Эркиндиктен көрө жанга жайлуу кулчулукту артык көргөндөрдү ээрчибейли

  • 28.12.2022
  • 2587

«Эгер кесиптешиң белгилүү бир кызматка чакырса, эсиңде болсун: ар бир кийинки кадам – эркиндигиңди чектеп, мойнуңа жаңы милдет жүктөйт. Кызматтан канчалык жогоруласаң, милдетиң ошончолук оорлойт. Бийлигиң жогорулаган сайын, жолуң ошончолук тайгак. Канчалык күчтүү болсоң, өз билемдиктин азабын тартасың».— Герман Гессе, швейцариялык жазуучу, сүрөтчү.

«Адам эркиндикке умтулат да, а неге канаттууларды, жаныбарларды капаска камайт?.. Адам, жаныбарлардын падышасы болгон үчүн баарын кырат. Башкаларды өлтүрүп, өзүбүз жашап, жылып көчкөн көрүстөнбүз. А мен бала күнүмдөн эле эттен баш тарткамын». — Леонардо да Винчи, италиялык сүрөтчү, окумуштуу, жазуучу.

«Интеллектуалдык эркиндикке каршылашкандар дайыма «индивидуализмге каршы тартип үчүн» күрөшкө чакыргандай түр көрсөтө беришет». — Жорж Оруэлл, англис жазуучусу, публицист.  

«Адам өзүн ушунчалык бөтөнчө санайт, Кудай өзүнүн бардык кудуретин, ырайымын пенделердин жыргалчылыгынан аябастыгына ишенет. Кудай-таала адамга ансыз да өтө көп тандоо эркиндигин берген, бирок ал өзүнүн бечелдигинен, мажүрөлүгүнөн улам, кудайдын толтура белектерине шүгүр дегендин ордуна, качан болсо наалыганын койбойт». — Вадим Зеланд, Трансерфинг окуусун негиздеген орус жазуучусу.

«Чыныгы лидер өз элинин эркиндиги үчүн баарын садага чабууга даяр болушу керек». — Нельсон Мандела, Түштүк Африканын 8-президенти.

«Сенде акча болгону – бул эркиндиктин куралы; а сен артынан кууган акча – кулчулуктун куралы». – Жан-Жак Руссо, Франциянын агартуу доорунун кеменгери.

«Мен Лондонду бомбалашканын көрдүм... Мен англичандарды көрдүм, алар үчүн мекен жана эркиндик – өмүрдөн кымбат. А эмнеге бизди башкаларга окшобойт деп ойлойсуңар? Бул өлкөдө деле башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй Сион жана еврей мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн өз жанын берүүгө даяр жүз миңдеген жөөттөр бар». —  Дэвид Бен-Гурион, израилдик мамлекеттик ишмер, Палестинадагы жөөт жумушчу кыймылынын лидери.

«Эркиндик — бардык улуу таланттардын эмчек энеси: ал көк теңирдей ыйык, жан дүйнөбүздү булгабай, жарыктандырып келген күч. Ал эс-акылыбыздагы кишенден бошотуп, мейкиндигибизди кеңейтип, бизди өзүнөн жогору көтөрдү. Ошон үчүн мага эркиндикти таанып-билип, өз оюмду айтууга мүмкүнчүлүк бергиле! Эң башкысы, өз абийириме жараша өкүм чыгаруу эркиндигимден ажыратпагыла». – Жон Мильтон англис акыны, саясый ишмер, ойчул.

«Аялдын этеги үчүн кызматтык милдетти унутуу – кечирилгис. Ойношуңдун кулу болуу согуштагы туткундан да жаман; душман эркиндикке ээ болушу ыктымал, асти аялзаттын туткунунда калуу узакка созулат». – Петр I, Орусиянын биринчи императору.

«Кул эркиндик жөнүндө кыялданбайт, өзү кулга ээлик кылууну кыялданат». — Борис Юзефович Крутиер, орус жазуучусу.

«Эр жүрөк афгандыктардын эң жөнөкөй куралдар менен заманбап аскердик техникага каршы күрөшүн көрүү – эркиндикти сүйгөндөрдүн бардыгы үчүн чыныгы дем-шык. Алардын чечкиндүү кайраты бизге эң маанилүү сабак. Бул дүйнөдө коргоого татыктуу нерселер бар. Мен Ооганстан элине айтар элем, биз силердин эрдигиңерге, эркиндик үчүн жан бергениңерге, эзүүчүлөргө каршы тынымсыз күрөшүңөргө суктанабыз». — Рональд Рейган, АКШнын 40-президенти.

«Эң тереңде катылып жаткан өзүңдөгү коркунучка жол ач; ошондон кийин коркунучтун күчү жоголуп, эркиндиктен заарканган коркунуч кичирейип, жок болот. Анан эркиндикке жетесиң». — Жим Моррисон, америкалык ырчы, акын, музыкант.

«Алтымыштан кийин жашоону жаңыдан баштоо үчүн өзгөчө күч керек экен. Туулуп-өскөн жеримден тентип жүрүп, күчүм калбады. Анан ойлочу болдум, азыр башты бийик көтөрүп жүрөр жөнүм бар, эң башкы кубанычым – интеллектуалдык эмгекке, эң бийик баалуулук – жеке эркиндикке ээлик кылар жашоого чекит койгонум дурус болду. Эми бардык досторума жүзүм жарык. Аларга узун түндөн кийин жарык таңды каалайм!». — Стефан Цвейг, австриялык жазуучу.

«Украин менен орус элинин ортосундагы достуктан мурда өз эркиндигин жогору санаган адамдар бар». – Михаил Ходорковский, орусиялык ишкер, коомдук ишмер, публицист.

«Адамдын негизги озуйпасы – ал өз жашоосун, өз эркиндигин коргоп калууга укуктуу». — Максимилиан Робеспьер, француз революционери.

«Басма сөз эркиндигине болгон чектөө коомдук пикирди өздөрүнүн кызыкчылыгына багыттап, өз үстөмдүгүн орнотуу. Коомдогу жалпы сабатсыздык, коррупция күчөгөнүн анан көрүп ал. Эркин басма сөз – эркиндиктин коргоочусу; тыйуулар – эркинтинтин кордоочусу». – Максимилиан Робеспьер, француз революциясынын эң таасирдүү өкүлү.

«Эркиндиктен көрө жанга жайлуу кулчулукту артык көргөндөрдү ээрчибейли». — Максимилиан Робеспьер.

«Эркиндиктин сыры адамдарды агартууда, а зулумдуктун сыры – коомдуу сабатсыз, караңгылыкта кармоо». — Максимилиан Робеспьер.

«Биздин саясатчылар абактан чыкканда «Эркиндик, эркиндик!» деп кыйкырышкан. Көрсө, темир тор артынан көрдүйнө сүйрөй келиптир». — Григорий Алексеевич Явлинский, орус саясатчысы, экономист.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз