Гүлай Кожокеева: Томук катмай

  • 16.01.2023
  • 2047

Атамдын Мукалай ысымдуу акыреттик досу болгон. Биздикине көп келчү. Тамашакөй, нарк билген, мээримдүү жан эле. Биз аны аяш ата дечүбүз.

Ал бир күнү биздикине келди. Бир убакта аркы-берки иштер козголгон кеп арасында атам менен апама сунушун айтып калды:

– Келгиле, томук катмай ойнойбуз.

Ошентишмей болушту. Томукту апам катмай болду. Биз жаш балдар анын кандай оюн экенин билбейбиз да.

Оюндун шарты мындай экен, анын канчалык убакытка чейин жүрүшүн оболу чогуу отуруп, масилат менен чечишет. Анын шартын бузушка эч кимдин акысы жок. Кокус томукту каткан киши издеген киши сураган чакта көрсөтө албай буйдалып калса, анда ал утулган болот. Кала берсе оюнга катышкандардын бири үйгө келатса же кайсы бир жакка баратса, көрүп-билип калгандар аны да айтпаш керек экен.

Бул саам оюн бир айга созулмай болду. Башталган күнүнөн бүткөн убагына дейре такталды.

Апам уй саайбы, кир жууйбу, жүн тытабы, уктап жатабы, айтор, кайсы убакта болсо да томук колунда жүрүшү – милдети. А аяш атам аны каалаган убагында, каерден болсо сураганга, апам болсо көрсөтө койгонго милдеткер экен.

Көп күн өткөн жок. Апам уй саап отурган. Аяш атам келип калды. Келди да, күтүүсүз эле:

– Кана, томук? – деди.

– Мынакей, томугуң! – деп апам көрсөтө коёт.

Аяш атам күлүп коюп кете берет. Арадан анча күндөр өттү. Дагы бир күнү ал капыстан келе калып, баягы сурагын кайталайт:

– Кана, менин томугум?

Апам бизге тамак куюп берип, казандын жанында жүргөн.

– Мына, томугуң! – дейт.

Ошондо да томук өзү менен бирге экен да.

Аяш атам каткыра күлүп, анан биз менен бирге отуруп тамак ичип кетет. Кетеринде:

– Бу аяш, сени жаңылта албайм го! – дейт.

– Деги, томукту көсөп туруп, билегиңе байлап алган эмессиңби?

Апам томуктун тешилбегенин, жипке байланбаганын көрсөтөт. Аяш атам ошондой экенин өз көзү менен көрүп, таң калат.

Муну кантип жаңылтсам? Түнү келсем, балким жаңылып калар деп ойлонгон окшойт.

Бир күнү кыштагыбызга кино келди. Ал убакта райборбордон болсо керек, атайын киночулар чоң сарайдын же мекеменин бооруна ак матаны кере тартып, ошоерде көркөм фильмдерди көрсөтчү.

Кино бүткөн соң, караңгыда аяш атам дагы биздикине кайрылат. Келсе биздин үйдүн эшиги ачык. Апам бизге жаңы эле тамак куюп берип жаткан. Аяш атам сырттан кире калып эле сурады:

– Кана, менин томугум?

– Мына, сенин томугуң! – дейт апам.

Аяш атам дагы таңыркайт:

– Ой. Сен балаа экенсиң. Муну колуңа желимдеп жабыштырып алган эмессиңби?

– Шерт деген, шерт. Шертти бузган – шерменде! – деп апам күлдү.

Ошентип бир айдын бүтүшүнө 6–7 күн калат. Анан акыркы 2 күнү калат. Апам эң кичинебизди кириндирип жаткан. Аяшынын кантип короого кирип келгенин байкабайт.

– Келе, томукту? – дейт аяш атам далы тарабынан келип.

Апам самындуу колу менен,

– Ме, томугуңу! – дейт.

Ошондо аяш атам:

– Жекижан аяшым, мен сага ыраазымын! Кандай аракет жасасам да, кай убакта келсем да адаштыра албай койдум. Оюндун бүтүшүнө 2 күн калды. Эми болду, жетет. Мен жеңилдим. Эртең түштө үйгө өткүлө. Бул оюнга күбө болгондордун бардыгын чакырам. Мен утулганым үчүн бир койду курмандыкка чалам. Эт жейбиз! – деп кете берди...

... Бул оюн менин балалыгымдан билгеним. Андан кийин деле биздин айылда томук катмай ойногондорду угуп жүрдүк. Набаада көрбөсөм, аралашпасам муну жазмак эмес элем да. Азыр ал бейгам кезиме суктанам. Кээде атамды, апамды, аяш атамды эстейм. Анан бул оюнду ойлоп, биздин аталарыбыздын акылмандуулугуна тан берем.

Оюн ар бир адамды тактыкка, анан убада, шертке бекем турууга, милдетин так аткарганга үйрөтөт экен. Болбосо мен өйдөдө да айттым, биз, жаш балдар да аяш атамдын үйгө кирип келатканын апабыздан мурда көрсөк да, ага жан тартып, жүгүрүп барып айта койчу эмес элек. Себеби, оюндун шарты ошондой эле. Демек, мындан келди бул оюн жаш балдарды да сыр сактоого, ошол эле учурда калыс болгонго үйрөткөн тура.

Илгерки адамдардын бул мыкты оюну азыркы кезде унутулуп бараткансыйт. Мен ушуга өкүнөмүн. Балдарыбызга үйрөтсөк, өзүбүз да ойносок, жакшы болмок деп ойлойм.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз