Асан Жакшылык: Сейдикерим

  • 12.02.2021
  • 3177

АҢГЕМЕ

Бел-күч кетип бараткансыйт. Аялы Зейнеп ары элге алымдуу, ары үй оокатка бышык, күйөөнү да кадырлай билген эстүү жан. Билинбей эле алмончоктой болгон беш кызы биринен сала бири минтип, бой көтөрүп калды. Элге алымдуу, турмушу кудая шүгүр, чоң болушту өзү анча каалабайт, бирок майда активдик андан алыстап кете элек. Ушинтип, эл арасында турмушу өтүп жатат, бир гана көңүл өйүгөн санаасы, тигинтип туягы — кыздары болгону менен, тукуму жок — кудайым эркек тана бере элек. Кыясы, аялы да төрөттөн калгансыды, буга көзү жеткен соң, жубайына Сейдикеримдин тамашасы билинбей туздуу боло баштады, андан соң көңүл суздугу, жүрө-жүрө санаакечтиги көбөйдү, анан бригадирлик ишин шылтоо кылып талаалап, куржунга арак ала жүрүп ичмейи, жеке кур сайраңы көбөйө баштады.

Бир туруп, тиги ал мончоктой беш кызын, эстүү жубайын кыйбаса, бир туруп кудай атканда тукуму жок өтүп кетемби деген ички күйүтү уялап, бой калган келин-кезекке көбүрөк көз кайрачу болду. Зейнеп баарын сезди, ал андан бетер кыйналды. Акыры күйөөсүнүн зардабына чыдай алган жок; өзү айтты, мени кыздар менен бөлүп кой деди, дооматым жок деди; тукум көр, арманың калбасын деди; анан күтүүсүз жерден эле жаан жааган түнү төшүнө башын жөлөп өзү да ыйлап жиберди, экөө бир-бирин аябай түшүндү, тим эле жан дүйнөлөрү кыйбас болуп калышканын ого бетер баамдашты; бирин-бири өздөрү кайра жаңыдан сүйүп калгандай болушту; бул түнү күйөөсүн чап жабышып аруу кучактады, жаны ысыды, арманы төгүлдү, бирок тукум төрөп берчү кудурети жоктугуна жаны кейиди; өзүнүн бул күйүтү түнкү ак жаанга айланганын даана сезди. Арга жок эле. Анан баланча келинге сөз айт деп күйөөсүнө өзү да аял тандашты да, көп өтпөй беш кызы менен эски үйдө түтүн булатып кала берди.

Сейдикерим аялы айткан немеге үйлөндү, анысы жоош келин экен, өз тамашасын да, күлкүсүн да, эркектигин да, кулк- мүнөзүн да баалабагандай, момурап, момпосуй соруп жаткансып, моймолжуп кудай кошкон зайыбы болуп үйүнө кирип берди; кыздарынан да, байбичесинен да кызгана албады, баш көтөрүп жооп да бере бербеди, бир сыр, бирок бат эле боюна бүтүп, унчукпай жүрүп эле уул төрөп койду. Ушинтип, Сейдикеримдин жүрөгү байбичесинде, турмушу жаңы аялына ооду. Бирок уулду болгондо аябай сүйүндү, ал эмес бүт айыл сүйүндү го, чиркин!

Байбичесинен ажырашкандан кийин биринчи жолу өзү эски үйүнө барды ды, кыздарын кана-кана жыттады, анан Зейнепти «Уулдуу болдук!» - деп сүйүнттү, кайра заматта сагына түшкөнсүп, кыздарын дагы «акжолтойлорум» деп баса-баса жыттады; байбичеси жети токоч баабедин жасай койду, уулуна Байыр деп ысым ыйгарып да жиберди байбичеси; мейли эми иче берсин дедиби, атка минип жөнөй берээринде куржунунун бир көзүнө «сүйүнчүң» деп, арак да салып койду, бирок атына минээрин минип, бирок берки капталына эле ооп бастырбай туруп алса болобу Сейдикерим.

- Эми, бастыр, эл көрөт» - деди байбичеси.

- Эл мени ушу бүгүн көрбөгөндө качан көрөт, - деп кайра күчөп кежирленди Сейдикерим. Түшүрүп жиберген камчымды алып бер деди, кантип бастырам деди, куржундун бир көзү оодак болуп жатпайбы деди...

Бул бирөөсү айтпай, экинчиси көптөн бери укпай калган тамаша эле. Зейнеп ажарлуу күлүп жиберди да, үйгө кыздардын бирөөсүн дароо чуркатып, дагы бир бөтөлкө аракты таптырып келе койду. Тиги болсо бир жагына ого бетер ооп, ат үстүндө салаңдап, эч жакка бастырбай, үй алдында атчан тура берди, качан гана жаңы бөтөлкө култ деп куржундун экинчи көзүнө түшкөндө, эми жүгү ообой «теңелди» белем, ат үстүнөн өзү түзөлүп, сыр билги байбичесине сырлуу жылмайып, атасынын жоругуна кыздары кошо жадырап, текши сүйүнүп, эрдик кылган атчан жоокерди узатышкансып, кыздар жалпы кол булгап кала беришти, Сейдикерим жаңы төрөлгөн тукумуна жөнөдү.

Уулун беш кызы көтөрүп чоңойтту. Ал да ыйлаак эмес, кадим жаш аялындай момураган, кадим момпосуй соруп жаткансыган чыргоолугу жок бала болду. Адеп, баары үзүлө түшүп жыттап өбө беришип, наристенин ууртун жарып алышты, шилекейи тынбай агуучу болду; андан соң таттууну ташып бере беришип, ууз тиши башкалардан эрте курт жеп түштү, андан соң бала да бат эле эркеликтин кынуусун алды окшойт, биротоло «Сейдикеримдин эркеси» деген атакка жетишти. Анан мектепке бара турган болду. Сейдикеримдин кыздары текши жакшы окуучу эле, бирок Байыр накта момундугун ушу жерден далилдеди; анын үстүнө Сөгөттүдө төрт жылдык эле мектеп бар эле, тигинтип эрке неме, аман болсо болду деген бригадир атасынын талабын орундатып, ар бир классты шашпай, эки-жыл, үч жыл тынып, класстан класска дароо көчпөй, ордунда козголбой калып жатып, эптеп төртүнчү класска жетти. Аны менен адеп окугандар башка мектепке барып сегизинчи классты окуп калган кезде, Байыр эми гана төртүнчү класска жетип, башталгыч мектептин мугалимдеринен кийинки эле барандуу жалгыз пионер окуучу болуп, жагоосу желбиреп чыга келди.

Атасы уулунун аман жүргөнүнө, Сейдикеримдин тукуму дедиргенине эле кайыл, өзүң каалагандай оку деп койду, баары бир окусаң да жээриң эт, окубасаң да жээриң эт, - деп мага аман жүргөнүң олжо деп, жумуштан келгенде жыттап, чөнтөгүндө эмне болсо баарын берип, ал турсун баласы тамекисин чөнтөгүнөн алса ага да кубанып, ага да сүйүнүп, өзү ширеңке чагып түтөтүп берип, чарчап келсе эркеси тамакесин кошо тартышып, атасына «күйүмдүү» чыкты; ал турсун момунум куунак өссүн деп стакандын түбүн кээде эл шыбагасы деп шыпкап, алигини жуткуруп да койчу болду, айтор, Сейдикеримдин мындай бактысына чен жок эле; кытыгылап жатса да кайтарып жооп айтпаган аялы адамдын асылы болсо, ал эми уулу тигинтип бир классты үч жылдан шашпай окуп берип, сабырдуу, салмактуу өстү.

Бир күнү мугалимдер келип калса болобу. Адетинче уулун жаман окуйт деп, дөдөй деп жамандаганы келишсе керек деп, анча таназар албады — бул көнүмүш эле, бирок сөздүн төркүнү башкада экен: көрсө уулу төрт жылдык мектепти он жылча окуп коюптур, эми бешинчи класска көчүрүп коелу деп, кудай шерменде кылып мугалимдер уялбай сүйүнчүлөп жатышпайбы, бирдеме үмүтөткөнү байкалып эле турбайбы!

Мейли, алардын деле окутуп-чокуткан эмгеги бар, бир кой жана тамак-ашында кеп жок, Сейдикерим азыр эле мугалимдерди сукулдатпай сыйлап жибергенге даяр, бирок баласынын тагдыры биринчи жолу жанын кейитип жиберди. Эми ал бөлөк айылдагы кайдагы бешинчи классты таап окуйт эле, эми жаны чындап кыйналат турбайбы баласынын, жүрөгү опколжуп чыдабай кетти.

- Молдокелер, - деди, - мугалимдерге, мектебиңерге бүгүн эле той кылып берейин, аракты суудай агызайын айланайындар, жыргагыла, эмгегиңер бар, чер жазгыла, - деди!

- Секем, ушундай шар киши дебедим беле, - деп класс жетекчиси башка мугалимдердин алдында ачык көтөрүлүп, - мына коюңар, башкасы да табалды, - деп барбаңдап, териси терисине батпай даана сүйүнүп кетти.

- Макул, баарына макулмун, молдокелер, бирок мени толук угуп койгула, -деди.

Класс жетекчиси сөздү жулуп:

- Кам санабаңыз, он жыл жөн окуптурбу, бардыгын «беш» кылабыз! Сейдикерим аба, ал жагын мага коюңуз, - деди. - Бүгүн койду дайындап берсеңиз жакшы болот эле деп, маселени шар жана ачык койду.

- Койду кудай алсын, короодо турат, бирок мени бир угуп бергиле, молдокелер, - деп Сейдикерим эми олуттуу сүйлөп, класс жетекчинин ышкысын араң токтотту. Анан -Молдокелер, суранаарым, - деди, - баламды жылуу ордунан козгой көрбөгүлө, ал ушу жерде окуп, ушунча жыл көнүп алды, дагы эле окуй берсин, мен баарына макулмун, бирок көчүрүп убалына калбагыла баламдын, көчүрбөй калтыра көргүлө, молдокелер! - деп чындап жан алакетке келип суранды. Бөлөк мектепке бешинчи класска көчүрөбүз деген сөздөрү кулагына өтө суук угулду.

Мугалимдер эмне кыларын билбей калышты. Сүйүнчүлөгөн адам өтө ыңгайсыз боло түштү. Мектептин тарыхында биринчи жолу «Баламды көчүрбөй салгыла», - деген чын нээттен өтүнүч эле, аны да карапайым бирөө эмес, бригадирдин өзү айтып жатканы кызык болуп жатпайбы! Же кууланып жатабы, чын эле сүйүнчүдөн бир деме өнбөй калабы?..

Аңгыча кой маарады, үйдөгү даяр арактан да алып келе салды, жоош аялына заматта дасторкон жайдырды, көп өтпөй ак дили менен сыйлап кирди, бирок мугалимдерди кара тер басып, Байырды эми он бир жыл башталгыч мектепке байыр алдырабызбы деп, бир чети районодон чочулап, Сейдикеримге уулуңузду бешинчи класска жалаң «беш» менен көчүрүп коелу дешип, акедей асылып жалбарып киришти, Сейдикерим болсо айтканынан жанбады: «Баланы жылуу ордунан козгобогула, мен баарына даярмын, бирок козгобогула уулумду ордунан», - деп баласына күйүмү өтө артып, малга дароо бата кылдырып жиберди.

Кыязы, арактан өткөн калыс жок эмеспи, бул талаш тээ бригадир да, молдокелер да жедеп кызыган кезде барып чечиле турган сыяктанып калды, деги Байырга убал болбосо экен?! Ушундай боорукер атасы бар кандай бактылуу бала! Деле, Сейдикерим мугалимдерди ынандырса экен, чын эле көнгөн мектебин тыштап Байыр каяктагы бешинчиге көчөт эле, жыргап бул жерде он бир жыл эмес, керек болсо жыйырма жыл деле, көнгөн төртүнчү классында, кааласа үйлөнгүчө деле окуп жүрө бербейби, эч кимге оорчулдугу тийип жатпаса, кызык, бу мугалимдер эмне, көчүргөнгө эле ашкере кызыгып калышкан? Жыргап, жылыга Сейдикеримди көчүрбөгүлө деп жалбартып, пайдасын көрүп, каадаланып, баары бир жээри эт, ичээри алиги да, бригадир Сейдикеримди, баласаак кургурду, уулу менен кошо кыйнабай эле биротоло төртүнчүге Байырды байыр алдырып коюшпайбы дейм да, капырай, өздөрү көчпөйбүз деп жатса, эмнеге зордошот!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз