Жаңы Ханзаада: Никколо Макиавеллинин изин улай

  • 26.12.2022
  • 2027

500 жылдай мурда жазган "Падыша" аттуу китебин италиялык Никколо Макиавелли курч көзү менен, көрөгөчтүк менен жазган экен. Үстүртөн окусаң ачууң келет, жакындан казып окусаң, көзүң ачылат. Туура окусаң, ар түркүн маселелерди жакшыраак түшүнүп, аларга карата туура ыкма, аспап табууга жол көрсөтөт.

Мен улуу Макиавеллиге теңелчү жерим жок. Жөн гана, өзүбүздөгү акыркы 2530 жылдай жолубузду байкап, анын стилин туурап, кыргызча бир бүркүм ойлорду ортого ыргытып тургум келди. Андыктан, азыр, бүгүндөн баштап, ар кезде бирден бул жакка ошол бүркүм ойлорду таштап турам. Окугандар кызык тапса сонун, пайда тапса, андан да жакшы...

Эмилбек ЖОРОЕВ

Кыргыз эл сөзү: «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук»

БИРИНЧИ БӨЛҮК:

«Бийликке чейинки дос жана душмандар менен бийликке келгенден кийинки дос жана душмандар орун алмашып калуусу кадыресе нерсе, бийликке пайдалуу дагы».

1. Бийликти сындап, бийликтен жабыр тарткандарды, басмырлоого кабылгандарды жактап жүрчү активист жарандар дайым эле жакшы боло бербейт: ошол жабыр тарткан, басмырланган тараптар бийликке келсе, бул жарандар буларды да сындай баштайт. Эгер ошол жаңы эле бийликке келген, мурда сокку жеген, адилетсиздик көргөн тарап сен болсоң, айтаарым, мурда коргоду эле, жактады эле деп азыркы сынчыларыңа эч кандай карыздар сезимиң болбосун. Ал сезим аларды да жоошуптайт, сенин жигердүү бийлик сүрүүң үчүн да пайдасы тийбейт. Кечээки күн менен жашаба.

Ошол сени бийлик куугунтуктап жатканда бирөөлөр сени тергеп, бирөөлөр камап, бирөөлөр жаманатты кылып жүрүп, эми бийликке келгениңде кечирим сурагандай маанайда сага баш-оту менен кызмат кылып баштадыбы? Сонун экен, кайра айтам, кечээки менен жашаба, азыркы мамилени биринчи орунга кой. Азыр сага туура кызмат кылып, колуңа кошумча кол, бутуңа бут, сөзүңө сөз болуп берүүгө ынтызарлар алда канча керектүү жана пайдалуу сага. Ар кандай сынчылар, ишиңе бут тосуп, нааразы болгондор, эмне кылсаң да кынтык таап тургандарга жүрөк оорутпа, алардын сага кылган эски жакшылыгы өткөөл жакшылык болчу, алар азыр ошол жакшылыгын сенин душмандарыңа кылып жүрөт, андыктан, аларды керек болсо кысымга деле ал бираз: бийлик деген сүрдүү болот, а кысымга кабылгандан киши өлбөйт, жолу ачылса бийликке да келет, алкыш айтат!

2. Сага мурда жамандык кылган, куугунтуктаган, мурдагы бийликтин камчысы болуп келген аткаруучулар – бүгүн сенин аткаруучуларың, сенин оозуңдан чыккан сөздү жерге түшүрбөй илип алганга шашкан, ээсине берилген иттей болуп даяр турган жан жоокерлер. Сенин бийлигиң күчтөнсө, атагың алыска кетсе, атың тарыхта калса, капчыгың деле толуп кетсе, анын баары так ушул аткаруучулардын жардамы менен болот. Булар эски усталардын колдорунан өткөн аспап сыяктуу: туура пайдалансаң, «сенин атың ким эле?» деп сурабайт, эң сонун нерселерди жасаса болот булар менен, а буларды колдонууну билбесең, же буларды оңдойм десең, дагы да жакшыртам десең, сынып калат, же кылып жүргөн ишин мурдагыдай кыла албайт. Арада, булар да жараксыз болот, сенин да ишиң токтойт, жөн да кетпейт, колуңду тиштетип, жаракат да алып калышың толук мүмкүн.

3. А булардын – сенин мурдагы душмандарыңдын кандай кызматы болушу мүмкүн сага? Эбегейсиз көп. Биринчиден, сени кысымга алган бийлик сыяктуу эле, сенин бийлигиңдин да бирөөлөрдү кысымга алуу муктаждыгы болот, сөзсүз жана көп жолу. А бул жан жоокерлер – кысымга алуунун усталары! Сен көрсөткөн дарекке барып, жолтоо болуп жаткан кишиңдин тилин да, дилин да, үйүн да, бүлөсүн да, жүрөгүн да, акылын да – баарысын бүлгүнгө салып, жашоосун жагымсыз кылып, духун сындырып, бирок ошонун баарын кылдаттык менен, сага «мыкаачы» же «тиран» деген көө жукпачудай кылып чебердик менен аткара турган ыкмалары, тажрыйбасы бар. Булардын өнөрү керемет өнөр, чынында, аны барктап-баалап алган бийлик чындап бийиктикке жетет.

4. Экинчиден, булар дайым бийликтин кызматкерлери болгон жана боло берет, эгер сен токтотуп калбасаң. Мурдагы бийликтин буйругун аткарып жүрүп сага кыйынчылык жараткан булар, бирок өз каалоолору менен эмес, чындап сени жек көрүүдөн эмес, жөн гана жумушун аткарган. Сен бийликке келериң менен булар сенин алдыңда өздөрүн карыздар, күнөөкөр сезишет. Камап салабы, жумуштан айдайбы, башкача дагы жазалайбы деп коркуп келишет алдыңа. Ошондой сезим менен келгендерге кең пейилдик менен, айкөлдүк менен «Эркинсиңер, мага силерден эч нерсе керек эмес, жумушуңарды гана кылгыла, менин элге кылган кызматымды алгалаткыла» деп койсоң, булардан өткөн сага берилген жоокер табылбас. Убагы келген сайын, ошол кызматты алгалатуу максатында кимди эмне кылуу керегин бир сөз менен кыйытып эле койсоң жетиштүү – булар тапшырмаңды бир сөздөн түшүнүп, аткарып келүүгө шашылат.

5. Ооба, адилеттүүлүк дегенди талап кылат эл, калың элдин көзүнө да өзүңдүн мурдагы тарапташ, таламдаштарыңды обу жок кысымга алганың жаман көрүнөт. Бирок мунун баары кыска убакытта өтөт, а бийлигиңдиң тизгини узакка созулушу керек. Узакка созулчу бийлик «ляппай» деген кызматкер, жардамчыларга муктаж, сынчыларга эмес. Сынчылардын сынынын мизин кайтарууну да бийлигиңдин жан жоокерлерине буюруп койсоң жетиштүү – калың элде элек жок, сынчылардын, бут тосуучулардын, оппозициянын салмагын сенин жоокерлериң бат эле жеңилдетип салат.

Калың элдин кулагын да, көрөр көзүн да, сүйлөөр сөзүн да сенин жан жоокерлериң – өзгөчө маалымат майданындагы башкесерлериң башкарып, туура жагына бат эле буруп коюшат. «Эл эмне дейт?» деп эч камыраба.

6. «Калың эл» деп бекеринен айтылбайт, калыңдыгынын айынан көпчүлүк эл татаал, учугу узун маселелерди түшүнө бербейт, түшүнүүгө кызыкпайт да. Адилеттикти талап кылганы менен, анын татаал жолдорун, узак мөөнөт талап кыларын, комплекстүү нерсе экенин түшүнбөй, аны күтүп, акырына чейин талап кылып турууга чыдамы да болбойт. Андыктан, сынчыларыңды кысымга алаарда, «Эл эмне дейт? Эл нааразы болбойбу?» деп камыраба.

Калың эл ар дайым жакшы нерселерди каалайт, алар белгилүү эле: адилеттик, чындык, бакубаттык, кайрымдуулук, мекенчилдик, ушу сыяктуулар – демек, ЭМНЕ ГАНА кылбагын, сөзүң эле туура болсун – «Мен адилеттүү, мын чынчыл, мен элим үчүн, мен мекенчилмин» деп, дагы анан сынчы-душмандарыңды «булар саткын, булар эл душманы, булар жалганчы» деп койсоң жетиштүү. Калың эл далил сурабайт, ага эл башчынын айтканы жетиштүү. Элден коркпо, элди жетеле, падыша!

ЭКИНЧИ БӨЛҮК:

"Элди сүйүү зарыл эмес, элди түшүнүү маанилүүрөк. Күчтүү эл башчы – элин сүйгөн патриот эмес, элди окуп, анализдей билген дарыгер сыяктуу."

1. «Эл – улуу, эл – бийик, эл – алтын» деп сайраган саясатчынын канчасын көрдүк? Дээрлик ар бири ошентет, бирок чыныгы кыраан саясатчы бул сөзүн кооздук үчүн гана, жагынуу үчүн гана айтат. Элдин сүйүүсүнө татып калуу үчүн эмес, элге жагынып калуу үчүн – бул эки максаттын айырмасы өтө чоң. Элдин сүйүүсү эбегейсиз татаал, дээрлик мүмкүн эмес. Ага жетем деген эл башчы бийлигинен ажырайт. Элге жагынуу жетиштүү, жагынуу оңой жетишилет, кыска мөөнөткө созулат, саясатчыга элдин ошо кыска мөөнөт жактырганы жетиштүү. Көздөгөн максатын ишке ашырып алат, мейли, шайланып алуу болсун, мейли, баалуу жерди менчиктештирүү болсун, же тескерисинче, жеке менчик бир нерсени улутташтыруу болсун, же өзгөчө бат-бат кезикчү максат – атаандаш бирөөнү жолдон ары түртө салуу болсун. Жагынууга умтулуу керек, сүйүүгө эмес.

2. Элдин сүйүүсү эмне үчүн анчалык татаал деп бирөө сураса, менин жообум даяр: сен өмүрүңдө канча кыздын сүйүүсүнө жетиштиң? Эми ошондой сүйүүгө миллион киши тарабынан жетишип калуу кыялың барбы? Негизи, элдин сүймөнчүгүнө айлангандар да жок эмес – ырчылар, спортчулар, кээде саясатчы, эл башчылар да бар. Бирок кызыгы, ырчы-спортчуларга болгон элдин сүйүүсү ак булуттуу асмандагы күн нурундай – бир көз ирмемдей созулат, кайра жоголот, кайра чыгат, кайра кетет, башка жерден булут тараса, башкаларга нур чачылат. А саясатчы, эл башчыларга болгон сүйүү ого бетер кызыктуу, андай сүймөнчүктөр көзү өткөндө гана, алардын элеси гана сүйүүгө сугарылат.

Тирүүсүндө, тескерисинче, андай сүймөнчүктөр көбүнчө тепкиде калып, кыйналып, жек көрүнүп, акырында жалгыз, оорулуу, куугунтукта кетет. Эгер сага ошондой жашоо, ошондой жол жакса, албетте, алга. Бирок чындап рационалдуу, акылдуу эл башчы өлүмдөн кийинки даңаза үчүн бүгүн жашоосун канжыгага салбайт. Бүгүн эле элдин болор-болбос жактыруусуна жетишип, дооруна келген ырыскысын жеп, максатын аткарып калуу алда канча артыгыраак. Келечекте, албетте, мындай жагынган саясатчы деле улуураак даңазага да жетип калуусу мүмкүн.

3. Элге канткенде оңой жагынууга болот? Элдин сүйүүсү канчалык кыйын болсо, элдин жактыруусу ошончолук оңой. Көп саясатчы барбаган, укпаган жерге барып, ал жердин элин угуп эле койуу жетиштүү – сенден ашкан жакшы саясатчы жок. Сага чейин жакынкы убактарда өткөн башчыларды карап, аларды эл эмнеси үчүн жек көргөнүн же жактырбаганын ал (билип кой, дээрлик дайым терс элестер басымдуу болот), анан ошолордун тескерисин кыл. Алар акылдуусунуп, элди тоотпогондой, илимпоз сыяктуу болуптурбу – сен чала окуган, эл сыяктуу эле көчөдө өскөн, жокчулук көргөн, мектептин ордуна талаада иштеген бала болуп чоңойгонуңдү айт. Алар жарашыксыз кийинип сынга кабылыптыр, сен чыкыйтып саркеч кийим кий, сендей жарашыктуу, келишкен киши болбосун. Сага чейинкилер элге жеткиликтүү ой айталбаптыр. Сен жөнөкөй, жалпак, азилдеп же күйдүрүп сүйлө.

Алар ар кандай татаал стратегияларды, концепцияларды, реструктуризацияларды, реформаларды сөз кылып жоголуптур – сен элге «чөнтөгүңөр акчага толот» де, же жок дегенде «азыркы жашооңор бир жылда 50% оңолот» де. Жашоонун 50% оңолгонун ким кантип билмек эле, эч кимде – менде деле аны эсептөөнүн ыкмасы жок. Бирок бул өтө түшүнүктүү, жагымдуу сөз, бир жыл бүткөнгө чейин эл сени жактырып турганы жетиштүү, жыл акырында эл бул сөзүңдү унутуп деле калат (ойлору арам «эстеткичтер» эле болбосо).

Башкача айтканда, эскиден бир сөздүн адашканын түшүнүп, бул чындыкты бекем эске тут: эл курсагы менен эмес (курсагын эл өзү тойгозуп алат), көзү менен, кулагы менен жактырат. Элдин эс тутуму ашып кетсе бир жумалык, көңүл буруу күчү ашып кетсе бир сааттык, элдин ачуусу, жек көрүүсү бираз узагыраак болушу мүмкүн, бирок жагынайын деген сен жек көрүнүүдөн оолак болсоң жетиштүү.

4. Элге жагынуу эмне үчүн мынчалык керек экен деп ойлонуп турган чыгарсың, Ханзаада. Элдин жактыруусу – эл башчынын эң күчтүү куралы. Эл жактырып турганда, душмандарың сындагандан коркот, досторуң көбөйөт, өзгөчө зыяндуу сынчы, атаандаш, душманыңды жок кылууга колуңда уруксат болот, кай бир билбей же билип туруп деле кылган одоно ишиңе кечирим дайым берилет. Элдин жактыруусу бат тарайт, бирок ал тараганча сенин эшегиң кечүүдөн өтүп, дагы жаңы жактыртып алуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.

Баса, албетте, башка өзүңө тиешелүү, биринчи кезектеги иштериңди кылганча, дайым оюңдун бир бөлүгү «элге эмне кылсам жактырат?» деген суроо менен жүрсүн. Кээде, дээрлик бир секунд ичинде ошондой бир ыкманы сууруй чыгуу керек болот, «жүрүп баратып» кырдаалды өз пайдаңа оңдоп кетүү зарыл болот. Ошон үчүн көптөгөн жактыртуу жолдору дайым даяр болуусу пайдалуу.

5. Элдин эс тутуму кыска дедик, бирок тактай кетчү жери бар: эл жакшы нерселерди бат унутат, а жагымсыз, терс нерселерди бираз узукка чейин эсте тутат. Кээде, чынында орун албаган, ойдон чыгарылган болсо деле, «тээ өткөндөгү жамандыкты эстечи» десең, чын эле эстегендей тура калат. Муну кантип колдонсо болот? Эс тутум деген өткөн чактын маселеси эмеспи. Бүгүн, эл башчым, сенин тушуңда кандай гана кырдаал болбосун, ошол өткөн чактагы жамандыктарды эл эсине салып туруу пайдалуу, чын болсо да, ойдон чыккан болсо да. Сенин тушуңда элди түйшүккө салган кыйынчылык болуп калса, «мурдагылар ондогон жыл бою ушул маселени чечпей, мага калтырыптыр» деп айтканда, кеминде элдин нааразылык сезиминин жарымы мурдагыларга даректелип калат. Сенин алдыңда жакшылык орун алганда, «мага чейинкилер эч качан жакшылык кылбаптыр, бүгүн гана элим менен ушул жакшылыкка жетиштик» деп койсоң, бул жакшы ишиң үчүн элдин жактыруусу эки эсеге көбөйөт. Башкача айтканда, элдин унутчаактыгын пайдаланып, жакшыны да, жаманды да эскилердин эсебинен өз пайдаңа буруп калсаң болот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз