Өмүкенин кеби – демократия деми – 3

  • 17.03.2023
  • 1820

Сурооооп…

Раушана Сыдыкова:

– Доллардан баш тарткан мамлекеттер барбы дүйнөдө?

Өмүрбек Абдырахман:

– Раушанна Сыдыкова, доллардан баш тарткан мамлекет дүйнөдө жок… Эмне үчүн долларды пайдаланышат? Американын экономикасы дүйнөдөгү эң туруктуу экономика, доллары да туруктуу… Ошон үчүн дүйнөдөгү мамлекеттердин, бизнесмендердин товар сатышы, сатып алуусу доллар аркалуу болот. Дүйнөдөгү банктар да доллар аркалуу транзакция (доллар аркалуу акча которуу) кылып бири-бирине акча которот…

Биздин чала экономисттер, серепчилер доллардан баш тартыш керек деп бакылдап жүрүшөт…

Биз эмес Россия да, Кытай да доллардан баш тарта албайт… Россиянын рубль деген акчасы өлүп баратат. Кытайдын юаны рыноктук валюта эмес, аны рынок эмес, Кытай өкмөтү көзөмөлдөйт… Ошон үчүн башка өлкөлөр юанга ишенбейт…

Американы жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү – алардын доллары дагы ондогон жылдар бою эл аралык валюта болуп кала берет…

Кыргыздар кызык элбиз…

Сурооооп.....

(Фейсбук эске салат – 2018-жыл, 15-марттагы суроо-жооп. Алмазбек Акматалиев президент Жээнбековду мактап жүрүп, президенттик Академияга ректор болгон. Азыр да ал өнөрүн өркүндөтүп жүрөт)))))

Алмазбек Акматалиев:

- Парламент күчтүүрөк боло баштаса авторитаризмге да жол берилбейт эле...

Өмүрбек Абдырахман:

- Кайсы авторитардык мамлекетте парламент күчтүүрөк, Алмазбек? «Москвичтин» дөңгөлөгүн, моторун алмаштырсаң деле «Москвич» бойдон кала берет. Эгер өзгөртөм десең иномарка жөнүндө гана сөз болуш керек. Ал «иномарканын» стандарты, иштоо принциптери, баалуулуктары кандай, аны кантип жасасак болот, колубуздан келеби??? Ушуну талкууласак аз да болсо коомдо «иномарка» пикир түзүлө баштайт. А «Москвичти» ремонт кылабыз деп жүрүп өмүрүбүз өтүп кетмей болду...

Суроо-жооп…

Асылбек:

- Президент таза иштегиле деп какшап эле жатпайбы. Башкалар таза иштебей уурулук кылып жатышат, ошолорду жазалаш керек да…

Өмүрбек Абдырахман:

- Таза иште деп какшаган менен адам таза иштеп калбайт. Грузиядагыдай, демократиятиялык мамлекеттердегидей таза система түзүлсө, адам таза иштегенге мажбур болот… Ошон үчүн коррупциянын аздыгы боюнча демократиялык өлкөлөр алдыңкы 50 орунда, а биз 140-орундабыз…

Сурооооп…

- Сиз азыркы 20 миң кишилик мечит салуу, дегеле дин тууралуу кандай пикирдесиз?…

Өмүрбек Абдырахман:

- Христиан дини орто кылымдардын аягында Реформа болуп мамлекеттен бөлүнүп, өз оокатын кылып калган… ушул себептен христиан дини мамлекеттердин өнүгүшүнө өз салымын кошкон…

А мусулман дини Реформа болгон жок, болбойт ко жакынкы кылымда… Мусулман дини мамлекетти башкарып, башкаларды басып алып халифат түзгүсү келет. Ошон үчүн террористтер мусулман дининен чыгып жатат… Алардын эң коркунучтуусу – Иран… Нефтиси жок бир да мусулман өлкөсү өнүгүп кеткен жок. Мусулмандар акыркы 500 жылда адамзатка керектүү бир да илимий жана технологиялык ачылыш жасай алган жок.

Динди күчөтүү биздин өлкөгө жакшылык алып келбейт. Биз мээлүүн традициялык мусулманчылыкты кармансак эле жетиштүү. Бай араб өлкөлөрүндөгү  дин Фонддору Кыргызстанга мечиттерди жайнатып жатат. Биз Эмираттарга окшоп биринчи иретте мектеп, университеттерге көңүл бөлүп, өнүккөн мамлекеттердин окуу жайларын алып келип, алардын тажрыйбасын, илим-билимин жана технологияларын алсак келечегибиз болмок…

Сурооооп…

Айбек Тенизбаев:

- Өнүгүүнүн жолу жөнөкөй эле. Бирок биздин чоңдор аткаргысы келбейт…

Өмүрбек Абдырахман:

- Айбек, өнүгүүнүн сырлары жөнөкөй эмес. Жөнөкөй болсо Путин, Назарбаев, Каримовго окшогон “генийлер” өлкөлөрүн өнүктүрүп жибермек... Образдуу айтканда, авторитардык система – Арифметика, а демократиялык система – Жогорку математика... Жогорку математиканы билбегендер – “даканса” бойдон кала беришет.

Сурооооп…

Амангелди:

- Орустар Кыргызстанга атомдук электр станция куруп беребиз деп сүйлөшүп жатышат. Сиздин көз караш кандай буга?

Өмүрбек Абдырахман:

- Кыргызстан тоолуу жана суусу көп өлкө. Ар бир капчыгайдан шаркыраган дарыялар агып жатат. Биздеги Гидроэнергия потенцалынын 90% пайдалана элекпиз. Гидроэнергия дүйнөдөгү эң арзан энергия… Тоосу, суусу жоктор атомдук станция курууга мажбур…

Атомдук станцияларды куруу өтө кымбат проект. Анын үстүнө атомдук станциялар канчалык коопсуз дегенибиз менен коркунучтуу нерсе. Чернобыль, Фукусима станциялары жарылып, миңдеген адамдар жапа чегип, көптөгөн жерлер жашоого жарабай калган. Анын үстүнө орустар 300 мегаватт болгон чакан атом станцияларын курабыз деп жатышат. Канчалык атом станциясы чакан болгон сайын, энергиясынын өз наркы ошончолук жогору болот.

Россияда жана башка өлкөлөрдө чакан атом станцияларын жерге курган тажрыйба жокко эсе. Чакан атом станциялары муз жаргыч кемелерге жана суу астында жүргөн кемелерге гана курулуп келген. Америкада тажрыйба катары курулган чакан атом станциясы 1 киловатт энергияны 40 сомдон сатканга мажбур.

Азыр орустардын “Росатом” компаниясы санкциялардын натыйжасында иши жок калууда. Кыргызстанга атом станциясын курабыз дегени ошол себептен. “Росатом” өзүнүн биринчи станциясын Кыргызстанда сынактан суноодон өткөрөбүз деп жатышат… Кыргызстанда жер титирөөлөр да болуп турат…

Биз бул долбоордон алысыраак болушубуз керек. Кошунабыз Кытайда көп гидростанциялар курулуп жатат. Алардагы «3 капчыгай» деген ГЭС дүйнөдөгү эң чоң ГЭС, кубаттуулугу 22,5 ГВт. Биздин Токтогул ГЭСине караганда 19 эсе кубаттуу.

Биз азыр орто ГЭСтерди курсак жакшы болот. Аны курууга кредит таап же кредити менен келген ГЭС куруучу ири компаниялар менен сүйлөшүү керек…

Биз табигаты назик тоолуу жерибизди атомдук радиациядан сакташыбыз керек. Биздин жердин уран кендерин орустар казып кетип, куйруктарын жаппай кетишкен. Майлу-Сууда, Миң-Кушта, Кажы-Сайда уран калдыктары ошол жерлерде жашаган элдин ден-соолугуна эмгиче терс таасир берип келатат…

Кыргыздар кызык элбиз

- Батыштын машинесин минет элем деп жанталашат;

- Батыштын интернетинен чыгышпайт;

- Батыштын телефонун көтөрүшөт;

- Батыштын ватсапынан бекер сүйлөшүшөт;

- Батыштын учагы менен учушат;

- Чиновниктери Батыштын костюмун кийип, галстугун байланып чыкчыйышат;

- Батыштын лабутенин кийишет;

- Батыштын евроремонтун жасашат;

- Балдарын Батышта окуткулары келет;

- Батыштын джынсысы менен кепкасын чечишпейт…

Анан эле «Батышты өнүктүргөн демократиялык системасын алалы, алсак, биз да өнүгөбүз» десең «Батыштын шпионусуң» деп Батыштын Фейсбугунан сөгүп башташат…))))

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз