Парда Турсун: Мыйзам деген ушул экен да!

  • 28.12.2022
  • 1906

АҢГЕМЕ

Клубда эл жык-жыйма эле. Балта кирип келди эле, элдин баары ага карап калышты. Алтургай аны жакшы билген жакындары, кошуналар жана достору баары тимеле аны биринчи жолу көргөнсүп, тигиле карап отурушту. Балта отургучтарды аралап залда келе жатты, уялганынанбы же сасык тумоодонбу, айтор, мурдун шуу-шуу тартып, бетин улам чапанынын жеңи менен аарчып коюп атты. Бечара абдан катуу тумоолоп турган экен.

Басып келип сахнанын так кырына такай коюлган отургучтардын бирине көчүк басты. Залдагылар күбүр-шыбыр боло түштү. Жалаң аялдар отурган алдыңкы катарда бажылдак кеп абдан күч эле.

— Муну дөөпөрөс деп бекеринен айтышкан эмес, анткени мугалим бечара эки жыл алышып да тамгага үйрөтө алган эмес.

Сахнада башында кызыл жоолугу бар толмоч жүздүү кыз үстөлгө көкүрөгүн такай бирдемелерди жазып отурду. Соттун мүчөлөрү киришти. Элдин баары дуу ордунан турду да кара кастүмчөн, жылтыраган өтүк кийген салабаттуу адамды кызыга карап калышты. Бул сот эле. Анын артынан сотко катышуучу эки аял ээрчип алыптыр. Зал тынчый түшкөндө кызыл жоолукчан кыз эл чогулганын билдирди. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады.   

—Тойчубай кызы Шарапатай!— үнүн чыгара чакырды ал.

Кызгылтым жоолугун желкесине таштап койгон аял отурган жеринен туруп, үстөлгө жакын келди.

— Айтыңызчы Шарапатай, сиз күйөөңүз Кочкор уулу Балтага кандай айып тагып жатасыз?

— Менин айтайын дегеним,— деп баштады аял, үнүн түзөй жөтөлүп,— айтайын дегеним, мен буга мүнөзү жоош деп ишенип тийдим эле.

– Кимге дейсиз, конкреттүү айтыңызчы.

– Балтага. Эч ким карабай, үстү башы кир, биттеп кеткен неме болчу. – Залда күлкү чыкты, судья калеми менен үстөлдү ургулап койду. – Мен аны жуундуруп, тазалап, адам катарына коштум. Калп болсо өзү айтсынчы. Эми болсо... – Аял ыйлап жиберип, бетин алаканы менен жаап алды. Ийиндери титиреп турду.

– Ыйлабаңыз! Биз аны жазага тартабыз. Уланта бериңиз.

Аял көз жашын жоолугунун учу менен сүрүп, башын көтөрдү.

– Эми ал мени кордоп атат. Ага түштө талаага тамак алып барсам: “Эмнеге кеч алып келдиң?” – деп сурады да, анан жаман сөздөрдү айтты. Кечинде аялдарга кошулуп кат сабат жойгон жерге барайын десем, жөнөтпөйт. Сенин окумуштуу болгонуңдун кимге кереги бар дейт. Мен ага: “Эмне мыйзамга каршы чыгасызбы?” – десем, ал: “Мыйзам-сыйзамыңды билбейм. Сен менин аялымсың. Өл десем – өлөсүң, тирил десем – тирилесиң”, - дейт. Анан дагы... – аял андан ары сүйлөй албай, кайра ыйлап жиберди. 

Сот жанындагылар менен шыбырашып калды. Анан күбөлөр чакырылды. Аскердей какыйган эки колхозчу күбө Балта аялын кантип сөккөнүн өз кулактары менен угушканын айтып турушту.

– Биз ага: “Балта, бул кылганың дурус эмес”, - десек, ал: “Аял меники, силер ит тумшгуңарды салбагыла”, – деп койду.

– Кочкор уулу Балта, ордуңуздан туруңуз.

Балта турду. Башын ийинине тартып алып, эки колун курсагына кайчылаштыра күнөөлүүдөй турат.

– Кочкор уулу Балта, айтыңызчы, сиз аялыңызды кайсы күнөөсү үчүн сөктүңүз?

Балта башын шылкыйтты. Залдагылар дуулдай түштү.

– Айтыңыз, - такыды сот, - Шарапатайды эмне үчүн сөктүңүз эле?

– ...Мен талаада иштеп аткам, - деп баштады Балта, - ал мага тамак алып келип турчу...

– Ким алып барчу тамакты?

– Аялым да, Шарапатой.

– Анан эмне болду?

– Ичип алып иштей берчүмүн. Бир жолу тамакты кеч алып келди. Эмне үчүн кеч апкелдиң деп сурадым. Бала эмиздим деди. Эртең тамакты саат он экиде апкелем деди. Бирок дагы кеч келди, ошого тилдеп койгом.

– Кантип тилдедиңиз?

– Кайсы ойношуңдукунда жүрдүң? – дедим.

– Аа, демек сиздин оюңузча аялыңыз сиздин көзүңүзгө чөп салып жүргөн турбайбы? Сизге Шарапатайды минтип күнөөлөгөнгө эмне негиз болду?

Балта жер карап, башын чайкады.

– Эч кандай негиз жок. Ал мындай иштерге барбайт.

– Анда эмне үчүн сөктүңүз?

– Ал менин аялым да.

– Демек, аялды сөксө да, балким, урса да боло берет экен да?

– Мен урган жокмун аны. Аял меники. Кичине урушуп койдум, анын эмнеси бар экен?

Сот отургандарды кыдырата карады:

– Демек, сиз аялыңызды өз менчигим деп эсептеп, аны каалагандай сөгө берсе болот экен да? Ал деле сиздей советтик жаран. Мындай кылык-жоругуңуз менен сиз аялдын тең укуктуулугуна каршы чыгып атам деп ойлобойсузбу? Сиз советтик мыйзамды буздуңуз. Бул кылмыш.

Балта полдон көзүн албай турду. Кыязы, кылмыш кылганын, эми аны чын эле соттоп жатышканын түшүндү шекилди. Ал башын жай көтөрдү да сотко карап акырын мындай деди:

– Кудай жалгасын, кечиресиз, бул түшүнбөстүктөн болду. Мен билген эмесмин.

– Эми түшүндүңүзбү?

– Анча деле түшүнгөн жокмун. Бирок эми сөкпөйм, – ыйламсырагандай үн менен жооп кайтарды Балта. – Албетте, менден катачылык кетип калыптыр. Эми...

Жарым сааттык танапис жарыяланды.

Ызы-чуу ошондо башталды. Келген эл уу-дуу түшүп кыйкырып, бирөөлөр күлүп жатты. Аялдар сот отуруму эмне болуп аяктарын ар кимиси өзүнчө жоруп киришти. Чыңкылдаган кичинекей кемпир итиреңдеп сүйлөнүп атты.

– Менин абышкам, жаткан жери жаннаттан болгур, – чыйылдады кемпир, – мени тимеле жүндөй ийлеп сабачу. Бир жолу башымды жара чапты, канча жолу колу-бутумду сындырганын айтпай эле коёюн! Санак жетпейт! Жайы жаннаттан болгурду арачалаган, мага болушуп, кой деген бирөө чыкты дейсиңерби? Эми мобул байкушту бул жерде катыныңды сөгүп койдуң деп соттоп атышат. Турган кебетесин карагылачы, өңү кубарып. Түрмөгө тыгат деп коркуп атат да бечара. О далдырабай кара жерге кир! “Күнөөлүмүн” деп коёт, “кечиргиле” деп коёт. Мыйзам деген ушул экен да, жыргаптырбыз...

Сот отуруму андан ары уланды.  

Өзбекчеден которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз