Асыл Курман: Таңдагы ой

  • 17.01.2023
  • 1660

ЭССЕ

Өлүм алдында мен жайлоону элестетсем керек деп ойлоп коём...   Кудайым буйуруп көп жыл жашасам, карылыкты бактылуу өткөзсөм...   анан ичээр суу түгөнүп бул дүйнө менен кош айтышаар мезгил,  саат келген учурда жайлоо көз алдыма келет болсо керек...   

Биз “Кашка суудагы” суу боюнда олтурчубуз.  Боз үйдү суу жээке жакын журтка тикчүбүз...   Уктаар алдында чатырда фонардын жарыгында же чырак менен китеп окучумун.  Ичимде кудуңдаган кубаныч болор эле.  Ал китептеги каармандар менен чогуу жашап жүргөн мезгилдеримде,  ошондой ой туюмдар болсо керек.   

Анан түн караңгылыкта тынчтык өкүм сүргөндөй болуп,  үйдөгүлөрдүн баардыгы тынч уйкуга киришчү. Атам, апам, улуу байкелерим боз үйдө жатышчу. А мен чатырда,  китеп окуп уктайм деп ошол жакта жатчумун. Тынчтыкта, жыргал дүйнөдө бейкапар китеп окуур элем. Суунун бир добушта күрүлдөгөн кулакка жагым үнү, айрым учурда биздин иттин анда-санда үргөнү угулат. Аба салкын. Жайдын күндүзгү ысыгынан соң, мындай таза,  салкын аба жанга жагып ого бетер куштарлантат. 

Маанай абдан сонун,  китеп дүйнөдөгү каармандарым эмне кылып жатты экен деп китептин бетин ачып,  барактарынан ошол кызыктуу дүйнөгө баш багам.  А сыртта мээлүүн, тазалык.   Ашыкча үн жок. Баардык айлана-чөйрө,  бүтүндөй дүйнө гармонияда убакыт өткөзүп аткан чагы. Керемет эмей эмне?..

Кашка суунун тынбай  шарылдап,  токтобостон аккан жанга жагым күүлдөгөн добушу. Бир карасаң ал ошол таштан-ташка урунуп, кооз добушу аркылуу керемет көрүнүштү ого бетер безелентип,  салкындык тартуулап,  бактылуулукка кубат кошуп жаткандай. Баардыгы жайма жай. 

Атам да бар...  Апам албетте, азыркыдан алда канча кичүү...  Жашыраак курагы.   Баскан-турганы тың.   Жүрөгү жашоо ыргагында жайбаракат,  бейгам согуп турган учуру болсо керек.  Андан соң бир топ жылдардан кийин менин оюмча апамдын жашоосу башкача жагынан өзгөрдү. Убакыт кашка суу менен кошо агып өтүп,  атам күтүүсүздөн бул жарыкчылык менен кош айтышты...  Апам толтура бала-чакасы,  неберелери туруп бул дүйнөдө жалгыз калгандай болду.   Жеке баамымда так ушундай болду. 

Атам ыраматылык,  “Мени кудайым кемпиримдин алдында алып кетсе экен.  А энесин урайын,  бу балдарга күнкор кылган күндү кудайым башка салбасын”, - деп айтаар эле.   Ичине “100 грамм” киргенде ушинтеп бакылдап калчу.   Атамдын айткандарын угуп таң калып койчумун. Бирок кептин төркүнүн түшүнгөндөй  ичимден атам менен макул элем.   Бакылдап жүрүп, өзү тиленгендей апамдан алда канча эрте кетти.   Өтө күтүүсүз күүлүү-күчтүү  жүрүп эле, тез убакытта кете берди.   

Негизинен алганда адам артынан адам кетпейт эмеспи.   Апам кудайга шүгүр, жакшынакай эле жашоо сүрүп жүрөт.   Дагы көп жыл өмүр сүрсүн апам.   Антсе да түгөйүнөн ажыраган соң жашоосу такыр башка нукка өттү окшойт… Баары бир баштагыдай эмес.   Түгөйсүз аккуудай түгөйү жок,  коңултак калгандай.   Биз, уул-кыздары ар кимибиз өз үй бүлөбүз деп чуркап,  турмушта тыпырап ар кай жерде оокат өткөрүп жүргөндөйбүз. А апам болсо менден улуу агам менен айылдагы чоң  үйдө.   Атам экөөлөп тапкан,  салып алган чоң үйүндө.   Шаарга келип эс алып кетиңиз десек да ал үйдөн чыккысы келбейт.  Эки жакка да бара бербейт.   Өзү менен өзү.

Жашы сексенден ашып калса да кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү.   Баскан-турганы тың.   Бирок уул балдарын кыдырып,  келиндеринин колунан чай ичип,  эл араласа жакшы болот эле...   Антпейт.   Көнгөн биздин чоң үйүбүздөн чыккысы келбейт…

Мен өлүм алдында жайлоону элестетсем керек деп ойлоп коём...  Кудайым буйуруп көп жыл жашасам, карылыкты бактылуу өткөзсөм...  анан ичээр суу түгөнүп, бул дүйнө менен кош айтышаар мезгил,  саат келген учурда жайлоо көз алдыма келет болсо керек...   

Азыр кайда болбоюн,  ийгилик коштоп турган учурдабы же көңүл чөгүп кайгырган убактабы,  айтор кандай мезгил,  кандай шарт болбосун,  жайлоо,  жайлоодогу бактылуу өспүрүм курагым такыр эсимден кетпейт. 

Ошол күндөр көңүлүмдө,  жүрөгүмдө сүрөтчүнүн мыкты сүрөтүндөй жаныма эң жакын болуп сакталып калыптыр.  Жүрөгүмдүн тереңинде күчтүү сүртүм болуп туруп калыптыр.   Кудайым буйурса, быйыл да бир убакыт таап жайлоого барып келсек.  Так эле илгеркидей  болбосо да,  жайлоо деген жайлоо эмеспи! Балалыгымдын, бактылуу издерин карап келейин!.. 

15.01.2023

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз