* * *
Жарык күндө учкундап билинбейсиң,
Жарк деп жанган шооланын бириндейсиң.
Караңгыда карайлап жол издесем,
Оо үмүтүм, сен өчпөй үлүңдөйсүң.
* * *
Зоо-Таш жакта теке жүрөт аркайган,
Зор-Таш жакта жеке жүрөт каркайган.
Зоокаларга уя салат бүркүттөр,
Шуулдап конот учуп келип ар кайдан.
* * *
Ишим түшүп сага атайын келиптирмин,
Теңтуш мага запас балон берип тургун.
Мен кыдырып кырга барып келгенимче,
Ысык үйдө сен сериал көрүп тургун.
* * *
Болбойт досум үйдө бекер отурба,
Ырабатка баралычы отунга.
Жүз элүү тең терскен казып таштайлы,
Пайда болот бизге жана шоопурга.
* * *
Кызыл түлкү ашат Кызыл-Белестен,
Кызыл гүлүм жүрөсүңбү мени эстеп.
Качкан түлкү барат Кара-Белеске,
Калем кашым жүрөсүңбү мени эстеп.
Кызыл-Белес сенде калган элестер,
Кара-Белес сендеги күн мен эстер.
Жайнап жүрөт кийик, кулжа, кайберен,
Жан-дуйнөмдө жомоксуңар белестер.
* * *
Мургап жерим дүйнөдө бийик турат,
Нур чокусу асманга тийип турат.
Аска-мөңгү, ашуу-бел тоолорунда,
Аппак кулжа кайберен кийик турат.
* * *
Боз УАЗ белде шамал аркыраган,
Тоо боорунда мөңгү суусу шаркыраган.
Асманда чачып нурун баарыбызга
Күлмүңдөйт күн күмүш түстүү жаркыраган.
* * *
Биз азыр тоо тарапта талаадабыз,
Боз-Дөңдө кулжа кууп баратабыз.
Кийикке жете албайбыз балким анда,
А бирок кийин бир ыр жаратабыз.
* * *
Чоң машине үстүндө толо терскен,
Ар бир катарга байланган алтыдан бештен.
Эки күн жүрүп олжолуу кайттык,
Ар бирибизде ат, төөдөй очойгон беш тең.
* * *
Булуттарга кол сундук жетебиз деп,
Буулукканда кошо учуп кетебиз деп.
Шамал бирок шуулдайт артыбыздан,
Шамдагайлык жагынан өтө бизден.
* * *
Алыста узап барат аркарлар,
Алыскы тоолордо ак карга.
Ай карайт асмандан суктанып,
Ак кулжа бараткан жактарга.
* * *
Шамалга мезгилди айдадык,
Тагдырды таш-тоого байладык.
Бүркүттөй бийикти мекендеп,
Биз дагы шумкарга айландык.
* * *
Алтындар тоолордо казылган,
Алты ыр бар тоолордо жазылган.
Бийикте биз көргөн адамдар,
Бирок ал чыныгы асылдар.
Бийикте алтын бар казылган,
Бийикте чыныгы асылдар.