Кулман Очилов: “Аксакал”

  • 30.12.2022
  • 2615

АҢГЕМЕ

Капылеттен турган катуу шамал жол боюндагы бактардын бутагын сындырып, чаңды асманга сапырып кирген маалда мен Бекабаддан кайтып келаткам. Анан жаан дыбырап келди да, машинем ылай менен топуракка бөлөнүп эле калды. Ташкенттин зымылдаган таза көчөлөрү менен кантип кир машине айдап жүрөсүң, уят да. Анын үстүнө эртең менен редакторго тапшыра турган макаланы түнү менен отуруп жазышым керек, машине жууганга чолом тиеби...

Жол четиндеги машине жууган эки жай бар экен, бурулсам кезек күткөндөр көп, бери эле дегенде бир сааттай турчудаймын. Жөн эле убакыт короткум келбеди.

Андан обочорок жерде чоң жолдун четиндеги бетон арыктын кырында китеп кармап отурган он эки, он үчтөрдөгү балакайды көрө коюп сүйүнүп кеттим. Машинени ошол жакка айдап барып токтоттум эле, колуна желим чакасын көтөргөн балакай чуркап келди.

– Салом алейкум, аке! - деди ал. – Машине жуудурайын дедиңиз беле? Бекабаддан келатасыз го дейм?

– Ооба, ошояктан келатканымды кантип билип койдуң?

– Кесибим ушундай да, – сыймыктангансып жооп узатты ал.

– Кесибим дейсиңби? Сендей бок мурун балакайда кайсы кесип? – деп күлдүм.

– Биринчиден, аке, мен сиз ойлогондой бок мурун балакай эмесмин, он экиге келдим. Экинчиден, катуу шамал Бекабад тараптан келерин чимкирик балакайлар да билет. Чаң тозоң көтөрүлсө эле артынан сөзсүз жаан келет. Бекабадда машине жууй тургандар жыргашат да!

– Сен кыйын бала экенсиң! Мунун баарын кайдан билип алгансың, ким үйрөткөн сага?

– Сөзсүз эле бирөө үйрөтүшү керек бекен, - деди ал, ошол замат сөздөн ишке өттү. – Машине жуудурасызбы? Моторун дагыбы? Же сыртын эле жууп коёюнбу?

– Келише алсак, анда баары жагын жуудурам. 

– Атка же төөгө бергидей баа сурабайм. Мага кичинекей жөжөнүн акчасы деле жетет.

– Омээй, карасаң тапанын мунун! – Мен машинеден түштүм. – Сен “аксакал”, өмүрүңдө тирүү атты, же төөнү, жок дегенде, жөжөнү көрдүң беле деги?

– Эмне десем?.. – “аксакал” ойлоно түштү да анан улантты: – Төөнүн өзүн балким көрбөгөн чыгаармын, бирок анын өркөчүн көргөм.

– Азамат! Тилиң тимеле буудай кууруйт ко? Кыштактансың го?

– Атты төөдөн айырмалаш үчүн сөзсүз эле кыштакта жашаштын кереги жок.

– Болуптур. Кызматыңдын акысы канча болот эми?

– Машиненин ичи-сыртын, моторун жуудурсаңыз анда жыйырма беш миң болот.

– Жыйырма беш миң?! – Мен калп эле көздөрүмдү алайтымыш болдум. – Койсоңчу? Кичине ынсап кылбайсыңбы, жигит?

– Талашам, соодалашам, бирок ишти да ошончолук чын көөнүм менен жасайм. Антпесең жолуң болбойт.

– Сен тимеле чалды кичирейтип койгондой бала экенсиң, макал-лакап менен сүйлөп. Мейли, кел, он бешке көнө калчы. Өзүм да жардам берем.

– Сизге да эмес, мага да эмес, жыйырма. Макулсузбу?

– Мейли, андай эле акылдуу экенсиң, келиштик. Жыйырма болсо жыйырма!

Бала сүйүнүп кетти. Кол алыштык. Колу катуу да, карылуу да экен.

– Атың ким сенин?

– Анвар.

Көлөкөдө кичинекей жапыз отургуч туруптур, үстүндө чоң китеп жатат. Карасам Адыл Якубовдун “Улукбектин казынасы” аттуу романы экен. Токтогон бетине ичке калемди тыгып коюптур. Айрым сүйлөмдөрдүн астын чийип да кетиптир: “Майданга аттанган жоокер ойлонбойт...” деген жерге көзүм түштү.

Күүлдөгөн дабыштан карай салсам, Анвар эски чаң соргуч менен машиненин отургучтарын мизилдете сордуруп атыптыр. Электр зымын болсо жакыныраак имараттан тартып келиптир. Аны карап туруп, жайдын так ортосунда теңтуштары жыргап шаар четинде көлөкөлөп же лагерлерде эс алып жүрсө мындай акылдуу баланы акча тап деп чоң жолго чыгарып койгон ата-энеси уяты жок немелер окшойт дедим ичимде.

– Балдардын баары топ тээп жүрүшөт, сен эмне үчүн иштеп жүрөсүң? – дедим, суу толгон чаканы ага узатып. 

– Бир даанышман: “Оңой нерсени күтпө, жолуңдан жолукканды пайдалан” деген экен, – дебеспи ал. Менин колумдагы чака ыргып кете жаздады.

– Аке, бул болгону иш да. Бекер жүргөндөн не пайда? Буюрса, келечекте бизнесмен болсом, өзүмдүн машине жууй турган жайым болсо дейм.

– Навоинин казалдарын кайдан билип жүрөсүң? – эмне дээр экен деп чаташтыра сурадым.

– Билмексен болуп атасыз э? Бул Абдулла акенин ыры эмеспи?

Абдулла Ариповдун ырларын чоң кишилер деле биле бербейт, бул балакай жатка билгени аз келгенсип, аны тимеле тууганындай “аке” деп да койгонун кара. Мен абдан таң калдым, бирок болбой эле жабыша бердим.

– Абдулла аке деген ким? Сенин чоң агаңбы, ал акынбы? Ыр жазабы?

– Сиз кызыксыз го, кантип эле ушу жашка келгенче Абдулла Арипов деген ким экенин билбейсиз?

– Билем. Бирок ал сенин акең экенин кайдан билиптирмин?!

– Машинени шампун мененби же кир самын менен эле жууйбузбу?

– Кайсынысы жакшы жууйт?

– Шампун менен жууса машине азыр эле заводдон чыккандай жылтырап калат, бирок кийин боёгуна залалы тиет.

“Сөзмөр болгону менен тажрыйбалуу да турбайбы” деп ойлоп койдум да анан:

– Анда кир самын менен эле жууйлу.

– Макул, айтканыңыздай кылабыз.

– Ошентип акын Абдулла Арипов сенин кимиң болот дейсиң?

– Эч кимим эмес. Аны өмүрүмдө көргөн да эмесмин. Биздин үйдө тартип ушундай – жакшы көргөн акындарыбызды “Абдулла аке”, “Эркин аке”, “Омон аке” деп коёбуз. Апам негизи ошентип атайт.

– Апаң эмне, ыр жазабы?

– Балким, мурда жазса керек. Ал Абдулла Ариповдун, Эркин Вахидовдун, Омон Матчондун көп ырларын жатка айтат. Сиз менин инимдин ыр окуганын укпапсыз, тимеле шатыратат!

– Ата-энең эмне жумуш кылат?

– Апам мектепте өзбек тили жана адабиятынан сабак берет. Атам эмне иш кыларын билбейм. Ал бизди таштап кеткен.

– Кечирип кой, билбептирмин.

Ушундай акылдуу, зирек балдарын, билимдүү аялын таштап кайдагы бир катынды ээрчип кеткен эркек сөрөйдү жакшылап сөккүм келип турду! Бирок андан эми не пайда? Ошондуктан мени абдан азгырып алган аңгемени уланткым келди, бирок сөз таппай ойлоно түштүм.

– Анвар, сен лагерде эс алдың беле?

– Албетте! Жылда Күмүшканга барам. Сонун жер абдан. Бирок быйыл ал жакка иним эле кетти, мен баралбай калдым окшойт.

– Эмнеге?

– Апам кайра ооруканага жатып калды...

– Эмнеси ооруп?

– Ээгинен рак болгон. – Анвар терең үшкүрүп койду. – Чаканы кармап турасызбы, моторго кулап кетип жүрбөсүн.

– Туугандарыңар барбы? Махалля, колу-кошуналар каралашабы? Экөөңө кыйын эмеспи?

– Туугандарыбыз жок. Ата-энем экөө тең балдар үйүндө чоңоюшуптур. Баары эле колунан келгенче жардам берип атышат. Нааразымын десем күнөө болор. Рак деген кандай коркунучтуу дарт экенин өзүңүз билесиз да. Апам байкуштун чачы таптакыр эле жыдып түшүп калды. Операциясы да оор болот экен, баасы да кымбат. Апам ыйлаганы ыйлаган, “эгерде үйдө эркек болгондо, мындай кырсык мага жолобос эле”, - дей берет. “Өлүп калсам, силер эмне болосуңар?” – деп кейигени кейиген. Апама: “Мен эркек эмесминби? Сиз өлбөйсүз! Мен эмне керек болсо, баарын табам, акчаны да, дарыны да өзүм табам. Сизди айыктырам, иним да баш көз болом”, – дедим. Өткөн жолку операция акчасын да өзүм иштеп таптым. Бирок апам баары бир ыйлай берет...

– Иниң канчада?

– Сегизде. Экинчиге көчтү.

– Азыр ким менен турасыңар?

– Экөөбүз эле, – ал чакага суу сузуп алды да машиненин үстүнө чачты. – Юнусабадда эки бөлмөлүү батирибиз бар. Ошондо турабыз. Тамакты да өзүм жасайм, кирди да жууйм. Апамды көрүп келгенге да үлгүрөм.

Тамагыма бирдеме тыгылгансып, көзүмө жаш айлана түштү... Акылы зирек, көздөрү балбылдаган тирикарак, тайманбас балакай менен коштошуп жатып, мен ага элүү миң сум сундум.

Ал акчаны санады да ашыгын кайра узатты:

– Биз жыйырма деп сүйлөшпөдүк беле, аке. Келишимди бузбайлы. Сөзгө туруш керек да. Келишим – акчадан кымбат.

– Ал, ала кой, иниң экөөң балмуздак сатып жегиле.

– Ыракмат, аке! Балмуздак сатып жегенге Кудайга шүгүр, акчабыз жетет. Андан көрө сиз дагы келип туруңуз...    

Өзбекчеден которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз