Жумадин Кадыров: Эң улуу сүйүү

  • 07.02.2023
  • 1273

ПОЭМА

Автордон алгачкы кыстырма

Бул чыгарманын лирикалык каарманынын ысымы – Азизбек. Анын жалындаган жаштык курагы башаламан базар экономикасы башталган учурга туш келип, жан сакташ үчүн журналист катары шугулданып жүрүп жашы отузга чукулдап калган кезде бир аялзаты (анын сулуулугу кынтыксыз эле, сүйкүмдүүлүгүндө чек жок эле) менен таанышат да, албетте, ашыктык отуна кабылат.

Азизбектин эсин эңги-деңги кылып бүт ойун ээлеп алган айым – Зарина көнүмүш эмес медицинада, тагыраак айтканда, элдик табыпчылык жолунда болуп, ага ар кандай маселе боюнча кайрылган дартмандардын дээрлик баарына шыпаасы тийип, кээде керемет сакайуулар да боло калып жүргөндүктөн, келген оорулуулардын ден соолугуна тиешелүү түйшүк менен дайыма алпурушканына байланыштуу өзүнүн жеке жашоосун жайгаруу үчүн убакыт табууга чама-чаркы жетпей жүрөт окшойт, ушул өтө олуттуу маселени чечүүгө мен көмөктөшөйүн, анүчүн адегенде жүрөгүмдөгү оттой ысык сүйүүмдү билдирип көрөйүн деп ойлогон Азизбек бир ыңгайын келтирет да сүйүүктүү айымга өзүнүн тунук сезимин туйгузат. Эки жаштын жолугушуусу кандай деңгээлде өттү, окуя андан ары кайсы нукта өнүктү жана эмне болуп аяктады, мына ушулар тууралуу бул поэмада кеңири баяндалмакчы.

Сүйгөмүн сени ак сүйүүм менен эң улуу.
(Ал сүйүүм менин Асманга, Күнгө тең улуу!).
Кудайдын эрки сыяктуу күчтүү сезимге
кабылткан мени сен улуу... Анан мен улуу...
Ааламга сыйбас сүйүүнү, бирок болгону
бир эле жолку көз карашыӊ козгоду.

Ал кезде, ооба, азыраак гана таанышпыз.
Арабыз дале асмандай, жердей алыспыз.
Акыры бир күн көчөдөн кокус кезигип,
көз ирмем убак тиктешип туруп калыппыз.
Карадың мени... Күн сымак төгүп мээримиң.
Карадым сени... Кар сымак көл-шал эридим.

Көп жылдар бою көөдөнгө толгон муңумдан,
жүрөккө тоңгон көк мөңгү, аппак музумдан,
жана да башка жамандыктардын баарынан
сен мени сүйкүм караган кезде кутулгам.
Бүт баарын өрттөп, куйкалап ийген вулкандай,
кудурети күчтүү көз караш десең бул кандай?...

Кудурети күчтүү көз караш дайым эсимде
Көз ирмем убак тиктешип турган кезимде,
Жаңыртып мени кайрадан жаңы туулгандай.
кабылткан мени керемет сүйүү сезимге,
Күткөнмүн сени. Капилет жерден кабылдың.
Мен сени таптым. Мен дагы сага табылдым

деп ойлоп алып… Кыялга таттуу балкыдым,
түбүнө чөктүм, үстүндө кайра калкыдым.
Баарысы мага жагымдуу болду бир укмуш,
баарына себеп болдуң сен жалгыз, жаркыным.
Күттүргөн сүйүү күтүүсүз жерден бир келди,
кетирбей бөөдө, кармайын ар бир ирмемди

деп ойлоп алып… Маңдайым жарып сүйүндүм.
Жүрөктү жарып чыккан бул тунук сүйүүмдүн
эркине дароо баш ийип элпек мүнөзүм,
артыңдан сенин ар дайым келди жүгүргүм.
Анткени кокус калсаң сен азыр түшүнбөй
сүйүүмдү, мени... Жашооңду дагы бүтүндөй.

деп ойлоп алып... Чечкиндүү болдум, батындым.
Бир нече күндү өткөрүп сени чакырдым,
мен өзүм жалгыз жашаган жапыс үйүмө.
Чай ичип бүттүк. Чын сырым айттым – ачылдым:
«Сүйөмүн, – дедим – ааламда жалгыз өзүңдү,
айрыкча мээрим жык толгон эки көзүңдү;

кулпуруп турган кундуздай кара чачыңды;
сүрөтчү тарткан сыяктуу керме кашыңды;
сүйкүмдүү, нурлуу, чырайлуу тунук жүзүңдү;
кездешчү сейрек – Зарина деген атыңды;
сезими бардын баарысын кыйнап жүдөтчү,
сүйүүгө куштар сендеги асыл жүрөктү.

Ар дайым сени ар кайсы жактан издедим.
Табалбай жүрдүм. Таптакыр үмүт үзбөдүм.
Жол карап дайым акыйып сени күтсөм да,
жан сактоо үчүн журналист болуп иштедим.
Кудайым колдоп, акыры сага жолуктум,
жашайлы чогуу, болуп бер менин колуктум.

Жыттагым келет акактай аппак алкымды.
Көтөргүм келет коомдогу ордуң – баркыңды.
Жашагым келет жадырап-жайнап бактылуу,
жашагым келет сен менен жазып жарпымды.
Кармагым келет, колуңду – ар бир салааңды,
эбактан бери ээлеген бүткүл санаамды», –

деп айтып... Сага билдирип болгон оюмду,
батынып сунуп калтырак баскан колумду,
колуңа сенин калемсап, кагаз карматтым:
«Кыйналсаң азыр кат менен жибер жообуңду». –
Сезимтал жансың. Абалым менин сезипсиң.
Берүүчү жообуң белендеп алып келипсиң:

«Сыйлаймын, – дедиң,– өзүңдөй сейрек адамды.
Сен менен кезип кетмекмин чексиз ааламды.
Антелбайм эми. Антүүгө менин шартым жок,
калтырам кайда жетиге чыккан баламды.
Айттың сен туура, акыры минтип кезиктик,
а бирок аттиң, он жылга чукул кечиктик.

Мен буга дейре бир ирет бүлөө курганмын.
Жалбырттап күйбөй жалыны очок-тулгамдын,
жан кызым туулуп беш айлык болгон кезинде,
күйөөмдөн кетип, мен андан түк кутулганмын.
Жашаймын азыр бактысы үчүн кызымдын,
керексиз мага коомдогу орун – ысымдын…». –

“Жок дебе, жаным, жок дебе мага, жок дебе.
Жок деген дагы жарытчу жанды жооп беле.
Күйөөңдөн ырас кетипсиң. Мунуң эң жакшы.
Тутантса күйөт качандыр өчкөн от деле.
Кызыңа – ата, өзүңө – жарың болойун,
кудайым берген бактыма куштай конойун». –

«Түшүнөм, жаным, түшүнөм сага түшүнөм.
Алгамын аян көп көрүп сени түшүмөн.
Чынында эле ылайык жансың мен үчүн,
Жалгыз бой жүрүп жашоодон чарчап, үшүгөн.
А бирок менде жүйөөлүү жооп бар андан да,
калтыргым келбейт өзүңдү кийин арманда…». –

«Түшүнөм деген сөзүңө жетпейт акылым.
Сен болуп туруп жашоодо эң бир жакыным,
«Арманда сени калтыргым келбейт» дейсиң да,
жок деген жоопту бекемдеп аста акырын…». –
«Билгемин сенин ушинтип кесе айтаарың.
Аз калды менин Алланы көздөй кайтаарым...». –

“Антпегин, жаным, ажалды эрте чакырба.
Шайтандын сөзүн сүйлөбөйт мунжу, жакыр да.
Пейилди оңдо, өмүрдүн тилеп узунун.
Кебиңди оңдо, кеч эмес балким азыр да.
Кетесиң кайда калтырып чексиз ааламды?
Кетесиң кантип калтырып кимге балаңды?». –

«Жашоодон тажап акырет жакка шашпадым.
Ким-бирөө мени коркутуп, андан качпадым.
Жакында мага бир кырсык жаят тузагын.
… Калам же калбайм… Билбеймин андан башкасын.
Ал кооптуу кырдаал баш ийбейт менин эркиме,
жин тийди дебе Зарина деген селкиге.

Купуя сырды болдум мен мажбур ачууга.
Түз жоопту сага бербестен буйтап качууга
бир аргам барбы? Жок менде андай мүмкүндүк –
убакыт жарга кыстоодо жана шашууда.
Туйганды айттым, туйсун деп сен да, кантейин,
ишенбей турсуң, түшүнбөй турсуң анчейин.

Мен дагы сени билгенден бери сыртыңдан,
арбалгам сага – ар дайым сага умтулгам
тымызын гана. Акыркы ирет кезигип,
көз караш менен сүйүүмдү толук туйдургам:
карасам сени – Күн сымак төгүп мээримим,
карадың мени – кар сымак көл-шал эридиң.

Болбосо сенин үйүңө келмек эмесмин.
(Мажбурлап алып келтирмек эмес мени эч ким).
Сүйүүмдү сага билдирип мен да жашырбай,
олуттуу жагдай жаатында келди кеңешким,
чын сырым айтып жападан жалгыз өзүңө,
тик карап туруп муңайым, сырдуу көзүңө.

Мен сени өтө урматтайм, аяп, сыйлаймын.
Жок деген жоопту сага эч ыраа кылбаймын.
А бирок аны аргасыз болдум айтууга.
А өзүм кайра көп жолу өксүп ыйлаармын.
Мен сага күндө Теңирден тилейм сабырды,
кунт коюп уккун сөзүмдү айтаар азыркы.

Жакында жөнөйм алыска, абдан алыска.
бир жума мурун сөз бергем сөзсүз барышка,
мен үчүн кымбат адамдар сунуш кылышып,
катышуу үчүн «экстрасенсттик жарышка».
Барайын жана багымды сынап көрөйүн,
жеңсем го жакшы, жеңилсем ага көнөйүн.

Мелдештен кийин, болжолдуу менин оюмча,
азыркы кылган ишимдин шарты боюнча,
көптөгөн кызык кишилер менен жолугам.
Чечкенге кылам аракет, кокус коюлса,
кандайдыр баалуу сунуштар менин алдыма.
Кереги анын тийээрин билсем калкыма.

Кыскасы, бир ай ичинде үйгө кайтаармын.
Көргөндүн баарын божурап сага айтаармын.
Азыр мен сенден өтүнөм, өтө-ө өтүнөм:
«Баш кошом» деген сөзүңдү менден кайта алгын.
Мен сени абдан сүйгөнүм үчүн, жообумду
тетири бердим. Болгонун анын орундуу,

билесиң, жаным, жакында, ооба жакында.
Чыныгы сырдын баарысын жазып катымда,
почтадан салып жиберем. Аны алган соң,
катып кой бекем, сабыр кыл, күткүн шашылба.
Кайсы бир күнү туюмуң менен туясың,
келди деп маалы, катыма колду сунасың.

Роман сындуу уп-узун, сырдуу катымдан,
көп жылдар бою көөдөнгө бекем катылган
сырларды түгөл окуйсуң, анын баарысын,
бир гана сага тапшырыш үчүн жашыргам,
бир дагы жанга көрсөтпөй. Анын себеби,
бир гана сага тийет деп билем кереги.

Мен неге мунун баарысын айттым – сайрадым.
Ачыгы, сенин көңүлүң кыя албадым.
Жок деген оңой, баш тартыш оңой, опоңой,
атайы сага түшүнткүм келди, ардагым,
Билгенден кийин мендеги болгон абалды.
жайгаргын сөзсүз удургуп турган санааңды.

Сырларды ачык айтышып, ал-жай сурашып,
өткөрдүк окшойт эстен эч кеткис убакыт.
Уруксат берсең үйүмдү көздөй кайтайын,
өтүнөм сенден, өкүнбө, барба узатып…» –
дедиң сен, жаным… Деңдароо болдум түшүнбөй,
сүйүүңдү, сени... Жашоону дагы бүтүндөй…

Мен үчүн азыр теңдешсиз эле оор болду.
Ак сүйүүм менин тепсенди болду,– кор болду
дегендей доомат коё албайм сага, анткени,
чын сырың ачык айтканың чындап оң болду.
Чечкиндүү айттым: «Жообуңа чыдайм, түтөмүн.
Катыңды – сенден, өзүңдү – четтен күтөмүн.

Барбагын десем укпассың менин сөзүмдү.
Белгилүү болду боло электигим өтүмдүү.
Сен үчүн кымбат адамдар сенин эркиңди
башкарып, бийлеп, чыгарып чечим-өкүмдү
коюптур. Мейли барып кел алыс-алыска,
айткандай өзүң «экстрасенсттик жарышка».

Мен сени дайым сыйлагам. Дале сыйлаймын,
Жок деген жообуң үчүн мен өксүйм, ыйлаймын.
Ак сүйүүм жолдо калышын дагы каалабайм.
Жүрөгүм сени сүйбөсүн дебейм, тыйбаймын.
Бүт баарын эми кудайга гана тапшырып,
сага да, мага тилеймин жалаң жакшылык”, –

дедим мен сага... Колумду сундум. Коштоштук.
Негедир кайра кезикпес жанга окшоштук.
Көп өтпөй ошол туюмдар чынга айланып,
Мен сени таппай, сен мени укпай… Жоктоштук...
Сапарың бүтүп кайрылып келе жатканда,
кырсыктап жолдон, учуптур жаның асманга…

Жумшактык кылган кезимди эстеп өзүмдүн,
«Жибербей койбой алыска» – дедим, өкүндүм.
Чуркурап ыйлап турушту тууган-туушканың,
буркурап ыйлап досторуң… Мен да өкүрдүм.
Табалбай андан бөлөкчө туура эч арга,
узаттык сени кайрылгыс, келгис сапарга.

Кейиштүү кандай – өзүңдөй болгон сулуулук,
ак сүйүү, мээрим, түйшүккө толгон улуулук,
гүл өңдүү болуп тамыры менен жулунган,
гөр койду дароо кит өңдүү «ап» деп сугунуп.
Окуя болду күткөн да жана күтпөгөн,
өкүнүч болду бүт өмүр бою бүтпөгөн.

Түшүндүм сени кечигип, өтө-ө кечигип.
«Жок» деген жообуң жооткотуу сымал сезилип
жүргөнү чындык. Мен аны эми таналбайм.
Жоготтум сени жүрөгүм, боорум эзилип.
Сени го мүрзө койнуна муздак жашырды,
окуйун эми сен мурас кылган катыңды.

Бир айча мурда. Машина келип токтоду
эшикке. Чыксам келиптир кары почточу.
Карматты мага конвертти – сенин катыңды.
А бирок ал кат «кара кагазга»[1] окшоду.
Анда мен неге болдум деп ошол туюмда,
аттиң ай, кейийм, таппаймын жообун бүгүн да.

Жигитти мендей теңине албай курутту,
катты да али жазбады, демек, унутту
деп ойлоп, сага таарынып жүргөм чынында.
Сен сөзгө турдуң – сен жан экенсиң туруктуу.
Катыңды алдым, каниет кылам буга да,
окубайм азыр, убада деген убада

деп ойлоп... Үйгө кирээрим менен эшиктен
катыңды дароо далдоого бекем бекиткем,
кудайым мага буюрган күнү окуйм деп.
Күтүүсүз жерден дүйнөдөн өтүп кетип сен,
мен сенсиз калып, үмүттүн жиби үзүлүп,
конвертти ачтым, келди деп маалы түшүнүп.

Жазыпсың, көрсө, бир нече жука дептерге,
жашооңду учкай чагылткан кызык эскерме.
Мен калдым сенсиз – мен калдым жалгыз кат менен,
а дүйнө түгөл, болбогон өңдүү эч нерсе…
Баянды окуп бүткөнчө кетти кеч кирип,
түн бою ыйлап олтурдум жалгыз эчкирип.

«Азизбек,– депсиң, ардагым, мага кайрылып –
жүрөсүң дале жообума кейип, кайгырып.
Жабыркап турган жагдайдан сени арылтат,
акылман мезгил абдан тез, кээде жай жылып.
Жашооңдо сенин баарысы болот эң жакшы,
адеби, пейли, мүнөзү – баары тең жакшы

жигитти – сени бактылуу кылаар айымды,
жароокер, мээрман, укпаган ушак-айыңды,
жеңилди жерден, ооруңду колдон көтөрүп,
кыйынга дагы, оңойго дагы кайылды,
бир эле жылдын ичинде издеп табасың,
башыңды кошуп – кош жылдыз болуп жанасың.

Буларды кантип билгемин? Качан, каяктан?
Бир сапар калгам шал болуп. Ошол азаптан,
беш айдан кийин кутулгам төгүп мээримин,
мээрими чексиз Ааламдын ээси – Жараткан.
Так ошол кезде ачылып айрым жөндөмүм,
азыркы күндү алдын ала көргөмүн.

Так ошол кезде – жатканда жылбай төшөктөн,
кишилер менен көп жылдар мурда көзү өткөн,
көнүмүш эле, кадимки эле нерседей,
түшүмдө дайым аралаш жүргөн кез өткөн,
А баса десең, кантип мен ооруп калганым,
келди бейм маалы, маалкатпай эми айтайын.

Беш жылча мурда. Поездде жүрүп келаткам.
Түш маалы эле. Түштөнүп тамак жеп аткам.
Токтоду поезд бекет жок ээн бир талаага.
Эргулдар кирип, эшикти жулкуп кең ачкан:
«Чыккыла – дешти,– жүгүңдү баарың көтөрүп».–
Тил албай койдум мыйзамды сүйлөп көшөрүп:

«Эй акмак бандит, милийса кийим кийинген,
тоноймун деген ниетиң көздөн билинген,
кудайдан корккун, кылмышты кылбай токтоткун!».
«Жаагыңды жапкын, табасың бирди тилиңден»,–
деди да таамай шилтеди желим союлду,
башымды көздөй, бүталбай айтаар оюмду

суладым полго. Аялдар ыйлап буркурап,
ызы-чуу чыгып, вагондун ичи чуркурап,
эркектер жаалы кайнаган каптап киргенде
бандиттер качты. А менин жаным чыркырап,
бөлүнүп чыгып ың-жыңсыз жаткан денеден,
жепжеңил гана кайдадыр сызып жөнөгөн.

Кабылдым анан кандайдыр боштук – ээндикке.
Тагыраак айтсам, таптакыр чексиз кеңдикке.
Көрүнбөйт экен Жер, Ай, Күн жана жылдыздар.
Кантип мен жеттим? Эмнеге? Кандай тездикте?
Бул жаңы жайдын мен үчүн өтө кызыгы,
билинбейт экен сууктугу же ысыгы.

Мен кайда жүрөм?.. Өзүмдөн тынбай сурадым.
Жообун түк таппай жолумду ары уладым.
Алаңдап коркуп ансайын терең сүңгүдүм,
Ааламга – орго кулаган сайын куладым.
Анан мен келме келтирип ийдим: “Жараткан,
куткаргын, сакта, туңгуюк деген азаптан…”

Теңирим колдоп, орундап тилек-оюмду,
курчаган кара туңгуюк житти, жоюлду.
Мен дароо өтүп мен үчүн тааныш катмарга,
кайрадан көрдүм керемет менен сонунду:
жылдыздар көктө жымыңдайт эле жымыңдайт…
Бечера жаным кымыңдайт эле кымыңдайт...

Күн жанып туру – күлмүңдөп чачып жарыгын.
Ай жанып туру – көлөкө басып жарымын.
Жер болсо барат огунда бейгам айланып...
... Таасири тийип кубаныч деген дарынын,
кийимдей кийип кыймылсыз жаткан денемди,
кыймылдап ийдим, кыӊкыстап ийдим, мен энди…

Үндөрдү уктум: “Өзүнө келди, акыры,
бечара келин беш күндөн бери жатыры.
Жанында мунун документ, дарек жок экен,
кыргыздын, балким, казактын бомжу, жакыры
болбосо байы экенин али билбейбиз.
Эртеңден баштап жарыя берип издейбиз”,–

дешкенин угуп ак халат эки айымдын,
көзүмдү ачтым, ыйладым жана жалындым.
«Айткыла, – дедим,– мен кайда жатам? Эмне үчүн
туткундай болуп кол-буттан бекем таңылдым?» –
Ал экөө шашып жаныма басып келишти,
кубануу менен көп кабар айтып беришти:

“Тез жардам” менен темир жол жактан келгенде,
өлүктөй элең туйбаган такыр эч нерсе.
Төбөңдүн жарык экени болду белгилүү,
УЗИге салып медиктер дароо текшерсе.
Баш врач айтты: “Шашылыш түрдө алабыз
операцияга. А балким сактап калабыз!»

Ал биздин башчы – чебери хирург өнөрдүн,
кылдаттык менен жараатын ачып төбөңдүн,
сыныкты алды, тазалап жууду, жамады.
Алыстап сенден ажалдан мурда өлөөр күн,
кудайым сага ырайым кылды – сактады.
Сен болсо көзүң беш күндөн бери ачпадың.

«Уктаган сулуу» сыяктуу терең уктадың.
Дүйнөнү сырткы сезбедиң, такыр укпадың.
Берилген наркоз тараса дагы денеңден,
кыймылсыз жаттың, комадан оңой чыкпадың.
Экинчи ирет кудайым сени жалгады –
эсиңе келдиң, эң жакшы болот калганы».

Беш күндөн бери кандайча, эмне болгонун,
жарылып төбөм, чыгаарда такыр ойронум,
калса да жаным медиктер болуп себепчи,
а бирок али буттарым менен колдорум
кыймылга келе элегин эми билдим да,
көз жашым төгүп буркурап ыйлап ийдим да,

тилимден күчүм чыгарып жөөлүп, наалыдым.
Бандитти дагы, хирургду дагы каарыдым:
“Жайыма менин коюшпай мынча кордошту,
өчү бар өңдүү залалы тийди баарынын.
Кантип мен калам кырчындай кезде шал болуп,
Кантип мен жашайм калп эле тирүү жан болуп.

Согушта жүрүп жеткенсип эң оор жеңишке,
кол-бутсуз калып, кабылып эң оор кейишке,
жүргөндөн көрө кишинин санын көбөйтүп,
кетсемчи небак тозокко, балким, бейишке.
Өлөйүн десем жанымды кантип кыйамын.
Жашайын десем мен кандай арга кыламын”...

“Эси жок келин, жапкының жаман оозуңду.
Баштаба такыр жарашпас сага жосунду.
Ыйласаң ыйла, жеңилдеп балким каласың.
Тилдебе бизди, биз жарган жокпуз чокуңду!
Сен аман калдың кудайдан болуп ырайым.
Эртедир-кечтир басасыӊ, балким, ылайым.

Үмүтсүз жашоо дегенден колду үзөбүз.
Сен үчүн керек шарттарды толук түзөбүз.
Кысталыш кезде калтырбай сени жапжалгыз,
сен басчу күндү сен менен чогуу күтөбүз.
Берүүчү сага жардамдын жолу табылып,
жасайбыз, балким, илимде эң зор жаңылык.

Кейибе эч бир, кайгырба жана өкүнбө.
Керемет нерсе колумдан келбейт, өтүнбө.
Эртедир-кечтир сакайам кудай берсе деп,
үлпүлдөп күйгөн үмүттүн отун өчүрбө!” –
деп айтып, мени баш врач кыйла жубатты,
димидрол сайып уйкуга ширин узатты.

Уйкудан узак он сааттан кийин ойгондум.
Сырдуу түш көргөм. Үстүнөн анын ойлондум.
Мелмилдеп жаткан деңизде чуркап жүрүпмүн,
баскандай болуп үстүнөн даңгыр чоң жолдун.
Камгакча дагы жок окшойт менин салмагым,
тамандан бөлөк жеримди сууга малбадым.

Автордон экинчи кыстырма

Заринанын күндөлүгүнүн мындан аркы бөлүгүн ыр менен жазуу дээрлик мүмкүн болбогондуктан, прозадагы ыр түрүндө берүүнү ылайык көрдүм.

[1]  Кара кагаз 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз