Либералдар бийликке келген жок, билимсиздер бийликте

  • 08.04.2023
  • 3132

Өмүкенин кеби – демократия деми – 4

Башы мында>>>>>

Суроо-жооп…

Гүлзада Медралиева:

– Ал кыргызга эмне салым кошуптур? Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү экен, кыргызга эч тиешеси жок. Татыктуу кыргыз инсандары түгөнүп калыптырбы?

Өмүрбек Абдырахман:

– Гүлзада, шейх Зайид дүйнөдөгү эң мыкты Реформатор. 70-жылдары эле төө минип жүргөн өлкөнү реформалап, эң өнүккөн өлкө кылды… Мамлекеттик эски башкаруу системасын өзгөртүп, көз карандысыз 7 штат кылып түзгөн. Эмираттын эли болгону 1,5 млн. Бир жылдык экономикасы 450 миллиард доллар. Кыргызстандын экономикасынан 45 эсе чоң. Шейх Зайид чөлдү Бейиш кылган адам. Биз бул акылман адамдан үйрөнүшүбүз керек эле. Бул адамдын мамлекетти өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы миллиард доллардан да кымбат турат…

А бирок кыргыз эч кимден үйрөнбөйт, баарын билет, баарынан кыйын… Кыргыздар азыр ар кимиси чоң атасынын атын көчөлөргө коюп жатат. Ошентсе да мен шейх Зайиддин атын Бишкектин көчөсүнө койгонго каршымын. Биздин «патриоттор» бул акылман адамды өткөн-кеткенде сөгүп турушун каалабайм…

Жаңыл Жусупжан

Кара май болбосо дагы деле төө минип жүрмөк.

Өмүрбек Абдырахман

Жаңыл Жусупжан, кара май Эмират экономикасынын 15% эле түзөт. Азаттыкта иштегендер Реформа эмне экенин, либералдык экономика эмне экенин түшүнбөйсүңөр да…))) Орустарда кара май 50% түзөт, кана өнүгүп кеткени? Венесуэла дүйнөдөгү кара майдын эң чоң запасы бар өлкө, эли ачка отурат…. Өнүгүү – мамлекеттин тандап алган башкаруу системасынан көзкаранды. Эч байлыгы жок, ичерге сууну да башка өлкөдөн сатып ичкен Сингапур дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө болду… Ушундай элементарный нерселерди билбегениңер үчүн Азаттыкты жабыш керек деп жүрөм…)))

Суроо-жооп…

Айгүл Мамбеталиева:

- Абдырахманов эч кимди жана эч нерсени жактырбайт ко негизи эле…

Өмүрбек Абдырахман:

- Айгүл Мамбеталиева, мен көп нерселерди жактырам.

  • Өлкөсүн Реформа кылып жомоктогудай кылып өнүктүргөн Ли Куан Юну жактырам.
  • Чөлдү гүлдөтүп, эң өнүккөн өлкө кылган Эмираттын башчысы шейх Зиядды жактырам.
  • Түштүк Кореяны Реформа кылып, эң өнүккөн өлкө кылган Пак Чон Хини жактырам.
  • Ачка отурган Кытайга Батыш капитализмин алып келип Кытайды өнүктүргөн Ден Сяопинди жактырам.
  • Эң криминалдуу жана коррупцияга баткан Грузияны Реформа кылып өнүктүргөн Саакашвилини жактырам.
  • Адам укугун камсыз кылган жана өнүккөн Батыш өлкөлөрүн жактырам.
  • Алардан үйрөнүп, Кыргызстандын өнүгүп кетишин жактырам…
  • Акыл-эстүү жана билимдүү кыргыздарды жактырам…
  • А силерге окшогон совокторду такыр жактырбайм…)))

Сурооооп…

Айылчы Сарыбаев (илимдин доктору, КГНУнун профессору):

- Совет убагында бизди сылык үйрөтчү, чоңдор сылык болушчу. Азыр андай жок (кыскача мааниси ушул). Либералдар жооп бергилечи?

Өмүрбек Абдырахман:

- …Тоталитардык системада үйрөнөт, бирок сылык болгонун көргөн жокмун. Репрессияда миллиондогон күнөөсүз адамдарды кырган Совет системасы сылыктыктын белгиси эмес, мыкаачылыктын белгиси.

Ал кезде мамлекеттин жумуштарын окуучулар, студенттер бүтүрчү. Баардык товарлар дефицит болчу, Совет өкмөтү туалет кагазын да чыгара алган эмес. Совет эли, анын ичинде Жумгалда жашагандар гезит менен аарчынчу, а гезити жоктор чөптү, ташты пайдаланчу…))))

Нарын облусуна Сыдыков деген 1-секретарь болуп келгенде башкармаларды, чоңдорду энеңди… с… деп жыйналышта сокчу. Жумгалдыктардын жуурканын сөктүрүп, ичиндеги жүндү мамлекетке төктүрчү. Малын зордуктап алып кетчү. Ошол кезде иш менен Чайекке барып калгам. Жигулим менен Балыкчыга жөнөгөм. Жолду ГАИлер тосуп, автобустагы жолоочуларды зордоп түшүрүп, чаптырып жатыптыр. Мени да токтотуп чөп чап деди. Мен «байке, машинемди жолдун жээгинен алысыраак коюп коёюн» деп алдыга айдап, газды басып урган бойдон качып кеткем. Ошон үчүн СССР деген империя өлүп калды. Аны мактагандар азыр да толтура…

Кыргызстанда либералдар бийликке келген жок, билимсиздер бийликте. Кыргыз «илимпоздору» өлгөн Советтик системаны макташат… Бир да кыргыз илимпозу адамзатка керектүү илимий же технологиялык ачылыш жасай алышкан жок. Билсеңер айткыла. Биздин докторлор бири-биринен, орустардан көчүрүп доктор боло беришет… Ошолордун бири – Айылчы Сарыбаев…

Сурооооп…

Бермет Биримкулова:

- Өмүрбек Абдырахман, Сталин тоголок каттардын ар бирин караган эмес да.

Сталин билбеген иштер болгон, Берия баарын жасаган дешет… Ошондо кимде күнөө...

Өмүрбек Абдырахман:

- Бермет Биримкулова, Ленин менен Сталин түзгөн система адамдарды басмачы деп, кулак деп, репрессия деп кырган. Кыргызстанда эле 100 миңден ашык адамды жок кылышкан.

Ушул жөнөкөй нерсени кыргыздырга 30 жылдан бери такыр түшүндүрө албай койдум. Гитлер деле өзү эч кимди өлтүргөн эмес. Гитлер түзгөн система элди ууландырган… Миллиондогон немистер Гитлер үчүн өлүп берүүгө даяр болушкан. Азыр ошол немистердин жоругун Россия кайталап жатат. Гитлерге окшоп кошуналарын басып алып жатат, Россия элинин көпчүлүгү согушту жана Путинди колдойт… Орустардын баскынчы Аскери Украина элин кырып жатат, бирок Путин бир да адамды өзү өлтүргөн жок…

Демократиялык система курган өлкөлөр өз элин кырган жок, ар бир адамдын укугун коргошот, мыкты өнүгүүдө. Эгер биз да демократиялык система кура алсак, өнүгүп кетебиз, күнөөсүз адамдар камалбайт…

Сурооооп…

Нурбек Абдикадиров:

- Иракты, Сирияны, Афганистанды эмне кылышты?

Өмүрбек Абдырахман:

- Нурбек Абдикадиров, Иракты сонун кылышты, өз элине каршы иштеген диктаторду жок кылышты. Азыр Ирак шайлоо өткөрүп, каалаган адамдарын шайлап, мамлекетин өзгөртүп жатышат. Ирактын нефтисин Америка тартып алган жок, өздөрү иштетип жатышат.

Сирияга Американын тийешеси жок. Диктатор Башар Асадды өз эли кетирер болгондо орустар жардамга келип шаарларын бомбалап, диктаторго каршы чыккан элин кырып, диктаторду сактап калышты…

Афганистанга 1979-жылы орустар басып кирип, 10 жыл согушкан. Тоого качып кеткен афгандар 10 жылда жапайы талибан болушкан. Талибан орустар коюп кеткен бийликти тартып алып, дүйнө боюнча террор уюштурушкан. Афганистанга Бен Ладен деген террорист башкарган лагерь уюштурган… Американы самолёттору менен шаарларын жардырган. Андан кийин Америка Аскери Афганистанга келип Талибандардын бийлигин кууп чыгып, бийликти афган элине берген. Бирок жапайы болуп калган афган эли бийликти кармап кала алган жок. Талибандар кайра бийликти тартып алды. Америка техникаларын таштап, шашылыш чыгып кетишти. Азыр талибан бийликке келген, мектептерди, ооруканаларды жаап, аялдарга паранжа кийгизип башкарууда. Чындык ушундай. А билимсиздер бул чындыкты билгиси да келбейт…

Нурбек Абдикадиров:

- Өмүрбек Абдырахман, түшүндүрмөңүз үчүн рахмат, болуп жаткан окуяларды башка өңүттөн да карап көрүү керек экенин түшүндүк. Өзүбүз билбестен орустун пропагандасына сугарылып калганыбызды жакында сездим...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз