Зулкарнайндын суроолоруна индиялык акылмандардын жооптору

  • 13.04.2020
  • 3706

Бир жолу Искандер Зулкарнайн[1] өзү багындырган Индиянын императору Парастан сураптыр:

– Сен акылмандыкты кимден үйрөнгөнсүң?

– Менин устаттарым ач-жылаңач жүргөн акылмандар, – деп жооп бериптир тиги акылман.

Искендер жолугушууга кызыгып, аларды алып келгиле деп чабармандарын чаптырды. Чабарман Улуу полководецтин эрдиктерин акылмандарга кеңири баяндап берип, аларды алып келүү үчүн келгенин айтты.

Ага акылмандар мындай жооп узатышты:

– Искендер бизди ушунча убара кылбай, өзү келе албайт бекен?

Эмнеси болсо да, алар аны кабыл алып, падышаны кызыктырган суроолорго жооп берүүгө макул болушат. Ошол кечте эле алардын жолугушуусу болуп, Искендер өзү берген 10 суроого жооп алган экен...

♦ ♦ ♦

– Дүйнөдө ким көп: тирүүлөрбү же өлгөндөрбү? – биринчи суроо ушундай болчу.

– Тирүүлөр көп, – деп жооп беришти акылмандар, – анткени өлгөндөр бул дүйнөдөн өтүп кетишкен.

Экинчи суроо:

– Адамдарды кайсынысы көбүрөк багат: кургак жерби же деңизби? – деп экинчи суроосун берди Искендер.

– Деңиз. Анткени жер – бул Дүйнөлүк океандын аралы.

Үчүнчү суроо:

– Эң куу кайсы жаныбар?

– Жаныбарлардын эң куусу – адамдар ушул убакка чейин кармай албаган жаныбарлар.

Төртүнчү суроо:

– Силер эмне үчүн Парасты мага каршы согушкула деп кеңеш бердиңер?

– Биз анын татыктуу өмүр сүрүп, татыктуу өлүшүн кааладык.

Бешинчи суроо:

– Кайсынысы мурда болгон: күнбү же түнбү?

– Күн бир күн эрте келген.

– Бул түшүнүүгө татаал жооп болуп калды! – деди Искендер.

– Бирок сен ошондой татаал суроо берип жатпайсыңбы, – дешти акылмандар.

Алтынчы суроо:

– Адамдарга кандай болгондо жагасың?

– Эң күчтүү адам бол, бирок эң коркунучтуу адам болбо.

Жетинчи суроо:

– Кимиси күчтүү: Жашообу же өлүмбү?

– Жашоо, анткени анын азап-тозогу арбын.

Сегизинчи суроо:

– Адам өлүмгө кайсы убакта баш ийип бериш керек?

– Өлүм жашоодон жеңил болгон учурда.

Акыркы эки суроосу тарыхта сакталбай калган экен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Искандер Зулкарнайн – Александр Македонский.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз