзөндүн жээгине жапайы өрдөктөргө мергенчилик кылуу үчүн чакан алачык курууга буйрук берген.      

Сепилде кадимки эле үй кызматкерлеринен тышкары оройлугу айбандан калышпаган, бирок күйөөмө тимеле өлөрчө берилген кароолчу, мени гана айланчыктап жанымдан чыкпаган, мага курбудай болуп калган кызматчы кыз бар эле. Мен аны беш жыл мурда Испаниядан алып келгемин. Ата-энеси таштап кеткен бир байкуш кыз эле бул. Көзү-кашы капкара, дайыма жайылып жүрчү токойдой коюу чачтуу, цыган кызды элестетер эле. Ошондо ал он алтыда болчу, бирок кебетеси жыйырма жаштагыдай. 

Күз келген чагы. Биз кээде кошуналардыкында, кээде өзүбүздүн жерлерде аңчылык кылып жүрдүк. Ошондо барон С. аттуу жаш жигитке назарым түшүп, ал биздин сепилге бат-баттан келчү болду. Анан эле келбей калды, мен аны эстеген деле жокмун, бирок күйөөмдүн мага жасаган мамилеси кескин өзгөргөнүн байкадым.

Унчукпай түнөрүп, кыжалаттангандай түрү бар, мени өппөй да, мага кирбей да калды, бирок ага карабай бир азга болсо да жалгыз калайынчы деп өзүнчө уктоочу бөлмөгө которулуп алдым. Түн ортосунда анын акырын шыбырт алдырбай басып келип эшигимди тыңшап, анан кайра кетип жатканын угуп жүрдүм. Менин терезем ылдыйкы кабатта болгондуктан, көзүмө түнүчүндө кудум бирөөлөр сепилди айланып жүргөндөй көрүнчү. Муну күйөөмө айттым эле, ал мени саамга тикирейе карап турду да анан:

- Эч нерсе эмес. Кароолчу айланып жүрсө керек, - деп койду.

Бир жолу түшкү тамакты ичип бүтүп калганда адаттагыдан куунак түр көрсөткөн Эрве менден сурап калды:

- Алачыкта үч сааттай болгуңуз келеби? Күндө түнкүсүн келип менин тоокторумду жеп кеткен түлкүнү атабыз. 

Мен таң калып, ойлоно түштүм, ал болсо тимеле тикирейе карап турду.

- Албетте, досум, - деп ага жооп узаттым.

Айтып коюшум керек, мен карышкыр менен каманга эркектерден кем эмес аңчылык кылчумун. Ошондуктан алачык туурасындагы сунуш мен үчүн табигый нерсе эле. Бирок менин таң калганым, күтүлбөгөн жерден күйөөм итиреңдеп: ал кеч бою бирдемеге абдан толкунданып, ордунан бир туруп, кайра отуруп, чебелектей берди. Саат ондорго жакын калганда ал мага минтти:

- Сиз даярсызбы? 

Мен ордумдан турдум, ал мага мылтыкты өзү алып келип бергендиктен сурадым:

- Ок салайынбы же бытырабы? 

Ал таң кала түштү да анан жооп узатты:

- Бытыра эле салсаңыз жетиштүү, мага ишене бериңиз.

Анан бир аздан соң таң каларлык үн менен кошумчалады:

- Сиз суук кандуулугуңуз менен мактансаңыз болот экен.

Мен күлүп жибердим:

- Менби? Эмнеге? Түлкү атканга да суук кандуулук керек бекен? Башыңызга деги эмне ой келди, досум?

Ошентип биз дабыш чыгарбай паркты көздөй жөнөдүк. Үйдөгүлөрдүн баары уйкуда эле. Толукшуган ай кунары качкан эски имаратты жылтыраган сары түстүү шыйпыр чатыр менен жаап тургандай көрүнөт. Ай жарыгы эки мунарачанын төбөсүнөн бөлүнө тийип турду, жагымдуу да убайымдуу, үп, назик түндүн тынчтыгын бузган шырп эткен шарпа жок, айлана мемиреп тынч. Аба да катып калгандай, бакалар чардабай, үкүк да үн салбай, баары өлүү тынчтыктын кучагында мемирейт. 

Парктагы бактын түбүнө жеткенде сыдырым салкын жел бетимди аймалап, мурдума жалбырактардын жыты урду. Күйөөм бир сөз айтпай, аңчылыктын кумарына бериле теребелге кулак түрүп, тигиле карап, жыттагылап жатты. Дагы арыраак баса түшүп, көлмөлөргө жеттик.   

Аларды баскан камыш да леп эткен жел жок, каткандай турат, кээде гана суу бетинен көзгө урунбаган майда бирдемелердин чыбырчыктап чуркап өткөнү байкалып турду. Кез-кезде суу бетинен кандайдыр бир чекит көзгө урунуп, андан жарыкка чагылышкан бырыштай чексиз жеңил тегерекчелер тарап жатты.     

Биз буктурма коёр алачыкка жеткенде күйөөм мени алдыга өткөрдү да анан шашпай мылтыгын октоду; затвордун кургак тырс эткени мага башкача таасир этти. Мени калтырак басканын сезген күйөөм мындай деди:

- Балким сизге ушу сыноонун өзү эле жетишер? Анда кетиңиз бул жерден.

Мен айран таң калдым:

- Жетишпей этпей эле. Мен бул жакка куру кол кайтайын деп келген эмесмин. Эмне эле болуп атасыз бүгүн?

- Мейли, сиз эмне кааласаңыз, ошол, - күңк этти ал.

Биз кыймылсыз катып тура бердик. Кыязы, жарым сааттай убакыт өттү, күзгү түндүн тынчтыгын бузган шырп эткен кенедей дабыш болбогондуктан, мен акырын шыбырап сурадым:

- Сиз жырткыч так ушул жерден өтөрүнө ишенесизби?

Эрве тимеле мен бир жерин тиштеп алгандай селт эте түштү да, эриндерин кулагыма такап жооп кайтарды:

- Бөркүмдөй ишенем.

Тынчтык андан ары уланды.

Көзүм илинип кетсе керек, күйөөм колумду мыжыга кармап, бышылдап өзгөрө түшкөн үнү менен минтти:

- Көрүп атасызбы, ал тигине, дарактын түбүндө турат?

Канчалык тирмие карасам да эч нерсени көрө албадым. Эрве мылтыгын акырын ийинине илди да көзүмө тигиле карады. Мен да атканга даярданып калгам, бир оокумда бизден отуз кадамдай ары жактан ай жарыгында эңкейип алып бат-баттан баса качып бараткансыган адамдын сөлөкөтү көрүндү. Мен эсим ооп катуу кыйкырып жибердим, так ошол учурда көз алдыман от дүрт этип, мылтыктын атылганына кулагым тунуп калды да, жанагы кишинин ок тийген карышкырдай кулап түшкөнүн көрдүм.

Жүрөгүм түшүп, өзүмдү жоготкондуктан катуу кыйкырып жибердим эле, бирок кутургансыган Эрвенин колу мени тамактан алды. Ал мени жерге кулатты, анан өзүнүн шадылуу колдору менен өйдө көтөрдү, ошол бойдон көтөрүп барып чөптө сулап жаткан неменин денесин көздөй ушундай бир күч менен ыргытты дейсиң, тимеле менин башымды жаргысы келгендей эле. 

Мен өлүп баратканымды сездим: ал мени жайлап салайын деген экен. Маңдайымдан тепсеп салчудай өтүгүнүн такасын жаңы эле көтөрүп келаткан, бир оокумда бирөө аны капшыра кармап, жерге сулата урду. Мен эч нерсеге түшүнбөй дендароо болуп турдум.  

Ошол замат ыргып турдум, менин кызматчы кызым Пакита аны тизеси менен ныгыра басып туруптур. Ал өң-алеттен кете кутурган мышыктан бетер Эрвеге чып жабышып, анын сакал-мурутун жулмалап, бетин тытып атыптыр.

Анан оюна башка бирдеме келгендей шак турду да өлүктү баса жыгылып, анын көздөрүнөн тирүүлүктүн демин тапканга аракеттенип, эриндеринен өпкүлөдү. Бул махабаттын эң жогорку чеги эле.

Ордунан турган күйөөм аны эсеңгиреп карап турду. Баарын түшүндү окшойт, бутума чөгөлөп кыйкырып жиберди:

- О, кечир мени, кымбатым, мен сага шектенип, мына бул кыздын сүйгөнүн өлтүрүп алдым! Мени кароолчу алдаган экен!

Мен болсо жүрөгүм түшө тирүү аялдын өлүктү өпкүлөгөнүн карап, муңкана эчкирип ыйлаганын угуп, тагдыры тайкы махабатына талпынып атканын көрүп турдум.

Мына ушул учурдан тарта мен күйөөмдүн көзүнө чөп сала турганымды түшүндүм.   

Кыргызчалаган Бахтияр ШАМАТОВ

[1] Мох.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз