Айбек Абдылдаев: Добуш

  • 27.11.2020
  • 3928

АҢГЕМЕ

Эшилме беттен аты аласалып, үзөңгүдөн бутту араң чыгарып калды. Жердеси күрс эте кулап, бир топ жерге обдулуп ордунан тура албай сыймалашып барып жатып калды. Күн бузулуп турганынан карабай шыкактаган, какшанган кемпирин сөктү ичинен Мукан. Атынын ооздугун чыгарып, белин бошотуп, чылбырын арчага байлай салды.

- Атаңдын о-осун урайын, суу мурун!

Эми борбордо иштеген уулун эстеп, сөгүнүп калды. Ошонун көңүлү деп, кыштоого түшүп баратканы...

Бир күндүк жол жүрүп баргандагы максат эмне болмок эле, айткысы да келбейт. Кичүү уулу Келечеги шаарда окуп-чокуп, ошо менен пейили куну өзгөрдү, кысталак. 

- Чоңубуз депутат болот, кол алдындагылар добуш алып беришибиз керек! - деп айттырып ийген. Ошого добуш бересиңер, туугандардын баарын көндүрөсүң дептир. Кыламыктап кар жаап, мал-кели жүдөткөн маалда уулунун көңүлү деп баратат. Жоок, уулунун көңүлү деле эмес, курган кемпиринин сөзүн эки кылбай бараткандагысы. Ит пейили менен кемпирин далай азапка салды. Чыдаган, түткөн, күйгөн ошо. Бала дегениң балээ экен. Булардын эмне күндү көрүп жатканы менен түк иши жок. 

Тырмактай эки небереси, кош бойлуу келини менен кемпир калды тоодо. Тун уулу оорукчан, акыл-эси жайында болгону менен сүйлөй албайт, оор жумушка жарабайт. Бала кезинен талма оорусу бар, майып өстү. Ошого эптеп бирөөнү аялдыкка алып берип, багып келе жатат кемпири экөө. Булар оо дүйнө кетсе, күнү кантет байкуштун деген ой муну соңку учурларда көп эзгилейт. Кичүү уулу буларды ойлой турган түрү жок. Болбосо атасын жумшайбы! Өмүрү көрбөгөн кишиге ушунча убара тартып...

Тоо ичи бозоруп, айлана ачык көрүнбөй, кар учкундап турду. Ылдамдабаса болор эмес. Эми туугандар не дээр экен? Азыр айтсаң эле, боптур дей турган киши жок. Кемпири өткөндө шаарга барып келген, ошонун кулагына кумдай куйса керек, суу муруну. Эр-азаматка окшоп атасына өзү кеңеш салбаса, анан ушулардан кайдагы эл башчы чыгат. Сексендин тонун жырткан Аманат азыркыларды такыр түшүнө алмак эмес, балким түшүнгүсү да келбейттир. Мынтип ар кимден айттырып, анан добуш топтоп депутат болгону кандай?! Элге кадыры жок болсо, шүк жүрбөйбү! Уулу да апасы аркылуу айтырганы ошондон. Атасынын ушу кежир пейилин билбегендечи. Кошоматты билбеген, мансапты тааныбаган, даамын да татып көрбөгөн малчыга бул иш бир жагы жөн эле убаракерчилик, болбогон жумуштай сезилет.

Буга чейин Мукан көп шайлоону көрдү. Жогортон айтылса, чабандар ошону шайлап койчу эле. Кээде кыштоого түшүп келсе, көп учурда өздөрү эле тоого барчу үкөгүн көтөрүп. Эмкилердин булар менен иши деле болбой калган. Шайлоону унутуп баратышты эле тоо койнунда.

Көзгө байланган учурда инисинин короосуна кирип келди.

- Йе, аке! Аяз атадай болуп, бороондун баарын ээрчитип кайдан бу, жайчылыкпы?

 - Тынч-аман отурасыңарбы?

Кыштоодогу үйүн карап, киши жогун сездирбей келе жаткан ушу иниси Аманат. Өзүнүн үйүн карап өттү. Киши жашабаган үй абат болмок беле, жүдөп, башын төмөн салган кишидей турат үңүрөйүп, жарыгы жагылбай. Эми неберелери мектеп курагына келсе, Мукан  да жакага түшүп элге кошулаар. Ага чейин биздин жоктугубузду сездирбе деп, инисине короо жайын табыштаган. Келини да жан-алы калбай сурашып, кайнагасына төрдү даярдап,  карбаластап калды. Аялы да жакшы чыкканы үчүн иниси тууганга өтүмдүү.

- Бу кандай аке, тынч элеби деги?

- Ээ кагылайын, жөн жай эле. Кам санабагыла, кем-каржы менен келип калдык.

Чай ичилгенден кийин инисине келгендеги убаракерчилигин айтты. 

- Туугандарыңын пейили тарып турат. Жогорку айылдагы Накүнүн уулу дагы депутат болом деп, жылкы союп, элди чогулткан. Акчасын чачып, көбү кекиртегинен байланып отурат, - деди иниси.

- Накүсү ким?

- Ээ, баягы мал базарда далдалчылык кылган Накенчи?

- Аа, кысталак! Ошо жамандын уулу ушундай даражага жеттиби?

- Жаман эмес, буларың азыр элдин алды. Баласы табышкер чыгып, миллионер деп атышпайбы билгендер. Бир килейген базардын ээси экен.

- Ошо базарында эле жүрсө болбойбу?

- Жарыктык, киши дегениң мансап, бийлик күткүсү келет экен. Мына, сиз эмнеге тоңуп өлө жаздап, айылга жетип келдиңиз. Балаңыз ошол жумушунда тынч иштесе дейсиз, туурабы? Ошого чоңуна кошомат кылып атасыңар. Балаң, кой союп чоңдорго ташып жүргөнүн билем го. Канча жолу жеткирип бардым.

- Эми менин жолум башка... Келечек силерге ишенип атат, ошону жанагы айткан кишисине добуш бергиле эми. Анын чоңу деле биздин районго жат киши эмес го. Баягы колхоздун башкармасы ыраматылык Бешболдунун баласы да. Өзүң ушу жагын колго ал, мен эртең тоого кайтайын.  

Инисин сынай карады. Анысы коштоп кетпегенден кийин бул өзү ойлогондой оңой эле чечилип калар маселе эмес экенин түшүндү.

- Жатып эс ала бериңиз. Туугандардын табын көрөлүчү, - деди көп көңүлсүнө бербеген иниси. Бир атадан тараган отуз түтүн туугандарына сөзү өтпөсө, аксакалдыгы деле бүткөн окшойт. Көңүлү дүпөйүл болуп жаздыкка баш койду. Эртең жаз келсе, туугандары көзүн карап, кокуй кыштоодо куурамак болду деп, субай малдарын жалдырап атып алдына салып берет. Жылда ушундай болот. Кайда болбосо ушуну айтайын, ушуну колкоо кылайын деди. Ойлоп көрсө, мунун колунан келген, туугандары ынана турган башка нерсеси  жок тура. Калыс сөзү, адилдиги азыр бааланбай эле, кайра башына муш болгон заман.

Саарлап иниси үч-төрт тууганын чакыртып ийген экен. Шымалана келип, дасторкон тегеректеп отуруп калышты. Баары эле бажактап, сүйлөгөнү шайлоо, жайлоону азыр эстей турган түрү жок булардын. Дасторгонго бата кылгандан кийин Мукан аксакал жакын деген туугандарына кайрылып, Келечектин салам дубайын жеткирди.

- Эми аке, өзү койсо башка кеп, каяктагы чоочун бирөөнү сүрөп не табат дейм да!

Уруунун өзүнөн кийинки эле аксакалы сөзүн шарт эле бура тартып кетти. Мунусу кандай, бирөөсү мунун көңүлүн улай турган түрү жок.

- Аныңар мамлекеттин акчасын уурдап, чочкодой семирген неме экен. Кечээ мал базарда жогорку айылдан үч-төрт киши Келечекти сөгүп, Мукан акеңерге айтсаңарчы деген. Салам дубайы ошол, элден чыгабыз аны колдосок.

- Ээй, силерге тууган деп айтып жатам...

Туугандары жер тиктешти. Уулунун өзүндө кайдагы кадыр. Жетекчисине кошомат кылып, айылынан бир канча добуш убадалап жиберсе керек.

Туугандары башкалар менен сүйлөшүп, көндүрөлү деп оозу бош айтып тарашты. 

- Аке, сен мал-келиңе бара бер, туугандардын бир аргасын табайын,- деп көңүлүн улаган болду иниси.

Бир ата, бир энеден тарагандардан ушул иниси Жумбек экөө. Калгандары эки-үч атадан кошулган туугандар.  Кокуй күн, бу не деген заман болду! Добуш сурап да кууратабы кишини! Уулуна ачуусу келди, эртең шаарга жөнөп, анысын таап, жетекчиси менен кошо ашата сөккөнгө даяр эле. Бирок эл алдында шагын сындырбаш керек.

- Жанагы чунак менен байланыштыр мени. Мектептин телефону бар эмес беле?

Экөө ээрчишип мектепке жөнөдү. Каздай болуп майпаңдап баскан деректир аялды араң көндүрүп, телефонду ары-бери бурап, аллоо, алоо деп кыйкырып жатып, иниси байланыша албай койду. Таза ит болбодубу, кайдагы балээни тапты эле, суу мурун!

- Не кылалы эми?

- Эл кылганды кылабыз да. Барып бир кой алып келиң союшка. Мен тилим өткөн кишилерди чогултайын. Эптеп добуш алып бербесек, жанагы жаман дагы ичип-чычып, үй-бүлөсүн азапка салбасын. Оозуна алы жетпей, жетекчисине убада кылса, анысы аянат беле, көчүккө тээп, жумуштан айдайт да. Ансыз да бул ишке өткөнүнө эки эле жыл болду. Айлыгы жакшы деп жатты эле,- деди иниси. Кыязы, Келечектин абалын ушу иниси  жакшы билет чамасы.

Заманасы куурулду Мукандын. Малдын туягын санап жашаган кишиге бир кой дегениң оңойбу. Өзүнөн аянып олтурушат. Антейин десең баланын көңүлү. Бозоргон туман арасынан шаңкайып көрүнүп турган ак карлуу тоо чокуларын сыдыра карап, Мукан экиленип турду. Шайлоо деген мунун жашоосунда ушундай чоң мааниге ээ болорун башына жүн чыкканы бүгүн сезди.  Бир кой дейби?! Бир кой! Канча добуш? Эгерим шайлоо менен иши жок бейгапар абышканын жашоосуна шайлоо ушунчалык бат аралашып кетет деп ким ойлоптур...

Бирок андан кийинкисин ойлогондо абышканын жүрөгү токтоп калмак беле, ким билсин. Туугандарды чабыштырып, эрди-катынды ажыраштырган шайлоо деген бороондун эпкини тоо койнундагы айылга эми гана жетип баштаган маал эле.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз