Айбек Абдылдаев: Музыкант

  • 22.01.2021
  • 4429

АҢГЕМЕ

- Соттолуучу, сизге акыркы сөз!

- Айтаар сөзүм жок!

Дулдуюп, тагдырына, Кудайга, төрөлгөнүнө, сотко, баарына таарынгандай башын көтөрбөдү. Кара мантия кийген тыржыйган арык, оорукчан кишидей жүзүн тырыштыра берген судьянын угулар угулбас үнүнө үп залдын ичиндеги алка-шалка тердеп, жүз аарчысы менен терин аарчып, ойдолоп олтура албаган кишиге баары дым болуп кулак төшөп калды.

- Кылмыш кодексинин 267-беренесине ылайык...

Зал ичинде тыржыйган арык судьядан башка эч ким дем тартпай олтургандай, бирөө жөтөлсө, баары жек көрө тиктеп, бир сөздү сыя өткөрүп жибербегей элем дегендей делдейишет.

Темир тордун артындагы жашы отуздарга келип калган орто бойлуу, кара-тору жигиттин алайган көздөрү чанагынан чыкчудай ансайын чоңоюп, ар бир сөз өзүн кескилеп жаткан бычак сыяктуу жүзүн тырыштырып коёт.

- 268-берененин...

- Оңбой калган го, катыгүн!

Алдыда турган кемпирлердин бири шүү үшкүрүп жиберди. Бирөө бышылдап, жашка муунуп ыйлап баштады.

- Тынч олтурабыз, тынчтыкты сактайбыз,- деди соттун катчысы болуп олтурган сары чач келин.

- ...күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылат.

Зал ичи чур эле дей түштү. Төрүмдөн көрүм жакын деген жанагы кемпир судьяны каргап-шилеп жиберди:

- Эй наалаты, кудайды карасаң боло! Бирөөнүн айдай баласын ак жеринен күйдүрбөй!

Жыгач балкасын үстөлүнө бир чапты дагы, судья залдан чыга жөнөдү. Балка үстөлгө эмес так чокусуна урулгансып, дүп этип кулап түштү бирөөсү. Судья карап да койбоду. Анан эси ооп калган аялдын бетине суу чачып, чакчелекей болуп калышты. Темир тор артындагы жигит менен коштошуп калууга сүрүлүп, зал ичи котолоп, кымгуут болуп кетти.

Эсин жоготкон аял соттолуп жаткан жигиттин апасы эле. Анын багар-көрөрү, жалгызы соттолуп жатса, эси оомок тургай, чымын жан чыркырап кетсе гана эле...

Көзүн алаңдатып эми кандай болору мээсине илинбей, акыркы үмүтү соолуп, көп ичинен апасын издеп, колун кармап кайрат айткандарды көзүнө илбей, ызаасы алкымын бууп, буулдап ылайып жиберчүдөй болуп кайран жигит эки аскердин коштоосу менен залдан чыгып баратты. Ушунтип элеби, ээ! Ушунтип эле камалып кетеби?! Чыгып баратып көрдү, ошол баягы кишини көрдү:

- Энеңди акмак, түбүңө жетем, катынсың сен, ...тсүң!!!

Анын кимди сөгүп, кимге ызырынып, кимдин мурдун жалпайтам деп атырылганына көпчүлүк маани бербеди. Эки аскер булкулдатып сүйрөп чыгып кетти. “Сотту сөктү го” деди буга маани бергени. Ал сөккөн киши баягы той ээси эле. Ооба, уулун үйлөгөн той ээси.

... мунун баары тойдон башталган. Жанагы кара-тору жигит музыкант. “Комсомол” тойлор ошо маалда элдин театры, концерти болуп калган убак эле го. Оп-поо, ошондо мунун дагы шайтаны семирген, семиргенде да куп семирген. Жашоонун маани-маңызы мурдагыдай болбой, кара жандын амандыгы, кара курсактын камы, жан жыргалы, өзүм дегенде өгүздөй күч тапкан, башкаларды чымындай көрбөгөн Өзүмбек, Өзүмгүлдөр ошондо талаа бетин бербей жайнап чыгышып, кулпурушкан. Кийин аларды уругу чырмооктой болуп, тамыры менен жулуп ыргытсаң, башка жерден көктөп, өрттөсөң кайра баш көтөрүп кулпурат.

Жетим баладай болуп кароосуз калган айылдарда жашоо агымы башкача акчу. Бирөө өлсө чогуу барып көмүп, кайгырып арак ичип, кайра ырдап, аягында мушташып тарачу. Бирөө той кылса кубанып арак ичип, мушташып, анан эртеси кайгырып калышчу.

Матыш карындашы турмушка чыгып кеткенден кийин музыкалык окуу жайды бүтүрбөй баса берди, апасына каралашаар эч ким жок эле. Анын үстүнө Шопен-мопениң, Бах-сахаң мунун мээсине сиңбей койду. Олуттуу тагдыр күтө турган кырдаал эместир эле, балким. Эч ким олуттуу болбой калды да. Жазуучуларың кайырчыдай, обончуларың эшик ырчыдай эле байдын босогосун сагалап калды. Ошондо бирин-экин бодо малын сатып, жапондордун “Ямаха” компаниясы чыгарган музыкалык аспабы менен килтейген эки үн күчөткүч, майда-чүйдөсүн түгөл сатып алды. Буга бир агай шондой кеңеш берди. Хандын баласында жашайсың деди.

- Ү-а-мана керек болуп жатат, той бар эле,- деп келишет айылдагы куулук-шумдугу жок кишилер. Сыртындагы англис тилиндеги жазууну окушкандагысы. “Үамана” даңкылдап, айыл ичи шаңга толуп, абышка-кемпир түнү менен уктай албай каргап-шилеп, жаштар айылды чаңын эшектер кырман баскандай сапырып, жерди өчү бардай тепкилешип, өзүндөгү арман-ызаанын баарын чыгарып бийлеп, бир айдай жели чыгып жүрүшөт. Чын эле, хандын баласындай болбосо да байдын баласындай жашап калды. Колунан акча үзүлбөйт.

Азан чакыргандагы аты Маматибраим. Бирок айылдаштары Матыш деп жүрүп, чын аты эбак унутулган. Матыш аталаш тууганынын “Волгасы” менен ушул чөлкөмдүн кайсыл айылында той болсо, ошол жерде. Өгүнү тойдо сөөк талашып, кокуй сөөк эмес, жилик талашып мушташ чыгып аз жерден “аппаратын” талкалап сала жаздашты. Жаңы эле куда болгон кишилер улуу-кичүүнү көзгө илбей, ай-даа төбөлөштү. Той токтоп, үйлөнүп жаткан жигиттин шагы сынып турган. Кыз ыйлаган, бул болсо коркуткан киши болуп, баарын жыйнап баса берди. Каа-ап десең!

Матыштын үйүндө жапжаңы «девятка» токтогон күн айылдагылардын эсинде. Айылга машине аттуу дегеле сейрек келчү да, чоң-кичинеси эрмектеп калар эле тегеректеп. Матыш да унутпайт, эми бир өмүр унутпас муну. Сентябрдын он экиси болчу.

Жүгөрү кайрып, апасы экөө там аркасында жүргөн. Он экиси эле... бул он төртүндө шаарга барып сүйлөшкөн кызына жолукмак. Айтурган жайкы каникулдан келип, окуусу башталды. Быйыл акыркы курста. Ысымы ушундай, Айтурган! Жалгыз кыз! Туулганына эмес, турганына сүйүнүшкөн кыз.

- Жыйым-терим бүтсө, үйгө турбайсың, той-топуруң башталат да. Буудайды дагы биротоло тегирменге тарттырып келип бер,- деди апасы жүгөрү кайрып олтурганда.

- Ошентейин, азыр киши көп болуп жатыптыр деп жатышат. Биринчи билип келейинчи.

Айылда үйлөнөм деген каалоосун билдириш үчүн балдар атасынын бут киймине жүгөрүнүн мардегин тыгып салат. Матыш ошону ойлоп ичинен күлгөн, жүгөрү кайрып олтуруп. Бирок атасы кайтыш болгонуна көп болду... апасы муну үйлөн деп айта элек. Кебетеси чоң көрүнгөнү менен жашы 23тө эле.

Ит арсылдап, бирөө Матыштап кыйкырып калды. Муну такыр эле башка райондон издеп келиптир:

- Матыш сенби? - деди орто жаштагы керсейген, төбөдөн сүйлөгөн неме.

- Менмин!

- Салам алекум.

- Алеки...

- Той бар эле, Кара-Боордо.

- Оо-уу, алыс го, өзүңөрдө жокпу башка музыкант?

- Биздегилер бошобой калды. Акыңды эселеп беребиз.

- Канчасы?

- Октябрдын төртүндө.

Кара-Боору тээ Тажикстан менен чектешкен чек арадагы тоолуу айыл эмеспи. Мунун айылынан 300 чакырымдай бар го.

- Эселегенде канча?

- Канчага чыгасың бу жерде?

- Ар кандай, 300-500 сом болот.

- Миң сомду таза аласың.

- Машиненин майын өзүнчө төлөп бересиңерби? - деп шарт койду Матыш.

- Ал жагынан эч кам санаба, тууган.

Акча берсе, Төштүктөй жердин жети түбүнө кирип кетиштен тартпайт ко... Кара-Боорго үч аптадан кийин жөнөдү. Аталаш тууганы эски “Волгасын” майлап-түзөп, “тим эле Кашкарга жетет” деп барпалаңдап алган. Өз районунан алыска чыга бербеген кишиге кызык болсо керек. Улуу тоолорду аралап кете беришти, жол бузула баштаган экен. Бирде түз, бирде өңгүл-дөңгүл, бирде бел, бирде ылдыйыш, кээде чөл сыяктуу какыраган талаа, бирде карагайлуу чер. Тууганы өткөн-кеткенди кеп салып барбалактайт, бул Айтурганын эстеп, акыркы жолукканда эзиле өбүшкөнүн эстеп, ичи муздап, кайра өрттөнүп кетип баратышты...

Жолдо чек арачылардын постунан текшерип өткөрүштү. Чек ара аймагына ушунтип кирет тура!

- Авто-унаада эмне бар? Артын ачыңыз!

Аскерлердин айткан дегени менен болду.

- Тамеки жок беле? - деди самтыраган аскер формасы чак келбей далактап турган, шамалга жүзү тоотугуп, бети жарылган арык жоокер.

- Бар, бар чөнтөгүнөн бир куту “Комуз” тамекисин алып сунду дагы:

- Ала бергиле, менде дагы бар, - деди ак көңүлдүгү кармаган тууганы.

Тиги жүдөмүш аскер ыраазы боло баш ийкеди. Берки чукчуңдап турган шериги муздак тиктеди дагы:

- Чек ара аймагына атайын уруксат менен келиш керек, силерди өткөрө албайбыз,- деди.

Акелеп-жекелеп, жалдыраган өттү эми тууганы экөө. Көрсө, кичине тыйын берсе болмок экен. Жыйырма беш сомун алып, ак жол деп койду.

- Буларга да кыйын!

Кичине куунак көңүлдөрү чөгө түштү тууганы экөөнүн. Анан аскер темасынан сөз жалгап калышты. Өзү эптеп аскер кызматынан калып калган, акча берип. Жоокерлер ачка калып, каткан нан кемирип жатыптыр деп сөз кылышар эле. Мунун аскерге барып келгендер өздөрү далай кеп салып беришкен. Эки үй өткөн кошунанынын уулу аскерден жинди болуп келген. Көчөдө козу-улакты так көтөрүп алчу бакыртып эле. Мектептен келе жатып, ошол үйдөн өтүштөн заарканышаат болчу. Бирде торпокту көтөрүп жерге урган. Ошол тууралуу тууганы экөө сүйлөшө кетти.

- Аныңы уктап жатканда “деддер” башка чапкан экен...

Апасы айткан “жердин жети түбүндө бок барбы” деген Кара-Боорго түш оой кирип келишти. Той ээси сөөк-саактуу, эткээл киши экен. Бардар турат экен. Тун уулун үйлөп жатыптыр. Той эки күнгө уланды. Чаң сапыра бийлеп, арактан шыңгытып, аягында мушташып барып жаштар тарады. Эртеси кызмат кылган келиндер, от жагып, суу ташыган орто жаштагы кишилер топ жарып бийлешти, ырдашты, балчактап жеп-ичип, түшкө жуук алар да дымыды.

Булардын “Ү-аманасынын” үнү түшкө барып өчтү.

- Жигиттер чарчады, уктап эс алганга жай даярдап бергиле! - деди бир убакта беш-алты киши менен үйдөн чыккан той ээси.

Бир топко уктаптыр. Бака-шакадан ойгонду. Тойдон тарагандар бир уктап, кайра келип дуулдап, бирөө тост айтып жаткан экен.

- Нан болсун, ыр болсун, эки жаш бактылуу болсун!

Күн батып баратыптыр, кызарып, тээ заңкайган тоо артына кулап түштү. Айыл какыраган эле талаага жаңы түшүп жаткан конуштай көрүндү. Антейин десе, тамдардын баары эски, кээсинин дубалы урайын деп калган. Бирок бир дагы дарак жок экен. Куурай жок ээй! Жер шарты ушундай дешти. Ошого малдын туягын санап, жупуну турушат экен. Той ээси малдуу неме болсо керек деп ойлогон ошондо Матыш. Ал убада кылгандай эле үч эсе көп акчаны аны чөнтөгүнө тыгып, машинесине май куюп, аппараттарын жүктөтүп берди.

- Ээй каякка силер, ырдагыла!

Мастардын бири авто-унаасын жылдырбай кыйла убара кылды. Бирдемеге алаксый түшкөн той ээси аны көрө калып, ызырына сөгүп, жаза-буза муштап калды эле, жанагы эргул чымын куюн болуп жок болуп кетти. Айылдан чыгарда тууганы эс боло калды, “чек арачыларга бир бөтөлкө алып албайлыбы”.

- Өй, тууган дүкөн каерде бар?

- Тээ бурулушту көрдүңөрбү, эшектер турат ко.

- Ий, үч эшек турганбы?

- Ошодон кайрылсаңар “Маданият үйү” деп жазылып турат. Азыр шоерде магазин.

Жолдо баягы чек арачыларга кайра салам айтып өтүштү.

- Той кандай өттү?

- Жакшы, зор өттү. Силерге кешик ала келдим.

Эки чек арачынын өңүнө кызыл жүгүрө түштү.

- Жакшы жетип алгыла!

Бирок жакшы жетпей калды. Аларды милиция жарым жолдон тосуп, баарын чачып текшерип, иттерин шимшилеттип, жүрөктөрүн оозуна кептешти. Тууганы кийин абакта жатканда айткандай, “шымына сийип алышты”. Бир оокумда үн күчөткүчтөрдүн ичинен таңгак-таңгак нашаа таап чыгышты. Аны качан, ким ачып, толтуруп салган? Нес болду! Тууганы ыйлап жиберди.

- Бизди атайын салып беришти, акебайлар!

- Көрсөтүп беребиз, кимдин үйүндө той болгонун, биздин эч кандай тиешебиз жок!

- Билген болсок, кудай урсун, нан урсун!

- Урбайт! Ушу күнгө чейин эч кимди ура элек. Салгыла машинеге!

Тууган безилдеп жиберди, өзү түтөп кетти. Ой-буйга койбой колдорун кайрып, экөөнү тең алып барып район борборундагы милиция бөлүмүнө камады. Музыкант болуп келгенине ишенбегендей түр көрсөтүштү тергөөдө. Баягы той ээсин да алып келип, буларга беттештирди. Билбейм дегенден башка сөз чыкпады андан. Бирок “моюнуңа ала бер, чыгартып кетем, акчага маарытам” деп киши салыптыр. Тынбай булар жаткан СИЗОго тамак-аш, тамеки жеткиртип турду. Матыш сөзгө келбеди, ызырынды. Тууганы болсо кичирейип, жүдөп, биттеп кетти. Акыры өзү моюнуна алып, тууганын эркиндикке чыгартты. Аяды байкушту, үч баласы бар. Мунун өзүн ким аяп, ким боор толгойт. Курган апасы ушул азапты көтөрө алабы, жокпу деп коёт. Неси болсо дагы соттон акыр-аягына чейин акыйкат чечим үмүттөндү. Тууганы ошо бойдон жым болду. Байкуш акыйкат издеп, адилдикти талашууга жүүнү бош неме.

Той ээси болсо уялбай сотко келгенин карасаң, наадан!

Ал наадандык кылганы турган иш. Аны саан уйдан саашты. Прокурору, милициясы, соту. Акчаны шыкап берди аларга. Айла-амалдуу болгон үчүн мунун каналы аркылуу далай баңгизат өткөн. Түрдүү ыкма менен, эч нерседен бейкапар кишилер алып өтүп берчү да, өздөрү да билбей кала биршет эле. Бул жолу муну бирөө сатып кетти! Антпесе каяктан билмек эле?!

Той ээси сотко тиши өтпөй калгандан кийин Матышты түрмөдөн “жинди” деген аныктама менен чыгарып алуу жагын сүйлөшүп, бышырган. Сотто ошону Матышка өз оозу менен айтайын деди. Жаш музыкант жигиттин тагдырын бузуп, каргышка калбайын деди. Бирок ага каргыш айткандардын үнү угулчу болсо, “Жиндиканага” өзүп түшүп калат беле, ким билсин!

Бу маалда өң-далаттан кеткен аялга “Тез жардам” авто-унаасы менен келген доктурлар ийне сайды. Машинеде эле жата турсун, он-он беш минута дешти.

- Кагылайын уулуң акталат, үмүт үзбөгүн. Адбокаты айтты го дагы даттанам дейт. Мындан чоң сот бар экен.

Аялдын жанындагы жалынып-жалбарган кемпир бир тууган кайын эжеси. Сотко келген айылдаштары да кете албай, дарактын көлөкөсүнө үймөлөктөп, бир даары ичинен чын эле нашаа ташып жүргөн бекен деп күмөнсүп, ошентсе деле апасын аяп, баласын аяп боор ооруп турду...

“Эми айылдын да шаңы өчүп, музыка жаңырбай калабы” деп ойлоду кээси.

- Эшим, сенин балаң каңгыратып үйрөнүп жүрчү беле?

- Чертет кадыресе эле. “Ананайынды” ырдаганды үйдөгү кандектин да куйругу шыйпаңдап кетет ко... х-хе

Дуу күлүп калышты айылдаштары. Алар жана эле бушайман болуп, кайгырып турушкан, арсалаңдап арсыз күлүп жатышты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз