Өскөнбай Бердибаев: Гулбияван – жапайы киши

  • 19.12.2022
  • 1802

АҢГЕМЕ

Асманга кулач жайып тээ бийиктерде, аппак мөңгү чокуларын күнгө чагылтып Памир тоолору не бир сүрдүү, не бир көзгө кооз тартылат.

Кокту-колот, жылга-жыбыттарында түркүн жаныбарлар байырлап, ары-бири өзүнүн табигый түзүлүшүнө жараша шарт-жагдайда ыңгайлуу жерлеринен түнөк таап мекендеп алышкан. Памир тоо арасы жапайы жандыктарга өтө ыңгайлуу болуп эсептелет.

Тоо тамырынан ийген мөлтүр булактары, шаркырап аккан суулары, берметтей тунук көлдөрү, жашыл тулаң шиберлери, аска-зоо тектирлеринде боз от шыбак, терскен, алтын тамыр, аркар оту, көөрак жана башка түркүн-түрдүү өсүмдүктөрү, айтор, Памир тоо коюнунда жапайы жаныбарларга, кайберен кийиктерге азык-түлүк эсепсиз мол.

Тоо арасында түркүн чөптөрдүн жыты аңкып, жел шамалга ыргала шуулдап өзгөчө бир керемет.

Памир тоолорунун коюнунан суурулуп тээ алыстан бир караан жылга оозуна карай төмөн түшүп келе жатты. Жалгыз караандын көлөмү алыстан өзгөчө көрүнүшүнө караганда, өтө чоң жаныбардай сезилет. Аюубу же чоң кулжабы?

Шамалда түркүн чөптөр ыргалып шуу-шуу, шырт-шырт калдайган караан жылга оозуна жакындап келе берди. Суурлар ийиндеринен баш чыгарып ышкырышып, кандайдыр бир коркунуч болуп кеткенсип бири-бирине белги берип жатышты.

Тээ бийикте аркар-кулжалар селт этип чочуркашып, калдайган караанды таңгалыштуу тиктешет.

Шырт-шырт, шырт-шырт – бул калдайган караан не бир сырдуу, не бир таңгалыштуу, не бир табышмактуу, көзгө көп көрүнбөгөн Памир тоолорунун арасында жашырынып жашап жүргөн жападан жалгыз Гулбияван (жапайы адам сыяктуу жаныбар) эле. Бул табышмактуу жандыктын тоодон төмөн карай жөнөшүндө бир мандем бар сыяктуу.

Ар дайым жылга-жыбыт төрлөрүндө таш корум, жар-үңкүрлөрдө, деги эле адам баласы оңой-олтоң жете албаган жерлерди түнөк кылган Гулбияван бүгүн өлүмгө тике караган баатыр сыяктуу өз эрки менен төмөн көздөй кетүүсү да (өзгөчө) биринчи жолу эле.

Илгери-илгери бул сырдуу Памир тоолорунда анча көп эмес (саналуу эле) Гулбиявандар жашачу.

Кудайдын кудуретиби же табийгат сырыбы? Айтор, бул өтө сейрек кездешүүчү сырдуу жандыктар тукуму уланып көбөйүп кете алышпады. Жылдан жылга азайып, жоголуп отуруп жападан жалгыз ушул Гулбияван калган эле. Бул жаныбардын артына түшүп аңдыган, сары изине чөп салып изилдеп жүргөн, эң коркунучтуу жырткыч душманы адам баласы эле. Эртеби-кечпи баары бир адам баласынын колунан жок болорун бул жандык билет-туят!

Илгери бул адам баласы анчейин жырткыч, ачкөз эмес эле. Алыстан көрсө же жакындан карп-курп кезигишип кетсе да Гулбиявандарга зыян келтирчү эмес. Бул инсаният (адамзат) тукумунан деген түшүнүктө аяр мамиле жасашып, өтө азиз, өтө ыйык жандык катары санашчу.

Азыркы илимий техника, курал-жарак ж.б.у.с. өнүккөн жаңы доордо бул адам баласы күндөн-күнгө пейили бузулуп, адамдык асыл сапатынан ажырап, табиятка ташбоор мамилеси күч алып, ташбоор жырткычка айланууда.

Аркар-кулжаларды, аюу, карышкыр, сүлөөсүн, илбирс жана башка жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүн аёосуз кырышып, сейрек кездешүүчү тоо жаныбарларын жок кылууда.

Тээ бийиктен төмөн көздөй кетип бараткан Гулбиявандын адамдарга болгон ички туюму дал мына ушундай эле. Анын да артынан сая кууп издеп жүрүшөт. Ал тургай тээ жогорку жактан борбордук партия өкмөтүнөн көрсөтмө болгон. Ушул сырдуу жападан жалгыз тоо жандыгын издеп, адамдар тоого келип кетишти, жакында атайын топ дагы келет. Эгер караанын көрүп калышса тирүү кармаганга аракет кылышат, тирүү кармай алышбаса атып өлтүрүп, терисин өкмөттүк партияга өтө чоң кубануу менен сүйрөп барууга ар бири ынтызар!

Бул жок болуп бараткан жандыкты аячу бир дагы адам баласы жок! Бул жандыкты таап, тутуп же атып алышса борбордук партиядан чоң сыйлыкка ээ болушарын баары ойлошот, ошону самашат. Мына ушундай жагдай-шартты бул жапайы сырдуу жандык өз туюмунда сезет, туят.

Таш агызчудай күркүрөгөн агыны катуу тоо дарыясы, Гулбияван ушул дарыя үстүндөгү бийик жарга жеткенде тык токтоду. Саамга жылга төрүнө жүз буруп, салкын шамалга боюн тосту. Бир канча мүнөттөрдөн кийин кайра бери карай бурулуп, катуу күркүрөп кыйкырды.

Жаратылыш койнундагы жапайы адам ары-бери колун жаңсап, ичинде кайгы-муңу кайнап, акылдуу адамдарды жек көрүп, илим-билимдүү, бирок таш боор адамдарга наалат айтып боздой берди. Жапайы адам акыл-эси өнүккөн, бирок таш боор адамдарга жан дилинен катуу өкүнүп, катуу таарынып, катуу жек көрүп, өкүрүп-өксөп жатты. “Гүр-гүрр гүр-гүрр, гүү-гүү”...

Калдайган чоң караан тээ бийик жардан төмөндөгү дарыяны көздөй бой таштады. Бул Памир тоолорундагы жападан жалгыз жашап жүргөн эң акыркы Гулбияван эле.

Катуу чаңырган үндөрдөн аска-зоолор жаңырып, аалам дүйнө солк этип, бир саамга кыямат боло түшкөнсүдү. Арадан эт кайнатым убакыт өткөндө айлана кайра мемиреп тынчтыкка бөлөндү. Тээ төмөндө беш-алты адам жылга өрлөй келатышты, ал адамдар Гулбияванды издегендер эле. Эми алар эч качан, эч жерден сырдуу, табышмактуу Гулбияванды таба алышпайт!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз