Ги де Мопассан: Асыл баа буюмдар

  • 27.01.2023
  • 2778

АҢГЕМЕ

Лантэн мырза аны менен бөлүм башчынын жардамчысыныкындагы кечеде таанышты да махабаттын ышкылуу торуна кандай чалдыкканын өзү да билбей калды. Кыздын атасы элетте кайыр садага чогулткуч эле; бир нече жыл мурда көзү өтүп кеткен. Апасы экөө Парижге келген соң бой жеткен кызын дурусурак күйөөгө бере салууну каалаган аял кошуна жашаган буржуазиялык бардар бүлөлөрдөн тааныш күтө баштады.

Эне-бала жакыр болгону менен бирок жанда жок адептүү, сыпайы сылык, жагымдуу жандар эле. Баарынан да таалим көргөн кызынын жибектей созулган майин мүнөзүн айт, акыл-эси бар мырза атмай мындай кызды колдон чыгарбай, өз тагдырын ага эч бир ойлонбой туруп тапшырып салса түк жаңылмак эмес. Кыздын карапайым, жупуну сулуулугунда периштеникиндей мээрим нур балкыган аруулук бар эле, үлбүрөгөн жука, назик эриндеринен түк кетпеген билинер-билинбес жылмаюусунан анын ички жан дүйнөсү чагылышып тургандай көрүнчү.  

Тамшана суктанган элдин баары кызды жапырт мактап, тааныш-билиштердин ооздорунан: «Буга үйлөнгөн эркектанада эзели арман болбос... Мындан артык да аялзаты болобу», - деген сөздөр түшчү эмес.  

Анан эле бир күнү тышкы иштер министрлигинде үстөл башчы кызматын аркалаган, жылдык маянасы үч миң беш жүз франк Лантэн деген мырза кыздын колун сурады да, көп өтпөй экөө баш кошуп алышты.  

Эми жаш күйөөнүн бактысы айтса түгөнгүс. Келинчеги оокатка абдан тың, эсепке бүйрө болгондуктан, экөө тимеле бапыраган байлардай эч нерседен кем болбой жашашты. Келиндин күйөөсүнүн кирпигине кир жугузбай бапестегенин айтасыңбы, жанды эриткен кылыктуу назик жароокерлигин айтасыңбы, айтор, жүрөктү элирткен азгырыктай сулуу келинчегин ал баш кошкондон кийин алты жыл өтсө да алгачкы күндөрдөн да артык сүйө баштаган.   

Бирок келинчегинин ага жага бербеген бир гана жагы, ал театрга, анан жасалма зер буюмдарга абдан ышкылуу эле. Курбулары (ал бир нече ортозаар кызматтарда иштеген чиновниктердин аялдары менен тааныш эле) ага бат-баттан модага айланган спектаклдерге, алтургай, шааниси артык бет ачаар аземдерге орун таап берчү. Эртеден кечке иштеген күйөөсүн бул оюн-зооктор ого бетер эзип, өлөрчө чарчатканына карабай, ал сүйрөлүп аялы менен кошо барганга мажбур эле. Андыктан артыкбаш мындай үлпөт кечелерден жүрөгү жалкыган Лантэн көп учурда аялынан театрга тааныш айымдардан кимдир-бирөөсү менен баруусун өтүнчү. Аялы мындай кылганың дурус эмес деп көпкө чейин кыйылып атып акыры көнчү. Күйөөсү анын бул жакшылыгына чексиз ыраазы болуп үйдө кала берчү.

Көп өтпөй театрга болгон эңсөө аялда дагы бир муктаждыкты – аякка жасанып баруу зарылдыгын жаратты. Ал жупуну, жөнөкөй, бирок жарашыктуу кийинчү, ошондон уламдыр, анын жылмаюу менен нурданган татынакай келбети карапайым кийиминде деле ого бетер ажарлуу көрүнчү. Аялы бара-бара кулагына такай жасалма бриллианттары бар чоң сөйкө илип алчу болду, дайыма жасалма маржан, сыпат белгиси төмөн алтын билерик, түркүн түс чачылма айнек бүртүктөрү кадимки асыл баа таштай жылтылдап жылоолонгон таажы кийчү. 

Анын жылтыр-жултурга ач кенедей жабышчу мындай ышкысын жактырбаган күйөөсү:

– Кымбатым, чыныгы асыл баа буюмдарды сатып алганга чамасы келбегендер үчүн табигый сулуулук менен келбеттүүлүк деле мыкты жасалга. Анык сейрек учуроочу байлык деген мына ушу, – деп калчу. Антсе аялы сыпаа жылмая, минтер эле:

– Эмне кыл дейсиң эми! Мага асем буюмдар жагат. Мени кумарланткан ушул. Сенин айткандарың туура экенин сопсонун түшүнүп турам, бирок өзүңдү кайрадан жасай албайт экенсиң да. Насили ургаачы пенде катары мен кымбат баа зер буюмдарды жанымдан артык көрөм, – дечү.

Ошентет да анан шурунун акак маржандарын шылдырата сыдырып, кырдуу таштардын улам кубула жылтылдаганын суктана карап калат.

– Сен булардын кандай сонун жасалганын көрсөң. Тимеле чыныгы таштардан айырмасы жок, – дей берет.

Күйөөсү жылмайганы гана болбосо унчукпайт.  

– Сенин табитиң цыгандардыкындай, – деп коёт бир кезде.

Кээде кечинде экөө отурганда Лантэн мырза айткандай, келинчеги өзүнүн «пайдасы жок жасалма майда бараты» шыкалган кайыш тыштуу кутусун чай ичкен үстөлгө коёт да терең, сырдуу бир лаззатка бата аларды тимеле ышкысын сала тигиле карайт. Бир оокумда күйөөсүнүн мойнуна шурунун бирөөн иле салат да: «Боорду эзген кебетеңди карачы!» – деп жыргай каткырат, анан мойнуна шак асылып, ысык эриндери менен аймалап кирет.

Бактыга тунган мындай кызык турмуш кокустан бырын-чырын болот деп ким ойлоптур. Кычыраган кыштын бир күнү аялы Операдан кайтып келатып катуу суукка чалдыкты. Эртеси жөтөлүп баштады. Бир жумадан кийин эле өпкөсүнө тийген сууктан каза болуп калбаспы. Байкуш Лантэн аз жерден аялынын артынан кетип кала жаздады. Ныгыра басып калган орду толгус оор кайгыдан чүнчүгөн неменин бир ай ичинде эле кулпурган капкара чачы куудай агарды. Эртеден кечке жашы тыйылбай, жүрөгү киши чыдагыс азаптан жарыла жаздайт, отурса турса көз алдынан жарынын үнү, жылмайганы, ажарлуу жамалы жылоолонот да турат. Ал азыр эле жарк этип эшиктен кирип келчүдөй сезилет. Мындай азапты башка салбасын. Анын кайгысын убакыт деле жеңилдете албады. Кээде бирге иштешкен чиновниктер менен чогуу отуруп, ар кайсы жаңылыктарды кеп кылышат, алагдыган болот, бирок күтүлбөгөн жерден бети өзүнөн өзү шишимектене, мурду тартышып чыгат да, муунтуп келген ысык жашын тыя албай, эчкирип ыйлап коё берет.         

Ал жан биргеси экөө жаткан уктоочу бөлмө кандай болсо эч нерсесине кол тийгизбей, ошол калыбында калтырды, күн сайын капылет кетип калган жарын эстеп, ошол жакка кирип кетет да эшикти ичинен илип алат. Бөлмөдөгү буюм-таймдын баары – эмеректер, жадагалса көйнөктөрү да анын жашоосундагы акыркы күнү кайсы жерде турса, дагы эле ошол жерде. 

Жанга баткан жалгыздыктан аңылдаган коңултак жашоосу, күнүмдүк тирлиги кыйындай берди. Аялы барда тапкан маянасы чарбалык муктаждыктардын баарына эле кенен жетчү, эми коколой башы калса да акчасы эч нерсеге жетпечү болду. Аялы ага кантип дайыма сонун шарап ичирип, чүйгүн тамактардан жасап бергенине акылы жетпейт, эми таап аткан каражаты анын бирине жетчүдөй эмес. 

Бара-бара карызга батты, аргасы калбаган адамдай дайыма акча издеп чуркачу болду. Бир күнү караса чөнтөгүндө сокур тыйын жок, айлык тийчү күнгө чейин дагы бир жума калгандыктан, бирдемени сатып ийсемби деди; ошол замат башына аялынын жанагы «пайдасы жок жасалма майда баратынан» арылсамбы деген ой келди, анткени аларды башынан эле жактырбай, итиркейи келип жүрбөдү беле.

Күндө көрүп жүргөн бул буюмдар эми көзүнө ого бетер суук көрүнүп, сүйгөн аялына болгон кусалуу көөнүн чөктүрүп да жибергенсиди. Ал аялынан калган жылтыр-жултурдун баарын алып чыгып, узакка чейин шагырата иргеп отурду, абдан көп тура. Аялы өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин аларды өжөрлөнө сатып ала берген окшойт, баса, дээрлик күн сайын кечинде үйгө ушундай жаңы бирдемелерди көтөрүп келчү эмес беле. Ошентип ылгап отуруп ал акыры узун бир шуруну тандап алды, муну аялы баарынан артык көрсө керек эле; шуруну ашып кетсе жети-сегиз франкка эптеп сатаармын деди, себеби, буюм жасалма болгону менен чынында чебер колдон кынтыксыз чыккан, абдан кооз да эле.      

Шуруну чөнтөгүнө салды да гүлбактарды аралаган бойдон министрликке жөнөдү, жолду ката дурусурак зер буюм саткан дүкөн учурап калса кире кетмей болду. Баратып ошондой дүкөндү жолуктуруп калды да, арзан баа буюм сатууга аргасыз болгон өзүнүн кедейлигин көрсөткөндөн уялып, кысынып турса да баш бакты.

– Мырза, – деп кайрылды дүкөнчүгө, – мен мына бул буюмду канчага баалай турганыңызды билейин дедим эле.  

Зергер шуруну алды да аны айланта карады, салмактап, чоңойтуп көрсөтчү томпок айнегине сала ого бетер тикирейе тигилди, анан жалданма кызматкерин чакырып, ага акырын бирдемелерди күбүрөдү; шуруну кайрадан текчеге койду да, көрүнүшүн байкайын дегендей таризде чегине калып, алысыраактан дагы бир жолу кунт коё карады. Мындай узак жол-жобого оңтойсузданган Лантэн мырза: «Мунун баасы эч нерсеге арзыбасын сопсонун билип турам», – деп ооз ачкыча болбой, зергер шак эле:

– Бул шуру, мырза, он эки миңден он беш миң франкка чейин турат; мен муну сатып алам, бирок ал сизге кандайча таандык экенин ачыктап коюшуңуз керек, – дебеспи.

Байкуш жесил эркек көзү алайып оозу ачылган бойдон эч нерсеге түшүнбөй, турган жеринде селейди. Бир оокумда барып араң күбүрөдү:

– Сиз эмне дедиңиз?.. Чын айтып атасызбы?..  

Анын таң калганын өзүнчө жоруган зергер:

– Мага саткыңыз келбесе да башка жерге кайрылып көрүңүзчү, балким, көбүрөк акча беришер. Менимче, мунун баасы он беш миңден ашпайт ко дейм. Эгер көңүлүңүзгө төп келбеген жерди таппасаңыз, анда мага келе бериңиз, – деди кургак гана. 

Эси оогон Лантэн мырза шурусун ала коюп кеткенче шашты, ээндеп барып муну жакшылап ойлонгусу келди. Ашып кетсе жети-сегиз франк болор деген шуруга олчойгон акча берем деген дүкөнчүгө ишенбей турду. Көчөдө баратып күлүп да жиберди: «Кеңкелес неме го! Кап, сөзүнөн шак кармап берип салсам болмок экен! Жасалма буюмду чын тазасынан айырмалай албайт да анан зергер имиш!». Ал Тынчтык көчөсүнүн бурчундагы дагы бир дүкөнгө баш бакты. Дагы кызык ушул жерден башталды; шуруну көрөрү менен зергер чок баскансып кыйкырып жиберди:

– Мен бул шуруну абдан жакшы билем, анткени муну менден сатып алышкан!

Чексиз толкунданганынан аз жерден кулап түшө жаздаган Лантэр мырза эптеп эсин жыйып суроо узатты:

– Баасы канча болот мунун?

– Муну мен жыйырма беш миңге саткам. Сизге он сегизге бере алам, бирок мыйзам боюнча сиз адегенде бул кандайча менчигиңиз болуп калганын так көрсөтүшүңүз керек.

Муну укканда Лантэр мырзанын буттары чалыштап отура калды.

– Ооба... бирок... аны жакшылап көңүл буруп карасаңыз мырза, мен шуру... жасалма го деп ойлогом, – деди эсеңгиреп.

– Кичи пейилдикке аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз, - өтүндү жооп ордуна зергер.

– Макул: аты-жөнүм Лантэн, тышкы иштер министрлигинде иштейм, жашаган дарегим Жапакечтер көчөсү, он алтынчы үй.

Зергер китебин ачып, бирдемелерди издеп барактап, акыры тапты окшойт.

– Бул шуру чынында эле Жапакечтер көчөсү, он алтынчы үйдө жашаган Лантэр айымдын дарегине миң сегиз жүз жетимиш алтынчы жылдын жыйырманчы июлунда жөнөтүлгөн экен.

Экөө бири бирине кадала тиктеп калышты: чиновник эси ооп таң калса, зергер бул ууру эмеспи дегенсип ага ичинен шектенди.

– Сиз шуруну бир суткеге калтырып кете аласызбы, мен тилкат жазып берейин, – деди зергер.

– Ооба, албетте, – күңкүлдөдү Лантэн мырза, дүкөнчү жазып берген тил катты бүктөп чөнтөгүнө салды да чыгып кетти.

Жолду кесип ары өттү. Туш келди басып кете берди, бирок адашканын байкап, кайра Тюильри көчөсүн көздөй басты, Сена көчөсүнөн өтүп, дагы туура эмес баратканын билди, түз эле Елисей талаасына кайтып келип, кылаарга иши жок адамдай ары-бери баса берди. Чынында мээсин чымырата ой калчап, бул таң калаарлык иштин чоо-жайын түшүнүүгө аракет кылды. Аялында мындай кымбат баа буюмдарды сатып алганга акчасы жок болчу. Муну ал анык билчү. Анда демек, мунун баарын ага кимдир-бирөөлөр белек кылган! Белек! Бирок кимден? Эмне үчүн, кандайча? Жолдун ортосуна келгенде тык токтоп, таманы жабышып калгансып турган ордунда катты. Чагылган жанып өткөнсүп башында «кантип эле ал... демек...» деген үрөй учурган ой жылт этти да, дилинде иренжиген шектенүү жаралды. Демек, калган кымбат буюмдар да белек турбайбы! Бут алдынан жер көчүп, маңдайындагы чоң бак кулап бараткандай сезилди. Аба жетпегенсип чалкалай, аптыга дем тартты, эки колун сереңдете алдыга сунду. Асман-жер аңтарылып, эстен тана жыгылды.      

Ал аптекада өзүнө келди, бул жерге аны ары-бери өткөн жолоочулар апкелип таштап кетишкен эле. Анан күйүмдар бирөөлөр үйүнө чейин узатып, ичкери кирери менен эшикти илип эле эт-бетинен кулап, түн бир оокумга чейин токтоно албай көз жашын көлдөтө, өпкө өпкөсүнө батпай ыйлады, муунтуп келген ызадан бакырып жибербес үчүн кол жоолугун оозуна бекем басып тиштенди. Бир топто барып чарчоо менен кайгыга эзилген жаны төшөккө жатары менен оор уйкуга кетти.

Аны бетине тийген күн ойготту, шашпай ордунан турду, министрликтеги жумушуна барышы керек. Бирок баштан өткөн кечеки окуядан кийин ишке деле көңүлү чаппады. Кызматка барбай коюуну туура таап, ачандигине кыска кат жөнөтүп ийди. Анан зергерге баруу керектигин эстеп, уялганынан кайрадан бети кызарып чыкты. Аргасы түгөнгөн адамча ал жерге барып шуру сатуу аны кадимкидей намыстандырды. Барсамбы, жокпу деп көпкө дейре арсар ойдо чайналып, акыры барыш керек деди, анткени шуруну дүкөнгө таштоого болбойт эле; кийинди да сыртка чыкты. 

Эшикте күн тимеле мемиреп сонун тийип, көпкөк асман жайдары жылмайган шаар үстүнө жайыла чалкып жаткан экен. Көчөдө колдорун чөнтөктөрүнө каткан адамдар ары-бери агылат. Аларды караган Лантэн: «Акчалуу болгон кандай жакшы! Байды жадагалса, кырсык да айланып өтөт, каалаганыңды кыла бер, көөнүң келсе саякатта, ойноп күл, шапар теп. Кана эми мен да бай болсом!» – деп ойлонду.

Кокусунан курсагы ачка экенин сезип, кечээтен бери оозуна наар албаганын эстеди. Бирок чөнтөгү бош эле, оюна кайра шуру түштү. Зергер он сегиз миң берем дебедиби! Он сегиз миң! Оңой акчабы!

Тынчтык көчөсүнө барды да дүкөндүн маңдайындагы жөлөк жолчодо ары-бери баса баштады. Он сегиз миң франк! Дүкөнгө кирип барганга жыйырма жолу далалат кылды, бирок талаада калгыр куру намысы такыр жол бербей, кармап турду. Бир жагынан өзөгү карарып, ашказаны тамак тилеп, чөнтөктө болсо жылан сыйпагансып сокур тыйыны жок. Турду да бир кезде эмне болсо ошо болсун деди, шарт эле көчөнүн аркы бетине чуркап өтүп, дүкөндүн эшигин жулкуй тарта кирип барды.

Аны көргөн кожоюн түйшүктөнүп тура калды, сылык жылмая отургуч жылдырды. Аргасы жок байкуш дешет да, ууртунан мылжыйганын билгизбөөгө аракеттенген жалданма кызматкерлери да жакыныраак келип, Лантэнге көз кырларын салып калышты.

– Мен баарын тактадым, мырза, – деди зергер,– эгерде шуруну сатам деген ниетиңизден кайта элек болсоңуз, мен сизге кечээги сунуштаган бааны төлөп бергенге даярмын.

– Ооба, макул, – күңкүлдөдү чиновник.

Зергер жашиктен миңдиктен он сегиз даана ири акчаны алып чыгып, Лантэндин колуна санап берди. Тиги квитанцияга колун коюп, калтыраган манжалары менен акчаны мыкчыды да чөнтөгүнө салды. Кайрылып баратып эшикке жеткенде жүзүнөн дагы эле жасалма жылмаюусу кете элек зергерге бурулуп, көзүн жерден албаган бойдон мукактана сурады:

– Менде... дагы кымбат баа буюмдар бар... алар да мураска калган. Балким аларды да сатып аларсыз?

– Мейли, апкелиңиз, – деди башын ийкеңдеткен зергер. 

– Азыр эле барып апкелем, – деди кызара түшкөн Лантэн камырабаган түр көрсөтө.

Араба жалдап, үйүнө барып тамакты да ичпей, бат эле кайра келип калды. Анан дүкөнчү менен отуруп экөөлөп баалуу зер буюмдардын ар бирин өзүнчө ылгап, таржымалын тактап чыгышты. Алардын баары ушул дүкөндөн алынган экен. 

Чоң акчага марый турганына анык көзү жеткен соң Лантэн баштагыдай кысынып этпей калды, баа бычканга келгенде дүкөнчү менен соодалашып, алтургай саткан буюмдарың жазылган китептериңдин баарын апкел деп коколоп, анча-мынча кыялын да көргөздү, айтор, сумма өйдөлөгөн сайын үнү бакылдап, жоголгон кайраты боюна кайтты. Ары-бери тартышып отуруп акыры чоң бриллиант көздүү сөйкө жыйырма миң франкка, билериктер отуз беш миңге, кооз төөнөгүч, шакектер жана медальондор – он алты миңге, жашыл түс асыл таш менен зымырат – он төрт миңге, алтын чынжырлуу мончок түрүндөгү ири бриллиант – кырк миңге бааланды. Баарын кошо келгенде жүз токсон алты миң франк акча болду.

– Аялыңыз тапкан акчасын эле ушуларга жумшай берген окшойт, – деди жайдары барбалаңдаган зергер.

– Акчаны мындай ыкма менен сактоо ар кандай башка ыкмадан түк кем калышпайт, – деп койду салабаттуу боло түшкөн Лантэн. Анан акыркы экспертизаны зергер менен эртеңки күнгө дайындап кете берди.

Сыртка чыкканда маанайы жаркып, басканы шайдоот, эмеле бозомук тартып түнөрүп турган аалам көзүнө ажайып кооз көрүндү, көчөдө келатып Вандом мамыларына көзү түштү, учуна байге илинген түркүккө умтулгандай анын үстүнө тырмышып чыга калгысы келди. Өзүн куштай жепжеңил сезгендиктен, бийик төбөсү асманга сайылып тургансыган императордун айкелинин башынан аша секирип кеткенге да куштар эле. Эртең мененки нанүштө кылмакка Вуазенге (жаңыланган Париждин көрүнүктүү жайларынын бири) жөнөдү, ал жакта өзөк жалгап, алтургай шишеси жыйырма франк винонун даамын татты. Анан жасалгасы келишкен ат араба жалдап минди, Булон токоюн айлана кыдырды. Каршы-терши өтүп жаткан башка экипаждарды дымактуу карап, аз жерден: «Мен да баймын! Менде эки жүз миң фран бар!» – деп кыйкыра жаздап баратты. Министрликти эстеп, ошол жакты көздөй жөнөдү, чоң эшиктин так тушунан сөөлөт сала арабадан түштү, чалкалай басып ачандигине кирди да:

– Кайрымдуу төрөм, мен кызматтан кетүүнү чечтим. Иштегенге мага эми муктаждык жок. Мен үч жүз миң франк мураска ээ болдум, – деди.

Андан чыгып чогуу иштешкендерге кирди да аларга өзүнүн жаңы жашоо баштаганын, алдыдагы чоң пландарын айтып коштошуп чыкты; түшкү тамакты мартабасы балант англиялык кафеден ичти. Жанында отурган зыңгыраган бейтааныш мырзага эмнегедир ичинен ылым санап, ичтен тээп турган мактанычтын азгырыгын ооздуктоого алы жетпей, ага да төрт жүз миң франк мурас алганын айтып жиберди.   

Кечинде бир кезде мойнунан жетелесе да баргысы келбеген театрга кирди, анда отуруп өмүрүндө биринчи жолу эриккен жок, түндү болсо сойкулар менен өткөрдү.

Жарым жылдан кийин Лантэн мырза кайра үйлөндү. Экинчи аялынын жүрүм-туруму дурус болгону менен бирок кыялы өтө эле оор болуп чыкты. Ага көргүлүктү көрсөткөн ошол аял болду. 

Орусчадан оодарган Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз