Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы

  • 07.02.2023
  • 3221

Кеңеш Жусуповдун “ Өмүр үзүмү” китебиндеги сөз берметтеринен...

*     *     *

Эскерүү жазышка сөзсүз үлкөн окуя: коога же тополоң баштан кечириш керекпи? Жашоодо ар бир күндүн, айдын, жылдын биз билип-билбеген, сезип-сезбеген ырыскысы, машакаты, купуя сыры, шааниси мол эмеспи. Кечеки күн оболкунун уландысы, бүгүнкү, эртеңки тирүүлүктүн, окуянын, жашоонун уландысы. Ар бир күндө канчалык мээнет-мээрим, оомат, кубаныч-кайгы жымырылып өтөт.

*     *     *

Ар адам киндик каны тамган айылын кантип аздектебесин. Деги ким эле болсун, тирүү пенде болгон соң, өз айылын эч сүрөткер таба элек боёк менен келиштирип кооздоп тарткысы, жүрөк жарган ыр арнагысы, булбул үнүндөй назик обон чыгаргысы келип, ага болгон ысык ыкыбалын өчүрбөй өтсөм дээр.

*     *     *

Айыл бизди мобул чоң дүйнөгө аманат алып келип, бөпөлөп чоңойткон жылуу уябыз. Ал уя эмне деген эл мээнетинен, көз жашынан, эмгек, сүйүүсүнөн жаралбады. Эмне деген намыс, сыймык менен курулбады.

*     *     *

Кут, бак даарыган баба-тек ичинде ар мезгилде чынар терек сыяктуу тамыры жайылган касиеттүү инсандар болот окшойт. Алар өздөрүнүн акылмандыгын, кудурет-күчүн, касиеттерин кийинкилерге ыйгарып турат белем, мага чоң энем ошондой сезилет.

*     *     *

Канчалык бийикте жашасаң, санаа-оюң табияттан бакубат тазаланып турат экен. Муну мен карыялардан үйрөндүм.

*     *     *

Бабалардын башынан өткөн кайгы-муңу баары бир эч качан унутулбайт экен. Урпактар аны унутууга акысы жок. Сен эстебесең да аны арбактар эскертип турат белем. Акыры өзүң улгайганда, досуң, тууганың, балаң менен ой бөлүшөт экенсиң.

*     *     *

Бабалардын тагдыры жана керээз сөздөрү улуу тоо башына түбөлүк илинген жылаажын-коңгуроо. Аны уккан ар бир кыргыз баласы эмне иш жасадым деп ойлонууга тийиш. Өткөн бабалардын тагдыры, тарыхы, накылы кийинкилерди түзөп-тарбиялайт, тазартат, намыстантат, ата уулу болууга үндөйт. Бабалардын тарыхын билбегендин тамыры үзүлгөн даракка окшош.

*     *     *

Тарыхтагы кара такты, өткөндү, чындыкты эч ким өчүрүп салууга акысы жок, өчүрө да албайт.

*     *     *

Кээде биз табиятты көрө албаганыбызды айтса, аябай арданабыз. “Койсоңчу, баарын эле көрүп турбаймынбы” дейбиз өзүмчүл жаныбыз. Жок. Биз көбүнчө табиятты көрө да, туя да албай, этибар албай калабыз. Биз көзүбүздү учурунда ача албайбыз.

*     *     *

Табият сулуулугун көрүп, кумарланып жашаган адам дилин тазарткысы келет. Табиятка кайдыгер, мерес болбой, анын кудуретине берилген, күүсүнө, илебине түшкөн адам бактылуу.

*     *     *

Карылык башка келгенде көзү өткөн карыялардай нарктуу карып, салабаттуу, үлгү болор өмүр сүрүп жатабызбы деп өзүмчө убайым тартам.

*     *     *

Тоонун көркөм сулуулук күчү гана эмес, түпкүсүнө каткан кубаттуу мистикалык терең сыры бар.

*     *     *

Тоолор – улуу сахна. Биз билбеген, көрбөгөн канча трагедиялар, комедиялар коюлду.

*     *     *

Табият, сулуулук – ыкшоо, жалкоо адамды күтпөйт, ага ажарын ачпай коёт. Ушундан улам, мезгил деги шаа жетпеген алп, ал кайталанбас дабакөй – соргок, ойротто жок даанышман, улуу таразакеч экени эске түшөт.

*     *     *

Мезгил бизге улуу сабак, таалим берген устат деп коёбуз. Биз үчүн мезгилдин кымбаттыгы – адам өзүн таанып-туйгандыгында, ачкандыгында болуп жүрбөсүн?!

*     *     *

Кыргыздар табият сулуулугун жүрөгүнө тартышкан. Эгерде элдин созгон обондорун, күүлөрүн тыңшасаңыз, ошондо гана табиятты сүйгөндөрүнө ишенебиз.

*     *     *

Мугалимдин руханий деңгээлине, эмгегине жараша ар айылдын, а тургай Ата Журттун экономикасы, маданияты, өнөрү жана жашоо-тиричилиги оңолуп өсөт.

*     *     *

Жаш адамды жакшылап тарбиялоо өтө оор жүк экен. Мындай аземдүү кесипти адам эптеп эле жан багыш үчүн тандабайт. Андай жанкечти адам акыл, кесип, өнөр үйрөтүп, анын келечегине жол көрсөтүп, билбегенди билгизип, жокту бар кылып эмгектенип, мээнет менен, түйшүк менен өмүрүн өткөрөт экен.

*     *     *

Ар бир жаштын жаркын, келечекте кандай адам болорун бир гана мугалим адеп байкай алат. Башка жакта тиричилик өткөрүп, кайра айылга келгениңде мугалим менен жолугуп калганда, алар “сен мени уятка калтырган жоксуңбу?” деген суроо берип жаткандай сезилер эле.

*     *     *

Адамдын кыялкеч, кичинекей кезинен билимге, акылга, таза, кооз жашоого үндөгөн, ак жолго багыт берип агарткан жана көзүн ачкан рухий багбан мугалим эмеспи.

*     *     *

Ж.Тынымсейитова: “Элдин тагдыры, мезгил, доор, келечек жөнүндө ойлонбогон, ал үчүн күрөшпөгөн акын болмок беле!”, “... Поэзия дегенибиз өзү убакыт, доор жүрөгүнүн кагышы жана анын тиричилик деми эмеспи”.

*     *     *

Демокрит: “Адамдын эрдиги тагдыр дегенди мыш кылып коёт”.

*     *     *

Акын деген акыркы көз жумганча калемин колдон түшүрбөйт тура!

*     *     *

Акын дегениң адамдарды тирүүлүктү баалоого, аны сүйүүгө, дүйнөлүк гармонияга, тазалыкка, адамгерчиликке, сулуулукка, боорукерликке, өзүн тазартууга чакырат тура.

*     *     *

Бакыт – өмүрүңдү, эмгегиңди элиңе арноо.

*     *     *

Тирүүлүктө кокусунан куру жолугушуу болбойт дегенге небактан бери ишенип келем.

*     *     *

Туулган жерди сагынган кумар көз өткөнчө таркабайт окшойт. Ал эч бир сөз, үн, боёк, күү менен жеткире албаган адамды ээрчиткен аян-чакырык белем.

*     *     *

Тил, сөз деген тирүүлүктүн ырыскысы.

*     *     *

Эл тарыхын, өткөндү билген адамдын акылы нускалуу, ою курч, өмүрү күрөшчүл болот экен.

*     *     *

Кыргыз интеллигенциясы али да башка өнүккөн элдердей адам баркын, эмгегин баалай келгенде түркөйлүгүбүздөн али да арттабыз.

*     *     *

Жаман ойлобогон, көптү эңсебеген адам жашын катат. (Чыгыш акылмандарынын накылы) Ичибизден ойлойбуз, кыргыз болгон соң, тилибиз жоголбой жашай берет деп токпейилбиз. А бирок кыргыз тилинин азыркы абалы суу жетпеген дарттуу даракка окшош.

*     *     *

Адамдын зор жеңиши – өзүн өзү жеңген эрдиги тура.

*     *     *

Кыял деген адамдын сезимталдыгын, эңсөөсүн, ыклас-ниетин, жүрүм-турумун аныктайт. Кыялың күчтүү болсо, ошончолук сүйүүң бийик, ошончолук адамдагы поэзияны сезесиң, сулуулукту сезесиң, алдагыч, ыпыр-сыпырдан бийик болосуң. Кыял – толкундоонун, чыгармачылыктын, сезимдин канаты.

Бир максаттын артынан сая түшүү, бир нерсеге ынануу, адашуу, сезим табуу дегениң – кыялдануу менен ачылат да, кыял аркылуу биз, адамдар боорукерликти, сулуулукту, акылмандыкты түзөбүз, башкалардан аны үйрөнөбүз. Максатыбызды билебиз. Дүйнөгө мамилебиз ачылат. Кыял бизди үмүткөр кылып изденүүгө түртөт, оюбузбун, ишибиздин тирөөч баканы болот. Ыраазычылык, токпейил, көңүлкоштук уюган жерде – кыял жок. А кыялсыз ачылыш жок, ансыз дүйнөгө кенен карай албайбыз, чындыкты кабыл алуубуз пасаң болот, чындыкты даана ачпайбыз, тааныбайбыз, өзүбүздү, төгөрөгүбүздү тегиз тарбиялай албайбыз, ансыз адам өзгөрбөйт, өспөйт.

*     *     *

Тоо карамыктап жашаган адамдар кыялкеч, таланттуу, ички дүйнөсү таза, ой-санаасы ачык, боорукер, намыскөй, сабырдуу, жоокер, кең пейил, ишенимдүү келишет.

*     *     *

Махабаттын таттуулугуна кабылган соң эмнегедир анын узак да, муңдуу болушун жактырар элем.

*     *     *

Сүйүүнү башынан өткөрбөй чыгарма жазыш – көлдү көрбөй туруп ыр жазганга тете.

*     *     *

Сүйүүнүн биринчи кадамы да кайгы дейт эмеспи ыйык китептерде.

*     *     *

Улуу, таза сезимди башына аздектеп узаткан адамдарга ыракмат. Непада ата-энени сыйлап, сүйө билбесек, жаштык махабатты билмек белек?! Непада жаштык махабатты билбесек, башка адамдарды же Кудайды сүйө билет белек?! Эгерде биз жаштык махабаттын кайгысын билбесек, анда кайдан, кантип сүйүү жөнүндө күйүп жаза алат элек?!

*     *     *

Жаштыктагы өткөн тунук сезим – менин байлыгым, тагдыр белегим эч ким тартып алалбайт.

*     *     *

Жол – менин тагдырым. Өмүрүмдүн көбү узун да, кыска да жолдо өттү. А береги оорукананын кыска жолу мага узак да, кымбат да болду.

*     *     *

Т.Сыдыкбеков : “...Чыгармачылык берген жыргал – дүйнөдөгү жыргалдын эң сонуну, асылы, бийиги, кызыктуусу дээр элем. Ошондуктан, чыгармачылыктын сага берген жыргалын башка эч нерсе бере албайт...”

*     *     *

Байыркы гректерден бери талашып келаткан бир собол бар: зили жазуучунун акыбети кайттыбы? Акча мененби? Жок. Даңк алуу мененби? Жок. Анын эмгеги акча, дүйнө, даңк менен эсептелбейт. Эненин акыбетин бала эч качан кайтара албагандай кеп ко. Жазуучунун күн-түн, айлап, жылдап иштеген эмгегин, сарп кылган кайгыруусун, эрдемин, сүйүүсүн, ой-сезимин, ыракатын, маңдай терин, көз жашын эмне менен өлчөп, эмне менен баалай аласыз?

*     *     *

“Кыйындык – жанды чыйратат, бейкорлук – муун бошотот. Адам күнү өлүм менен бүтпөйт”. (Алыкул Осмонов)

*     *     *

Жүрөгүндө калпы, таш боорлугу, өзүмчүлдүгү, кайдыгерлиги бар, жан дүйнөсү таза эмес адамдар гана ички дүйнөсүн элден жашырат.

*     *     *

Арийне, эски салтты бузуу жүрөгүндө оту, муңу, кайгысы бар, дили таза таланттуу, билимдүү адамдардын гана колунан келет. Кайсы доорду албайлы, чыныгы акылы тунук, көрөгөч адамдар качан болсо да замандын агымын, кемтигин элден мурун туюп, турмуштун каардуу толкунун көкүрөгү менен биринчи тозот, жапаны ошолор биринчи чегет.

*     *     *

Сонун ырлар кайгы менен жалгыздыкта жаралат. Отко күйгөн адам гана ысыктын илебин ириде сезет. Эч качан кубанычта шапар тээп өткөн өмүр, дөөлөттүү акын кайгы менен жалгыздыктын кумарын, кайгы-муңун, ырын жаза албайт. Жалгыздыкты башынан кечирген адам гана чыйрак болуп, жашоо, турмуш, эрдик, эркиндик, өлүм, сүйүү жөнүндө ойлонот. Айрыкча өнөр, адабият таржымалындагы адам бийиктикке жеке түйшүгү, мээнети менен өзү гана жете алат. Таланттуу адам өмүрдү бекер өткөрбөй, жеринен кара жанына камчы уруп, белди бууп, мээнетти өз башына үйүп, көксөгөнүн сая кууп эмгек өтөйт, бийик ой-сезимге умтулат, сулуулукту, жаңылыкты ачат. Муну жалгыз гана өзү жасай алат.

*     *     *

Акындын жападан жалгыз куралы, күчү – улуу сөз. Аны кылыч кылып майданга чабат, канат кылып куштай учат. Кээде акын дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алат.

*     *     *

“Поэзия – бул адамдын жаны”. (Алыкул Осмонов)

*     *     *

Рух – кудурети күчтүү адам менен коомдун ортосундагы кагылыш бардык кылымда кайталанып келген.

*     *     *

Чыныгы талант рухий жагынан, чындык, сулуулук, улуу идея, идеалдар үчүн күрөшчүл, эмгекчил болгон менен жеке тиричилик жашоосу да сезимтал, көпөлөктөй назик, таарынчаак, морт келет. Мындай адамдар дүйнөлүк адабиятта, маданият дүйнөсүндө өтө көп. Талант деген элдин рухий байлыгы. Өнүккөн эл аларды учурунда аяп, бапестеп коргоп алат.

*     *     *

Эгерде биз рухий дүйнөбүздү азыктанткан таланттарды сыйласак, баалай алсак, эстеп турсак, анда кыргыздын маңдайы жарык, кемтиги толук, аброю жерге түшпөй бийик болмок.

*     *     *

Акындык кудурети күчтүү, жүрөк дили тазанын гана колунан келет.

*     *     *

“Бараандуу эмгек жаратууга кудурети жетпеген ал акын эмес”. (Алыкул Осмонов)

*     *     *

Өмүр дегениң адамзатка бекер гана дуулдап, бейопа жашап өтүүгө берилиптирби?

*     *     *

“Адам бекер жаралбайт. Ал тирүүлүктөн бир милдетти аткарганы туулат”. (Алыкул Осмонов)

*     *     *

“Мен өмүрүмө ыраазымын. Ыр деген жакшы курбум бар”. (Алыкул Осмонов)

*     *     *

Адам мезгилди тандап албайт, тескерисинче, мезгил адамды тандап, сынынан өткөрөт, тарбиялайт.

*     *     *

Тарых бир эле өткөндүн окуясы эмес, урпактарга калган улуу нуска-ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге жеткен чакырык.

*     *     *

Жазылган эмгек, кундуу сөз – мезгилди, доорду жара тешкен акындын огу.

*     *     *

Мекенге кызмат кылуу үчүн жеке эле асыл ою менен максатты көзөмөлдөөдөн мурда, элдин кыял мүдөөсүн жаңылантуу, жаңыча жашоого, ойго, маданиятка, өзгөрүшкө үндөө жана мээнеткеч болуу керек.

*     *     *

Биз сейрек асыл таланттарды, жакшыбызды баалай албасак, рухий дүйнөнүн кадырын баалабасак, ынтаа койбосок, кайдыгерликке улам ашмалтай боло берсек, анда өз шорубуз, акыры түбү ышпалдабыз чыгат, бирөөлөргө тилемчи болуп, көз караган кемпай, кор болобуз. Анда биздин ураан чакырыгыбыз, акылыбыздын жеткени – күнүмдүк жашоо, дүнүйө табуу, мансап, манчыркоо, ач көздүк болуп калат да, пейилибиз бузулуп, кунубуз качып, акыл, маданият, ыйман, билим жана сулуулукту тезектей тепсей беребиз.

*     *     *

Жакшы адамдын өмүрү – чагылган сыяктуу, өзүн мерт кылып жашоого, тирүүлүккө, адамдарга бир жарк этип жанып алат.

*     *     *

Поэзия жалаң гана кайгы, муң эместир. Анда сулуулуктун, акылмандыктын, эрдиктин даңазасы, чакырыгы болгону абзел.

*     *     *

Адамдын жакшылыгы бир кыйын иш башыңа түшүп турган кезде калыстык сөзүн айтып, ишине карата баа берип же жаманчылыктан куткарып чыгарса, бул жакшылык эч качан унутулбайт.

*     *     *

“Адабият – бул баарыдан мурда турмуштун нукура чындыгы, элдин көкүрөгүндөгү ыйманы”. (Шатман Садыбакасов)

*     *     *

Кайгы болбогон жерде кубаныч болмок беле?! Жалгыз эле кубанычты, бакытты көкөлөтүп ырдаган акындын ички дүйнөсү тайыз, рухий дүйнөсү татаал эмес, анын ыры ак баракка ак сыя менен ыр жазылганга тете.

*     *     *

Акылман, дүнүйө капар, сергек адамдар ичине сыр, чыр, ой, жамандык катпайт. Анын жүрөгү таза, дили таза, тапталган куштай элпек болот.

*     *     *

А көрсө чоң адамдын балача сүйлөгөнү анын апендилиги же акылсыздыгы эмес экен, чоң кишилерден дүйнөнү кооз көрө билгендиги, кечиримдүү болгондугу, акылмандыгы тура. Буга узак да, улуу жолго түйшүккө адам жалгыз өзү жете алат дешет. (Сөз Рамис Рыскулов туралуу болуп жатат)

*     *     *

Акылман сөз, улуу сөз алтын аяктан шарап ичип отурганда же кан тактысында отурганда чыкпайт. Ыр кайгы менен келер. Кайгы – ырдын уюткусу.

*     *     *

“Гүлдүн да өз өмүр баяны бар. Гүл кучактап жаз келет. Бизге тааныш эмес жаңылыктарды жаштар ала келет”. (Рамис Рыскулов)

*     *     *

Айрыкча адамдын эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланат экен, бу жалпы адамзатка тиешелүү жорукпу же кыргыздардын бешенесине жазганбы, так айткандан айбыгамын.

*     *     *

Жаш өткөн сайын достор, теңтуштар азаят экен. Ыраматылык жазуучум Түгөлбай Сыдыкбековдун: “Улгайганда досторум азайды” – деп кейигенин кийин түшүндүм.

*     *     *

Өмүр – жеке кара башың үчүн жашап өтүүгө берилбейт. Сен бу жашоодо таза ойлоп, ак иштеп жана рухий эмгек, мурас калтырсаң, өмүрүң текке кетпейт экен.

*     *     *

Адам кыйынчылыкта сыналат белем. Анан да зээндүү адамды азап-тозок чыйралтат көрүнөт.

*     *     *

P. S. Саадабай Сырдыбаев досу Кеңеш Жусуповго жазган катынан мисалдар. Ал жазуучунун эң жакын досу болгон.

“Сага айтарым, өтүнөрүм – ыгына жараша берешен, кишичиликтүү бол, кара мүртөз, алдамчы, эки жүздүүдөн кач, элди сүйгөн намыскөй, чексиз жөнөкөй, карапайым киши бол. Турмуш жашоо, эл-журт сенден ушуларды талап кылат.” (1955-жыл)

*     *     *

“...Ошондуктан жашоодо бир нерсеге үйрөнүп, билгенибизди өзүбүз таратып өтүшүбүз керек...”

*     *     *

Айрыкча керектүү китептерди сүй. Керексиз китептер көп, ал эми адам баласына керектүүсүн таап үйрөнүшүбүз керек, толуктап салымыбызды кошушубуз керек”. (1956-жыл)

*     *     *

“Баарына өзүбүз жетишишибиз керек. Өзүңдү эркин карма. Ар дайым өзүңү өзүң белгисиз күч менен, атуучу таң менен, келүүчү бакыт менен, болуучу сүйүүң менен кубант”.

*     *     *

“Биз өтө кичинебиз, көп нерселерге жаш баладай мамиле жасайбыз, бирок бу жоруктун зыяны болбой койбойт. Көп убакыт ак калпакты, суусар тебетейди, кең шымды, күлүк атты, шаңшыган кушту, болгону кыргыздардын жакшы жактарын басмырдуулук, сүрдүк, кемирдик эле эмне чыкты. Жаңылганыбызды мойнубузга албадыкпы?!”

*     *     *

“Кыргыздардан кийинки эле жылдары чыккан казак туугандар озуп кетти. Эмне үчүн? Себеби тигилерде жеткире, терең, тунук түшүнүү бар, бизде барпаңдоо, аңкоолук, өз баасын билбөө бар”. (1958-жыл)

*     *     *

“Адамгерчиликтүү киши бойдон эле калсак болду. Эч качан өз кызыкчылыгыңды коомдуку менен айырбаштабайлы. Коомду түшүнөлү, сыйлайлы, ошонун шарын, келечегин көрө билели”. (1959-жыл)

*     *     *

“Угуп турчу, биз баарыдан мурун кимбиз, ким болуп калдык? Биз бала кыял утопистпиз. Бизге көп нерселер өөн учурайт. Ал турмак жамандын аркасынан жакшылап көрө билбеспиз. Бизге бар нерселер анчейин, жок нерселер арсырлык эмес, боло тургандар шектүү. Анткени утурумдук кыялдын кулу болуп да калганбыз...

Айрыкча акылмандар бул дүйнөгө ар түрдүүчө келип, ар түрдүүчө из калтырган. Баарыбыз эле ошенте алабызбы? Жок. Кыскасы, мен момундай ойго келдим: мындан ары өз изибизди кайталап баспайлычы, жылалычы”. (1959-жыл)

*     *     *

“Ой, тилек кандай кереметтүү сөздөр деги. Ой жана тилек кимдердин жолдошу болбоду экен?! Эр жетип, эл-журтуңа ажат ачарлык кызмат өтөөнү самагандар жардамчың ушу ой эмес беле. Мекениңдин, элиңин чыпчыргасын артык сүйүп, дүйнө элине, шериктешкенде жуучуң ой эмес беле. Кара менен акты, жаман менен жакшыны, адил менен залимди, сүйүү жүзү каралыкты ажыратканыңда оңду-солду көрсөтүп турган ошо даанышман оюң эмеспи.

... Ар бирибиз ушу күнгө чейин кандай пайда келтиргенибизди эсептеп көрөлүчү. Мүмкүн, өкүнүчтүүдүр. Өз бактыңа өзүң ээсиң. Өз тагдырыңа өзүң кожоюнсуң. Колуңан эмнелер келбейт, дос. Өзүңү элиңе, жериңе, досуңа, сүйгөнүңө, ата-энеңе “керекмин” деп сезүүңдөн чоң, ыйык нерсе барбы?!” (1959-жыл)

*     *     *

Чыгыштын акылмандары айткандай, чыныгы сулуулукту адам ой-кыялы менен толуктап жете алат. Сулуулук деген алдыда дапдаяр турбайт, жан-аракетин таштап мээнеттенген адамга гана  ажайып ачылат.

*     *     *

“...Өзүмчүлдүк күч алган элде биримдик жоголот, алдым-жуттум өкүм сүрүп, улуттук ар-намыс унутулат. Андай эл барып-барып, акыры эл болуудан калат”. (Б.Жакиев)

*     *     *

“Чыныгы атуул элге жасаган жакшылыгын милдет, доомат кылбайт”. (Ашым Жакыпбеков)

*     *     *

Өмүр дегениң сымап сымал жылт этме көз ирмем, колдон төгүлсө учу-кыйыры жок, үзүрү жок тура.

*     *     *

“Эй, кыргызбайлар, сөз тыңшабай, акылга кирбей, чамынганды качан коёсуңар! Кара курсак тоёр, акыл, билим, маданиятка умтул! Өзүңө ишен! Сенин оозуңа башкалар талкан салып бербейт! Ойлон!” деген Салижан Жигитовдун насааты жетишпей жаткансыйт.

*     *     *

Өткөн өмүр – аккан суу.

*     *     *

Рух, дээр өлбөйт дешет. Акыл да жоголбойт, өчпөйт дешет.

*     *     *

Өмүр – булак. Өмүр – чагылган. Өмүр – аккан суу. Өмүр – осуят. Өмүр – акыл.

*     *     *

Ар бир инсан өз дооруна милдеттүү. Кайсы доордо жашабайлы, улуттук тарыхты, рухий маданиятты, салтты, мурасты унутпоого тийишпиз, аларды ардактоо, сактоо, үйрөнүү жана изилдөө керек. Дил, тил оозеки мурас, ырым-жырым, акылмандык бардык доордо болуп келген. Өлкө буларсыз өнүкпөйт, канчалык байысак деле аныбыз чөлгө курулган ак сарайдай болуп калат. Ар адам кайда иштебесин, кайда жүрбөсүн, улуттук рухий кутту, маданиятты сыйлап, асырай албаса, салтын сактабаса, адегенде өзүнө зыян жана жалпы элдин ырыскысы – аброюна залалы тиет.

*     *     *

Азыркы заманда маданият эски деген адамдын өзүнүн рухий дүйнөсүнүн өспөгөнүн, эскиргенин кабарлайт. Улуттун маданияты эч качан эскирбейт, эл менен чогуу жашайт, толукталат, жаңыланат. Элге дем, кубат берет, колдоочу күч болот.

*     *     *

Маданияты, рухий мурасы жок эл болбойт. Эл маданиятсыз узакка жашай албайт.

*     *     *

Адамзат урунган маданият кош тармактуу болот: биринчиси – материалдык маданият, экинчиси – руханий маданият. Эгерде адамдар, өлкө жалаң эле материалдык маданият деп кашайып бир жакты көксөп калса, кара курсак менен куу кекиртектин камын эле ойлосок, анда өйдөлөй албайбыз, канчалык чамынганыбыз менен ордубузду кайра-кайра таптай беребиз, анда жашообуз жарды болот жана узакка кете албайбыз. Ошондуктан руханий маданиятсыз жашоо көрксүз, кызыксыз, ансыз өмүр кыска.

*     *     *

“Ар бир эл өзүнүн улуттук кудуретин дүйнөгө көрсөтүш керек. Эгерде улуттун бул дүйнөгө берери болбосо, анда аны улуттук чыккынчылык катары караш керек. Мунун өзү өлүмдөн да жаман, аны адамзат тарыхы эч качан кечирбейт. Улут өзүндөгү жакшы деген жаркын жүзүн, акыл-эс, мурасын бүлкүл дүйнөлүк маданиятка алып чыгып, кошууга милдеттүү.” (Рабиндранат Тагор)

*     *     *

Жерден казып алган баалуу алтыныбыздын куну колдун салаасынан аккан суудай, бир күндүк, убактылуу байлык болор. Ал эми элибиздин оозеки мурасы – ыйык рухий кутубуз жана түбөлүктүү ата мурасы.

*     *     *

Чет жерде бир күн түнөсөң, ал сенин өмүрүң, өмүрүңдүн бир бүртүк үзүндүсү. Кээде кыска күндүн да айга, жылга тете узак өмүрү катылуу болот экен.

*     *     *

Башка элдердин жакшы жагын үйрөнүү – кыйкырык, коркуу же кайдыгерлик эмес. Ага чын дил менен дит коюу керек, ошондо гана бизге салт, идея, тажрыйба кургак жерде аккан суудай жымырылып ички дүйнөбүзгө сиңет.

*     *     *

Улуу элдердин рухий дүйнөсүнүн, алтын дарбазасын бирөөлөр келип, бизге боору ооруп ачып бербейт. Алардын маданиятына жан далбастап умтулуп, үлгүлүү жолун түшүнүп, сырдуу эшигин ачып кирүү – биздин милдет, өзүбүздүн кудуретибизге, деңгээлибизге, аракетибизге жараша.

*     *     *

Теңирим, сыймыктанары жок, эстери жок, эс тутуму жок болуп калган элден сактасын!

*     *     *

Теңирчилик динин азыркылар жаңы ойлоп тапкан жок, ал элибиздин, көчмөндөрдүн байыркы дүйнө таанымы, дин илими. Анын аңызы (мифологиясы), философиясы, сыйынуу тексттери эл оозундагы уламыштарда, ырларда, дастандарда, эпостордо, санжырада, макал-лакаптарда жана дүйнөнүн башка элдеринин жазмаларында сакталып калган.

*     *     *

Улуттук дүйнө тааным – улуттук рухтун кайнар булагы.

*     *     *

Кандай дин болсо да акыйкат чындыгы менен түпкү максаты, ошол аркылуу философиялык, адеп-ахлак, эстетикалык илимдери болору маалым. Башка диндер – адамды тигил дүйнөдөн көрүүчү азаптан коргоо болсо, Теңир дининин түпкү максаты – адамды бул дүйнөдөн жарпы жазылып, өмүрдү эстүү ыкыбалга башкара жана жумшай билүүгө чакыруу дээр элем. Кыргыз баласы Теңирге тынымсыз кулдук уруп, тиленип олтура бербейт: ал бардык кудурет күчүн Теңир берген касиетти бекер коротпой, кордобой пайдаланууга, өзүнө каниет алып жумшоого умтулат, өмүрүнүн ыракатын, маани-маңызын жер бетиндеги тиричиликке байланыштырат, жарык дүйнөдө көзүн ачууга, бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаганга дилгирленет. Улуттук дүйнө тааным эл турмушун, адат-салтын, рухий маданиятын өстүрүп, иретке салып жетилтип, мезгил менен доорлордун элегинен өткөрүп алып өтөт.

*     *     *

Тирүү адам башкаларга зыян келтирбей, алдабай, акыл менен жол таап, эмгегин, өз күчүн, мүмкүнчүлүгүн колдон келишинче пайдалануу керек. Эмгегиңди ошондо гана кийинкилер баалайт. Сага башкалар жолтоо кылууга, шылдындоого, коркутууга, уурдоого, басмырлоого акысы жок.

*     *     *

Китеп – биздин рухий байлыгыбыз, андан ашкан байлык, мурас аз дээр элем.

*     *     *

Алгач чыгарма жазам деп дегдеген интеллектуалдуу жаш адамга эң биринчи оюн тазалап, сезимин байытуу милдети тургандай сезилет. Ойду тазалаш дайыма жакшылыкты ойлоп, маданияттуу деңгээлде жетиш аракети адамдын өзүнөн. Ою жакшы гана адам мыкты чыгарманы, эмгекти, сулуулукту жасай алат жана бакубат өмүр сүрөт.

*     *     *

Жазуучунун куралы биринчи сөз же тили жана усулу экендигине көз жетти. Жаш кезден  чал-кемпирлердин сөзүн уккан пайдалуу экен. Деле жазуучунун жеке сөздүгү болгону пайдалуу. Там курганга кыш керек болгондой, жазуучуга сөз керек. Тилдин тарыхын, сөздүн табитин, маани-маңызын, ыргагын, кудуретин билген биздин рухий дүйнөбүздө мыкты таланттуу инсандар жашап өттү.

*     *     *

Туюм боюнча акыйкат баа берсек, сөз жоголбойт экен, ал ой-сезим, дил тазалыгына жана даярдыгына жараша ободон чууруп түшөт дешет адамга.

*     *     *

Жазуучунун чыгармасы – анын өмүрү.

*     *     *

Адам баласы өмүр бою жаш-карысына карабай өзүн чыйралтып, тарбиялап, рухий жактан өстүрүп өтүү керек белем.

*     *     *

Жазуучулук чеберчилик жөнүндө суроо берген жаш калемгерлерге: жазмакерликке биротоло баш отуң менен кирсең, анда жолуңдан тайба, биротоло бел байлап, көпкө кайыл болуп, азга тобо кылып, анын артынан сая түш. Өмүрдүн кыскалыгын унутпа. Китепти тандап, чаалыкпай окуп, көп иште. Алдамчы азгырыктарга чарпылба. Айрыкча белгилүү жазуучулардын, искусство адамдарынын чыгармаланынан башка күндөлүктөрүнө, каттарына жана өнөр, чеберчилик жөнүндө айткандарына өтө көңүл бур. Оюңду гана эмес, сезимиңди тазарт, байыт. Адамды, элиңди, табиятты сүй. Жашоодо  өжөр, күрөшчүл бол. Өткөн күн менен эмес, учур менен таза, кең пейил жаша! Өзүмчүл, ичиң  тар болбосун! Максатыңдан артта калба! Жашооңдо жазылып, ак жүрөк, сергек кубанып өмүр сүр...

*     *     *

Шык – Теңирден. Жараткан ар адамдын ыйманы, рухий жана адеп-ахлак кудуретине жараша шыбагасын, идирек, бакыт берсе керек.

*     *     *

Табияттын адамга жакшылыктан башка жасаган иши жок. Табият өзүбүздү таанууга, сүйүүгө жардам берет. Ал адамды назик, сергек, ыймандуу, боорукер кылат.

*     *     *

Жаз айында өмүрүндө гүл тербеген, сүйүү өткөрбөгөн адам бар болду бекен?! Тагдырымдан суранарым: андай адамды жолуктурбасын!

Билесизби, адамдын көзүнө караганда чөп бир канча эсе жарыкты эрте сезет. Ал эми чөптөр үйгө кара ниет адам кирдиби же боорукер кирдиби, муну жаземдебей билет. Ал түгүл киши өлтүргөнгө күбө болгон чөп бетпактын өзүн көрсөтүп берет дешет. Жарадар болгон чөптүн “эти ысып” кетерин 19-кылымда эле өлчөшкөн. Ал эми кошуна өсүмдүктөр жылдыздары каршы болсо бир биринен качышат.

Мен буларды илимпоздордун айтуусу боюнча, чөп да биз сыяктуу сезип-туярын, досубуз экенин далилдемекке айтып атам.

*     *     *

Эгерде биз табиятты кордоп, чанып, аны душман катары көрсөк, жазмыш жолу ушундай: биз өзүбүздөн да айрылабыз, ыйык табияттын каргышына калабыз.

*     *     *

Жакшы картайып, аруу жашап өтүш – бул жыргал да, сынак да жана татаал экендигин сезип, баштан өткөрүп турган кезек.

*     *     *

Карылык бул – үлгү, сабак жана тирүүлүк жолунун мурасы.

*     *     *

Улуу адамдар аккан сууну бекеринен өмүргө теңебеген чыгар.

*     *     *

Адамдын жашоосунун негизги максаты ушу – өзүн таанып-тарбиялоо жана рухий, дене жагынан тазалануу.

*     *     *

Деле дүйнөдөгү эл азыр динге, руханий өсүүгө ынтаа коюшат. Тумтак дини жок эл болбойт. Динсиз эл эртели кеч жоголот. Диндин багыты – ыйыкты, кудайды табуу, ишенүү, тазалануу жана ошол жолго түшүү.

*     *     *

Дин деген сүйүү дегендик. Сүйүү гана адамды кайгы, азап-тозоктон, жокчулуктан, менменчиликтен сактап калат. Сүйүүнү билген адам кудайды да сүйө алат. Рухий жолго түшкөн адамга жашоодо алдыга жылдыра турган улуу күчтөр бар: Сүйүү, Акылмандык жана Эрк.

*     *     *

Адам баласы түбөлүктүү табияттын бир кыпыны. Ал жалаң дене тулкусу гана эмес, акыл туюмун иштеткен жандык. Ал кара курсак үчүн эмес, акылы, сезими менен жашайт.

*     *     *

Өзүн тааныган адам кудайды да тааныйт дейт ыйык китептерде. Ал эми сага жол көрсөткөндөр болот, ал эми жолду өзүң басып өтүшүң керек.

*     *     *

Тилексиз өмүр караңгы. Адал тилектин, чын ниеттин, ак батанын, терең сүкүттүн, чын сыйынуунун, тобокел каниеттин, а тургай кара каргыштын да карандай күчү болот.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз