Шайыр Тойчуева: Тапкан өнөр – жалаптыгым ким билди?

  • 15.02.2023
  • 2489

*     *     *

Чылым болуп, түтөп күйдүм ууртунда канча жандын,
Кан какшатып, кишен салдым колуна кыялдардын.
… Максатым не, жашоомдо?.. Табалбай жооп,
Бир шилтеме шилтедим, боюнда БЧКнын.
13.06.13.

*     *     *

Артыкбаш экенимди сезип туйдум,
Өзүмө-өзүм.
Куугунтук жеп көнсөм да,
Жалынып көнбөптүрмүн,
Кемтигим ошол эле.
Аёосуз ыргытылдым,
Мухиттин ааламына кайра эле.
Оолугуп чыга албаймын,
Өлтүрөм баарыңды деп,
Абалым дайын эле.
Жылаңач жалгыз аска,
Таянганым –
Бактыма сен бар делген.
Мыйзамга камап салып,
Өкүмүн окуп берди,
Абийир Соту мага.
Катаал жолдо,
Калды жалгыз,
Салааланган көз жаш гана.
24.01.14.

*     *     *

Сот залында. Жыйналыш!
Турду күнөөкөр:

- Ит байкушта төрт шыйрак!
Бешинчиси ашыкча!
Көк мээ экем чын эле,
Мен ушуну билбеген.

Өкүм чыкты:
- Акталсын!
Эми эсепти үйрөндү.
24.03.11.

*     *     *

Ыйык беле бизде тилек,
Биригүүгө бой урган?
Өмүр, өлүм көпүрөсү,
Ырлар менен чырмалган.
Учкун чачып жүрөктөргө,
Жалгыз ырга айланган.

БҮТПӨС КҮРӨШ МЕНДЕ ЭКЕН,
АК-КАРАСЫ АРАЛАШ.
29.03.11.

*     *     *

Ырдын тузу кысып келгенде,
Ким канчыкка мени теңеди?
Өмүр үчүн турмуш курганда,
Тапкан өнөр – жалаптыгым ким билди?

Таштай качты мени кимиси,
Ким оолукту бул жалганга ээ болуп?
Башкара албай кайран ч…н,
Ким керсейди, короздугун жар салып?

Тирүү арбактын тиктеп турганын,
Кими билди, ишенимге ким сийди?
Адаштырып салып капаска,
Бир өмүрдү сүйрөп ким жүрдү?

Шарактатып кимиси гарем курду,
Ишенимдин башына булгап таштап?
Ким орун таба албастан темселеди,
Коркунучтуу СОТ алдында башын чайкап?

Салбыратып ким напси тыйбаганын,
Алыс, жакын бомждар түшүнбөйбү?
Аялдын суюктугу шардана да,
Эркектин сойкулугу сезилбейби?

Ким эле жалгыз өлүм оозундагы,
Тапканы бүт өрттөнүп, ЫРЫ калган?
Кими сезди бекер келген өмүр барын,
Кыл чокуда сага, мага багынбаган?

Бозоргон боз жолдордо кимдин ЫРЫ,
Эшик кагып түнөгүн таппай жүргөн?
Орун барбы кыргызда ошол ырга,
Өчөшкөндү токтотсо да, кечирбеген?
07.05.11.

*     *     *

От кечип, онтоп жаткан,
Ажалдын оозундагы.
Баламын сүрү качкан,
Мезгилдин колундагы.

Жалгыз бир түшүнүктө,
Калгамын, кала берем,
Түбөлүк бала бойдон.
Апалары неге ыйлаак деп,
Өзү тарткан полотного
Таңыркап суроо койгон.
29.05.11.

*     *     *

Пендечилик ойлор келип,
Далай ирет
Мээни тепседи.
Болгон суроо: “Неге?” деген,
Баш сындырып,
Көңүл кирдеди.

Ишенимдин үйү өрттөнүп,
Канча жолу
Болгон күлала.
Жалгыз чындык сыноолору,
Кайыш тилип,
Тийген арына.
23.06.11.

*     *     *

Ызгаар сууктан өчүн алалбай,
Турмуш мага жакындайт да, алыстайт.
Акыл-эсти ээлеп заматта,
Мезгил мени тооруп, такымдайт.

Балким сенде, балким менде өзгөрүү,
Кереги жок эми бизге жек көрүү.
Жалгыз гана бир мыйзам бар баш ийчү,
Ошол кымбат. Кайра баштан ТӨРӨЛҮҮ!!!
17.02.12.

*     *     *

Кантип?..
Анан качан?..
Эми аны көрмөк кайдан?

Тажаганда өзүмдөн,
Архивиме ыргыткам.
Фото болуп мээде катылган,
Уурулукту унуткам.

Кезигишкен кечебизде,
Унутам деп кайра баарын башынан.
Ичип жаттым,
Мөл шарапты, мас кылган.

Эскерүүлөр.
Эски, жаңы элестер.
Бала экем да,
Бала элек да ошондо!

Чалды-куйду эскерүүдөн жанчылып,
Кыялымда тытып ийдим сүрөттү.
Унут калган качанкы бир көз ирмем,
Тамчы жашка айландырды каректи.
03.07.15.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз