Биздин замандын парадоксу, бийик имараттарыбыз бар, бирок чыдамдуулугубуз төмөн, кең магистралдарыбыз бар, бирок пейилибиз тар.
♦ ♦ ♦
Биз көп сарптайбыз, бирок тапканыбыз аз; көп нерсе сатып алабыз, бирок аз ыракат алабыз.
♦ ♦ ♦
Чоң үйлөрдө жашайбыз, бирок үй-бүлөлөрүбүз кичине, ыңгайлуулуктарыбыз жакшы, бирок убактыбыз аз.
♦ ♦ ♦
Көп билим алабыз, бирок акылыбыз аз, билимибиз бар, бирок кырдаалды баалай албайбыз, билермандар көп, бирок көйгөйлөр андан көп, дары-дармек толтура, а ден соолук начар.
♦ ♦ ♦
Көп ичебиз, тамекини көп чегебиз, ойлонбой чыгымдайбыз, өтө аз күлөбүз, өтө ылдам айдайбыз, тез ачууланабыз, өтө кеч жатабыз, уйкубуз канбай чарчап турабыз, китепти аз окуйбуз, интернеттен башыбыз чыкпайт, кудайды аз эстейбиз.
♦ ♦ ♦
Дооматтарыбыз көбөйдү, баалуулуктарыбыз азайды.
♦ ♦ ♦
Көп сүйлөйбүз, аз угабыз, сүйгөндөрүбүздөн жек көргөндөрүбүз арбын.
♦ ♦ ♦
Жашоого жармашабыз, бирок кантип жашашты билбейбиз.
♦ ♦ ♦
Айга учуп барып келдик, бирок көчөнүн аркы бетиндеги жаңы кошунабыз менен тааныша албайбыз.
♦ ♦ ♦
Биз космосту багындырабыз, бирок рухий мейкиндикти эмес.
♦ ♦ ♦
Биз чоң иштерди жасайбыз, бирок эң жакшы иштерди эмес.
♦ ♦ ♦
Биз абаны тазалайбыз, бирок жан дүйнөнү булгайбыз.
♦ ♦ ♦
Атомду баш ийдирдик, бирок эскичилдигибизден арыла албай жүрөбүз.
♦ ♦ ♦
Биз көп жазабыз, бирок билгенибиз аз.
♦ ♦ ♦
Көп долбоорлорду түзөбүз, бирок жетишкендиктерибиз аз.
♦ ♦ ♦
Шашып жашайбыз, бирок күткөндү үйрөнбө албадык.
♦ ♦ ♦
Мурдагыга караганда көбүрөк маалыматтарды сактай билген акылдуу компьютерлерди чыгардык, бирок ортобуздагы баарлашуулар азайды.
♦ ♦ ♦
Азыр тез тамактануунун жана начар сиңирүүнүн, чоң адамдар менен кичинекей жандардын, тез кирешелердин жана татаал мамилелердин мезгили.
♦ ♦ ♦
Азыр үй-бүлө кирешелери өсүп, ажырашуулар, кооз үйлөр көбөйүшү, үй-бүлө очоктору талкаланышы көбөйгөн мезгил.
♦ ♦ ♦
Текчелери толгон дүкөндөрдүн жана бош кампалардын мезгили.
♦ ♦ ♦
Технология бул электрондук почтаны сизге жеткизип берүүгө, ошол эле учурда аны бөлүшүүгө же жөн гана "Жок кылуу" баскычын колдонууга мүмкүнчүлүк берген заман.
♦ ♦ ♦
Кыска аралыктар, бир колдонулган памперстер, бир жолку пайдаланылган адеп-ахлак, бир түндүк катнаштар; ашыкча салмак, бардыгын жасай турган таблеткалар: бизди толкундантат, тынчтандырат, бизди өлтүрөт...
♦ ♦ ♦
Эсиңизде болсун, сиз сүйгөн адамдар менен көбүрөк убакыт өткөрүңүз, анткени алар түбөлүккө сиз менен болбойт.
♦ ♦ ♦
Эсиңизде болсун, төмөн жактан сизге суктануу менен карагандарга жакшы сөздөрдү айт, анткени бул кичинекей жандык жакында чоңоюп алса сизди теңине албайт.
♦ ♦ ♦
Эсиңизде болсун, сүйүктүү адамыңызды бек кучактап мээрим төгүңүз, анткени бул сиз чын жүрөктөн бере турган бирден-бир чоң жана бекер байлык.
♦ ♦ ♦
Эсиңде болсун, эң жакын адамыңа "мен сени сүйөм" деп айт, бирок адегенде чындап сүйөөрүңдү сез.
♦ ♦ ♦
Эсиңизде болсун, өбүшүү, кучакташуу жүрөктөн чыкканда гана ар кандай кыйынчылыктарды чечкенге жөндөмдүү.
♦ ♦ ♦
Эсиңизде болсун, жакыныңыз менен кол кармашып чогуу жүргөн көз ирмемдерди баалай билиңиз, анткени бул адамды бир күнү жаныңыздан таппай каласыз.
♦ ♦ ♦
Сүйүүгө, баарлашууга жана билгендериңизди бөлүшүүгө убакыт табыңыз. Анткени жашоо жөнөкөй дем алуу менен эмес, жан-дүйнөңдүн алып учкан көз ирмемдери менен өлчөнөт!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
- Telegram
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Viber
- Skype