Обид Колдош: Робот адам

  • 10.02.2023
  • 1149

АҢГЕМЕ

“Адамзаттын азап-кайгысынын кишендери кеңсе кагазынан жасалган”.
Франц КАФКА

Үч айдан бери биринчи жолу эртеден кечке жаратылышта болдум. Дарактардын боорукер экендиги, акыбети жөнүндө ойлодум. Уюлдук телефонумду сууга ыргытканымды эстен чыгарып, 10-15 мүнөт сайын колумду чөнтөгүмө салам. Робот адамды эстетүүчү телефондон кутулганыма дагы эле көнгөнүм жок окшойт.

Робот адамды апасы көз айнеги менен төрөгөн. Күн сайын 10 сааттан компьютердин алдында отуруп, жогорку жактан келген тапшырмаларды гана аткарып жүргөндүктөн, бетинде тирүүлүктүн белгиси жок. Бирок ал ар түрдүү таблицаларды толтурганды жакшы көрөт.

Үч айдан бери робот адамдан бир дагы жаңы идея уга элекмин. Ал ишканада жетекчинин орун басары болгону менен буйрукту аткарганга көнүп калган. Ал ар дайым менин ойлорума кабатыр карап, «буга эч кандай буйрук жок» деп шашкалактайт.

Мен дарактардын сезимдери бар деп ишенем. Кээде мен робот адамды кеңсебиздин маңдайындагы тыт дарагына салыштырам. Ошол эле маалда бир ыйлагым, бир күлгүм келет.

Кабылдамадагы катчынын компьютерде карта ойногонун же кымбат баалуу кийимин мактап отурганын гана көрчүмүн. Катчынын аброю Робот адамдан кантип жогору экенин дагы деле түшүнө албайм.

Акыркы үч айда бир да ыр жаза албай, кайдагы таблицаларды толтуруп, отчётторду жазганымды эстесем ыйлагым келет.

Дарактар…

Арчанын жап-жашыл болушунун сыры эмнеде? Балким мөмөлүү дарак болбогону үчүндүр. Сулуу көрүнгөн нерселердин көбү пайдалуу болбойт.

Ал эми дарактар…

Мен аларды адамдардан көбүрөк жакшы көрөм. Ушул убакка чейин бир дагы дарак мени алдаган жок, бир дагы дарак мөмөсү же көлөкөсү ыраазычылык билдире элек. Айрыкча, мажрүм талды жакшы көрөм. Уят-сыйыты бар дарак. Анын чачтары узун. Жаратканга таазим кылууну, каражатка эмес, максатка ыраазычылык айтууну билет.

Күндөрдүн биринде начальниктин айдоочусу Робот адамга: «Мурутуңуз болсо жакшы болот» дейт. Робот адам сыйкырлангандай бир аз туруп, анан "буйрук..." деп унчукпай калды.

Айдоочу күлүп койду.

Эртең ижарачы менен эсептешишим керек. Анан айылга – бак-дарактар эң көп жерге кайтам.

Дарактар мени сагынган. Мен болсо Робот адамды жана анын отчётторун сагынбасам керек...

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Обид КОЛДОШ – 1985-жылы Бухара облусунун Жондор районундагы Кулиён айылында туулган. Анын “Кыялымды алган кыз”, “Маңызга сергүү” аттуу китептери жарык көргөн. Өзбекстан Жазуучулар союзунун «Талант мектеби» VII республикалык жаш калемгерлер семинарынын катышуучусу.

«Узбекистон бахори» Өзбекстан жазы») чыгармачылык фестивалында проза багытынын жеңүүчүсү. Эл аралык Туран жазуучулар ассоциациясынын мүчөсү. «Жондор овози» Жондор үнү»), «Бухоро окшоми» Бухара кечи») гезиттеринде иштеген. Учурда «Маънавият сарчашмаси» Руханият башаты») гезитинин башкы редактору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз