Аким Кожоев: Ууга баргандагы окуя

  • 16.03.2023
  • 3426

АҢГЕМЕ

Саим экөөбүз бала чактан доспуз. Мектепте бирге окудук, аскерге да чогуу бардык. Анын оройлугу эле болбосо, ишеничтүү, сөзүнө бек жигит. Мектепте окуп жүргөндө да, аскерге барганда да мага көп жардамы тийди. Канча чоң муштумдардан калкалап жүрдү. Өзү жеткен кайсар, өлөрман неме. Коркуу эмне экенин билбейт. Тогузунчу-онунчу класстарда окуп жүргөндө кыйынмын дегендердин баары менен мушташып чыкты окшойт. Жашы улуураактарга бычак ала чуркап, милицияга да түшкөн күндөрү болду. Өзүнүн жандемилиги менен көп өтпөй мектеп эле эмес, бүт совхозго таанылды. Ал ошол кезден баштап «Саим жинди» деген атка конду.

Бирок Саим жинди бир да жолу мага кол көтөргөнү жок. Тырмактайдан чогуу өскөндүктөнбү (алар бизге жакын кошуна эле) же башка бир себеби барбы, айтор качан болсо мага болушуп, жан тартып турар эле. Непадам бирөө-жарым мага тийишип, какыс-кукус кылчу болсо, дароо баса калып, катыгын колуна берчү. Саим жиндинин жакын досу дешип, көчөдө да, мектепте да балдар тез эле мага катылганын коюшту. Мен, тескерисинче, Саимге аркалап, өзүмчө эле эрдемсип, алым жетпегендерге да (балалыгымда өтө мажирөө элем) асыла берчүмүн. Чын эле, Саимдин каары мени көп келтектен сактап калды.

Саим бир нерсени айтып жатканда балдардын баары сестенип, анын «орус пейилинен» чочулап, дым тартпай угуп турушчу. А мен коркпой талашып-тартыша берер элем. Тагыраагы, мен чындыкты анын бетине айткандан эч качан тайманчу эмесмин. Ошол себептен болсо керек, чоң класстарга барганда, теңтуш балдар мени да сыйлап калышты. Эми ойлоп көрсөм, досторубуз аны коркконунан эле урматташпайт экен – ал канчалык кайсар болсо, ошончолук калыс эле. Айрыкча анын бул сапатын мектепти бүтөр жылдары көп байкадым.

Саимдин кара күчү, батылдыгы эле эмес, ашкере өжөрлүгү, кайраттуулугу да жакчу. Өспүрүм кезинен эле ар кандай иштин көзүн билип, тиричиликке бүйрө болучу. А анын кайраты карышкырдын кайратындай эле десем, апырткандык болбос. Буга мен аскерге жаңы барганда дагы бир ирет ынандым. «Деддер» аны тепкилеп чала жан кылып салышканда да кыңк этип үн чыгарбады. Күчү жетпей калганда алар тобу менен жабышып, колго кирген нерсе менен жин ургандай сабашты. Ал госпиталда бир сутка эс-учу жок жатты. Бирок бул анын аскердеги биринчи да, акыркы да таяк жеши эле. Ошондон кийин анын аты чыгып, зоболосу көтөрүлдү. Көп өтпөй «деддер» менен достошуп, алардын катарында жүрдү.

Айылда Саимди көбү жаман көрчү. Терс аяк, бейбаш, кеп жебес көк немени ким эле жактырсын. Анүстүнө бетке чабарлыгы да бар эле – чоң кишилердин да кемчилигин көзүнө айтып, уяткарчу. «Баланчанын баласы жүзүңдө көзүң бар дебейт, жубарымбек!» – деп, аксакалдардын наалыганын көп эле укканым бар. Бирок аскерге жөнөп жаткандагы анын бир эрдиги жалпы элдин ага болгон көз карашын, мамилесин кескин өзгөрткөнсүдү.

Чакыруу кагазын алгандар күндө арак ичмей, таң атканча көчөдөн-көчө кыдырып, бакырып-өкүрмөйдөн, бойго жеткен кызы бар үйлөрдү айланчыктагандан бөлөк ишибиз жок. Ал күнү да айылдын этегиндеги чоң бактын саясында көлөкөлөп (май айынын ортосу эле), арак шимирип отурганбыз. Кокустан эле төмөнтөн бир УАЗдын чымын-куюн болуп чыгып келе жатканын көрүп калдык. Ал жөн келбей, жанынын барынча пипилдетип, сигнал берип келди. Биз баарыбыз заматта соолуга түшүп, селейип катып калдык. Болду-болбоду бир жамандык болгонун сездик. Машине биздин тушубузга келгенде саал аярлай түштү да, өң-алеттен кеткен шоопур башын чыгарып (кошуна айылдык бир аке экен): «Бирөө акты!!! Бирөө акты!!! Сууга чапкыла!!!» – деп, тамагы айрылганча кыйкырып өтө берди. Жүрөгүм оозума тыгылып, тула боюмду калтырак басты. Эмне кылышты билбей, нес болуп туруп калган экенмин, Саим катуу нукуп:

- Чурка! – деп айкырды.

Биз баарыбыз анын артынан жүгүрдүк. Ал алманын көлөкөсүндө байланып турган бригадирдин атына секирип минди да, мага утурлай чаап, мени колдон алганда үзөңгүнү чирене тээп шап учкаштым. Саим аттын башын ылдыйга буруп, соорусуна камчы басты. Ат чочугандай бир туйлап алып, атырылып жөнөдү. Саим жинди бу саам да жиндилигин кылды. Атты аёосуз камчылап, тик эңкейиште чымын-куюн болуп чаап баратты. Мен жандан түңүлдүм. Качан учуп өлөт экенбиз деп көзүмдү чылк жуумп, анын белинен бек кучактадым. Ачыгы, ошол минуталарда сууга аккан киши да унутулду. Өз жаным менен эле алек болуп калдым.

Көк-Суунун жээгине биринчилерден болуп биз жеттик. Бизден кийин аттуусу атуу, машинечени машинечен болуп, кишилер келе баштады. Көп өтпөй дарыянын боюнда адам толуп кетти.

- Ылдый чапкыла! Ылдый! – деп аксакалдар тынбай кыйкырып жатты.

- Бечара Жанчүрпө, балдары жаш калды. Ажалды карасаң… суунун бу түрүн көрүп туруп, кечүүгө не салат дейм да?! – деди бирөө каргылданган үн менен.

Ошондо сууга аккан адам Жанчүрпө аке экенин билдик. Бу кабарды укканда денем үркүп, өнө боюмду калтырак басты.

- Жанчүрпө аке турбайбы! – дедим Саимге шыбырап. Ошол замат көзүмдөн жаш чубуруп кетти. Саим мени сөзүмдү укпадыбы, же укса да жооп бергиси келбедиби, башын бир чулгуп алып, атка камчы басты.

Жанчүрпө биздин айылдын эң жоош, момун кишиси эле. Мен эс тарткандан бери малдын артында жүрчү, тагыраагы, баш чабандын жардамчысы болчу. Жардамчы эсептелгени менен бир короо койдун бүт түйшүгү, азап-тозогу жалгыз ошонун мойнунда эле. Анын элчилеп аш-тойго барганы, бөлөк эркектердей арак ичип чардап-жыргаганы, адам сыңары эс алганы эсимде жок. Ал мал үчүн жаралгандай, мал ал үчүн жаралгандай жан болчу. Бирок анын күнү-түнү иштеп, жыргап кеткенин да байбадым. Качан болсо өңү өчкөн боз фуфайке, жамаачы шым кийип жүрчү. Бир атадан жалгыз болгондуктан, анын таламын талашары, боор ооруп күйөөрү жок эле.

- Ушул Кайымда ынсап жок, Жанчүрпөнү кулдай жумшагандан кийин саал адамча мамиле кылбайбы дейм. Тиричилигине камкордук кылса боло. Бала-чакасынын да, өзүнүн да кийингенин көрсөң бооруң ооруйт, – деп атам кээде кыжырданып, өзүнчө сүйлөнүп калар эле. – Ишти Жанчүрпө кылып жатат, а жыргалын Кайым көрөт. Алдыңкы чабан аталып, мактоодо жүргөн да ошол. Бу адилеттик дегениң өзү жок нерсе окшойт…

Бу саам да Саим экөөбүз бөлөктөрдөн итапкан алыстап кеттик. Бригадирдин аты ары күчтүү да, ары күлүк да болучу. Ал жээрдесин кышын-жазын бапестеп, мыкты бакчу. Чөптүн тазасын, жемдин чыктуусун жедирчү. Мейли улак болсун, мейли жарыш болсун, дайым баш байге алып, даңкы чыгып жүргөн айгыр эле.

Жайчылыкта бригадирдин өзүнөн, совхоздун жетекчилеринен бөлөк бирөө минбеген күлүккө Саим экөөбүз учкашып, тыным алдырбай чаап кетип баратабыз. Башка учур болгондо, «атты зоруктурдуңар» деп, бригат сазайыбызды колубузга бермек. Бирок мындай учурда үндөй албайт, ошого ишенип, атын өзүбүз каалагандай чаптык.

Үч-төрт чакырымдай Көк-Сууга жакын барбай, кырлай чаап, тегиз жер менен жүрдүк. Бирок эки көзүбүз дарыяда. Азырынча эч нерсени байкай элекпиз. Анүстүнө суу бизден бир топ эле алыс.

Кыйла жүргөн соң кең жайыкка туш келдик. Ушул жерден баштап, дарыя жайылып агат, өйдөдөгүдөй албууттанып буркан-шаркан түшкөнү да азайып, агымы да бир топ жайлайт. Эми дарыянын жээгине жакын барып, анын агымы менен жарыша жүрүп отурдук. Сайдын таманы шагыраган ташка жык толгондуктан, атыбыз мурдагыдай жүгүрө албай калды. Эки-үч жолу катуу мүдүрүлүп, досум экөөбүз аз жерден тоңкочук атып кетпей араң калдык. Бирок Саим аттын мөңкүгөнүн такыр элес албагандай, улам аны шаштырып, үстөкө-босток камчы чабат. Жыгылат экенмин деп, мен да мурдагыдай коркпой калдым.

- Ана! Ана! – капилет артта келе жаткандардын бирөө сайды жаңырта ачуу чаңырды. Саим тизгинди катуу кагып, атты шарт токтотту да, артка чукул бурду.

– Ана, аралчанын четине чыгып калыптыр! – деп бакырды жанагы киши, колу менен көрсөтүп. – Кантип көрбөй жатасыңар, тигине, суу тийген сайын кыймылдап жатпайбы!

Чын эле, Жанчүрпө аке дарыя келип эки бөлүнүп кеткен жердеги аралчанын четинде жатат. Жакшылап карабасаң же киши экени же башка нерсе экени даана билинбейт. Кыязы, чалкалап жатат окшойт, улам суу жаба тийген сайын колу-буттары кудум тирүү кишиникиндей кыймылдайт.

- Колдору кыймылдап жаткансыйт, тирүү эмеспи? – деп шыбырадым Саимге.

- Билбейм, – деп шыбырап жооп берди ал дагы, үнү дирилдеп.

Жанчүрпө акенин тирүү экендигине, тирүү сактап каларыбызга чын эле ишенип турдум. Ал үйүнө өлбөй аман барса, балдары кантип кубанарын элестеткенде, өрөпкүп, өпкөм көөп чыкты. Ичимден эми Жанчүрпө акени агызып жибербей алып калсак экен деп тиленип жаттым. Отуздан оогондо араң үйлөнүп, бечаранын балдары да жаш эле.

- Кана балдар, кандай кылалы дейсиңер? Ушул жерден чыгарып албасак, кокус дагы агызып ийсек, таппай калышыбыз мүмкүн. Тапсак дагы көп убарачылык тартабыз, – деди жаңы эле жетип келген айыл аксакалдарынын бири, бүгүнкүдөй кысталыштарда дайыма элди башкарып жүргөн киши.

- Кана эми ушундайда сал болсо! – деди дагы бир аксакал өкүнгөндөй. – Керектүү нерсени сактап койбой, өзүбүз жок кылдык.

- Туугандар, эмне унчукпайсыңар?! Күн кечтеп жатат, суу улууланып кетсе, бир боорубузду колдон алдырабыз. Ансыз да агып кетпей араң турат. Кандай болбосун азыр алышыбыз керек. Кана, кимиң кандай кеңеш бересиң?

Жардап турган эл бир нерсе деп сөз кошууга даабай, дым тартпай калды.

- Бу долу сууга азыр ат менен кирүүгө эч мүмкүн эмес, а камир[1] менен түшсөң, дароо эле астын-үстүн кылат, – деди арадан бирөө суурулуп чыгып, аксакалга жакындап. – Өйүз-бүйүз жээкке чыгарганда эле албасак, алалбайбыз го…

- Сен эмне, агып кете берсин деп турасыңбы?! Алыска кетип калсачы? Такыр таппай калсакчы? Жок, болбойт, азыр бир амалын кылышыбыз керек!

Аксакал сөзүн айтып бүтүп-бүтө электе Саим атты теминип, элден бөлүнүп жогору жөнөп калды.

- Сен каякка? – деп сурадым мен эч нерсе түшүнбөй.

- Азыр көрөсүң, – деп табышмактуу жооп берди ал.

Жанчүрпө аке жаткан аралчадан эки жүз метрдей өйдө баргандан кийин ал бир чоң чырканактын далдаасына өттү да, аттан түш деди мага.

Мен аттан түшөр замат макиси менен – ал дайым маки алып жүрчү – ээрдин кайыш  канжыгаларын шарт кесип алды да мага узатып:

- Ме, мобулар менен менин буттарымды үзөңгүнүн боосуна чырмап, бекем байла! – деп шаштырды. Үнү өзгөрүлүп, катуу толкунданганын байкадым.

- Эмне кылайын деген оюң бар?! – деп сурадым жүрөгүм опкоолжуп.

- Убакыт жок, сурабай айтканды кылбайсыңбы! – буюра сүйлөдү ал. Катуу чыдамы кетип турду. Анын кандай тобокел ишке бел байлаганын түшүнүп, бүт денемди калтырак басты.

- Койчу, досум! Сен эмес чоң кишилер батынбай атса…

- Ушундай кысталышта жардамың тийбесе, дос-мос эмес экенсиң! – анын аябай кыжыры келип, үнү буулуга түштү. Менин жардамымды күтүп отурбастан, кайышты үзөңгүнүн бышык боосунун ортосунан өткөрүп, оң бутуна бекем чырмап байлады да, кийин үзөнгүнү бутунун учу менен чирене тээп алды. Сол бутун да ушинтип бекитти. Андан соң ээрдин кашында илинип турган аргамжыдан казыгын чечип алып менин алдыма ыргытты.

- Бригатка берип кой! – аптыга сүйлөдү.

Ал теминип жөнөй бергенде учуп жетип чылбырга чап жабыштым.

- Жинди, агып өлөсүң! – деп кыйдырдым.

- Жолтоо болбо! – деп ызырынды ал көзүнөн чаары чыгып. – Болбосо башыңды айра чабам!

Ал чаап ийчүдөй болуп, камчы үйүргөндө, чылбырды коё берип, четке чыга качтым. А Саим жинди көз ачып-жумганча барып, күкүктөп агып жаткан сууга кирди.

Ал сууга кирер замат ачык жерге чуркап чыктым да, али да бир чечимге келе албай үймөлөктөшүп турган кишилерге карап жанымдын барынча үн салып кыйкырдым. Алар бир саамга эмне болгонун түшүнбөй дел болуп карап калышты. Соң суу кечип бараткан Саимди көргөндө ызы-чуу түшүп, баары бери көздөй агылды. Алгач менин жаныма аттуулар чаап жетти.

- Эй жинди, кайт артка! Атты майып кыласың, кайт дейм сени! – бригадирдин чый-пыйы чыгып, өзөгү айрылганча айкырды. Өзү бөлөк бирөөнүн атын минип келген экен. Өң-алеттен кетип, көздөрү бир башкача алайып, жандай көргөн аргымагын кайтарып алмакка жээкке чукул чаап барды да, бирок дайраны кечтире албай, тайсалдап туруп калды. Саимди кармаса тытып жечүдөй кыжынып, тыбырчылай берди.

- Акмак! Атты эмес, баланы ойлобойсуңбу?! – деп кекетти анын жанында турган бирөө. – Адам өлүп жатса, «атым эле, атым!» дейсиң.

Ошондон кийин анын үнү өчүп, тынчып калды.

- Балам, абайла! Өзүңө сак бол! – дал кулагымдын астынан аяш атам Бердинин үнү шак эткенде, эки бетим күйүп кеткендей болду, жер жарылса кирип кетейин дедим. Коркконум мурдагыдан да күчөп, кадимкидей калчылдай баштадым.

- Аяш ата… – дедим туттугуп, – аяш ата…

- Балам, сенде күнөө жок, – деди ал менин абалымды түшүнгөндөй, – Кудай кааласа, баары жакшы болот. Сен… эч камтама болбо, макулбу? – Ал сабырдуу, токтоо унчукту. Анын бир ооз сөзү мага дем берип, дароо чыйрала түштүм. Бирок Саим досумдан эки көзүмдү албай, дым тартпай тигилип турдум. А аяш атам тынбай бир нерселерди күбүрөй берди. Кыязы, Жараткандан уулунун амандыгын тилеп жатты окшойт. Менимче, аяш атам эле эмес, ушунда чогулган элдин баары азыр Саимдин амандыгын тилеп жатты.

Ал ортодо Саим дарыянын ортосуна жакындап калган эле. Саим атты эч шаштырбай, өз басыгына коюп жай баратты. Жаныбар жылкы да ар бир кадамын өтө аярлай басып, бир туягы жерге жетип, бекем орношкондон кийин экинчисин алга шилтеп жаткансыды. Суу эбак аттын көкүрөгүнө жетип калган болчу. Саим алга илгерилеген сайын суу көтөрүлө берди. Эми аттын соорусунан аша баштады. Аттын көчүгү эки-үч жолу бурулуп кетип, кайра түзөлдү. Дарыянын дал ортосуна жеткенде ат да, үстүндөгү адам да чөгүп, көз ачып-жумганча жок болуп кетти. Терең иримге туш келишти шекилди. Мен кыйкырып ийдим, мага кошулуп көз салып тургандардын баары чуру-чуу түштү.

Таң калганым, жанымда турган аяш атам катуу үн чыгарган жок. Жакасын кармап: «Алла сактай көр! Алла сактай көр!» – деп, тек Кудайга жалынып жатты. Канчалык кабатырланбасын, ал өзүн жоготуп, мен сыяктуу бейпайга түшпөдү.

Саимдер жарым мүнөттөй жоголуп, кайра пайда болушту. Алгач анын башы чыгып, анан бүт тулкусу көрүндү. Саим пайда болгондо да дээрлик баарыбыз чуулдап жибердик. Аяш атам да «О, балам!» деп онтоп жиберди. Биздин салган айгайыбыз алеки заматта дарыянын катуу шоокумуна жутулуп кеткенсиди. Аттын үстүнөн бирде эки карыш бою көтөрүлүп, бирде кайра түшүп, ылдыйга агып бараткан Саимди үн-сөзсүз телмирип тиктеп турдук. Коркунуч баарыбыздын ой-сезимибизди, акыл-эсибизди бир чекитке байлап салгандай болду. Саим жок болуп кеткенде досумдан айрылганым ушул экен дедим. Өңгүрөп ыйлап жибербей аз калдым. Бирок дарыя канчалык буркан-шаркан түшүп, канчалык албууттанбасын, Саимдин колу аттын жалынан ажырабады. Суу бир нече жолу аны өйдө көтөрсө да, үзөңгүнүн боосуна бекем байланган буттары менен коюу жалга чып тутамдалган манжалары жылкыдан бөлүнүп кетпеди. Биз баарыбыз сууну бойлоп, ылдый чуркадык.

Саим дагы эки-үч жолу чумуп кетип, аралчадан өтө берерде ат катуу обдулуп четке, тайызга чыга түштү. Ошондо баарыбыз жеңилдей түштүк.

Жанчүрпө аке унутулуп, эси-көөнүбүздүн баары эле Саимде болуп калган экен. Четке чыккан соң Саим ат жалына өбөктөп жатып калды. Кыязы, суу жутуп, демигип калган көрүнөт. Дүрбү салгандар анын окшуп жатканын айтышты. Аздан кийин ал боюн түзөп, атты жүткүнтүп аралчага чыгып барды. Аралга чыгар замат аттан секирип түшүп, Жанчүрпө аке жаткан жерге шашылыш чуркады. Эңкее берип, бирок ошол замат катуу чочугандай кайра артка кетенчиктеди.

- Коркуп жатат! – деди арадан бирөө кабатырланып.

- Жаш бала да, коркпогондо анан кантет, – деди дагы бири. Ошондо Жанчүрпө акенин өлүп калганын түшүндүм. Эмнегедир эми ага мурдагыдай күйбөй, досум Саим үчүн көбүрөөк кыжаалат болуп жаттым.

- Коркпо! Коркпой бара бер! – деп кыйкырды аксакалдардын бири бар үнү менен. Аны дароо башкалар коштоп кетти. Айылдаштары Саимге үн салып, кол булгалап, алыстан болсо да үзбөй дем берип турушту. Дале айбыккандай, Саим маркумга акырын жакындап барды. Бир саамга андан көзүн албай карап турду да анан анын эки колунан аяр кармап, ошондой эле этияттык менен аралчанын үстүнө, түзөңгө сүйрөп чыга баштады.

- Бала кантер экен, жалгыз эптей албайт ко? – элди уюштуруп жүргөн баягы айыл аксакалы тынчы кете сүйлөдү. – Баарынан да эми ушул баланы Кудай сактасын.

- Бириң да ушул жаш балача болбодуң! – деп күңкүлдөдү ал саамдан кийин, абдан коопсураган үн менен. Ал азыр эле сууга чаап кирчүдөй болуп теминип, Саимден эки көзүн албай, көк байталы менен дарыянын четинде чыдамы кетип турду.

Ал арада Саим сөөктү түзөңгө алып чыгып чалкасынан жаткырды да, токтогон жеринде жылбай туруп калган атка чуркап барды. Аттын ээриндеги аргамжыны чечип алып (бая жөнөп жатканда аны сууга агып кетпесин үчүн казык боо чалып, бекем байлап салган эле), атты жетелеп Жанчүрпө аке жаткан жерге басты. Саимдин күчүнө ошондо дагы бир ирет тан бердим! Өзүнөн бир канча жаш улуу, отуз беш-кырктарга барып калган кишинин өлүгүн жерден так көтөрүп, аттын ээрине серпип сала берерде ат үркүп, четке чыга качты. Маркум аз жерден Саимдин колунан жерге түшүп кете жаздады. Дайым аш-тойлордо минилип, кара жумушка көнбөгөн айгыр Жанчүрпө акени ээрине салдырбай, Саимди бир топ убара кылды. Ошондо Саимдин накта жиндилиги кармады. Тизгинди колуна бек кармап, атты көкүрөгүнө, кардына, буттарына тепкилей баштады. Ошентип, Саимден бир топ таяк жегенден кийин чалпоо күлүк анын эркине көнүп берди.

Саим маркумду аттын үстүнө жүзтөмөндөн жаткызып, анын колу-бутунан аттын канжыгасына, үзөңгүлөрүнө аргамжы менен катуу таңып байлады. Андан соң жиптин бир учун (жип узун эле) аттын кардынан өткөзүп, өлүктүн үстүнөн эки ирет айландырып, бар күчү менен тартып чырмады. Ал байлаган жерлерин бир канча жолу колу менен тартып текшерип көрүп, анан көңүлү жайлангандай болду. Кийин атты жетелеп, аралчанын так ортосундагы жерден өйдө чыгып турган көк ташка тартып тууралады да, шарт секирип, өлүккө учкашты. Эми ал аргамжынын калган бөлүгү менен өзүн Жанчүрпө акеге байлады. Эч шашылган жок, бул ишти жанагыдай эле өтө дыкаттык менен аткарды.

Ал ортодо кишилердин тынчы кете баштады.

- Суу мындан да улууланып кетпегей эле… – деди бирөө кооптуу.

- Доошу да, өңү да өзгөрүлүп жатат, – деди дагы бири каргылданган үн менен.

- Ой, балам! Шашыл! Шашыл! – баягы аксакалдын чыдамы кетип кыйкырып жиберди. Ал Саимге жардам берүүгө бүт дити менен даяр турду, бирок эч айла кыла албады.

Бирдемени чала калтырган жокмунбу дегендей, Саим өзүн байлап бүткөндөн кийин да кыйлача буйдалып турду да, анан атты теминди. Ал аралчанын эң четки этегинен, бая өзү чыккан туштан кечүүгө кирди. Жардап турган көпчүлүктүн дубасы кабыл болдубу же Жараткан Саим досума өзү ырайым кылдыбы, ал кайра кайтканда баштагыдай кыйналбады. Анүстүнө жогору жакка караганда бул жерде дарыя кыйла тайыз да экен.

Бу саам ал сууга болгону бир эле жолу кирип кетип, кайра дароо эле чыкты. Ылдыйга да көпкө акпай, жыйырма-отуз метрче баргандан кийин бери өтүп келди. Ошондо мен Саим досум кайра төрөлгөндөй сүйүндүм. Мен элеби десем, элдин баары эле кубанган окшойт.

Айрымдар көзүн жаштап, ыйлап да жүрөт. Бая эле мен кайратына таң калып бүтө албаган Берди аяш атам да уулун кучактап, кадимкидей шолоктоп ийди. Аны көрүп мен дагы жашымды тыя албадым. Ат үстүндө таңылуу турган Жанчүрпө аке унутта калып, бүт баарыбыз дарыянын муздагынан эриндери көгөрүп, карышып кала жаздаган Саимди тегеректеп алдык.

- Баланы тез машинеге алып барып жылыткыла! – деп өктөм унчукту айыл аксакалы. Бирок анын буйругун аткарууга эч ким шашылган жок. Саим суудан эсен-аман чыкты, эми ага эч нерсе болбойт дегендей, улам жанына келгени ага ыраазылык билгизип, кээ бири аны жаңы көргөндөй, таң кала да, суктана да карап турушту.

- Кандай кеп түшүнбөгөн пендесиңер?! – капилеттен катуу чаңырып жиберди жанагы аксакал. – Же көк мелтей болуп тоңуп калганын көрбөй турасыңарбы?! Же бул дагы набыт болсун дейсиңерби! Кыргызда мындай азаматтар күндө эле туула бербейт!

Анын өңү кумсарып, эриндери титиреп кетти.

– Өлүктү ушунчалык күттүргөндү да силерден көрдүм, – деп кошумчалады ал тына түшүп, эми мурдагыдай кызууланбай, бирок нааразы үн менен.

Ошол кайгылуу окуяда Саимдин эле даңкы чыкпады, бригадирдин да мартабасы көтөрүлдү. Ансыз деле мактоодо жүргөн анын жээрдеси легендага айланды. Ырас, бригадирдин атынан бөлөк, чучугу жемге толбогон башка бир бекубат жылкы болгондо, Саимдин аман калары арсар эле. Аксакалдардын айтымында, мурда-кийин май айында ат менен Көк-Суудан өткөн киши болгон эмес экен.

Айтмакчы, рахматы Жанчүрпө аке Таш-Короодон келатып суу кире баштаганда неге көпүрөгө барбай (көпүрө эки чакырымдай төмөнүрөөктө болчу), дарыяга салганын кийин аялы айтыптыр. Кокус малга ит-куш тийбесин, кечүүдөн эле өтүп айылга барып келе калайын деп шашылган экен бечара. Көрсө, өз өмүрүнөн малдын амандыгын жогору койгон тура, бейиши болгур…

Мени менен аскердик кызматты чогуу өтөгөн ошол Саим досум Москвада калып калды. Канчалык сурансам да, канчалык жалынып-жалбарсам да, сөксөм да такыр болбой койду. Орустун бир сары кызы башын айландырып салыптыр. Аны менен кайдан, кантип тааныша калганын да билбейм. «Мен Катясыз жашай албайм!» – деп, тим эле эзилет да эзилет. Анын абалын көрүп туруп бир чети күлкүм келсе, бир чети таң калдым. Мектепте окуп жүргөндө кыздарга да кол көтөргөндөн кайра тартпаган ары орой, ары олдоксон досум бирөөнү мынчалык сүйүп калат деп ким ойлоптур. Эң кызыгы, баягы кайсар Саим алеки заматта эле жоош, момун кишиге айланып калыптыр.

Катясы менен бизди да тааныштырды. Биз кайтар күндөрү жакшы санаалаш кызматташтарын түз эле кыздын үйүнө ээрчитип барды. Катя бой-келбети келишкен, көздөрү ойноктогон шайдоот кыз экен. Өмүрү бирөөнүн эркине моюн сунбаган Саим тим эле Катясынын көзүнүн кареги менен тең айланат, анын ар бир назын илгиртпей аткарууга даяр тургандай. А Катясы: «Мой великан! О, мой несравненный великан!» – деп, басса-турса жароокерленип Саимге эркелейт. Анын алп мүчөсүнөн сугалак көздөрүн албай, улам кучактай калып өпкүлөп жибергени мага өөн учурады. Анүстүнө эркектер менен тең жарыша арак ичкени да мага жакпады. Мүмкүн, биздин кыздарга айтылчу «кызга кырк үйдөн тыюу» деген насаат сөздү угуп жүргөн мага Катянын кылык-жоругу жат учурагандыр. Балким, бул өздөрү үчүн кадыресе эле көрүнүштүр.

Неси болсо да мен жандай көргөн Саим досумду бөтөн эл, бөтөн жерде таштап кетким келген жок. Ал мен үчүн жатындаш бир тууганымдан да жакын болуп калган болучу. Балким, эгиздер да бизчелик ынтымак болбосо керек. Экинчи жагынан, бала чактан бери чогуу жүргөн Саимге ушунчалык таянып калган экенмин, алдыдагы жашоомду ансыз түк элестете албадым. Мындан эки-үч ай мурда эле аскерден бошонуп барсак, мен агрономдун окуусун окуп келсем, ал техниканын тилин үйрөнсө, айылыбыздын өйдө жагындагы какыр жерге суу чыгарып, келечекте чоң бакка, гүлзарга айландырабыз деп тилек кылбадык беле. Эми кайдан-жайдан Катя дегени пайда боло калып, экөөбүздүн үмүт-кыялдарыбыздын баарынын таш талканын чыгарганы жатат.

Жөнөп жатып, аны катуу жарга такадым.

- Ата-энеңди, эли-жериңди ойлобойсуңбу?! – дедим чындап ачуум келип. – Же кайсы бир орустун кызы үчүн баарынан кечкиң келип жатабы? Сендей азаматтар биздин элге керек.

Акылына келер бекен деген үмүттө Жанчүрпө аке аккандагы эрдигин, ошондогу калайык-калктын текши алкаганын жадына салдым.

- Сүйүүсүз жашагандан көрө жашабай эле койгон артык деп, дайыма сен өзүң айчу эмес белең, эми эле башкача сүйлөп калдыңбы?! – деп, ал кайра мага опурулду. «Урдум сенин ушундай сүйүүңдү! Сүйүү имиш!» – дедим ичимден. Бирок ага унчукпадым. Унчукканда эмне. Таптакыр болбой калгандай. Ошол көз ирмемде эмнегедир жакында эле бир журналдан окуган Шандор Петефинин:

«Сүйүү үчүн керек болсо
өлүмгө да барамын.
А сүйүүнү эркиндикке
курмандыкка чаламын!»[2]

деген төрт сап ыры эсиме түштү. Анын кайрыктары көпкө чейин мээмде кайталана берди. Саимге окуп берейин деп кайра айныдым, ага таасир этерине түк көзүм жетпеди.

Ошол Саим досум Орусияда он беш жыл ың-жыңсыз жоголду. Тагыраагы, алгачкы жылдары анда-санда кат алышып турдук. Кийин сейрек жазчу болду. Жазса да кыска, анан супсак жазат. Ар бир сабынан өзүн мажбурлап жооп жазганы сезилип турат. Бара-бара такыр эле байланышыбыз үзүлдү.

Мурдараак, Берди аяш атамдын кенже уулу кол арага жарай элек кезде (Саимден кийинкилери кыз эле), алардыкына көп барчумун. Жалгыз кыйналып калбасын деп, ар кандай жумуштарына жардамдашар элем. «Саимден кат-кабар барбы, сүйлөшүп турасыздарбы?» – деп сурасам, аяш атам жактырбагандай колун шилтеп: «Атын узгузбачы ошол катын кулдун, ал накта катын кул!» – деп жооп берер эле. Кабагы бүркөлүп, көпкө чейин маанайы жазылчу эмес. Кийин ал тууралуу сурагандан да заарканчу болдум.

Быйыл кыш аяктап калганда Саим досумдан күтпөгөн жерден кабар келди. Төмөн жактагы айылдардан бирөө келип, аяш атама уулунун кабарын айтыптыр. Түрмөдө имиш. Кабар айтып келген адам Саим менен бир жылча чогуу отуруптур. Саим эмне болуп түрмөгө түшкөнүн аяш атам мага да ачык айтпабы, бүдөмүктөтүп сүйлөдү. Мен да такып сурай албадым. Болгону: «Айбан да айбан! Айбан болбосо ушул даражага жетеби?!» – деди абдан зээни кейип. Баласынын кабары ага өтө катуу тийген окшойт. Өңү шапайып, мурдагыдан да карый түшкөндөй.

Аяш атамдан келген кишинин аты-жөнүн сурап, дарегин билип, эртеси эле жетип бардым. Менден жашыраак, шыпылдаган неме экен.

- Досуң орус катынынын ойношторунун бирин уруп коём деп камалыптыр, – деди ал күлүп. – Эң кызыгы, катыны өзү каматыптыр. Орус катын алдыңбы, сөзсүз ойношу болорун түшүнбөгөн окшойт. Мен алардын канчасын көрдүм.

Ал кыткылыктап күлдү. Анын үйүнөн чай да ичким келбеди, нан ооз тийип кайра тарттым.

Эмнегедир жол ката өзүмө ачуулана бердим. Жанагы немеге бир ооз каяша айта албаганыма жиним келди. Орустун аялдарын дүңүнөн жамандаганы түк мага жаккан жок. Ырас, мен өмүрүмдө орус кыздар менен алака-катышым болбоду, аларды сүйүп да көрбөдүм, андыктан алардын кандай-андай экенин дурус билбейм. Бирок мага эки жыл таалим-тарбия берген Надежда деген орус эжейди жакшы билем. Ал кошуна айылда турат. Биздин мектепте бүтүрүүчү класс жок болгондуктан, эки жыл ошонун колунан билим алдым. Надежда эжей те жаш кезинде ошол айылдык бир жигит менен кат алышып жүрүп, кийин Орусиянын кайсы бир шаарынан өзү издеп келип, жанагы жигитке турмушка чыккан экен. Азыр эми аны эч ким орус дебейт. Ырас, аны күчтүү мугалим деп айта албайм, бирок калыстыгы, түз жүргөнү, чынчылдыгы үчүн элдин баары сыйлайт. Кемпирлер Надежда аты калып эле Үмүтай деп атап алышкан. Ошол себептен тиги кесепеттин орус аялдардын баары бузуку дегенин жактырбадым.

Иңир киргенде үйгө кайтып келсем айыл аксакалы аттуу-баштуулардын баарын үйүнө чакырган экен. Атам экөөбүздү да чакырыптыр. Атымды атканага байлап, ээр-токумун алып, үстүн жылуулап жаап дароо жетип бардым. Мен барганча айтыла турган сөздөр айтылып, кеп-кеңеш бүтүп, чечим чыгып калган окшойт.

- Дагы бир жолу кайталайм, мен силерди андай-мындай бергиле деп мажбурлабайм, ар ким алына жараш жардам кылсын. Жылкы бергениң жылкы бер, уй бергениң уй бер, кой бергениң кой бер. Мен кошуна айылдарга да жарыя кылам. Алар да жөн карап турбаса керек. Ушундайда бири-бирибизге жарыгыбыз тийбесе, элдигибиз кайсы?

Ал кебин токтотуп, отургандарды сыдыра карады. Анын айтканын макул көрүп, баарыбыз башыбызды ийкедик.

- Кандай болбосун Саимди орустун түрмөсүнөн куткарып алышыбыз керек, – деп сөзүн улады ал тыныгуудан кийин. – Ырас, бала жаштык кылып жаңылды-жазды, эми эсине келгендир… Жоокерчилик заман болгондо Саимдей азаматтар эли-жерин коргоп, баатыр атыкмак, жумурай-журтка бел болмок, даңкы чыгып, зоболосу көтөрүлмөк… Ушундай жигитти түрмөдө кууратып таштап койгонубуз жарабас. Кандай дейсиңер, туугандар?

- Туура! Туура! – баарыбыз бир ооздон туш-туштан коштоп жибердик.

Мен Саимди абактан чыгарып келүүгө аяш атам менен чогуу бармакчы болдум эле айыл аксакалы:

- Сен барганда эмне иш бүтүрмөк элең, Бердиге кошулуп заң-закүндү билген бирөө барсын. Менин бир аяш балам шаарда адвокат, ошону суранып көрөйүн, – деп тыйып койду.

Саимге жардам колун сунбаган кыштакта эч ким калбады окшойт. Биз үй-бүлөбүз менен кеңешип, балдардын сүннөт тоюна деп багып жүргөн үч жашар буканы айдап барып бердик. Таптакыр жакырбыз дегендер да бирден чебич жетелеп келди. Кошуна айылдардан да жакшы эле жардам чогулду. Аяш атам экөөбүз, дагы бир жигит кошулуп, чогулган малды базарга алып барып саттык.

Үч айдан кийин Саимди чыгарып келишти. Ошол күнү чакан айылыбызда өзүнчө эле чоң майрам болду. Жаштар концерт уюштуруп, таң атканча бийлешти. Аларга кошулуп биз да бийлеп, оголе жыргалга баттык.

Саимдин эсен-аман келгенине мен ата-энесиндей эле сүйүндүм. Эми такыр көрбөйт экенмин деп үмүт үзгөн кыяматтык досум эсен-соо келип жатса, мен кубанбаганда ким кубанмак.

Саим досум кыйла өзгөрүп кетиптир. Өң-түсү да сурданып, кыйла серт тарта түшүптүр. Айрыкча мурдунун сынганы анын мурдагы жылдыздуу ырайын бузуп салыптыр. Ал эми кыргыектикиндей тегерек көздөрү адамга ишенбегендей шектүү тигилет. Мени өзгөчө кыжаалат кылганы, анын ичим таптыгы болду, экөөбүз жалгыз калганда да сырын ичине катып, ачылып сүйлөбөдү. «Каргыш тийгир түрмө! Түрмөгө түшкөн киши оңбойт турбайбы!» – дедим өзүмчө, үйгө баратып.

Эртеси зарыл иш чыгып райондун борборуна жөнөп кеттим. Таякем катуу ооруп жатыптыр.

Ал жакта бир жумадай жүрдүм. Кайра келерим менен жатар маалы жакындап калгандыгына карабай Саим досумдукуна жетип бардым. Эшиктин алдында аяш атам жалгыз жүргөн экен. Эмнегедир мени менен салкын учурашты. Бир нерсеге катуу кабатыр болгондой.

- Уктап жатат, – деди ал каргылданган үн менен. Ал мени ээрчитип үйдүн каптал жагына басты да теректин дүмүрүнө отурду. Башын жерге салып, кыйлага дейре унчуккан жок.

- Эч ким менен оңдуу сүйлөшпөйт… Адам болбой калганбы деп корком… – ал шуу үшкүрдү. Көздөрүнөн жылтыраган жашты көрдүм.

- Аяш ата, сиз көп камтама боло бербеңиз. Ал азыр стресске түшүп калган. Буюрса, баары жакшы болот. Андан көп аны-муну сурай бербей күтө туралы, убакыт баарын дарылайт эмеспи, – дедим билгенимди айтып.

- Ай, ким билет, – деп жооп берди аяш атам ишенбегендей, оор күрсүнүп.

- Мындай кылбайлыбы? – дедим азыр эле башыма бир ой келип. – Мен аны ууга алып чыгайын. Адамдын жаны жабыркап кыйналып турганда тоо-таш жакшы шыпаа болот дейт психологдор. Мына көрөсүз, тоодо беш-алты күн жүрүп келсек, сөзсүз өзгөрөт.

- Ошент, айланайын! Ошент! – аяш атам кубангандан ордунан атып турду, эмелеки жаш чайып турган көздөрү жайнай түштү. – Өзүң бир жакшылап сүйлөшчү, сырын билчи. Антпесең, мен анын бул ахывалын көрүп, түтпөй кетип жатам. Ошент, балам, ошент!

Аяш атам менин колумду бек кысып, акыркы үмүтү менде калгандай, коё бербей көпкө кармап турду.

Саим менен ууга чыгарымды укканда атамдын ачуусу келип, бир топко чейин туталанды.

- Чөп-чар сугарылбай күйүп кетип жатат, картошка да чабыкка келип калды. Ушунун баарын мага таштап кетип жатасыңбы? Же районго барып бир апта жүрүп келгениң аздык кылдыбы? Же апаң келбейт маалкатып. Акеси жакшы эле болуп калыптыр го. Тиричиликти ойлоп, эми келе берсе болот да. Өзүң көрүп турасың, келин жаш балдардан бошобойт. Атаң карыса кул алба деп кыргыз бекер айтпаган экен да!

Атам мурчуюп, таарынгандай тескери бурулуп кетип калды.

Атамдын кеби мени арсар ойго салды. Анын айтканы чын, быйыл ала баардан бери бир тамчы жаан жок. Эгин-тегиндин баары кургап кетип жатат. Мындайда суу кезегиң келгенде үлгүрүп сугарып калбасаң, бар эгинден кол жууйсуң. А эки күндөн кийин сугат нөөмөтү бизге келет. Ушуну неге ойлободум экен? Берди аяш атама бекер убада берген турбаймынбы? Каап, эми эмне кылам? Убадамды бузамбы? Ушундайда кана жатындаш иним же агам болсо, жалгыздыктын азабын өмүр бою тартып өтөт экенмин да! Келинчегим төрөбөй жети-сегиз жылдай күттүрүп, балдарым али кол арага жарай элек.

Сар-санаага батып, көпкө чейин түйшөлүп уктай албадым.

Катуу уктап кеткен экенмин, таңга жуук келинчегим мени жулкулдатып араң ойготту.

- Тур! Атам «тез турсун» деп жатат.

Сыртка чыксам, атам атты токуп коюптур. Мылтыкты, ок-дарыларды да белендептир.

- Ата, барбай эле койсом кантет? – дедим айыптуудай.

- Убада берип коюп анан кантип барбай коёсуң?! – деди атам корс этип. – Адамдын лабизи адал, бирөөгө сөз бердиңби, аны кандай болбосун аткарышың керек.

- Сиз кыйналып калбайсызбы?

- Кыйналсам кыйналыпмын да, кыйналбай жүрдүм беле... Андан көрө айтчы, Саим досуң киши болчудайбы? Ал Бердиге бала эмес эле балаа болду го. Бечара ошонун азабы менен жүрүп эле өтүп кетеби дейм. Орус катын алып, таза адамдыктан чыгып калган окшойт.

- Ата, түрмө деген жакшы нерсе эмес, адам анын залдарынан оңой менен арылбайт. Саимдин өткөнүн унуттуруш үчүн биз баарылап ага жардам беришибиз парз.

- Түрмө эле болсо бир жөн, түрмөгө түшкөндөрдү да көрүп жүрөбүз. Анын кесели башкадабы дейм… – деди атам табышмактатып сүйлөп.

Ал мага: «Өзүңдү этият кыл, кийик атпасаңар атпапсыңар, өзүңөр эсен-аман келсеңер болду», – деп, мен ууга жөнөчүдө дайым айта жүрчү акыл-насаатын айтып, батасын берип атказды. Негизи мага мергенчилик атамдан өткөн. Атам жаш кезинде айылдын көзгө басар мергени эле. Атам кыш бекерчиликте кийик атканы кетсе, айлап жоголуп кетчү. Мен анда-санда гана, тоону сагынганда же аңчылыктын кумары катуу кармаганда эки-үч күнгө же бир жумага барам.

Мен бир да жолу кийиктин эчкисин же улагын аткан эмесмин. Бул эреже да мага атамдан калган. Ал мени алгачкы жолу ууга алып чыкчуда: «Балам, аңчылыктын өзүнүн айныгыс мыйзамы бар, эгерде ошол мыйзамды бир эле жолу бузсаң бүттү, каргышка каласың!» – деп катуу эскерткен. Ошондуктан ар дайым кийиктин текесин же нарегин атканга аракет кылам. Кээде гана көпкө жүрүп жолум болбой калса, куру кол барбайын деп субайкалды атып албасам, алардын ургачысына оңой менен ок чыгарбайм. «Кийик атпай келиптир деп сени эч ким урушпайт. Эчкисин же жаш улагын аткандан көрө, атпай койгонуң жакшы, балам!» – деп атам байма-бай кайталап айткандан тажачу эмес.

Бу саам досум экөөбүзгө алыска барууга туура келет. Анткени кулжа айы ортолоп калгандыктан, текелер оңой табылбайт. Алардын тобуна жетиш үчүн кеминде эки-үч күндүк жол жүрүш керек. Атамдын айтканына караганда мурда, мындан отуз-кырк жыл илгери кийиктин текелери мобу өзүбүздүн эле айылдын тоолорунда жазын-кышын оттоп жүрүшчү экен. Кийин-кийин мерген көбөйүп, курал-жарак көбөйүп, алар адамдар оңойчулук менен бара албас алыс жактарга кача баштаптыр. Саны да мурдагыдан кескин азайып кеткен окшойт. «Биздин атканыбыз кеп эмес, азыр вертолёт деген бир балаа чыккан, ошону менен каалаган жерге учуп барып, текелерди тукум курут кылып жатышпайбы, кисабирлар. Алар эми адамдардан качып да кутулбас болду!» – деп атам көп кейичү.

Мурдараак, мен мектепте окуп жүргөн жылдары, куут маалында кез-кезде биз жакка келип калышчу. Кээде эчкилерин издеп айылга чейин түшүн келген учурлары болгон. Бирок азыр айыл эмес, жайлоолорго да жолобой калышпадыбы.

Саим досум экөөбүз бир жарым күн ат менен жүрдүк. Андан ары мылтыктарды асынып, мүшөктөрүбүздү аркабызга көтөрүп, дагы бир жарым күн жөө бастык. Көк-Суунун жээги менен улам өрдөп отурдук. Эрте жазда же кеч күздө биз барар жерге кире менен жетсе болот. Азыркыдай маалда суу кирип, жолдун таманын басып калат. А аттар жар боорундагы кыя жолдор менен жүрө албайт. Ошондуктан көлүктөрүбүздү таш кулабай турган көп жайыкка ээр-токумун алып коё бердик. Айылда чарба ишинен тажап (Горбачёв заманы келгенден бери жерлер дыйкандарга ижарага берилип, адам эмес, аттарга да тыным жок), анүстүнө дайыма аркандалуу турган жылкылар жыргап эле калышты.

Жол азабы – көр азабы дейт кыргызда. Барган сайын жүктөрүбүз оорлошуп, буттарыбыз талып, денебиз бошошо баштады. Бирок мен канчалык чарчасам да кайылмын. Мен тоого чыксам өзүмдү эркин куштай сезем. Канат бүткөндөй делөөрүп, элеп-желеп боло берем. Тоосуз мен өзүмдүн жашоомду түк элестете албайм, тоодо төрөлдүмдү, өлгөндө да тоодо өлсөм экен деп тилек кылам.

Азыр да жолубуздан улам чыгып жаткан арча-кайыңдарга, миң түркүн гүлдөргө, аска-таштарга, мөл булактарга сугум артылып, көзүм тойбой келет. Табияттын ушул керемет дүйнөсүн Саим досум да байкап жатты бекен, ал дагы менчелик кубанып, жыргап жатты бекен деп, улам-улам ага көз кыйыгымды салып коём. Бирок ал мени катуу толкундантып, көөдөнүмдү көлкүтүп жаткан мобу ажайып көрүнүштү такыр көрүп-сезбегендей, элес албагандай, башын жерге салып, өз жолунан көзүн албай келе жатты. Кээде гана, маңыроо көз карашта айланага кайдыгер серп салган болот. Мен бир нече ирет аярлап, өзүмдү тамшандырган сулуулукка атайын анын көңүлүн бурууга аракет кылдым.

- Мобу кайыңды карасаң, тим эле укмуш экен! – дедим бир жолу жаш кайыңды көрсөтүп, чындап эле сугум артып. – Бойго жетип, болуп-толук турган кыздын эле өзү! Кана эми ушундайда сүрөтчү болсо…

Ал «тфу!» деп түкүрүндү да, бир нерсе деп орусча сөгүнгөндөй болду. Оюм башкада болгондуктан, эмне дегенин укпадым. Түртө салчудай болуп, мени жөөлөп өттү да, тез-тез кадам шилтеп алдыга озуп кетти. Мен анын мындай жоругун түшүнө албай, ордумда туруп калдым.

Негизи эле ал үйдөн чыкканы мени менен жөндүү сүйлөшпөдү. Түксүйүп, дайым кабагы бүркөө. Бала чакты эстеп, өткөн-кеткенди айтсам да жарпы жазылбады. Мектептеги кайсарлыгыбызды же бойдок кезде чогуу кыздарга барып жүргөндөгү күлкүлүү жорук-жосундарыбызды эске салсам, кара күчкө жылмайган болот. Анан кайра эле түнөрүп, кабагы салына түшөт. Же ачылып, ичинде бугуп жаткан сырын айтпайт. Сыр айтмак мындай турсун, сыягы, мени да кыртышы сүйбөгөндөй, сүйлөшкүсү келбегендей. Мен эле эмес, дүйнөдө эч бир адам менен сүйлөшүүнү каалабагандай, дегеле адам аттууну көргүсү келбегендей.

Бечара аяш атам чын эле коопсураган экен, жакшылап баам салсам, ал баарына кайдыгер, баарына көңүлкош. Ал үчүн эки дүйнө – бир кадам болуп калган сыяктуу. Апам экөөбүздү «бешиктен белиңер чыга элек» достошконсуңар деп көп айтчу. Ошол досумдун мындай аянычтуу абалы мени катуу бушайман кылды. Деги жан досумду бул даражага кандай тагдыр жеткирди экен, ал бизден ажыраган он беш жылда эмне күндү көрүп, кандай турмушту баштан кечирди экен?

Мени өзгөчө кабатыр кылганы, ушул күндөрү менин жанымда жүргөн адамдын сөлөкөтү эле Саимге окшобосо, өзү таптакыр мен тааныбаган, мен угуп-билбеген башка адамдай. Мен көргөн, мен билген Саим досум кантип ушундай болуп калсын? Анын бакылдап сүйлөгөнү, каткырып күлгөнү, досторун азилдеп тамашага салганы өзүнчө эле бир керемет эмес беле! Эх, каргыш тийгир Катя! Ушунун баарына сен күнөөлүүсүңбү же дагы башка бир нерсе себеп болдубу? Мүнөт сайын мээмде тизмектелген суроолорго жооп таппай башым катты.

Ачыгын айтышым керек, Саимдин бул ахывалын көрүп туруп канчалык аясам, аны ошончолук жек көрө баштадым. Менин эркимен тыш, менин акыл-эсиме баш ийбеген кандайдыр бир көмүскө сезимим андан жатыркап, андан чочуп, аны жек көрүп жатты. Мунун да өз себеби бар эле. Анын улам-улам эле какырынып-түкүрүнгөнү, эки ооз сөз сүйлөсө орустун бооз сөздөрүн сөзсүз аралаштырганы, тамакты да бирөө тартып алчудай болуп шашылып корулдатып-шорулдатып ичкени, нанды менден кызгангандай жалмап-жулмап жегени мени катуу жийиркентти. «Досум, айбанга эле окшоп калыпсың!» – дедим ичимден, атүгүл бир канча жолу бетине айтып ийбей аз калдым. Өзүмдү араң кармандым.

Бирок бир жолу чыдабай кеттим. Жолго чыкканыбызга эки жарым күн болгон. Катуу чарчап калган экенбиз, кечке чейин жүрбөй эле өргүдүк. Көк кашка булактын жанынан орун-очок алдык. Мен таштардан кемеге жасап, дайыма ууга чыкканда алып жүрчү жол казанымды асып, тамак бышырып жаткам. Саим адаттагысындай эле бир чекитке тигилип, үңкүйүп үнсүз отурган. Бир убакта бир нерсе шырылдагандай болду. Булактын үнүнө окшобойт. Чочуп кетип өйдө болсом, Саим менден эки-үч метр арыда, дал булактын жанында даарат ушатып жатыптыр.

- Айбан! Нараак барсаң өлөсүңбү?! – деп кыйкырып ийдим жаалым чыгып. Аттап-буттап анын жанына жетип бардым.

- Анык мал экенсиң! Жок, мал дагы сенчилеп сууга сийбейт! Сен… сен такыр болбой калыпсың! – деп айкырдым калчылдап. Канча күндөн берки топтолгон жиним атылып чыкты окшойт.

Ал мени жутуп ийчүдөй жек көрө карады. Өңү бузулуп, жаактары карыша түшкөндөй болду. Барскандай салмактуу муштумдары түйүлүп, урууга камданып жатканын байкадым. Анын муштары тийсе оңдурбай турганын жакшы билем. Аскерде бирөөнү бир муштап эсин оодара коюп, үч күн гауптвахтта жатып чыккан. Ошондуктан канчалык ачуум келсе да, анын жининен жазганып турдум. Анүстүнө ал азыр менин эркелигимди көтөрчү мурдагы Салим эмес да.

- Көп акылдуу боло бербечи! Нашелся мне умник! – деп корулдады ал күтпөгөн жерден өңү өзгөрүлүп, мени мыскылдагандай ыржайып. Анан шарт бурулуп ары басып кетти. Мен ошол жерде шалдайып отуруп калдым, көзүмө жаш тегеренди. Ошол көз ирмемде чыныгы Саим досумду көргөндөй болдум, чыныгы Саим досумдун үнүн уккандай болдум. Те мурда, экөөбүз эгиз козудай ээрчишип жүрчүдө анын дал ушундай бир адаты бар эле. Ага катуу ачуум келип, өзүмө ээ боло албай бир нерсе менен чаап ийчүдөй даражага жеткенимде баарын тамашага айландырып, мени мыскылдап, жеткирбей качып кетчү. Мына ошон үчүн да мен аны өзгөчө баалачу элем.

А азыркы кеби менен аракети менде үмүт отун тутандырды, буюрса, досум оңолот экен деген чоң ишенич пайда болду. «Чыныгы акмак менмин! – дедим ичимден өзүмдү-өзүм сөгүп. – Досумдун ушундай ахывалын көрүп туруп бул эмне кылганым?! Анын акыл-эси жайында болсо ушундайга бармак беле? Булактын суусуна сийип жатып, эмне кылып жатканын ал өзү да дурус аңдап-билбесе керек. Депрессия дегени ушул окшойт. О, Кудай! Досума өзүң шыпааңды бере көр, өзүң жар боло көр!».

Эртеси болжолдогон жерге бат эле жеттик. Эми мен Саимди мурдагыдан да көбүрөк кепке тартып, кандай болбосун аны ачык сүйлөтүүгө, ичинде бугуп жаткан дартын билүүгө бүт күч-аракетимди жумшадым. Тилекке каршы, ал такыр өзгөрүлбөдү, буга чейин кандай болсо, дал ошол бойдон калды. Менин катуу таң калганым, аны жинди дейин десең жиндиге окшобойт, соо адам дейин десең, соо адамга окшобойт. Анын кимге же эмнеге айланып калганын психологдор эле билбесе, менин акылым жетпеди. Же баңги болуп кеткенби дейин десем, бир да жолу андайын байкабадым. Балким, бул жаңы замандын бир ооруусудур. Айтор, ойлонуп жатып, башым маң болду.

Кийинки күнү таң атып-ата электе ууга жөнөдүк. Кечээ намашам аралаш жакын эле жерде текелердин оттоп жүргөнүн дүрбү салып көрүп, эртең кайсы жагынан барып, эмне кылыш керектигин мерчемдеп койгон элем. Өңүткө жеткенде өзүм атпай, аңчылыктын кумары таасир этер бекен, бир аз да болсо өзгөрөр деген ниетте алгач Саимге аттырдым. Ал текени мээлеп жатканда анын толкунданганын, мергенчилердей болуп уйгу-туйгу болгонун түк байкабадым. Мен айткандарды гана көңүл кош кайталап жатты. Анын аткан окторунун баары жаза тийди. Текелер катуу үркүп, кырдан ашып кетерде гана мен бирөөн атууга үлгүрүп калдым.

Мен аткан теке аябай чоң экен. Бир жашар торпоктой эле бар. Чындыгында мен буга чейин мындай чоңун ата элек болчумун.

Саим жан тартып жаткан текени мууздап жатканда саамга кызыгып карап турду да, кайра эле баягы жолоюна түштү. Болуп жаткан окуялардын ага түк тиешеси жоктой ары карап отуруп алды.

Кийикти кызыгып атканы атасың, бирок аны үйгө жеткизишиң азап. Айрыкча азыркыдай чоң теке болсо. Адатта мен ууга жалгыз келген болсом этти көлүгүмө жеткиргенче өзүмө ылайыктап бөлүп-бөлүп ташыйм. Мындайча айтканда, бир бөлүгүн артынып, калган бир же эки бөлүгүн ошол жерге жакшылап корумдап коём. Ал эми шерик менен келген болсом экөөбүз бөлүшүп көтөрөбүз. Кээде атып алган аңымды үйгө жекире албай кыйналып, атканыма да, ууга чыкканыма да бушайман болгон күндөрүм болгон.

Адаттагыдай, бу саам да текени түзгө, тоонун этегине чейин кулатып түштүк да, анан ичин жарып, ичеги-кардын алып салып, туяктарын, башын кесип таштап, андан кийин кантип алып кетүүнү ойлонуштура баштадык. Тагыраагы, бул жөнүндө мен ойлонуп жаттым, ал эми Саим ойлонобу, ойлонсо эмнени тууралуу ойлонот – ал мага табышмак. Болгону менин айткандарымды аткарып, мага жардамдашып жүрдү.

- Кандай дейсиң, эки бөлсөк көтөрүп кете алабызбы же үчкө бөлөлүбү? – дедим аны кепке тартып. Ал үндөбөстөн мен белендеп койгон жиптердин бирин алды да текенин жанына алып келип, отун көтөрө тургандай эки учун жарыш салып, анын үстүнө кийикти чалкасы менен тартып жаткырды.

- Эмне кылайын деген оюң бар?! – деп сурадым чочуп. – Мунун баарын жалгыз көтөргүдөй сен эмне, Кожомкул балбан белең?!

Ал укпагансып, менин сөзүмө такыр көңүл бурган жок. Тек, башын жерге салып, өз ишин уланта берди. Көчүгү менен текеге аркасын такап ыктай отуруп, эки өңүрүнөн жиптерди өткөрдү. Соң, аларды тартып туруп учтарын колтугунун астындагы жипке эки-үч жолу чырмап кыстарды. Ошондон кийин жардамдаш дегендей күтүп калды.

- Сенин эсиң жайындабы?! Же белим үзүлүп кетсин дейсиңби? Бул теке сен эмес, экөөбүзгө да оордук кылат. Андан көрө мындай тур, шапа-шупа экиге бөлө салалы да, эптеп көтөрүп кетели. Жарайт, көбүрөк бөлүгүн сен көтөр. Тезирээк сууга жетели – тамагым кургап, болбой калдым, – дедим. Бирок канча айтсам да, ал көгөрүп отура берди. Ошондо менин да тетирилигим кармады. Ичимден «өлүп эле кетпейсиңби!» дедим да, арт жагына өтүп, ага жардамдашууга камдандым.

Ал текени көтөрүп жатканда булчуңдары таштай түйүлдү, ансыз да чымыр денеси болоттой чыңалды. Меникиндей эки келген шадылуу манжаларынын күрөө тамырлары көөп чыкты. Жерден өйдө боло берерде теңселе түштү да, кайра дароо боюн түзөдү. Саал эңкейип, үстүндөгү жүктү тең салмактап, анан шашпай алдыга кадам койду.

- Абайла! Абайла! – деп кыйкырып жибердим шашкалактап. Оор жүк басып жыгылып, бир жерин майып кылып койбосо экен деп эсим чыкты. Аны жандай жүрүп, бир нерсе болсо дароо жардам берүүгө азыр турдум. Бирок ал эч кебелбей, бир калыпта ишенимдүү баратты. Ошондо мен анын ченемсиз күчүнө дагы бир жолу таң калдым. Анын ал-кубаты мурдагыдан да ашып-ташып, кемелине чындап келген экен. «Аттиң, – дедим өзүмчө, досумдун алп тулкусуна тамшана карап, – кана сени убагында бирөө баалап, шаарга же жок дегенде район борборуна алып барып спорт менен машыктырганда. Бу күчүң менен дүйнө элин көпкө таң калтырат элең го! Эх, арман…».

Жолдо бир канча ирет эс алып, анан турагыбызга жеттик. Текебизди конгон жерибизден эки жүз метрдей төмөндө күркүрөп агып жаткан дарыя жээгине алып барып, чоң таштын көлөкөсүнө түшүрдүк. Аны жайлаштыргандан кийин мен дароо өйдө жактагы булакка чуркадым. Анын мээ какшаткан муздак суусунан кочуштап жуттум. Тилим катып, чыдамым кетип тургандыктан, муздагына да карабадым. Жаным жыргай түштү. Айылдан кыйла бийик болгону менен, жай чилдесинде бул жерде да күн ачуу тиет. Чак түштө кадимкидей ысытат. (А азыр улуу шашке болуп калган эле.) Ал эми түндөсү денең балкып, жаш баладай мемиреп уктайсың. Суунун шоокуму, арчанын жыты эми тим эле жомоктогудай!

Жарым сааттай тыныгып туруп анан тамак даярдоого кириштим. Менин артымдан барып суу ичип келген Саим таш кемерге кирип кетти. Көнгөн адаты боюнча бир чекитке кайдыгер тигилип, эс алып отурду. Айтмакчы, жарым үңкүр сыяктанган бул таш кемерде те кадимтен бери мергенчилер баш пааналайт экен. Мени биринчи жолу бул кемерге атам ээрчитип келген. Ичинде мурдагы замандардан калган эски буюм-тайымдар бар. Кимдерден калганы белгисиз көөнө көлдөлөңдөр, тытыла баштаган төшөнчүлөр өтө көп. Арчадан чабылып жасалган жыгач челектер да кездешет. Атамдын айтымында, илгери бул кемерде атактуу мергенчилер байырлап, аң уулашчу экен. Бул буюмдарды таберик көрүп, эч ким үйүнө алып кетпейт тура. Урунгандар бүлүндүрүп албайын деп, ашкере аспиеттейт экен. Келген күнүбүз Саимге ушулар жөнүндө да кеп салып бердим. Бир чети эскерткендей болдум. Бирок анын ыклас коюп тыңдаганы байкалбады.

Текенин боорун кууруп жеп, булактын суусуна демделген көк чайдан ыракаттана ичип, курсакты мыктап тойгузган соң атып алган аңыбызды союуга кириштик.

Текени кол-сан кылып бөлүп, калган жерлерин да жиктеп-жиликтеп ажыраткандан кийин үйдөн алып келген чыпталарга ныктап салдык да суу жетпей турган жана чоң таштын көлөкөсү дайым түшүп турган жерге көөмп, үстүн таш менен корумдап салдык. Бирдей дарыянын шапатасы уруп тургандыктан, мындай жерде эт оңойчулук менен бузулбайт. Андан ары эттин өзүбүзгө калтырган бөлүгүн алып, таш кемерге кеттик. Мен таш кемердеги чоңураак казанды жууп даярдаганча, Саим отун терип келди. Казанга батышынча салып, кечке чейин этти бөлүп-бөлүп кууруп алдык. Эки кишиге бир жумага ашыгы менен жете турган эт куурулду. Куурдактан эки килограммдай бөлүп алып Саимдин алдына дасторконго койдум. Ушул этти тоё жесе жаланып-жуктанганы, карышкырдай ачырканган адаты калар бекен деген ниетте ошенттим. Кечкисин да додо кылып, куурдакты алдына үйүп салдым. Тилекке каршы, анын айбандыкындай болгон жорук-жосуну түк калбады.

Эртеси ууга чыкканыбыз жок. Бир текенин этин да эбин таап үйгө жеткирсек бизге чоң олжо. Анүстүнө бу саам менин бул жакка келгендеги негизги максатым кийик атуу эмес. Менин мүдөөм – Саим досумдун дилиндеги дартты аныктап, ага жардам бериш, аны көкүрөгүндөгү зилден арылтыш. Аяш атам да зор үмүт менен аны мага кошуп жөнөткөн. Мен кандай болбосун анын ишенимин акташым керек.

Ошол себептен бүгүн аны өзү турганча ойготподум. А өзүм чайнекке булактан суу алып келип, чай кайната баштадым. Бирок бүгүн эмне кылыштын планын кечээ эле түзүп койгом. Мындан беш километрдей арыда арча, кайың, четин, карагат, чырканак, койчу, тоо койнунда өсчү бак-дарактын баары өсүп турган бир ажайып токой бар. Тирүүлүктүн бейиши дегидей жер. Токойдун айлана-тегереги текши көк шибер. Барсаң, атайын кол менен жасагандай керемет көрүнүшкө туш болосуң. Ушундай сулуулукту көрүп, сезип, туя билген адам кылып жаратканы үчүн Аллага миң мертебе алкоо айтасың. Мен дайыма буякка келгенде ошол жерге бир-эки күн түнөп анан үйгө кайтам. Болбосо менин үч күн убара болуп жол жүрүп мында келгенимден не оопа?

Мен бул тууралуу үйдөн жөнөп жатканда эле ойлонгом. Саим досумду ошол токойго сөзсүз алып барам деп ниет кылгам. Ал токойдун мазар сыяктуу өзгөчө бир касиети, өзгөчө бир аурасы бар. Муну мен эле эмес, башкалар да айтып жүрөт. Бүгүн Саим досумду ошол токойго алып барсам, эки-үч күн түнөсөк, досума сөзсүз шыпаасы тиет, ал өзүнө келет. Кудай буюрса, үйгө башка адам болуп кайтат.

Өз тилегиме чындап ишенип алгандыктанбы, өзүмчө эле толкундана бердим. Саим досум азыр эле айыгып кетчүдөй жүрөгүмдө бир жылуулук пайда болуп, өнө боюма тарап жатты.

Таттуу кыялга батып кеткен экем, дал арты жагымдан бир кызыктай эле үн угулганда катуу чочуп кеттим. Шарт бурулуп, андан бетер корктум. Бет маңдайымда адамга окшоп-окшобогон эки сөлөкөт турду. Экөө тең жерден чыга калган арбактар сыяктуу эле. Жакшылап баам салсам, бири эркек, бири аял «арбак» экен. Менин коркконумду сезгендей, аял «арбак» колдорун тез-тез серпип, бир нерсе деп чебелектеп жиберди. Муунгансып үнү араң эле чыгат. Ошол көз ирмемде жаңылганымды түшүндүм. Эки бетим анардай кызарды. Ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн аргасыз жылмайган болдум.

Көрсө, булар чет элдик туристтер экен. Жашым отуз бешке барып калса да мен адамдын мынчалык азап тартып кыйналганын, мынчалык жүдөп, мүңкүрөгөнүн көрө элек элем. Бир айдан бери оозуна наар албаган кишилердей, экөөнүн тең сүлдөрү эле калыптыр. Түртсөң жыгылып кетейин деп, эркеги бутунда араң турат. А аялы чөк түшүп отуруп калган. Сыягы, такыр дарманы куругандай. Беттери капкара болуп туурулуп, эриндери, колдору жарылып кеткен. Манжалары да тытылыптыр. Ал эми тамтыгы чыккан кийимдерин айтпай эле коёюн. Көрүнүштөрү корко тургандай эле бар. Көздөрү жашылданып, жардам сурагандай жалдырайт – бир кырсыкка кабылгандары анык.

Негизи мен ушуларга таң кала берем, угушумча бизге караганда бардар жашашат, турмуштары тың, анан биздин тоолорго келип минтип көргүлүктү көрүп эмне азап дейм да? Биздин тоолорду көрөм деп, жыл сайын бирөө-экөөсү сөзсүз набыт болот. Кээде кырсыкка учурап, топ-тобу менен да өлүп калгандары жок эмес. Мындан эки-үч жыл мурда эле атам экөөбүз дарыядан агынды чыгарып жатып, канчасынын агып кетип жатканын көрдүк. Кийин билсем, ошондо он экиси агып өлгөн экен. Аңга түшүп кеткендери канча, жардан учуп өлгөндөрү канча, таш тийип майып болуп калгандары канча. Көчкү басканы канча. Бирок ошого карабай келе беришет, келе беришет. Өлүшкө да кайыл. Кээде, балким, тоолорубуз буларды жактырбай жаткандыр, чоочун немелерге аяк асты болгусу келбей жаткандыр деп да ойлойм. Бул тек менин жеке жоромолум.

- Что с вами? Случилось что? – деп орусча сурадым. Бечараларга боорум ооруп, колумдан келген жардамды берүүгө даяр турдум.

Эркеги өз тилинде бир нерсе деп кобурады. Жаактары карышып калгансып, тили араң эле чулдурайт. Мен анын айткандарынан эч нерсе түшүнбөдүм. Булар немистер эмес окшойт. Чехтер же болгарлар болгондо да анча-мынча орусча билиши керек эле. Кыязы, австриялыктар же швейцарлар болсо керек. Же башка улуттанбы, ким билсин? Кимдер болсо да баштарына оор күн түшүптүр, коштоп жүрчүлөрү (орусча билгендери) бир нерсе болгон сыягы.

Менин эч нерсе түшүнбөгөнүмдү көрүп, экөө тең жан алакетке түшүп колдорун жаңсай башташты. Мен алардын ымдоо-жаңсоолорунан шериктеринин өлгөндүгүн түкшүмөлдөдүм. Аңга түшүп кеткен шекилди. Өздөрү да араң аман калгандай. Мен түшүндүм дегендей, бир нече жолу башымды ийкедим. Алар анан ооздорун ачып-жумуп, кабышып калган курсактарып көрсөтүп, ач экендиктерин туюндурушту. Аныңарды бая эле баамдагам дегендей, дагы башымды ийкедим.

Бизге жолуккандары ыкыбал болуптур. Антпегенде бүгүн-эртең анык өлүп калышмак экен. Мындай абалдары менен бизге чейин кантип келгендерине акылым жетпей турду. Ажалга оңой менен моюн сунбаган өжөр немелер окшойт.

Тамакты көп берип коюп, өзөгүнө кетирип, өлтүрүп албайын деп чочудум. Рахматы таенем адам ачтан өзөрүп калганда суюк оокатты аз-аздан уурттатыш керек деп айткан эле. Азыр ошол сөзү эсиме түштү. Демек, буларга кургак нанды же эттин өзүн бергенге болбойт, кайнатып сорпосун гана ичириш керек.

Ушул жөнүндө ойлонуп жатканымда кемерден Саим чыкты. Ал тигилерди таңдана карап калды.

– Байкуштар өзөрүп өлөйүн деп калыптыр. Бизге кез келгендерин карабайсыңбы! Буларды Кудай бизге жөн жерден жолуктурбаган чыгар! – дедим толкунданып. – Эмне жардам керек болсо берели да чоң соопко калалы.

- Что! Что ты сказал? – деп сурады ал кызыга түшүп, дале тигилерден көзүн албай.

- Шериктери кырсыктан каза болуп, бизге жардам сурап келишиптир, – дедим сөзүмдү кайталап. – Кел, көмөктөш, кемерге алып кирип жаткыралы. Сен көз болуп тур, кокус бир нерсени жеп алышпасын. А мен дароо сорпо асайын. Буларга азырынча башка нерсе жегенге мүмкүн эмес.

Ал менин сөзүмө кулак какпагандай ордунан жылбады. Эми анын эки көзү аялга кадалып, аны бир башкача тирмийип карады.

- Смотри, какая у нее грудь! – деп капилет унчукту ал мага жакындап. – Не ожидал… все-таки попалась одна европейская сучка, – деп кошумчалады ал анан ызырынгандай. Заматта өңү өзгөрүлүп, сурдана түштү.

- Ач калышыптырбы? Ач калган болсо, хорошо, очень хорошо…

Ал шарт бурулуп, кемерге чуркап кирип кетти. Бир мүнөт өтүп-өтпөй, колуна бир токоч кармап кайра атып чыкты. Мен а-бу дегиче болбой, тигилердин жанына жетип барды. Бу көп күн тамак көрбөгөн киши айбанга эле окшошуп калабы дейм. Токочту көргөндө эркеги аялдан озунуп, алга жулунду. Токочту мага эле бер дегендей эки колун жайып, Саимдин бет маңдайында жалдырап турду. Өз тилинде бирдеңкелерди айтып, жалбара баштады. А аял тигинин жоругунан уялгандай, көздөрүн жашырып жер карады.

Бирок Саим токочту берген жок. Эки-үч ирет эркектин оозуна жакын алып барып, ал тиштейин дегенде кайра шарт тартып алып жатты.

- Саим! Саим! Эмне кылып жатасың?! – мен эч нерсени түшүнбөй катуу кыйкырып жибердим. Бул маскарачылыгыңды токтот дегендей, аны капталга нукудум. Саим менин кыйкырганымды да, нукуганымды да эч капарга албады. Эми эңкейип (оң колу менен токочту өйдө көтөрүп), сол колу менен сайып аялдын алаасын көрсөттү, анан өзүн көрсөттү, соң, оң колундагы токочту көрсөттү. Ал бул аракетин бир канча жолу жасады. Ошондо досумдун арам оюн түшүндүм, анын карасанатай ниети мээме шак дей түштү.

- Саим, токтот! Токтот дейм бул шермендечиликти! – деп айкырдым өнө боюм калчылдап. Анын жолун тороп, эсине келер бекен деген үмүттө, көзүнө тике карап катуу уруштум. Тилекке каршы, сен итсиңби, кишисиңби дегендей, ал мага такыр көңүл бурбады. Оолагыраак барып, кара ташка отуруп алды. Дале аялдан көзүн албай, эми ага жырткыч жемин аңдыгандай ары заардуу да, ары аёо билбеген да көз караш менен тигилип турду. Бир эле учурда колундагы токочту четинен тиштеп жей баштады.

Ал арада берки экөө кужулдашып, эмненидир талашып-тартышып жатты. Жана Саим аялдын алаасына сөөмөйү менен сайганда, эркеги «бул аял мага таандык, меники» дегендей Саимге жулкунумуш болуп, аны кучактай калган эле. А эми токоч жеп жаткан Саимге тез-тез көз чаптырып жатканына караганда, ал аялды Саимдин талабына макул болууга өзү көндүрүп жаткандай.

Муну көрүп туруп чыдабадым. Саимдин колунан кармап, өзүмдү канча керек токтоо кармап, мындай дедим:

- Саим, досум! Ушу кылганың жарашабы?! Сенин бул жоругуңду көрүп, тигилер бизди «булар жапайы, айбан эл экен!» дебейби? Же кыргыздарды бүт дүйнөгө уят кылайын дейсиңби?

Мен муну жаным кашайып айттым. Өзөгүм өрттөнүп кеткендей болду. Мен Саим досумдан эч качан ушундайды күткөн эмес элем.

- Досум, мунуңду токтот эми, – деп сурандым дале андан үмүтүм үзүлбөй. – Жүр, андан көрө тиги байкуштардын камын көрөлү. Бизди адам деп келип жатышса…

- Старина, не мешай, лучше вали куда-нибудь! – деп өктөм унчукту ал кыжыры келип. – Вообще, ты надоел уже со своими нотациями. Тажаттың, түшүндүңбү, тажаттың! Лучше кет дедимби, кет!

Мунун чындан ниети карарган экен дедим ичимден, ошол учурда мени кандайдыр бир белгисиз коркунуч басты.

- Кечээ эле түрмөдөн чыктың, дагы камалып кетейин деп турасыңбы?! Өзүңдү ойлобосоң да, ата-энеңди ойлосоң боло! – дедим айлам кетип.

- Эч ким камалып кетейин деген жок. Думаешь, я ее изнасилую! Вот увидишь, она сама согласится. Как будто я их не знаю. Ишенбесең карап тур! Ушуну айтты да ал ордунан ыргып туруп кемерге кирип кетип, эми колуна эки токоч алып чыкты. Мен андан мурун үлгүрүп барып, анын жолун тосуп, аялды калкалап калдым.

- Саим, эсиңе кел! Адам экениңди унутпа! А бу аял өлөйүн деп, өзү араң турат. Сен муну зордосоң өлтүрүп салбайсыңбы? Ушуга кантип дитиң барат? Аялды ушунчалык кордогон кантип болсун! Жок, мен буга жол бербейм! Уктуңбу, жол бербейм! Жол бербейм! – жаалым чыгып, айкырып жибердим. Бүт тулку-боюм калчылдап, Саимди тытып жиберчүдөй болуп турдум.

Саим мени бир башкача жек көрүү менен карады, өңү кара-көк тартып, көздөрү канталап чыкты.

- Уйди прочь! – деди ал жоон үнү кирилдеп. – Жакшылыкча кет, а то сожалеешь!

Мен былк этпедим. Ага тик багып карап тура бердим.

Анын көздөрү алачакмактанып, жүзү үрөйдү учурчудай тири укмуш бузулду, кудум кутуруп кеткендей болду. Бет маңдайымда адам эмес, азезилдин өзү тургансыды. Азыр ал менин артымда турган аялга жетиш үчүн мени өлтүрүүдөн да кайра тартпай тургандыгы күмөнсүз эле. Бирок мен жалтанганым жок. Аялды Саимден коргоп калыш үчүн мен өлүмгө да кайыл болчумун.

Саимдин мушу мага жаза тийди, урган маалда буйтап кеттим. Жаза тийсе да башымды кеңгирете койду, башым айланып дароо ордумдан тура алганым жок. А менден кутулган Саим коркконунан көздөрү чанагынан чыга жаздаган аялды шап көтөрүп, бадалдардын арасына кирип кетти. Ал эми тиги эркек сөрөйдү карасам, Саим ыргытып жиберген токочтордун бирин тетири карап апсыгып жалмап жатыптыр. «Ушинтип токоч жегиче, өзөрүп өлүп калсаң жакшы болмок!» – дедим ага жийиркенип.

Ордумдан турганда башым тегеренип теңселе түштүм, бирок ага карабай илгери умтулдум. Кемегенин жанында кызыл ташка сүйөп койгон дайым ууга чыкканда алып жүрчү аса таятымды алдым да, Саимдер кеткен жакка шашылдым.

«Жок, мен бул маскаралыкка жол бербейм, өлсөм да жол бербейм!» – дедим ызага буулугуп, бүт денем калтырап-титиреп. Жаным карарып, ошол көз ирмемде баарына даяр элем. Анткени менин сабырым, менин чыдамым акыркы чекке жетти, мен чыдай албай турган, мен өзүмө-өзүм ээ боло албай турган чекке жетти. Баарына чыдагыдай, баарын көтөргүдөй, баарына сабыры түткүдөй адам Кудай эмес да. Атүгүл Жараткандын да чыдамынын чеги бар.

Жоон түп шилбинин түбүндө Саим аялды чалканча жаткырып, көкүрөгүн аймалап жаткан экен. Менин көзүмө эркек аялды кордоп жатпай эле бир жапайы аюу, болгондо да аюунун килейген чоң каманы бир алсыз козуну басып алып бурдап, тытмалап жаткандай көрүндү. Бир секунда да олку-солку болгонум жок – керилип туруп, бар күчүм менен Саимдин как төбөсүнө таяк менен бир салдым. Саим күп этип аялдын үстүнө кулап түштү. Ансыз да үрөйү учуп, араң турган аял чаңырып жиберди. Саим көзүмө бекеринен каман болуп көрүнбөптүр, салмагы чын эле камандыкындай бар экен. Аялды эптеп Саимдин астынан сууруп чыктым да, көтөрүп алып, кемердин ары жагындагы очокту көздөй сыздым. Бечара, жаш балача да оору калбаптыр.

Бактыга жараша, оттун табы өчө элек экен, баягы кайнаткан чайым ысык бойдон туруптур. Аялды кемегенин жанына отургузуп коюп, очокко үч-төрт кургак отун ыргытып, жүгүрүп кемерге кирдим. Жарым килограммдай эт көтөрүп, ал жактан кайра атып чыктым. Шашпасам болбойт эле, тиги каман эсине келсе, эми эч кимибизди соо койбойт. Эми андан жакшылык күтүп болбойт.

Чайнекке этти салып (атайын казан асчу убакыт эмес эле), отту күчөттүм. От лаулдап, чайнектин сабына чейин жетип, жабыла күйдү. Эт кайнап чыкканда кайра кемерге кирип, бир топ жыгач кесе алып чыктым. Отту тындырбай калай бердим. Сорпо даамына келгендей жыт чыга баштаганда, чайнекти кемегеден алып, чыныларга аз-аздан чорголотуп сорпо куйдум. Бирөөн даамдам көрсөм, шашылып тузду унутуп калыпмын. Ага өкүнгөнүм жок – эң башкысы сорпо даяр. Буларга азыр тамак эле болсо болду. Алар азыр тузу ашык-кем экен дей турган жагдайда эмес.

Мен кемегенин жанында иришип жатканда, аял менден көзүн албай, ыраазы боло карап турду. Ал өзөрүп өлөйүн деп турса да, жутунуп менден тамак сурабады. Баарын сабыр кылып күттү. Мен анын чыдамкайлыгына, топугуна тан бердим. Көрсө, ушундай да адамдар болот экен. Ал эми эркеги – ал биз сорпо бышыра баштаганда сүйрөлүп биздин жаныбызга келген эле – эки токочту жалмап койсо да, көздөрүн чайнектен албай, чыдамы кетип улам жалана берди.

Мен аялга сорпону аз-аздан ичире баштадым. Улам-улам Саим жаткан жакты кооптуу карап, ичим кымылдап, шашып жатсам да, сорпону шашпай ичирдим. Мынча кылган мээнетим текке кетпесин дедим. А тиги эркегине бир кесе толтура куюп бердим. Эки бүтүн токоч жеп алып өлбөгөн, сорподон өлмөк беле дедим.

Сорпону ичип бүткөндө, аял мени ушунчалык ыраазы болуп карады дейсиң, жалтанып көзүмдү ала качтым. Бети тотугуп, туурулуп кеткенине карабастан, бул аялдын жамалы өзгөчө жагымдуу экендигин эми байкадым. Айрыкча көздөрү ажарлуу экен. Эртеден бери анын ыраң-башына да жакшы баам салган эмес турбаймынбы.

Тамак ичилип бүткөн соң, мен шашылыш кемерге кирип, Саим экөөбүздүн бүт азыгыбызды өзүмдүн мүшөгүмө салып чыктым. Кургак чайды да, кант менен тузду да, ширеңкени да унутканым жок. Нан менен этти биринчи салдым. Эми булардын бизге кереги жок, а тиги экөөнө бул азыктар айылга барганга чейин ашыгы менен жетет.

Мүшөктү эркектин жонуна көтөртүп, очоктун жанында турган чайнекти да колуна карматтым. Анан аялды сүйөп тургуздум. Ымдап-жаңсап, «эми тез кеткиле, тиги туруп келсе өлтүрөт, аны силер бир чапканга эле өлүп калды деп ойлобогула, ал арам оңойчулук менен өлбөйт» дегендей белги бердим. Алар мени түшүнгөнсүдү. Шашылыш жөнөп калышты. Аял дале алсыз эле. Ошондуктан мен аны колтугунан алып, бир топко чейин жетелеп узатып бардым. Соң, мындан ары өзүңөр кете бергиле дегендей коё бердим. Экөө тең менин колумду бек кысып коштошушту.

Аялы мага мээримдүү жылмайып, назик, жагымдуу үн менен бир нерселерди айтты. Ыракматын билдирди окшойт. Түшүнбөсөм да башымды ийкегиледим. Ал басып-баса элек кайра артка кайтты. (Эми аны эркеги жетелеп алган эле). Менин жүзүмө бир башкача жылуу ырай менен тигилип турду да, анан шап асылып, мойнумдан кучактады. Эки-үч жолу бетимден, эрдимден өөп да жиберди. Өпкөсү көөп, ыйлап ийчүдөй болуп энтигип жатты. Бирок мен дароо анын кучагынан бошонуп, артка кетенчиктедим да, кабагымды чытыдым. Ошентсем да аял айланчыктап, менин жанымдан кеткиси келбей турду. Ошондо мен чындап ачуум келди.

- Кет десе кетпеген, кандай кеп түшүнбөгөн немесиңер?! Же өлгүңөр келип жатабы?! – деп кыйкырып жибердим жиним келип. Жинденбегенде кантесиң, мен шашып өлүп жатсам, а булардын кылганын кара!

Мен кыйкырганда, аял коркуп кетти окшойт, өңү кубара түштү. Анан шарт туруп жөнөп калышты. Ошондо да аял кыйлага дейре кылчактап, улам мен жакты карай берди.

Мен эми аларга башка алаксыганым жок. Саим жаткан тарапка бет алдым. Эмнегедир ал каапырдан алигече кабар жок. Же өлүп калды бекен? Бирок ал оңой эле өлө калчулардан эмес. Кара кушуна чаптым эле, балким, мээсине доо кетип, алжып калгандыр. Же жан тартып жаткандыр.

Кемердин жанына жеткенде буттарым чалыштап, көздөрүм айлан көчөк атып кетти. Башым тегеренип, асман-жер астын-үстүн боло түшкөнсүдү. Ташка сүйөнүп, дароо отура калдым. Бир аз тыныккандан кийин ордумдан абай туруп, кемерге кирдим. Ок-дарымды, мылтыгымды алып, кемерден кайра чыктым. Калтыраган колдорум эпке келбей, куралымды араң октодум. Бир окту бөлүп алып, саамга кармалап турдум да, төш чөнтөгүмө салдым.

- Жүзү кара! Мен сени өз колум менен атып өлтүрөм! Эми сенин мындан ары жашаганга акың жок! – деп ызырындым эриндерим титиреп.

Боюм теңселип, көздөрүм мунарыктап, эс-мас абалда бараттым... Саимге жакындап калганда капилет кулагыма Берди аяш атамдын үнү жаңыргандай болду. Так, даана эле угулгансыды. Бүт азат боюмду коркунуч басып, мылтыгым колумдан суурулуп түштү. Чөк тизелеп, мүңкүрөп отуруп калдым.

- О, Кудай! – деп кыйдырдым, үнүм көккө жетип. – О, Кудай! Бул сыноону мага кайсы күнөөм үчүн бердиң?! Кайсы айыбым үчүн жанымды мынча азапка салдың?! Айтчы, эми элге кантип барам? Берди аяш атама эмне деп айтам?! Мындан ары кантип жашайм?! О, Кудай…

09.03.2023


[1] Камир – дөңгөлөктүн камерасы.

[2] Автордон тактоо: бул эпизоддо аңгемечинин эсине Петефинин сүйүү тууралуу айтылуу ырынын орусча котормосу келип жатат. Биз көрүнүктүү акындарыбыздын бири Толук Бек Байзак таржымалаган кыргызча вариантын бердик.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз