Демократия жүнүндө оң-тетири ойлор

  • 28.06.2021
  • 3304

Жер үстүнө Иисус менен Гитлер туулуп калышына да демократияны күнөөлөгөндөр бар.
Уинстон Черчилль

Демократия бар жерде келесоолор да өз добушуна ээ, а диктатура бар жерде – өз башыңа да ээ боло албайсың.
Бертран Рассел

Орус демократиясы – бул тоюнган чочколордун падышачылыгы.
Владимир И.Вернадский

Демократия – бул бизди татыктуу камкорлукка алуу үчүн ойлонулуп табылган башкаруучулук.
Бернард Шоу

Ушул таптагы демократиянын бир гана коркунучтуу душманы – берешендигин көрсөткөн жеке басар бийлик.
Оскар Уайльд

Түбүндө чындык уялаган эл үнү кооптуу.
Эсхил

Капчыктуулар бирөөнү сатып ала албаган, керек болсо өзүмдү сатам деп чыккан бечараны да байлар сатып ала албаган жерде гана демократия орнойт.
Жан-Жак Руссо

Тоталитаризм же ыйык демократия жана либерализмдин атынан жасалып көргүлүктү көрсөткөн кыйроолор – жетим-жесир, башпаанексиздер менен өлгөндөр үчүн кандай айырмасы бар?
Ганди Махатма

Демократия – сүрмө топту башка сүрмө топ опузалаган эле сүрмө топтордун кызыкчылыгы. Башка шумдугу жок.
Оскар Уайльд

Демократия – бул уюшулбаган көпчүлүктүн чаржайыт башкаруусун жөнгө салар азчылыктын уюшмалуу жөндөмү.
Василий Розанов

Биздин терең түшүнүгүбүздөгү анык демократия орношу мүмкүн эмес, орнобойт дагы. Арийне, көпчүлүк азчылыкты башкаруусу кайдан.
Жан-Жак Руссо

Жогорку деңгээлдеги демократияны орнотуу – шайлоочулар курамынын бийик сапатына барып такалат.
Бернард Шоу

Демократияга каршы мыкты аргумент – орто заар шайлоочу менен беш мүнөттүк аңгемелешүү.
Уинстон Черчилль

Адамзаттын чыныгы үч чоң коркунучу: илимпоздордун мансап кууганы, дин көсөмдөрүнүн түркөйлүгү жана демократиядагы хаос.
Пифагор Самосский

Эффективдүү демократия ырайымдуулукка жараган канкор бийлик сыяктуу эле чанда бир кезигет.
Роберт Хайнлайн

Бийликтин баардык түрү элди зордуктайт, эл ошону жактырары демократиялык бийликке гана дайын.
Валентин Домиль
Аристократия менен демократия – тарбия-таалими, жүрүм-туруму, ал-акыбалы менен айырмаланган эже сиңдилердей.
Пьер Буаст

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз