АҢГЕМЕ
Поездди алыстан көрдү. Тоонун боору менен жөрмөлөп өйдө чыгып бараткан экен. Эткээл кемпирдей болуп араң бут шилтеп, онтолоп баратат. Көмүр ташыган поезд. Жол жээгинде токтоп турган авто-унааны карады, шылкыйып телефонун чукулап олтурган иниси ээн талаада жалгыз олтургансып мунун менен түк иши жок сыяктуу. Шымына уйгак жабышып калыптыр. Аны чертип жиберейин деди эле ылдый көздөй жылмышып барып туруп калды. Колундагы тамексин ыргытып, уйгакты колу менен мыкчып алып жерге таштады.
– Эмне таарынасыңар мага?!
Иниси дулдуюп унчукпады. Ичинен каары төгүлүп, араң турат окшойт.
– Тапканымы силерге деп, өзүм жебей жөнөтөм. Ичип, чычып эле жаткан турбайсыңарбы!
Болду кылчы дегендей иниси муну жалт бир карап алып, тескери бурулду.
Бу жолу ушинтип көңүлү сынып кайтып баратат. Эңсеп, дегдеп, сагынып, канча бир түндөрү жаздыгына жашын агызып кусаланып жеткен өз үй, өлөң төшөгүндө көпкө кармала албады. Көпкө бактылуу да боло албады.
– Сеники туура эмес, ата-энеңи тарбиялагың келеби? Аларды өзгөртө албайсың!
– Мени менен ишиңер деле жок! Саан уйдай мамиле кыласыңар! Келгенден бери үч гана жолу чогуу олтуруп тамак ичтик. Тойдон колуңар бошобой койду го! Анан улам эле качан кетесиң дейсиңер! Эмне бир аптада эле тажадыңарбы же барып кулдай иштеп кайра акча салсын дегениңерби!
– Берген акчаңа ичиң ачышып атабы! Эртең келип сен үйлөнсөң ошол атамдар тоюна барган кишинин баары сага да келет. Качан кетесиң деген сенден тажагандагы сөз эмес. Сураса да болбойбу! Сеулда андай, Сеулда мындай эле дейсиң! Биз кыргызбыз го акыры!
– Мен силерге адамча жашаганды айтып жатам! Жеп-ичип жата бербей, жакшы иштеп, жакшы эс алып жашаса болбойбу!
– Жомокту айтпачы! Биз адамча жашайбыз, көр дүйнөгө кул эмеспиз уктуңбу! Адамча эмес, эмне итче уулуп калыптырбызбы. Дагы баштадыңыбы, олтур кеттик, самолёттон кечигебиз.
– Көр дүйнөнүн кулу силерсиңер! Бүт өмүрүңөр сатып алуу менен эле өтөт. Болгону керектөөчүсүңөр! Уктуңбу! Баарын сатып алгыңар келет. Адамдардын мамилесин да сатып алып атпайсыңарбы!
– Эмне кылып сатып алыппыз!
– Колунда бар кишинин тойуна топурап, талашып барасыңар! Кембагалга ар шылтоо айтып качып кутуласыңар. Көрдүм го!
– Башымды оорутпачы! Мамилени каяктан билмек элең сен!
Иниси экөөнүн жашы удаа, коюндашып өстү. Анда сөзү бир эле экөөнүн. Эми тил табыша албай калыптыр. Экөө жалгыз калса, сөз жалганбайт. Иниси шылкыйып эле телефонун чукуйт, кечке эле телефон...Үйүндө баары эле телефон чукуйт...
– Мен эми бир топко акча жөнөтө албайм. Окууга тапшырдым, ошонун чыгымдарын жапканга араң жетет ко тапканым. Өзүмдү да ойлошум керек. Силер үчүн жашай бербей.
– Сенсиз деле тиргилик өтөт! Сени бирөө биз үчүн жаша деп жатабы!
Экөө кайра унчукпай калышты.
– Кежирленбечи, эки сааттан кийин учуп кетем. Жакшы маанайда коштошолу. Мурдакыдай сүйлөшө да албай калгансыңбы?
– Өзүңчү? Ашыкча эле маданияттуу, билимдүү көрүнүп, туугандардын баарын кагып-силкип калыпсың. Биз ушундай жашаганбыз, ушинтип жашай беребиз. Атамды бекер капа кылдың.
– Ошон үчүн өйдөлөнбөйсүңөр да, атама болгону чындыкты айттым.
– Аны менен сенин чатагың болбосун! Биздин чындык башка.
– Билем, силердин чындыгыңарды! Башкалардын пикиринен коркуп, титиреп, битиреп жашайсыңар. Өзгөр десе өпкөлөнүп капаланасыңар.
– Өзгөртө турган сенби!
– Мен болсом эмне болуптур.
– Сен алды менен кишилер менен кантип сүйлөшкөндү үйрөнүп алчы. Сен алардын маданиятынын балээсин аласыңбы! Өзүңдүкүн билип алчы!
– Токто! Болду, айтышкандан пайда жок! Айда батыраак.
Тоо аралай кеткен жолдо эски авто-унаанын ичинде экөө. Талаа түздүн баары бозоруп, кыштын күтүп тынчсызданып тургандай... Иниси музыкасын катуулатып коюп, эски “Аудисин” уңулдатып басты.
...Мушташып намыс үчүн далай менен,
Кыргыз кызын кор кылбайм деп корейге мен,
Жолуктум Бакыт деген бир жигитке,
Сеул жакта, көзү өрт, сөзгө бекем.
Корейдин тамагын жеп, тилин билип,
Нарында сүйгөн жары түшкө кирип,
Таң атпай пияз тигип, сабиз отоп,
Корейден кем калбайт кыргыз жигит.
Иниси ушул ырды атайын койду окшойт. Ошону менен мындан кечирим сурайын дедиби.
– Ким бул ырдап жаткан?
– Карымов, сөзүн Иманалиев деген депутат жазган.
– Депутат ушинтип өзүн мигрант ордуна коё алат бекен?
– Мигранттар келип депутат болуп атпайбы...
Кайра эле экөө чабыша кетчүдөй.
– Өчүрчү ары, кошок кошкон немедей боздотпой!
Музыка алмашты. Бул жолу бир тууган тууралуу ырды терип-терип келип коюп салды иниси. Мээсине жетсин деп атканыбы. Эх, кайра эле муну күнөөлөшөт. Көзүн жумуп, уктаган түр көрсөтүп жолду ката сүйлөбөй койду. Ошо менен экөө тең аэропортко чейин сүйлөшпөй келди.
Коштошоордо иниси:
– Жазда мен дагы Бишкекке келип иштейм,– деди.
– Өзүң бил, тил үйрөнсөң, Европа, Корея, балким Америкага кетсең болмок.
– Ал жакта мага балээ барбы, колдон келген ишти кылалычы...
Иниси муну тиктеп туруп, кийинки сөздөрүн айтпай токтоду. Сени көрүп турам го оңолуп кеткениңи дегенди айткысы келдиби?
Сегиз жылдан бери бири айылда, экинчиси чет өлкөдө жүрүп таптакыр эле бири-бирине чоочун, бөтөн болуп калган окшойт. Агасы мурда ак көңүл, боорукер эле. Үйүндө атасы да, апасы аны бөтөнчө жакшы көрчү. Азыр эми өтө эле орой, улам кемчилик таап, акыл үйрөтө бермей адат тааптыр. Атам эле же апам эле дебей акыл айтат, жемелейт...
– Жазда, жайда атама кол кабыш кылыш керек да. Экөөбүздөн башка аларга ким жардам бермек эле. Чет өлкө сага эле буюрсун.
Улуусу үйүндөгүлөр менен араздашып кетип баратканына ичи ачышып турду. Ичинен таарынды. Ичи түтпөй колундагы саатын чечип инисине сунду:
– Мынаны тагып алчы.
Иниси унчукпай алды саатты. Анын деле ичи эңшерилип турса керек.
– Бизди эми көрдүңбү, таарынбай кет,– деди акырын.
Ошенткени жакшы болду. Күтүү залында олтуруп тамагын өйүгөн ызаасына муунуп ыйлап жиберди. Эми кайра качан келет, ата-энесин качан көрөт. Билетин тапшырып, кайра айылга кайткысы келди. Иниси узап кете электир балким. Жүрөктөрүн тазалап, анан кетсемби? Акыркы акчасына билет алган. Ээ акча кара жерге кирсин, табылат да!
– Урматтуу жүргүнчүлөр, Бишкек-Стамбул багыты боюнча жүргүнчүлөрдү каттоо аяктап жатат...