Советтер Союзунда өткөн кылымдын 80–90-жылдарында саясы маңыздагы жана саясатташтырылган жыйындар, пикеттер, иш таштоолор, ачка кесерүүлөр тынбай өтүп, айрымдар аларды коомдук түзүлүштүн оңолушу үчүн уюштурса, кайсы бирөөлөр үчүн ал акциялар эриккендеги эрмек, дагы бирлер үчүн ынтымакты ыдыратууну көздөгөн ээнбаштык болгон. Буга окшогон жосундар Совет бийлиги тажатма системага айланып, картайып да, каржалып да калганынын белгиси болчу.
Бийлик төбөлдөрү аны билген жок, билгилери да келбеди. Мурдатан кандай тартип, кандай баш ийүү жана баш ийдирүүлөр болсо, ошол адаттан тайбай кете берүүнү көздөгөн. Бирок турмуш, коомдук аң-сезим анттирбеди. Системадагы сенектик, бюрократизм кесепеттери, компартия жетекчилигиндеги фарисейчиликтин залакасы, сөз менен иштин айкалышпаганы, 1980-жылы коммунизм курууларын убада кылган ооз көптүрүү СССР Жогорку Советинин сессиясында шылдың менен сындалды.
Советтер Союзунун Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин генеральный секретары М.Горбачев менен атактуу академик, Лениндик жана Нобель сыйлыктарынын лауреаты А.Сахаров экөө бири сессиянын президиумунда отуруп, бири трибунада туруп акыйнек айтышканы эсибизде. Балтика боюндагы Латвия, Литва, Эстония республикаларынан шайланган депутаттар «чет өлкөлөр менен келишим түзүп, соода-сатык иш жүргүзүү укугун өзүбүзгө бергиле» деген саясы эмес, экономикалык өтүнүч менен Совет бийлигиндегилерге кайрылганы да эсибизде. Тилекке каршы, М.Горбачев баштаган бийлик ээлери моюн толгоп, көнбөгөн соң алиги үч республиканын өкүлдөрү «силер антсеңер, биз минтебиз» дегендей Жогорку Советтин каалгасын карс жаап, кылчайбай чыгып кеткени да эсибизде. СССРдин ыдыроосун ошол окуя тездеткен деген ойдо жүрөм.
Ал окуяга удаа Совет өкмөтүнүн жетекчиси Н.И.Рыжков чет өлкөлөр менен соода-сатык келишим түзүүгө тыюу салган көрсөтмөсүн союздук республикаларга жөнөтүп, СССР келечегин артык кылам деп тыртык кылып алганына акылы жетти бекен ошондо? Жетсе антпейт эле го. Кыргызстанда окуянын ылдам өнүгүшүндө жалпы союздук кырдаал менен бирге КДКнын да таасири орчундуу орунда болду. КДК демекчи... Бул биримдик уюшула элек кез анда. «Перестройканын» дымагына шыктанып жүргөн чагыбыз. Эски аянттагы алгачкы өкмөт үйүнүн батыш өңүрүндөгү биринчи кабатта Казат Акматовдун бир кичине кабинети бар эле. Ошого Төлөмүш экөөбүздү телефон чалып чакыр ды. Барсак Казат Абдыганы Эркебаев экөө отуруптур. Учурашып, тамаша-чын аралаш а-бу дешкенибизче дагы бир-экөө келип калды.
– Партиянын баркы кетти. Жаңы партия түзөлү деген ой бар, кандай дейсиңер? – деди Казат.
– Партиядан эл тажады, партия деген сөздү укса эле чалкасынан кетет. Башка бир уюм түзгөнүбүз туура болор дегениме көп ойлонуп отурбай макул болушту.
Эмне уюм түзөрүбүздү билбей, атын таппай эки-үч күн баш катырдык. «Ассоциация» десек, эл түшүнбөчүдөй. «Институт» дегенде да болбойт. «Фронт» десек согуштан көңүлү калган эл-журттун жүрөгү түшөт дедик. Акыры «Кыргызстан демократиялык кыймылы» дегенди жактырдык. Уюмдун уставын жазып, статистика башкармалыгына, юстиция министрлигине, дагы кайсы бир жактарга өткөрчү документтерди камдап, нотариуска бекиттириш керек экен. А жагын бүтүрүштү Казат мойнуна алды. Комсомолдо, Борбордук партия комитетинде иштеп жүрүп, мындайдын жөн-жайын билген, тажрыйбасы бар жигит «рабочая группа» түзүп, жумуштун формалдуу жагын аягына чыгара турган болду.
Театр ишмерлер союзунда иштечүмүн. Төрагабыз Чолпонбек Базарбаев. Кабинетине кирсем, анда Кудайдан жөө качкан, мансапкорлугу жанда жок, өзүмчүл неме отуруптур. Атын айткым келбейт.
– Бексултан Жакиевич, булар бир уюм түзүп атыптыр, ошого кирбейлиби? – деп Чолпонбек мурутунан жымыйды.
– Ал эмне уюм экен? – десем, алиги неме:
– КДК, Демократическое движение Кыргызстана деген уюм! – деди мага кыжыры келгендей бурк этип. Аң-таң боло түштүм:
– Эй, сен кайдан КДК болуп жүрөсүң?! – дедим.
– Түздүк! Документтери даяр, бүгүн-эртең Минюст бекитет! – деп тиги кыйынсына сүйлөдү.
Жаңы уюм пейил-ниети таза, ыймандуу жарандардын башын кошот деген ойдо элем, шылуундар кирип алганына кейидим. Эртеси Казаттын кабинетине алгачкы беш-алтообуз чогулдук.
– КДКнын документтерин «рабочая группа» бүтүрдү. Нотариус, тиги-буга анча-мынча акча төлөшүбүз керек, 5 сомдон чыгарсак жеткидей, – деп калды Казат.
Беш сомдон, андан ашыгыраак да бере салдык.
– Казат, КДКга Кудайдан жөө качкандар кирип кетиптир. Андайлар менен бир уюмда чогуу жүрө албайм. КДКга каршымын деген кеп эмес бул деп мүчө болбосуму айттым.
Төлөмүш менен Абдыганы да мүчө болбой чыгып кетишти. Кийин көп деле убакыт өтпөй Кыргыз драма театрынын имаратында КДКнын уюштуруу съезди өттү. Ага биз байкоочу катары да чакырылбадык. Чакырылбасам да КДКнын туура сыяктанган иштерин колдоп келдим.
* * *
Ажалга кара жанын сайып коюп, байыртан азаттыкты эңсеген кыргыз калкы кылымдап эркиндиктен үмүт үзбөдү. Узак тарыхында башынан далай оош-кыйыш тагдырды өткөрдү. Жеңген учуру да, жеңилген учуру да болду. Ансыз тагдыр болбойт экен. Кыргыздар жашоо-тиричиликтин, табияттын, жан-жаныбарлардын адам өмүрүндөгү маани-маңызын, кыялдануусун ташка, аска-зоого, кайышка, жыгачка жазды, кийизге түшүрдү, улуу «Манас» трилогиябызда, «кенже» деп эркелетип аталган залкар эпосторубузда, ыр-күүлөрүбүздө, жөө-жомок, уламыш, санжыра, илимий изилдөөлөрдө баяндады. Кайсынысын албайлы мунун баары кыйын доордун кыстоолоруна туруштук берип, эл катары өзүн өзү сактап жүрүүнүн руханий үлгүлөрү...
Демек, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекети ата-бабанын тукумдан тукумга уланган азаттык күрөшүнүн чексиз кымбат, ыйык үзүрү. Баса, 1930-жылдардагы Волга боюндагыдай, Украина, Казакстандагыдай Совет өлкөсүн тегиз каптаган оор ачарчылык Кыргызстанды буйтап өтмөк эмес. Ашык-кемин калтырбай мамлекетке өткөрүлчү элдеги эгинди толугу менен төктүрбөй ошол кездеги өкмөт башчы Жусуп Абдрахманов кыргыз калкын ачарчылыктан сактап калган. Бул коллективдүү чечим эмес, эл тагдырын кара жанынан артык көргөн Абдрахмановдун чечкиндүүлүгү, каары катуу бийликтин жазасына керт башын сайып койгон эрдиги. Советтик түзүлүштүн мындай «душманын» соо койчу беле, дароо иштен алып, кийин атып тынышкан.
Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганда чечекейибиз чеч боло сүйүнгөнбүз. Жерге батпай дардаңдадык эле го ошондо! Кыргыздар барды-жокту тең бөлүшкөн бирине көбү, көбүнө бири күйүмдүү ынтымагы бекем эл болобуз эми деп көңүлдү көккө учурдук эле го ошондо! Жаңылыппыз. Өз көмөчүнө күл тарткан карөзгөйлөр чар учкандай жоголчудан бетер кыялга баттык эле го ошондо! Көрсө, өзүбүздү өзүбүз алдаппыз. Бийликти ач көз, талоончулар ээлеп алып, элди итке мингизди, өлкөнү сазга тыкты. Ошондогу жеп-жутмай, жемкордук илдеттен дале кутула албай жүдөп келатабыз. Өткөн учур жөнүндө сөздү узартуу оюмда жок эле, экономикалык оор кырдаал айтууга аргасыз кылды. Анын жөнү бар. Биринчи кыргыз президенти Аскар Акаев мени маданият министри бол деди. Көнгөнүм жок.
– Маданияттын жайын билесиз, кадырыңыз бар, макул болуңуз, – деп эки-үч курдай айтып жиберди.
– Аскар Акаевич, элге айлык тийсе тиет, тийбесе жок. А дагы ичкилик, тамеки түрүндө берилчү болду. Жарыбаган жашоо азыр. Шаар ичи тынч эмес, караңгыда жалгыз-жарым киши көчөгө чыкпай калды. Чечиндирип кетмей, өлтүрүп кетмей. Ошондон улам автобус, троллейбустар да эрте токтотулуп, театрга барган киши жок, коркконунан театрыбыз спектаклдерин иш бүткөндө баштабай күндүз саат төрттө баштачу болду. Кино тартылбай токтоду. Китеп дүкөндөр менчикке кетип, арак дүкөндөрүнө айланды. Кыскасы, маданият министри иштей турган иш жок азыр, Аскар Акаевич. Министр деген «атагы» үчүн гана кантип макул болом? Же бир артиске үй бергенге жарабасам... – деп баратсам президент:
– Министр болуп туулгансып жутунгандын канчасын көрдүм, сиз болбойм деген экинчи кишисиз. Кызмат сунушталганда эч кимге айтпа дешет ко адатта. Айта бериңиз. Үй-бүлөңүз, жолдошторуңуз менен кеңешиңиз, – деди.
– Кеңешсем-кеңешпесем деле боло албайм, Аскар Акаевич, – дедим.
– Дагы ойлонуңузчу. – Акаев бир алма сунду. Ырымдаганыбы, же куттуу жерден кур чыкпасын дегениби? Түшүнбөдүм.
– Небереме ала барып берейин, – деп алманы чөнтөгүмө томпойтуп салып койдум.
Кийин Акаев Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри Абдыганы Эркебаевди арага салып, радиотелекомитетин жетектеген кызматка чакыртты.
– Ал жер кыйын, чатак, барбайм, – десем, Абдыганы:
– Жеңил ишти эңсеп жүрөм деңизчи? – деди жактырбай.
– Жеңилин айтпайм. Жетектегенге жараша радиотелени современный технология менен жабдышым керекпи? Германия, Япония, Америкага чейин адистерди жиберип, тажрыйба чыңдоо милдетимби? Анын баары акча. Акчаңар барбы? Жок! Менде да жок. Ахвал оңдогону жетектебейле каршылашкандардын чатагын териштирип каламбы? Кыйындыгы ушу да. Андайга мен жарабайм, – десем, Абдыганы унчуккан жок. Ушуну менен кызматка чакыруу бүткөндөй болду эле, бүтпөптүр.
* * *
Кайра куруу саясаты СССРдеги он беш республиканын бирин калтырбай каптаарын ким ойлоптур! Коомду демократташтыруу талабы күчөгөнсүдү. Аны демократия менен кайнаса каны кошулбаган куу чирендер да «колдоп», күпүлдөгөндөрү кызык. Кимиси кой терисин жамынган карышкыр, кимиси карышкырга жем болор кой экени белгисиз сака-чүкөбүз аралашып калгандай болдук. Кыргызстандан тышкары да башка өлкөлөрдө кыргыздар барын билчүбүз. Бирок кайсы өлкөдө канча кыргыз барын билчү эмеспиз. Алар Кыргызстанды, кыргызстандык кыргыздарды караан тутат деп укчубуз. Тилекке каршы, караан болууга жарабай беделибиз түшкөнсүп жүрчү элек, эми ошол айыбыбызды оңдой турган кез келгенин сездик. Дүйнө жүзүндөгү аздыр-көптүр кыргыз туугандарыбызды боорубузга тартып, маданий, саясый, салт-санаа, үрп-адат руханий дегендей улуттук дөөлөттөрүбүздү жакындаштырып, баштагыдай сай-сайлабай максат-тилектерибизди бириктирген уюм түзүү демилгесин жазуучулар көтөрдүк.
Демилгени колдогондор абдан көп болду. Чыгармачыл интеллигенция, илимий интеллигенция, коомдук ишмерлер, студенттер, а түгүл саясы-партиялык кызматкерлерге чейин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залына эки күн топтолтура чогулуп, кыргыз калкынын өткөндөгү, учурдагы тагдыры, келечеги жөнүндө мурда айтылган жана айтылбаган орчундуу ой толгоолор жарыш сөздөрдө сүйлөнүп, «Кыргыз эл» коомун түзгөнбүз. Ага Жалил Садыков экөөбүз тең төрага болуп шайланганбыз. Эки тең төрага аз деген ызы-чуу басылбай филармониянын ичин үч көтөргөн КДКчылардан дагы бир тең төрага кошулган. Ошо жыйындагыдай уу-дууну өмүрү көрө элекмин. Кинолордон көрүшүм мүмкүн.
* * *
Жаштайыман оогандык кыргыздар жөнүндө азыноолак кабар угуп жүрдүм. Аларды хан башкарат дешчү. Калкынын саны 18 миң, 25 миң, 15 миң деген ар кандай имиш айтылчу. Кеп санында деле эместир. Аз-көбүнө карабай кыргыз духун, улуттук ар-намысын сактап кала алды бекен деген ой мени түйшөлтчү. Эгин эгилбеген, аштык айдалбаган ак кар, көк муздуу бийик тоонун арасындагы бир ууч кыргыз борбордук Ооган бийлиги менен түзгөн келишимдеги салыкты маалында төлөп, башка көз карандылыгы жок «өзүн өзү билген» калк деген кабар көңүлүмү жибитчү. Тизе бүгүп, бирөөгө баш ийбеген мүнөзү бардай элестетчүмүн оогандык туугандарыбызды.
Ашуу-ашуу белдерден кар кетип, жол ачылганда ар уруктан топоз минген тың жигиттер төөлөргө эт, тери, дагы башка өтүмдүү буюм-тайымдарын жүктөп, ынтымакташа калаага түшүп, базардан ун, күрүч, чай, туз, кездеме, кийим-кечек дегендей керектүүлөрдү ташып алып турат дешчү. Өткөн кылымдын чамасы 70-жылдары болсо керек эле, америкалыктардын ооган кыргыздарынын жашоо-салтын баяндаган «Наездники» деген көркөм фильмин көргөм. Анда улак тартыш, оодарыш, кыз-куумай, балбан күрөш, жамбы атыш оюндары сонун тартылган. Көрүп отуруп каның кайнайт. Оюндар көңүл ачуучу гана тамаша эмес, акылы тунук сулуу кызга үйлөнүүнү эңсеген жигиттердин мелдеши.
Таза мелдеште таза утуп чыккандын талабы орундалат. Оюн эрежесин бузгандар да жүрөт шүмүрөңдөп. Андайларга кыжырланып, таза ойногон эр жигитке жан тартып, жеңишин тилеп отурасың. Жигиттин ролун кезиндеги атактуу десе атактуу, сымбаттуу десе сымбаттуу Омар Шериф келиштире аткарган. Анын жеңеринде шек жок. Соңку мелдеш – ат жарыш. Карасанатайлар буктурмадан качырып чыгып, алдыда келаткан жигиттин бутун талкалап өтүп, күлүгүн майып кыла албай калат. Жигит ошондо сынык бутун канжыгасына чытырата таңып алып, байгени жеңип алат.
Бул фильм советтик кинотеатрларда көрсөтүлгөн эмес. Америкалыктар сатпай койгонбу, же биздикилер сатып алган эмеспи, себеби мага белгисиз. Балким, америкалыктар баасын асмандата арзандатпай кашайып туруп алгандыр? Же духу күчтүү майда элди даңазалап, быяктагы кыргыздарынын делебесин козгоонун кажети жок дегендей чочулоо совет идеологдорун сактандыргандыр? Андай сактануулардын далайын билебиз. Француз окумуштуусу Реми Дор да ооган кыргыздарын урмат-сый менен жакшы жазганын окуп кубанганбыз. Ооган туугандарыбызга барып кабар алган бирди-жарым өз кыргызыбыз болду бекен? Андайды кулагым чалбаптыр. Болсо ошондой адамга жолугуп, көргөн-билгендерин уксам деп эңсечү элем.
* * *
Анан 1978-жылы апрелде Кабулда төңкөрүш болду. Анын кесепети ооган кыргыздарын оңдурбады, «мемиреген» бейкут жашоосунан кол жуудурду, темселеген тагдырга дуушар кылды аларды. Анткен себеби мындай кырдаалда Советтер Союзуна кирпиги түз, солчул көз караштагы, тил алчаак «ыңгайлуу» бирөөгө Ооган өкмөтүн башкартууну ак эткенден так эткен СССР жетекчилери Афганистандагы төңкөрүштү «прогрессивдүү демократиялык революциянын жеңиши» деп жарыялай салышты да, бийлик башына Таракинин келиши камсыз болду. Аны «революция лидери» гана дебестен, атактуу жазуучу деп да даңазалап, китебин орусча которуп жиберишти. «Революция» десе, жандан түңүлгөн ооган кыргыздары, айрыкча Ракманкул хан «советтерден кордук көрүп өлгөнчө, көздөн далдаа из жашырып кетели» деп, эл-журтун Пакистанга көчүрө качууга аргасыз болгон.
Бөтөн эл, бөтөн жерде колунда барлар – бардай, жоктор – жоктой ар ким алына жараша күн өткөрүп, баягыдай бири-бирине каралашуу жок, теңсиздик башка түшөрүн мурда ойлошпосо деле керек. Мал-мүлкү жетиштүүлөр соода-сатык жүргүзүп, тиричиликтин айла-амалын жөнгө сала баштаса, кедей кургурлар жан сактоонун аргасын таппай чүнчүгөндүр. Киндик кан тамса да, тамбаса да жашап көнгөн мурдагы жайга кайтып, жакындарынын арбагы жаткан жерге жетип, башпаанек табалы десе, аякка барар жол жабык сыяктанат. Кабулда тынчтык жок. Тараки «ыңгайлуу» деген статуска ылайык келбей калдыбы же ооган фундаменталисттеринин кысымы катуу болдубу, тез эле көзү тазаланып жок болду. Андай кырсыкты Тараки кургур өзү байкабай деле калды окшойт. Аны бийликке алып келгендер деле көзүн тазалоону ойлобогондур?
Канткен күндө да мансап, дүнүйөкорлук, геополитикалык саясаттын казаны кайнаган жерде адам өмүрү оюнчук экен да. Таракинин ордун баскан Аминден түңүлгөндө, аны да жок кылышты. Анан Чехословакияда күн өткөрүп жүргөн орто саар саясатчы Бабрак Кармалды бийликке отургузушту. Ал да «бычакка сап» болуп бере албады. Ордуна Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин (КГБнын) таасиринде бышып жетилген Наджибулланы алып келишти. Ал тың жигит болуш керек, ишине чечкиндүү киришкени эсибизде. Анын чечкиндүүлүгү афгандыктарга жакпады. Наджибулланын бийлигине каршы студенттер көтөрүлүшкө чыкты. Борбор Азия элдеринин айрымдарында «студент», «талиб», бизче «талапкер» деп аталат, талапкерлердин көтөрүлүшүн динчилдер пайдаланып кетти. Наджибулланын башына катуу коркунуч туулганда, үй-бүлөсүн Индияга качырып жиберип, өзү талибдердин колунан адам чыдагыс кыйноого кабылды.
Аны бутунан асып өлтүрүштү. Кабулдагы төңкөрүштөрдү, бийлик алмашууларды териштирүү максатым эмес. Бийликтеги тынымсыз оош-кыйыштар ооган кыргыздарынын тагдырына эбегейсиз оор кесепет тийгизгенин жондотуп болсо да эскерип өтүүнү туура көрдүм. Ооган кыргыздарынын ал-жайына кайдыгер болушка эч акыбыз жок эле. Тоолуу табияттын ыракатына көнгөн кыргыздарга Пакистандын жашоо-шарты, булганыч авасы жакпады. Ылайыктуу жер таппай Аляскага болсо да барып отурукташууга кайыл дегенди угуп санааркаганбыз. Ошондой кысталыш учурда түрктөр тууганчылык кылды: Түркиядагы Ван көлүнүн аймагынан жер бөлүп, атайы салдырган там үйлөргө ооган кыргыздарын киргизди.
Аякка баары тегиз бара албаптыр, чама-чаркы жетпеген кембагалдар тобокелге салып, Оогандагы өз жерине жол тарткан экен. Кыйнала-кыстала көздөн учкан өз жайлоо, өз кыштоолоруна жеткенде кандай күнгө дуушар болгонунан кабарыбыз жок кезде, 1990-жылдын жылуу мезгили боло турган эле, Ош шаарында врач болуп иштеген уялаш иним Абийиров Төлөн телефондон:
– Байке, Афганистанга барып келдим... – деди.
– Аякта согуш, сага бирөө суутуп коюппу?! – Өткөндөгү кандуу бир салгылаш эсиме шак этти: Төлөн онунчу классты аяктаганда, Амур дарыясынын жээгиндеги Даманск деген аралдын жанында аскерде болчу. Кытай менен мамиле катуу бузулуп турган чак анда. Кенедей аралды талашып, согуша кеткенбиз. Төлөндөн кат-кабар келбей, апам санааркагандан көз жашын көлдөтүп уктабай калган. Даманскидеги чатакта Төлөн көзгө көрүнөрлүк ишке жараса керек, кенже лейтенант наамындагы чин тагынып келип, медицина институтун окуп бүткөн соң Ош шаарында дарыгер болуп иштеди.
Афганистанга барганын укканымда: «Даманскидей дагы бир балээге жиберишкен го?!» деп кооптоно түшкөнүм ошондон. Бекер эле кооптонупмун. Пакистанга качкан кыргыздардын анча-мынчасы кайра Ооганстанга келиптир деген кабардан улам, ал-абалын билгени Оштон беш-алты жигит дары-дармек, кийим-кечек, ун-талкан дегендей аны-муну жеткирип келиптир.
– Байке-е, алардын көргөн күнү курусун. Адам сыягы жок. Ойлогондору эле тамак болуп калыптыр. Бизди киши келдиби, ит келдиби дегенге жарашкан жок, – деп Төлөндүн телефондон каңырыгы түтөгөн үнү кулагымда тургансыйт.
Төлөндөн уккандарымы Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин (КГБ) полковниги Качкын Саргазаковдон да уктум. Ал СССР менен Афганистандын ортосундагы Афган коридору деген чек арада кызмат өтөптүр. Эки өлкөнү бөлүп аккан кичине суунун аркы өйүзүндөгү ооган кыргыздарында апийим ичип көнүп алгандар көп экен. «Алар атып салабыз десек да болбой берки өйүзгө суу кечип өтөт. Таруудай апийим сурап жалдырашат. Ичпесе, ичинен кан өтүп токтобосун айтып ыйлайт. Мурда малдуу элек дешет байкуштар. Ичер суу, көрөр күнүбүз бүткөн окшойт, тукумубуз курут болобу деп муңкангандарын угуп чыдаш кыйын» деген эле оор басырыктуу, бир сырдуу, токтоолугу жанда жок полковник Качкын Саргазаков.
Сыртынан сыр билгизбегени менен ичи бышып тургандай сезилген мага. Дарыгер иним Төлөн менен кыраакы чекист Качкын Саргазаков экөөнүн айткандары көңүлүмөн чыкчу эмес. Ооган кыргыздарынын 1978-жылы Пакистанга качканы, аякта ар кимиси алына жараша ар кандай кыйынчылыкты башынан өткөргөнү, көр оокат кордугу 1916-жылдагы улуу үркүндөй элес берген эле мага. Филармониянын чоң залында эки күн ызы-чуу түшүп, «Кыргыз эл» коомун бекер түзүппүзбү! Түркиядагы Ван көлү тараптан байыр алган кыргыздардан, Кудайга шүгүр, санаабыз тынч. Ооганга кайтып келгендерден ишибизди баштайлы деп Жалил Садыков экөөбүз акылдаштык. Алар жардамга муктаж учуру. Жардамды кимден, кайдан өндүрөбүз?
– Насирдин Исановго барып көрбөйлүбү? – деди тең төрага Жакем.
Исанов Кыргызстандын премьер-министри болчу. Бардык. Мурда жолугушкан жок элем. Сылык. Кичи пейил. Тарбия көргөн маданияттуу жигит экен. Жашы менден улуу болгондуктан келгендеги максатыбызды Жалил Садыков айтты. Премьер-министр эч кылчактабастан дароо өтүнүчүбүздү колдоду. Эки машине ун, үч машине күрүч, вермишель бердирди. Аларды «Кызыл чырым» жана «Кызыл жарым ай коому» аркылуу гуманитарлык жардам катары жөнөтмөй болуп камынып атсак, таланттуу флейтист, кыргыз эл артисти Жумабай Кыпчаков жумушума келип:
– Элден кийим чогултайын, мени да кошуп жибергиле, – деди.
– Эски кийим чогултуп барсаңыз, уят болобуз, – десем, Кыпчаков байке:
– Жок, кокуй, кантип ошентейин! – деп тызылдап жиберген.
Атактуу композитор Калый Молдобасанов экөө дайым балыкка барган ынак достор эле. Азыр а киши токсондон ашып калды. Ооганга барганына, аяктагы кыргыз туугандардын жашоо-шартын, пейил-ниетин көргөнүнө Жумабай Кыпчаков аябай өкүнүп да, кейип да келген эле. Ооган кыргыздарынын ошол кездеги көргөн күнү биздеги чыгармачыл, илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин, карапайым калктын жүрөгүн өйүсө да оогандыктарга жардамыбыз жетпей күнөөлүүдөй жүрүп калдык. Анткени айыл чарба, өнөр жай, бардыгы талоонго түшүп, атка минерлер өлкөнү итке мингизип салган эле. Ошого карабастан кыргызстандыктар оогандыктарды эстен чыгарбадык. Байланыш издедик.
* * *
Эркиндиктин илеби боюбузду балкыта элиртип турган 1991-жылдын апрелинде Нью-Йоркто жашаган, немистердеги согуш туткунунун шорун башынан өткөргөн жердешибиз Азамат Алтайга жазган катыман кыскача саптар: «Тууган жерди бир көрсөм деп ак эткенден так этип эңсеген күндөрүңүз көп болгондур. Эл-жерге келип, анча-мынча чер жазып дегендей, жүз көрүшүп кайткыңыз келсе, биз Сизге жардам кылышка даярбыз. Биз дегеним – «Кыргыз эл» коому». Азамат Алтайдан: «Чакыртып убара болбо» деген жооп алдым. «Сиз туурасындагы чындыкты жазбасак, биз да, Сиз да эл алдында, келечек урпактар алдында өкүнүчтүү ката кетирип коёрубуз бышык» деген оюма Азамат Алтай: «Эгерде сен өзүң келип, менден алган материалдарды китеп кылып чыгарам десең, мен сырымды жашырбайм. Чыны менин баскан татаал жолум өзүм менен көргө кетсе, келечек муун аны кечирбес. Эми аракет өзүңдө» дептир. «Эми аракет өзүңдө» дегенине эле Америкага жөнөп кетчүдөй дегдедим. Бирок кантип?
Кудай деген кур калбайт, президент Аскар Акаев октябрде расмий визит менен Америкага бармай болуптур. Делегацияга мен да кошулупмун. Бардык. Делегациянын мөөнөтү аяктап элге кайтканда, мен Азамат Алтайдыкында калып калдым. Аба экөөбүз өмүр бою бирге жүргөн ажырашкыс сырдаштардай дароо эле ынак болуп кеттик. Чер жаза баарлаштык. Кыргызстанды эстесе эле ал Ысык-Көлдү, Ала-Тоону көрбөй өлөмбү деп ыйлап жиберчү. Мен быяктан жаздыра барган ыр-күүлөрдү угуп отурса «Карагул ботом» башталды. Азамат Алтай: «Карагул Ботом!.. – деп буулуга бир унчугуп алды да эчкирип коё берди.
– Бексултан!.. Сен мени атайы боздоткону ушуну алып келдиңби?!
– Дайым ушу, – деди Сание жеңе. – Ыйлай берет, ыйлай берет. Элге барып бугун чыгарып алса болот эле. Айтсам, көнбөйт. Сиз айтыңыз, тилиңизди алат.
– Айткам. Кат жазып чакыргам. Болбой койгон, – дедим мен.
– Бексултаным, мен сенин элге бар деп үгүттөгөнүңү каалабайм, – деди аба муңайып. Көңүлүндөгү «барбайм» деген «музду» үгүттөбөй эрите албасам, жибитүүгө чамам жетер бекен? Бул өзүнөн өзү сөздөн сөз чыккан кезде жаралышы мүмкүн.
* * *
Америка Кошмо Штаттарына Бириккен Улуттар Уюмунун чакыруусу менен барыппыз. Делегация мүчөлөрү Чүй облкеңешинин төрагасы Апас Жумагулов, Ош облкеңешинин төрагасы Батыралы Сыдыков, президенттик администрация жетекчиси Эднан Карабаев, тышкы иштер министрибиз Муратбек Иманалиев, президенттин мамлекеттик кеңешчилери Леонид Ливитин, мен Бириккен Улуттар Уюмунун жооптуу кызматкерлери, АКШнын конгрессмендери, сенаторлору менен жолугушууларга чогуу катышып жүрдүк. Ар кимибиздин өз милдетибиз да болду. (Мен Америкадан келгенде «Кыргыз Туусунун» башкы редактору Тилектеш Ишемкулов гезиттин төрт санына маегибизди жарыялаган. Ошондон кыска үзүндүлөр кыстардым.)
Суроо: – Сиздин негизги милдетиңиз эмне болду? Ошого кененирээк токтолсоңуз.
Жооп: – Октябрдин 22синде, кечки саат 6да Бириккен Улуттар Уюмунун коомчулугу катышкан кече болмок экен. Кеченин башталышында мен кыргыз маданияты жөнүндө 15 мүнөт сөз сүйлөшүм пландаштырылыптыр. Мага аны айтышкан эмес. Кечеге делегация мүчөлөрү түгөл катышмак, бирок ошол эле саатка Колумбия университетинде Аскар Акаевдин да жолугушуусу чектелип, делегация бүт бойдон президентти ээрчип кетип, мен жалгыз калыпмын.
Суроо: – Себеп? Же программа атайы ошондой түзүлгөнбү?
Жооп: – Кайдан эле атайы болсун. Туруктуу өкүлчүлүктөгүлөр план түзгөн кезде элес албай калган илээндилик болуш керек. Ошентип машинем жок, тилмечим, уруксат кагазым жок. Тышкы иштер министрибиздин кабинетине алдастап чуркап барсам, Муратбек Иманалиев Колумбия университетине жөнөгөн атыптыр. «ООНго кантип жетем, кантип кирем? Тилмечим болбосо!..» деп күйүп-бышып баратсам, министрибиз: «Баары жайында болот, байке!..» деди да эки кабат ылдый ээрчитип түшүп, Туруктуу өкүлчүлүктөгү бир жигитке табыштап кетти. Ал Юрий Чижик деген маданий атташенин кызматкери экен. Токтоо, кенебеген жигит. Бир-эки жерге телефон чалып тилмеч тапты. Анан экөөбүздү өз машинесине салып, ООНго кирер тилмечтин да, менин да уруксат документибиз болбогондуктан, ООНдун жер алдындагы беш кабат кыялап жүрмө гаражы аркылуу алып кирип кетти. Чижиктин машинесин текшербей өткөрөт экен. Кеченин тартиби боюнча адегенде мен сүйлөп, анан «Кожожаш» фильмин көрсөтүп, кинодон кийин меймандарды чайга – коктейль деп коюшат экен аны, чакырышым керек. Мындай тартипти мага жолдо баратып Чижик түшүндүрдү.
Дагы бир кепти кулак кагыш кылгансыды: ООНдун коомчулугуна жагыш кыйын, көңүлү келбесе сүйлөп аткан кишинин сөзүн укпай чыгып басып кетет деди. Мисал катары жакында эле дал азыр биз бараткан залда Беларусь Республикасынын бир министринин томсоргонун айтты. Айтор, Беларусь министри уят болгон соң сен ким элең дегендей кемсинтүүнү сездим андан.
Ансыз деле оюму таба албай кыйналып келаткам, ого бетер опкоолжуй баштадым. Эмнени айтам? Жөн эле момундай-момундай маданиятыбыз бар дегендин эмнеси кызык? Кимге кереги бар анын? Америкага келип алып, маскара болбогой элем деп корктум. Беш-он мүнөт эрте баралы деп өтүнгөм. Ошенткеним туура болуптур. Юрий Чижик кече тейлегендер менен мени тааныштырды. Жетекчиси орусча так сүйлөгөн шыңга бойлуу жаш жигит экен. «Оруссуңбу?» деп сурап жибере жаздап тартындым.
– Залды көрсөм болобу? – дедим.
– Болот, – деп жаныбыздагы эле каалганы ача койсо, кайдан-жайдан «Сынган бугу» акырын угулду. Кадимки гений Кара Молдонун черткени. Угар замат денем «дүр-р» этип, боюм балкып кетти! «Манас колдо, арбак колдо!» деп ичимен келме келтирип жибердим.
Илгери Каныбек Осмоналиев Олимпиада оюндарында штанга көтөрөрдө, тизеси бүгүлө түшкөнсүгөндө да ушинтип келме келтирип тура калсам, көтөрүп кеткен. Жанымда отурган кызым кичине кези: «Папа, мен тоже Кудай колдо сказала» деп сүйүнгөн. Эми жердин жети катар түбүндөгү Америка Кошмо Штаттары деген «желмогуздун» дал өзүндө кыргыз күүсүнүн ушинтип урматталары түшүбүзгө кирди бекен?! Күүнүн демиби, Манас, арбак оозума келе калганда чыйралып кеттимби, баятан бери уйгу-туйгу чаташкан оюм дапдаана боло түштү. Сахна даяр, эки микрофон турат. Демек, бири мага, бири тилмечке. Дагы Бириккен Улуттар Уюмунун желегин, СССРдин желегин эки четке тургузуп кою шуптур.
– Кыргызстандын желеги барбы? – дедим.
– Болуш керек, – деди кечени тейлегендердин бири.
– Менин микрофонумун тушунда кыргыз желеги жетпей турат, – десем, адилет талапты аяктагылар эки кылбай аткарган тартиби кубандырды. А-бу дегиче желегибизди сахнадагы эки желектин ортосуна орното коюшту. Кудай бар, аябай эле сыймыктанып калдым.
Залга, чамасы, үч жүз-төрт жүз киши баткыдай, татынакай амфитеатр экен. Анан кыргыз уздарынын колунан жаралган көргөзмөнү барып көрдүм. Буюрса, жакшы көргөзмө болуптур. Ушул эле жайда, Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасынын чилистендер залында, коктейль-фуршет дасторконубуз да жакшынакай, берекелүү камдалыптыр. Аңгыча Туруктуу элчиликтин биринчи орун басары Равзин Александр Алексеевич баштаган Совет өкүлчүлүгүнүн он чакты кызматкери келди. Кыргыз Республикасынын кечесин унутпагандарына кадыресе кубаттанып калдым. Адегенде залда эч ким жок болчу, саат 6да зал толо түштү, убактыларын мүнөтүнө чейин барктаган элге айла жок да.
Мага сөз берилгенде, желегибиздин тушундагы микрофонго бардым. Тилмеч кошо чыкты. Чынымды айтайын, залдагылар качан кете баштар экен деп жүрөкзаада элем, байкасам, кетчү түрлөрү жок, кызыгып калышкансыды. Кезек-кезек күлүп, кол чаап отургандары мени, албетте, эргитти. Ойлогон оюму кыскача айттым да: «Адам теңирин тааныбай табиятка текеберлик кылса, анда акылы айнып, каргыш тийгени! Азыр сиздер көрчү фильмдин философиясы ушундай. Эгерде кимдир-бирөөлөрдө башкача ой жаралса, деги эле кыргыздар, Кыргызстан, бүгүнкү маекте анча-мынча козголгон маселелер жөнүндө пикир, суроолор болсо, кино бүткөндөн кийин маектешүүгө даярмын» деп фильмдин акырында чайга калууларын өтүндүм.
Суроо: – Ошол сөзүңүздү айтып бербейсизби?
Жооп: – Жалпы жонунан эсимде болгону менен, ылкамы сууп калды да. Атылып кеткен окту тап дегендейле кеп мунуң...
Суроо: – Ошентсе да эстеп көрсөңүз...
Жооп: – «Кытай кыйнаса, төө кайтартат» дегендей, кыйнамай болдуң го. Мени ошондо Манас, арбак колдоду... Болуптур, эстеп көрөйүн. Кыргыздар оозеки өнөрү өнүккөн, ыр-күүлөргө, оймо-чиймелерге бай, салттуу, байыркы элбиз. (Мындан аркысы гезитте жеткиликтүү айтылган, кайталабайын.)
Суроо: – Кечеде суроолор көп болдубу?
Жооп: – Суроо-жооптор үч саатча созулду. Эртең мененки 3тө туруп, 5те машине менен Вашингтонго кетмекпиз. Равзин Александр Алексеевич колуму коё бербей куттуктап: «Кечебиз сонун өттү, сизге ырахмат!» деди кайта-кайта. ООНдогу кечебизге кийин «эң жакшы» деген баа СССРдин туруктуу өкүлчүлүгүнө келиптир, Александр Алексеевич көрсөттү. Кече сыяктуу чараларга кат жүзүндө жакшысын жакшы деп, начарын начар деп баа жибериш аяктын тартиби экен.
Суроо: – Кечеде эмнелерди сурашты? Тийишкен, сынап сураган суроолор болдубу?
Жооп: – Тийишкен, кучуш суроо болгон жок. Бардыгы эле түшүнүү, билүү максатындагы орундуу, олуттуу суроолор болду. А түгүл, бизди сыйлагандары байкалып турду. Суроо-жооптун көптүгүнөн тилмечке боорум ооруду. Ар ким оюна келгенди сурай берет экен. СССРдин таркап атканы, республикалардын абалы, мурдагы проблемалар, келечек маселелер жөнүндө толгон суроолор берилди. «Манас» жөнүндө көп сурашты.
Суроо: – Сыягы, «Манас» эпосун жакшы билишет ко?
Жооп: – Жок. Деги эле кыргыздарды, Кыргызстанды билгенден билбегендер көп экен. «Манас» жөнүндө маектин башында сөз козгогонумдан улам ынтаа бурулду окшойт. Кыргыз эмне эл, качанкы эл, жаратылышыңар кандай, эмне тамак-аш ичесиңер дегенге чейин суроолор жайнады. Бир кыз минтип сурады: «Кыргызстанда аял президент болушу мүмкүнбү?» «Ушу сурооңузга караганда, – дедим мен, – кыргыз аялдарынын абалы бүт эле Орто Азиядагы мусулман аялдардын абалынан айырмасы жоктой, паранжы жамынып жүргөндөй ойлосоңуз керек. Сиз эле эмес, башка союздук республикалардагы совет адамдарынын түшүнүгү да ушундай. Чындыгында, кыргыз менен казак аялдардын укугу илгертен эркектердикинен кем болгон эмес, паранжы да жамынган эмес. Элдик чоң маселелерди, чыр-чатактарды акыл-эстүү аялдар менен кеңешип чечкен. Кыргызда бийлик жүргүзгөн аялдар да болгон. Жакында эле 180 жылдык мааракесин өткөргөн «Алай канышасы», атактуу Курманжан датка карапайым үй-бүлөдөн чыккан, акылман, калыс, бийлик жүргүзө да, согушта кол башчылык кыла да билген кеменгер аял болгон. Эгерде акылы терең, эл башкарыш колунан келген кыйын аял чыкса, эмне үчүн президент болбосун, биздин элдин салтында болушу мүмкүн» дедим.
Буга удаа: «Азыр Кыргызстанда мыкты аял барбы, болсо ким?» деп какшыктагандай суроо айтылды. «Бар, ал менин аялым!» деп жооп бере салдым эле, меймандар дуу каткырып, шатырата кол чаап жыргагандарын көрсөң!.. Ушундан кийинки айткандарым күлкүлүү болбосо деле күлүп, жактырып атышты.
Суроо: – Америкада Сизге эмне жакты жана эмне жакпады?
Жооп: – Жогоруда жаккандарын айттым. Ал эми жакпаган жаман жактарын издебедим. Андай адатым жок. Деги эле жамандык издегенден учубуз узарбайт. Ыйманыбыз өрттөнбөсүн десек, башкалардын кемчилигине таба кандырбай, жакшылыгын көздөсөк жаңылбайбыз. Дээри таза элибизди жамандык издегенге үйрөтпөйлү. Ушуну менен суроо-жоопторубуз аяктады.
* * *
Баса, ооган кыргыздарынын тагдырына Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаттары да кайдыгер болбогонун айта өтмөкчүмүн. Аяктагы туугандарыбыз баш-аягын жыйнап, максаттуу жолго түшкөнү кубандырат бизди. Ал эми «Кыргыз эл» коому кыргыздардын биринчи курултайында «рейдерский захват» дегендей тарттырып ийгенибизди айтпай коё албайм. Жүрөгүмүн оорусу катуу кармап, курултайга катыша албай ооруканада турбай жаткам. «Кыргыз эл» коому алгач түзүлгөн жыйынга катышып, Юстиция министрлиги бекиткенин билгендер эле билмексен болуп, кыргыздардын биринчи курултайында ошол эле «Кыргыз эл» коому деген ат менен делегаттарга добуш бердирип, Төлөгөн Касымбековду төрага шайлап салышкан. Кыйратып иштейт ко, бизден артык иштейт ко десек, эч иш бүтүргөн жок. Өз керт башынын гана камын көрдү. Аны чоңдор да, чоңдор эмес бишкектиктер бүт билет.
* * *
Иште отурсам, бир жигит келип: «Банкта иштейм. Жетекчибизге «Азамат Алтай» деген чыгармаңыз жагып калыптыр, сизге жолуксам дейт» деди. Сөз 2000-жылы жарык көргөн «Ала-Тоо» журналынын №2 санындагы «Азамат Алтай» повесть-эссе жөнүндө болуп жатат. «Жетекчиңер ким?» десем, орустун атын айтты. «Орус го, кыргызча билеби?» десем: «Билбейт» деди. «Билбесе кантип жактырды?» десем: «Биз айтып бердик» деди. Банкирдин ишине бардык. Жеке менчик банк экен. Кептин кыскасы, миң нускада чыгарарын айтты. «Миң да кеппи! Эч кимге жетпейт да» десем, банкир: «Миңди чыгара туралы, элге жакса көп нускада чыгарабыз. Рыноктун талабы ушундай» деди. Ушундай экенин Американын китеп дүкөндөрүнө кирип көрдүм эле.
Банкирдин сунушуна көнүп, коштошуп кеттим. Көп өтпөй дагы бир кыргыз банкир жигит 1000 нуска чыгарарын айтып, уруксат сурады. «Банкирлердин оозунан миңден ашык сөз чыкпайбы?» деп тамашаласам, а дагы рыноктун тартибине көнөлү деди. Ага да макул болдум. Эки банкирге «Азамат Алтайдын» экземплярларын тердирип, белендеп койсом, Кадыралы Конкобаев таң атпай телефон чалды:
– Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде институттун деректиримин. Түндө уктабай «Азамат Алтай», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайыңызды» окуп чыктым. Экөө тең сонун! Жашып кетип аттым. Айтайын дегеним, түрктөрдөн акча келет. Ошонун эсебинен «Азамат Алтайыңызды» чыгарып берейин, – деп, Тоңго күйөө бала экенин да айта салды. Эки банкирге убада берип койгонуму, экөө миңден китеп чыгарарын айттым.
– О, кокуй, коюңуз аны! Мен массовый тираж менен чыгарып берем. Жолугушалы, – деди.
Жолугуштук. Кабинети «Манас» университетинин Манас проспектисиндеги имаратынын экинчи кабатында экен. Банкирлерге белендеген экземплярды ала бардым. Жакшы сүйлөшүп отурдук. Мурда атын укчумун, өзүн биринчи көрүшүм. Кичипейил, түшүнүктүүлүгү жакты. Көңүлүм көтөрүлүп, кубанганыман эки банкирдин бири менен да кабарлашпай, байланышыбыз үзүлдү. Арадан бир жыл өттү. Эки жыл өттү. Конкобаевге телефон чалып: «Баягы эмне болду?» деп сурап коём кээде. «Мына, мына. Турциядан акча келатат. Акча колго тиери менен китебиңизди чыгарам» дейт. Дегенине ишенем. Ишенип жүрүп жети жыл өтүп кетти. Филармонияда тоңдуктардын концерти болуп, Конкобаев жолугуп калды.
– Кадыралы, «жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» дегенди билесиңби? десем: «Билем» деди. Тилчи, окумуштуулугунда шегим жок. – Билсең, мындан ары китеп жөнүндө ооз ачпайм, сурабайм. Китеп чыкса, айтарсың? – дедим. Ошондон бери эч сөз жок. Ал да айтпайт, мен да сурабайм.
* * *
«Азамат Алтай» повесть-эссемин өзүнчө китеп болуп чыгышынан үмүтүмү үзбөй жүргөн кезимде, 1992-жылдын башталышында президент Аскар Акаев чакыртканынан барсам:
– Жок дебей маданият боюнча мамлекеттик кеңешчи болуп бериңиз, – деди.
– Жок деп, өлө албай жүрүпмүнбү – десем, Аскар Акаевич мени таңыркагандай тиктеп алды да:
– Бул эмне дегениңиз? – деди.
– Аскар Акаевич, илгерки падышалар, хандар үч жолу «жок» дегендин башын алдырып салдырчу тура, макулмун. Бир өтүнүчүм, справка-сысправка жаздырып кыйнабасаңыз экен, – десем Акаев күлдү да:
– Кыйнала турган ишиңиз деле болбойт, – деди. Кеңешчи болуп иштеп калдым. Иш көп эле болду. Көп түгүнөн чыгармаларымы жазууга колум бошободу.
* * *
Жалил Садыков экөөбүз жетектеп турганда «Кыргыз эл» коому Кытай Эл Республикасына караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу менен маданий бир туугандык байланышыбыз үзүрлүү болгон. Аны айтсак, узун сабак. Ага токтолуп отурбайын.
* * *
СССР театр ишмерлер союзу менен Вьетнам Демократиялык Республикасынын ортосунда чыгармачылык келишим түзүп келүүгө 1986-жылы мени Ханойго жөнөтүштү. Жекесиребесин дешкенби, жаныма жетимиштен жашы өткөн тажикстандык театр сынчы Насриддиновду кошуп беришкен. Карыя өзбекче, орусча билет экен. Москвадан учуп чыкканы Ташкенге, Карачи, Делиге конуп, 13 саат дегенде суй жыгылып араң жеткенбиз. Август айынын аяк чени эле. Күндүн ысыгын айтпа! Биз барганда 33 градус экен. Салкын түшкөндө келдиңер дешти.
Вьетнам үч жээги деңиз менен чектешкен жарым арал, абасы абдан нымдуу болгондуктан ысыгы адамды алсыратып жибергени ошондон. Көчөдө мончодо жүргөндөй тер көзүбүзгө куюлуп, көл-шал түшкөнбүз. Мейманканага жетерибиз менен чай сурасак, вьетнамдыктар суусунун бизчилеп ысык чай менен эмес, мупмуздак суу, сок, пиво жутуп кандырышат экен. Шампандын бөтөлкөсүндөй узун моюн кытай пивосун ачып бизге да, өздөрүнө да чыны толтура куйду. Муздак пиво жаныбызды жыргатып салгандай болду. Анан жатар бөлмөбүзгө алпарышты. Тиги бурчта, бу бурчта, тамдын боорунда, төбөсүндө сөөмөйдөй, чыпалактай кескелдириктер чуркап жүрөт. Бизди карап, туруп калгандарын кантесиң! Карыя кантти билбейм, мен үрөйүм учуп денем жыйрылды. Жатчу керебеттерибизге тордолгон туюк көшөгө тартылыптыр, кескелдирик кире алгыдай эмес, бирок ошондо деле көңүл алагды. Бөлмө салкын.
Төрт бурчта төрт желдеткич (вентилятор), тамдын төбөсүндө чоң желдеткич. Баары чимирилип тынбай айланып турат. Кайда барбайлы, бардык жайда ушул тартип. Антпесе ысык чыдаткыдай эмес. Вьетнамда эки жума жүрдүк. Көрбөгөндү көрүп, билбегенди билели деп кызыктык. Америка Кошмо Штаттарынын армиясын айыгышкан согушта жеңип чыккан Вьетнам эли дүйнө жүзүн суктантты. Калкы өтө жыш. Көчөлөр толтура каршы-терши агылган адамдар, машине, элесепед, мотоцикл – баары аралаш. Сүзүшүп калбаган тартибине эки-үч күн көнө албай элеңдеп жүдөп жүрдүк. Баарынан кызыгы, вьетнамдыктардын бою кыска, менин киндигимен саал ашса ашат, ашпаса – жок, алардын арасында мен өзүмдү бакчадагы балдарга кошулуп кеткендей олдоксон сездим. Ошого карабастан баскан-турганы шыпылдап тың калк.
Вьетнам Республикасынын театр уюмунун бөлүм башчысы, Москвада жогорку окуу жайды бүткөн тилмечибиз Кан менен акылдашып, программа түзүп алганбыз. Мени байыркы кытай, жапон, вьетнам театрлары кызыктырчу. Алар жөнүндө билгенимен билбегеним көп. Сураштыра келсек, вьетнамдыктар байыркы театрын сактап калыптыр. Эпос, жомокторунан беш-алты спектакль көрсөтүштү. Биринен бири өтөт десем жаңылбайм. Эпостогу окуяны алар биздегидей баштан аяк инсценировкалабай пластикалык ыкма менен 20–30 мүнөттүк үзүндүнү музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап аткарышат экен. Бир эле актёр каарманынын ролун да, каарманы минген аттын басыгын да пластикалык ыкмага салып, абдан окшоштурганы мага катуу таасир этти.
Кийин элге келгенимде биздин режиссёрлор, артистер менен жолугушуулар өткөрдүм. Арсен Өмүралиев шаар театрын ачкан учур болчу. Вьетнамдыктардын алигидей сахнадагы өзгөчө ыкмасын кармап калган экен, чыгармачылык жолдон тайбай жапондордун пьесасы боюнча таланттуу кызык спектакль жараткан эле. Ханойдо суу астындагы театрын да көрсөтүштү. Сууга чумкуп кирип, сүзүп чыгып, адамдардын жер үстүндөгүдөй мамилесин баяндаган чеберчилигине таңыркаганбыз. Көп жерди кыдыртышты. Кайда барбайлы, ким менен жолугушпайлы вьетнамдыктар бири-бири менен тааныган-тааныбаганына карабай бир туугандардай жадырап-жайнап жүз көрүшкөндөрүнө там бердим. Өсөөр элдин белгиси бул.
Бизде «тааныбасты сыйлабас» деген кайдыгерлигибиз бар. Аларда мындай түшүнүк жок сыяктуу, абдан ынтымактуу, вьетнамдык болгонуна сыймыктанган биримдиги бекем калк экенин байкоо кыйын деле эмес. Биримдиги күчтүү калкта жеңилбестик дух жашайт! Тилмечибиз Канга жардамдашып бир жигит келинчеги экөө жүрдү. Экөө бирдей жаштайынан партизандарга кошулуп, америкалык баскынчыларга каршы согушта жетилген патриот шайыр жаштар. Бир саам алар бизди асман тиреген «король бананы» аталган токойго алпарды. Бананы биз көрүп жүргөндөн кыска, даамы сонун, саал эле саргайып баратса, өздөрү жебей малга беребиз дешти. Токой ичи көпкөк шибер. Бир пас бара түшкөнүбүздө шиберди тутамдап тартты эле капкак ачылды. Тик ылдый түштүк да жер алдындагы траншеяда бөкчөңдөй басып, башка жактагы капкактан сыртка чыктык.
– Америкалыктарга таптырбай айласын түгөтчүбүз ушинтип, – деди вьетнам жигит. – Байкоостон «жерден чыга калып», аларды жайлап жибергенибизди айтпайле коёюн.
Ченебегендей бул эрдик дайым суктантат мени! Насриддинов экөөбүздү Кан үч күн океандын жээгине алпарды. Кезинде француздар үчүн бышкан кирпичтен курулган пансионатта жаттык. Кескелдириктер менен үйралышып калганбыз. Профсоюздун путевкасы менен эс алганы келген вьетнамдыктар обочодогу таар чатырларга жайгашыптыр. Өздөрүнчө алар бизди «чириген байлардан» бетер сөгүп аткандыр деп ойлодум. Балким, алар бизди этибар деле албаган чыгаар?
Океандын суусу ысытып койгондой жыпжылуу, ыракаты жок. Насриддинов суудан чыкпай жыргап түштү. Эртеси ойгонгондо, океан сууп калгандыр десем, суу жээктен бир чакырымдай тартылып кетиптир. «Эмне мындай?» десем, Кан: «Дайым ушундай» деп түшүндүрө алган жок. Океан дале жыпжылуу бойдон экен. Сууга түшкүм келбей жээкке чыктым. Насриддинов сууда далай жүрдү. Курсактуу киши эле, жээкке чыкканда он-он бештей майда бала чуру-чуу түшө жүгүрүп барып, карыяны курсакка сөөмөй менен сайып коюп, каткырып атты. Насриддинов «мокочону» туурап, балдарга тап берип ойноп коёт. Балдар ого бетер маашырланып атса, жээкте «кол муздаткычтарындагы» суусундуктарын сата албай отурган аялдар балдарды кубалай баштады.
Пляжда плавкачан, узун бойлуу, оруска окшогон бирөө турду эле, жанына басып барып, орусча учурашсам, орусча жооп берди. Контракт менен иштеп жүрүп, кетер учуру жеткен поляк инженер экен. Оңойле түшүнүштүк. СССРде да иштептир.
– Семиз кишинин курсагында ырыскы болот, ага кол тийгизсе, балдарга жугат деген түшүнүк бар буларда. Сиздин коллегаңыз ошо себептен балдарга жагып калган, – деди поляк күлүп.
– Андай болсо балдарды бекер кубалайт, – десем, поляк:
– Энелери уялды го, – деди.
Бул жалганда билгенден билбегендерибиз көп экен го! Командировкабыз аяктап баратты. Кечке жуук Кан мейманканага келди.
– Завтра после подписания договора наш Генральный секретарь дает банкет. На столе будут национальные вьетнамские блюда... – деп баштаганда, мен:
– Простите, Кан, вы сказали «Генеральный секретарь», кого вы имеете ввиду? – дедим.
– Руководитель нашей театральной организации, – деди Кан. – Еще хорошим деликатесом у нас считается свинина...
– Дорогой Кан, я не религиозный человек, но свою религию я очень уважаю. По нашей религии свинину есть не разрешается – десем, Кан:
– Хоршо, хоршо! Учтем, – деди. – Как деликатес на первом месте у нас собачина! – дебеспи Кан.
– Не говори так, наш народ с древнейших времен собаку считает другом. А друзей у нас не едят, – дедим эле, Кан:
– Хоршо, хоршо! До вашего отъезда собаку мы тоже будем считать другом, – деди күлүп.
– А как относитесь вы к морской лягушке?
Мен акырын «Боюсь» деп, эки алаканым менен бакадан «калкалагансып» койдум эле, Кан күлүп тим болду. Эртеси мейманкананын бир бөлмөсүндө Вьетнам Республикасынын театр уюмунун Генеральный секретары экөөбүз келишимге кол коюп куттукташтык. Жанаша бөлмөнүн капталындагы каалганы ачып, банкетке чакырышты. Апапакай көз уялткан дасторкондо «жел тийсе үн чыгарган» кытай тарелкалар. Тарелкаларда тирүү тыбырчылаган краб, медуза, чаян, рак, дагы башка деңиз жаныбарлары. Ушуларды тирүү жедиреби деп жаным чыкты. Бу көрөк чочкосун деле, итин деле бышырып бергиле десем болмокпу?!
Аңгыча эки килейген мискейди экиден жигит колдошуп, арткы эшиктен кирди. Мискейлердеги сорподо жашылча боркулдап кайнап келатты. Эки мискейди столдун эки учуна койду да тарелкалардагы тирүү жаныбарларды кайнак сорпого салып-салып жиберишти эле, жаным ордуна келгендей жеңилдене түштүм. Вьетнамдыктардын улуттук тамагы мыкты десем, эч жаңылбайм. Ушул оюмду айтсам, банкет ээлери:
– Кытайлыктардан үйрөнгөнбүз, – деди.
Ошол кезде Кытай менен Вьетнам чатак мамиледе болчу. Каршылашкан учурлары, куралдуу кагылыштары да болгон. Ошого карабастан Кытайдан таалим алган жакшы жактарды жашырбай эскерип тургандары бул элдин адептүү тарбияланган маданияттуулугун билгизет. Вьетнамга баргандан кеткенге чейин Ханойдон баштап күн-түндөп соода-сатык, ыр-күү, музыканын арасында жүргөн элек. Мындай турмуш вьетнамдыктардын салтындай сезилген мага. Чынында андай эмес экен. Буга окшогон жашоо-тирлик кийинчерээк «базар экономикасы» деген «атак» менен бизге да жетип, элди «бай», «кедей» деген эки топко бөлүп салды. Бул системага кытайлар кыйла жылдар бою шашпай элин көндүрүп барып өтсө, биз бир түндө эле көзүбүздүн чылпагын сүртпөй туруп өтүп алганбыз. Көзүбүз дале ачыла элек.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” аттуу китебинен.