Өскөнбай Бердибаев: Көр-Мерген

  • 26.01.2023
  • 1475

Илгери бир көзүн чеч баскан, тескей тоодон текени, күңгөй тоодон кулжаны терип аткан Көр-Мерген аттуу адам болгон экен. Күндөрдүн бир күнүндө мерген ажалы жетип бул дүйнөдөн өтүп, эли-журту кайгырып жоктоп ыйлаганы...

Тогосун үздү ак бүркүт,
Тоомдон тайды ак түркүк.
Жибегин үздү ак бүркүт,
Жигинен тайды ак түркүк.
Тескейди көчкү каптады,
Тектирде теке жатпады.
Күңгөйдү көчкү каптады,
Күнөстө кулжа жатпады.
Кыр учунан кыйгачтап,
Көчүп кеттиң Көр-Мерген.
Кызарып баткан күн сымал,
Өчүп кеттиң Көр-Мерген.
Кызыл кийик, ак кийик,
Бөлүп кеттиң Көр-Мерген.
Кыраңда куурап кызгалдак,
Соолуп кеттиң Көр-Мерген.
Сол көзүңүз чеч эле.
Сологой мерген дечү эле.
Бир көзүңүз чеч эле,
Билерман мерген дечү эле.
Жалгыз көзүң чеч эле,
Жаңылбай атар дечү эле.
Буурул көзүң чеч эле.
Буйдалбай атар дечү эле.
Ат минбеген жөө мерген,
Аркар аткан Көр-Мерген.
Унаа минбес жөө мерген,
Улар аткан Көр-Мерген.
Жыт оңгоруп өрлөгөн,
Жылганы көздөй төрлөгөн.
Жылма жылып илбирстей,
Шыралгасын сермеген.
Түртүп кармай ортосун,
Түтөтүп октоп милтесин.
Оңдоп кармап ортосун,
От алдырып милтесин.
Адыр-тоолуу белестен,
Аркар аткан Көр-Мерген.
Куюн кууп ойноткон,
Кум шагылдуу мойноктон.
Кумайда жатып жашынып,
Кулжа аттың Көр-Мерген.
Жуп табакта устукан,
Журтуңа далай эт тарттың.
Аш табакта устукан,
Айылыңа бөлүп эт тарттың.
Жымсалдап бастың дөш менен,
Журтуңду бактың гөш менен.
Кайрылып бастың бет менен,
Калкыңды бактың эт менен.
Томуктай кезден октолдуң,
Тоолордо жүрүп жок болдуң.
Кырчындай кезден ок жондуң,
Кыраңда жүрүп жок болдуң.
Тескей тоону аралап,
Теке аттың Көр-Мерген.
Күңгөй тоону аралап,
Кийик аткан Көр-Мерген.
Желип жортуп кайкыда,
Жеңил бастың жөө мерген.
Кош шыйрактуу мылтыгың,
Көңүл кош кылбайт көргөндү.
Коштошуп ыйлап кайгырып,
Көмүп келдик мергенди.
Кош сүмбөлүү мылтыгың,
Көңүл кош кылбайт көргөндү,
Көтөрүп барып коштошуп,
Көмүп салдык мергенди.
Көр-Мерген көсөм жан эле,
Көздүүлөрдүн алды эле.
Көр-Мерген кыраан жан эле,
Кыйындардын алды эле.
Көрөгөчкө шам эле,
Кыйындарча бар эле.
Ок баштыгың кең эле,
Орто жүзгө тең эле.
Кайгырып элиң жоктоду,
Кайрымдуу элең көп элге.
Бел кемериң жез эле,
Бектей болгон өзү эле.
Бекинип тоого жашындың,
Бейубак кеттиң тез эле.
Күңгөйдө баскан из калды,
Көр-Мерген деп сөз калды.
Кулжа качкан кыр калды,
Көр-Мерген деп ыр калды.
Калкка берген эт калды,
Калк оозунда кеп калды.
Элге берген эт калды,
Эл оозунда кеп калды.
Күнөстө гүл ыргалды,
Көр-Мерген деп ыр калды.
Күнгөй тоодо сыр калды,
Көр-Мерген деп ыр калды.
Кызыл кийик, ак кийик,
Атып кеттиң Көр-Мерген.
Кыйгач узап кыраңдан,
Басып кеттиң Көр-Мерген.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз