Лу Шүн (Лу Цинь): Эстен кеткис элестер

  • 10.05.2023
  • 3290

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА, филология илимдеринин доктору. Котормону чыгарманын түпнускасы менен салыштырган Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу, Ж.Баласагын атындагы КУУнун магистранты.

АҢГЕМЕ

Биздин үйдүн дарбазасынын сыртында бийиктиги үч саржандан ашуун дарак өсөр эле. Жыл сайын анын мөмөсү асмандагы жылдыздай жайнап бышчу. Анын мөмөсүн күүп түшүрүү үчүн балдардын ыргыткан ташы кээде мен сабак окуган класстын терезесинен кирип, көп учурда менин столума учуп түшчү. Мындай учурда мен Кашкабаш атап алган мугалимим чыга келип балдарды тилдеп кирет. Дарактын жалбырагы кенендиги аршиндин диаметрине тете; аптаптуу күндүн ысык нуруна жеңил бүрүшө түшүп, кечки салкында кайра тирилип, ачкан алакан сымал түздөлөт.

Мага терезеден биздин картаң кызматкерибиздин бардык кыймылы көрүнүп турат: ал короону салкындатуу үчүн суу себет, чылым түтүкчөсүн буркурата үйлөй эски отургуч, үстөлдөрдү оңдойт, тарбиячы Лиге ар кандай окуяларды айтып берет. Алар ай батканча сүйлөшүп олтурган күндөрү болот; түңкү караңгылыкта чылым түтүкчөсүнөн чыккан учкун жылтылдап турар эле.

Бир жолу алар кечки салкындын ыракатына батып олтурушуп, Кашкабаш мени чакырды да, «ачык кызыл гүл» деген сөзгө тең келе турган сөз табуу тапшырмасын берди. «Жашыл дарак» – дедим мен. Мугалим үмүтсүз кол шилтеди.

— Тон тура келбейт, бар ордуңа! — деп буйрук берди.

Мен тогуз жашка чейин окуп жатканыма карабастан, тегиз жана кескин тон эмне экенин билчү эмесмин, аны мага мугалим түшүндүргөн эмес. Мен ордума олтуруп, ойлонуп-ойлонуп эч нерсе тапкан жокмун. Мынтип олтургандан тажадым да, Кашкабаш мага көңүл буруп аясын үчүн жамбашымды чапкылап кирдим. Бирок мурдагыдай эле ал мага көңүл бурган жок. Узакка созулган тынчтыктан кийин биринчи сөзүн созо сүйлөп:

— Бери кел, – деди.

Мен келдим. Кашкабаш «жашыл чөп» деген сөздү жазды да, түшүндүрүп кирди:

— «Ачык кызыл» тегиз тон менен айтылат, «гүл» — тегиз тон, «жашыл» кирген тон, а «чөп» чыккан тон. Жөнө!

Анын сөзүн кулагымдын сыртынан кетирип, секирген бойдон эшикти көздөй атып жөнөдүм.

— Секирбе! – деди Кашкабаш, жагымсыз үн менен, мен болсо класстан акырындап чыгып кеттим.

Дарактын көлөкөсүнө барып ойногонго батынбадым. Мурда Ваңдын жанына барып, катарына олтуруп, анын тизесин кучактап алып, мага жомок айтып бер, – деп суранган учурларым болор эле. Андай учурда Кашкабаш чыга келип ачуулана кыйкырчу:

— Эркелебе! Тамактандыңбы? Анда сабагыңды оку.

Кокустан аны дароо аткарбай кармалып калсам, кийинки күнү башымды сызгыч менен чапкылап жекирчү:

— Эмнеге тентектенесиң, ушинтип кантип окусун?!

Кашкабаш менин ага жакпаган кылыгым үчүн ушинтип жемелеп олтуруп, классты жазалоо бөлмөсүнө айландырды да менин ойноо кумарымды өчүрүп салды. А бүгүн болсо менин ойногонго таптакыр көңүлүм келбеди, эртең майрам күн болсо го, башка кеп. “Эртең менен бир аз ооруп, түшкө жакын кайра жакшы болуп калсам ээ… — деп кыялдандым. Же Кашкабаш ооруп калса экен, андан да жакшысы — өлүп калса… Жок дегенде “Лунйү” жаттап, башымды оорутпайт элем”.

Кийинки күнү Кашкабаш чынында эле мени Лунйү окуганга олтургузду да, башын чайкап, иероглифтердин маанисин түшүндүрүп кирди. Анын көзү алысты көрчү эмес, ошондуктан китепти жеп жиберчүүдөй болуп мурдунун алдына кармачу. Көп учурда мени шалаакысың деп күнөөлөшчү, анткени жыл ортосуна жетпей китептеримдин барактары булганып, айрыла баштайт. Бирок эмнегедир эч кимдин башына эң жөнөкөй мындай ой келчү эмес: китептердин бузулушу Кашкабаштын мурдуна жакын кармап дем алганынан болуп жүрбөсүн? Макул, мен тентек, шалаакы болоюн, бирок мынчалык эмес да.

Кашкабаш сөзүн улантты:

— Даанышман Кун (Конфуций) айткан: “Мен алтымышка келгенимде кулагым мага моюн сунду”. Моюн сунуу – демек, баш ийүү эмеспи. “Жетимишке келгенде жүрөктүн добушун тыңшап, анын буйругун аткара баштадым…”

Кашбаштын айткандарынан бир да сөздү түшүнгөн жокмун, иероглифтерди көрбөдүм, анткени аларды анын мурду тосуп калган. Китептин ордуна мугалимдин башынын жаркыраган тазы гана көзгө көрүнөт, аны күзгү кылса болчудай, бир гана чагылуу анчалык ачык эмес, көлмөнүн тунук суусунан чагылгандай бүдөмүк көрүнөт.

Кашкабаш көпкө түшүндүрдү, деги бүтпөй койду. Албетте, түшүндүрүп жатканда анын башынын бир жактан экинчи жакка айлана кыймылдаганын, тизесинин титирегенин байкап туруу кызык эле, бирок менин чыдамым түгөнө баштады. Ал эмес анын мен эрмектеп алаксыган башынын тазы да мени тажатты. Ушул учурда, бактыга жараша, көчөдөн кыйкырык чыкты:

— Яң шын устат, Яң шын устат!

Кимдир бирөө жардамга чакырып жатабы дегендей ой кетет.

— Йао зоң байкеби? Кириңиз! – Кашкабаш Лунйүнү коё койду да, эшикти ачып, таазим эте жүгүндү.

Мен түшүнө албай жаттым, ушунчалык урмат менен Йао зоңго мугалим эмнеге жүгүнөт. Йао зоң, Жин тегинде анын ысмын алып жүргөн бул адам, бизге коңшу турчу. Ал абдан бай, бирок дайыма жыртык кийим, тамтыгы кеткен эски чокой кийип жүрчү, дайыма жашылча жеп, өзү да күздөгү соолуган баклажандай керсары жана борпоң эле. Ага биздин Ваң деле жек көрүү менен мамиле жасачу. “Толтура алтыны туруп, бирөөгө сокур тыйын чыгарбайт. Сыйга татыктуу эмес”, – дечү абышка. Бирок Ваңдын жек көрүүсүн Йао зоң тоготуп да койчу эмес. Кайра Ваңдын жанына келип анын аңгемесин угуп олтурчу, аны көп деле түшүнчү эмес, анткени акылы терең эмес да, жөн гана башын ийкей берчү. Ли тарбиячынын сөзүнө караганда Йао зоңду атасы менен апасы бөтөнчө эркелетип, камкордукка алчу экен. Ал эч ким менен мамиле түзбөй чоңойгондуктан, ушундай дөдөй болуп калыптыр. Чынында эле анын эч кандай түшүнүгү жок эле, ал эмес күрүчтүн илээшчек жана кургак түрүн, балыктын кылкандуу жана кылкансыз түрүн айырмалай алчу эмес. Ага бир нерсени түшүндүргүсү келгендер көпкө жана узак убакытка сүйлөгөнгө мажбур болушкан, анда да кээде жыйынтык чыкпай калчу.

Кээде кошумча түшүндүмө керек болчу, анда деле айрым нерселер Йао зоң үчүн караңгы бойдон калар эле. Ооба, аны менен сүйлөшүү оңой иш эмес. Баарынан да Кашкабаштын ага көрсөткөн сый-урматына Ваң таң калат. Мен да көпкө чейин анын себебин издеп, аягында түшүнгөсүдүм: Йао зоң жашы жыйырма бирге барып калса да али уулу жок болгондуктан, тукумун улантуу үмүтү менен өзүнө үч көңүлдөш күткөн; үч уулдуу адамдын жанында тукумсуз калуу жаман экенин сезген Кашкабаш да 31 алтын акча төлөп, бир көңүлдөш тапкан. Демек, мугалим Йао зоңду урпактуу болууга аракеттенгени үчүн сыйлайт. Ваң акылдуу адам, бирок билими чектелүү, ошондуктан мугалимдин мындай жашырын сырын түшүнмөк эмес. Буга таң калууга деле болбойт, мен өзүмдүн “ачылышымды” көпкө ойлонуп жүрүп жасабадымбы.

— Агай, сиз жаңылык уктуңузбу? – деп сурады Йао зоң.

— Жаңылык?… Жок, укпадым… Эмне болуптур?

— Узун чачтуулар келатыптыр!

— Узун чачтуулар? Ха-ха, андай болушу мүмкүн эмес!

Йао зоң айтып жаткан узун чачтууларды Йаң шын мугалим “чачтуу козголоңчулар” атачу. Ваң карыя “узун чачтуулар” деп, алардын убагында отуз жашта болгонун кошумчалады. Азыр Ваң жетимиштен ашып калган соң, узун чачтуулардын убагынан бери кырк жылдан ашуун убакыт өткөн тура. Йао зоңдун айтканы калп экенин башкалар эмес мен деле түшүнүп турдум.

— Кантип? Андай болууга мүмкүн эмес? Хышүдөн Үчүнчү кожоюндун өзү алардын бүгүн-эртең келерин күтүү керек деп жатпайбы.

— Үчүнчү кожоюн?… Кокуй, ушундай кадырлуу адам эскертип жаткан соң, тоготпой коюуга болбос. Даанышмандан үчүнчү кожоюнду жогору койгон мугалим өңү кубарып, үстөлүнөн шашылыш турду.

— Алар сегиз жүз дешет; мен кызматчымды аныгын билип келгенге Хышүгө жибердим. Алардын кайсы күнү келерин билүү чоң мааниге ээ…

— Сегиз жүз?.. Кантип эле? Балким алар “Кызыл жоолукчандардын” талоончулары же тоодон түшкөн каракчылар го.

Кашкабаш өзүнүн тунук акылы менен Йао зоңдун сөзү акылга сыйбаган нерсе экенин сезип турду. Маселенин баары Йао зоң үчүн тоолук тоноочулар, деңиз каракчысы, “Ак шапкачандар”, “Кызыл жоолукчандардын” баары – “узун чачтуулар” болгондугунда. Ошондуктан ал мугалим эмне жөнүндө сүйлөп жаткандыгын түшүнгөн жок.

— Тамак даярдоо керек. Менин үйүмдө баарына орун жетпейт, аларды Жаңсуй йаң тоопканасында сыйлоого туура келет. Балким, алардын курсагы тойгондун жообуна бизди «ишенимдүү букаралар» катары кабыл алышар. — Йао зоң табиятынан терең киши эмес, анын үстүнө бала кезинде ар кандай куралдуу күч менен келген колду тамак жана суусундук менен тосуп алуу керек, – деген үй-бүлө тарбиясында тарбияланган адам. Ваң абышканын сөзүнө караганда Йао зоңдун атасы узун чачтууларга кезигип калганда, алардын бутуна жыгылып, ырайым сураган; болгондо да чекеси менен ушунчалык жер сүзгөн экен, чекеси жерге катуу тийип, анысы шишип, каздын тумшугундай кызарып чыгыптыр. Ал ошентип кара башын сактап калган, ал гана эмес, узун чачтууларга ашпозчу болуп иштеп, өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп, байыган экен.

Узун чачтуулар талкаланганда, качып кетүүгө үлгүрүп, акырындап шаарда кымбат үйлүү болууга жетишкен. Йао зоңдун бир сый тамак берүү менен «ишенимдүү букара» болууну эңсеши, албетте, анын акылы атасына караганда тайкы экенин далилдейт.

— Мындай куйтулар үчүн кылым дайыма кыска болот; “Гаңжиан йижылуну” барактап көрсөңүз, алар качандыр бир убакта мөөрөйгө жетти беле? Жеткен эмес. Кээде майда нерселерге жетсе жткендир. Албетте, аларды тамак менен сыйлоого болот. Бир гана иш мындай, Йао зоң байке! Сиз эч убакта тизме түзбөйсүз, бул милдет башчыныкы, ага бериңиз.

— Туура. А сиз, агай, мен үчүн “Бизге баш ийгендер” иероглифин жазып бериңиз.

— Сиз эмне, ушундай нерсеге кантип шашууга болсун! Алар келип калган күндө дагы биз жазганга жетишебиз. Анын үстүнө, Йао зоң байке, менде бир ой бар: аларды каарданууга жеткирүүгө, албетте, болбойт; ошол эле учурда аларга жакындоо да туура эмес. Өткөндө “чачтуу козголоңчулар” чатак чыгарган кезде, эшигине “шүн мин” (бизге баш ийген букаралар) иероглифин чаптагандарды да алар караган жок. Ал каракчылар чегингенден кийин чаптагандар өкмөттүк куралдуу күчтөн жапа чегишпедиби. Алар келгенче күтүү керек. А сиздин кадырлуу туугандарыңыздын өтө алыс кетпей, эртерээк башка жакка кача турганы оң.

— Абдан туура, абдан туура. Мен Жаңсуй йаң тоопкансына барып, кечилди эскертейин.

Йао зоң жагдайды жакшы түшүнбөй эле, бирок биздин мугалимге болгон урматы толкуп-ташыган бойдон кетти. Чын эле “биздин Кашкабаштай акылдуу адамды шаардан таба албайсың”, – деп адамдар бекеринен айтпайт көрүнөт. Мугалим эч бир зыян тартпай туруп, кандай доор болсо да ыңгайлаша алат. Паньгу жер менен асманды жараткандан бери сансыз согуштар менен кандуу жүрүштөр канча орун алмашпасын, тополоң менен бейпилдикте, мамлекеттик өнүгүүнүн гүлдөшү менен төмөндөшүндө Кашкабаштын тукуму суудан кургак чыкты: күрөштөрдө өлгөн жок, мыйзамдуу мамлекетти коргой беришти; алар козголоңчулар менен биригип кеткенкендиги үчүн да, кыйроого учураган жок. Ал бүгүнкү күнгө чейин жакшынакай жашоосун улантууда – мына дале ал “жолборс терисинде” салтанаттуу олтуруп алып, бизге окшогондорго Конфуций жетимиш жашында гана эч бир жобону бузбай туруп, жүрөктүн каалоосун аткарууга үйрөнгөнүн чечмелеп олтурат.

Азыркы эволюционизмдин жактоочусу мунун баары тукум куучулуктун иши демек; биздин оюбузча, Кашкабаш өзүн сактап калуунун искусствосун китептен үйрөнүп алгандыгы шексиз. Андан башкача болушу мүмкүнбү? Мына мен, Ваң, тарбиячым Ли – баарыбыз тукум куучулукка көз карандыбыз, терең акылдуу боло албайбыз.

Йао зоң бизден бөлүнгөндөн кийин Кашкабаш китебин жылдырды да, аза күтүп тургандай жүз көрсөтүп, шаарга үйүнө кетерин жана менин бош экенимди айтты. Мен жыргай түштүм да, өзүм жакшы көргөн даракты көздөй секирип чуркадым. Мени мээ кайнаткан күндүн ысыгы да иренжиткен жок, анткени ушул дарактын алдындагы бир кертим жердин мен каалагандай карамагыма өткөн минуталар өтө сейрек болор эле. Көп өтпөй Кашкабашты көрдүм: буюмдары салынган чоң түйүндү колтугуна кыса шашып баратыптыр. Мурда мугалим үйүнө жылдын аягында жана майрам күндөрү гана барчу, барганда сөзсүз “Баминшучаонун” бир нече томун ала кетчү. Бүгүн болсо китептер үстөл үстүндө жатат, анын ордуна эски сынган сандыкта сакталчу кийим-кечесин мугалим бүт алып кетти.

Мага жолдо адамдардын кумурскадай чубап баратканы көрүнүп турду: айрымдары чочулаган түр менен күйпөлөңдөп бир нерселерди ташып баратат, башкалары кур кол эле жүрөт. Ваң аксакал мага алар качкындар экенин түшүндүрдү. Хышүдөн чыккан адамдар Уну көздөй шашат, шаардыктар тескери багытка зыпылдашат, мындай чыр-чатактын далайын көргөн Ваң аксакал биздин үй-бүлөнү шашылбоого ынандырып жатты. Тарбиячы Ли болсо Жиндерди чалгынга жөнөдү; көрсө, Хышүгө кеткен кызматкер али келе элек экен, бирок туткун аялдар кол сандыктарына өздөрүнө таандык атыр-упа, эндиктерин, жыпар жыттуу майларын, желпингичтерин, жибек жоолуктарын салыштырууда, болжолу сейилдөөгө камынып жатышса керек. Алар качууну сейилдөө деп түшүнгөн го… Жашоо жыргалына үйрөнүп алган немелер атыр-упасыз жүрө алышпайт окшойт.

Узун чачтуулар менин тынчымды алган деле жок, өз ишим менен алектене бердим: чымындарды кармап, кумурскаларды кызыктырып, алардын жакына алып келип жанчтым; андан соң аларды жүдөтүү үчүн уясына суу куйдум. Көп өтпөй күн уясына жакындай баштады, тарбиячым мени кечки тамакка чакырды. Бүгүнкү күн эмне үчүн ушунчалык тез өткөнүн түшүнө албай койдум, адатта бул убакта мен бир сөздүн экинчи түгөйүн таба албай тердеп, акыры бактысыз кебетем менен мугалимдин боорун ооруткум келип, айлам кетчү. Кечки тамактан кийин тарбиячым мени көчөгө алып чыкты. Ваң да чыкты, адаттагыдай эле дарбазанын жанына отура калды да, кечки салкындын ыракатына батты. Заматта анын айланасына көптөгөн угуучулар жыйнала калды; алар азыр эле бир шумдук же тиги дүйнөдөн келген ач арбак көргөнсүп аңкая ооздорун ачып турушту; ооздорундагы түшкөндөн калган сейрек тиштери айдын жарыгында талкаланган таштын сыныгын эске салат. Ваң чылымын чегип анан жай сөзүн баштады:

— Ал мезгилде бул жерде эшик күзөтчү болуп Бешинчи Жао байке кызмат кылчу, ал дөдөй адам эле. Кожоюн узун чачтуулар келатканын угар замат аны качып кетүүгө буйрук берсе, ал кайра: “Кожоюн кетип калса, бу короо-жайды каракчылардан ким кайтарат?” – деп делдейип турар эле.

— Ой, келесоо! – тарбиячы чаңк эте кыйкырды, мындай үн менен анын жоругун айыптагысы келип, денеси калтырап кетти.

— Ашпозчу У, жетимишке келип калган кемпир, ал калып калчу; бирок ал ашканага жашынып, караанын эч кимге көрсөтчү эмес. Арадан бир нече күн өтсө да ал чыкпайт. Баарын угуп турат: адамдардын басып жүргөнүн, иттердин үргөнүн, а чыккандан коркот. Олтуруп алып кайгыга батат. Аңгыча эч нерсе угулбай, адамдардан да, иттерден да дайын жок; коркунучтуу караңгылык баскан. Бирок бир жолу алыстан дабырт угулду. Дабырт короону жандай өттү. Көп өтпөй ондогон каракчы кылычтарын жалаңдата ашканага жулунуп кирип, кемпирди сүйрөп чыгат да андан өздөрү сүйлөп көнгөн темп менен:

— “Жооп бер, кемпир, кожоюндар кайда? Акчаны алып чык!”

Кемпир алардын бутуна жыгылып мындай дейт:

— “Урматтуу таксырлар! Кожоюн качып кетти. Мен бир нече күндөн бери ачкамын, мени аяп, мага өзөк жалгаганга бир нерсе бергилечи! Мен акчаны кайдан табам?”

Узун чачтуулардын ичинен бири каткырып жиберди:

— “Тамак жегиң келдиби? Сени мен тамактандыра алам”, — деди да, канга чыланган тоголок нерсени кемпирдин колуна таштап жиберди. Караса, бул эшик күзөтчү Жаонун башы экен.

“О, кокуй, ашпозчу коркконунан жүрөгү жарылып өлгөндүр?” — деп кыйкырды жүрөгү түшкөн тарбиячы.

Угуучулар көздөрүн алаңдадып, мурункудан да ооздорун аңырайта ачып угушту. Көрсө, узун чачтуулар дарбазаны кагыптыр, Жао такыр ачпай коёт, анысы аз келгенсип сүйлөнөт: “Кожоюн сапарда жүрөт, силер карактагыңар келет! Узун чач…

— Анык маалымат барбы? — деди кайрылып келген Кашкабаш.

Мен оңтойсуздандым, бирок мугалимдин жүзү мурдагыдай эмес экенин байкадым да, качкан жокмун. Ошол замат оюма кылт этти: узун чачтуулар келип азыр Кашкабаштын башын тарбиячынын колуна ыргыта чапса, мен күнүгө кумурсканын уясына суу куймакмын, Конфуцийди да жаттоонун кереги жок болмок.

— Азырынча жок… – деп Ваң аңгемесин улантты: — Узун чачтуулар дарбазаны сындырышты; Жао байке аларга каршы жулунду, а аны көргөн адамдын жүрөгү түшөт. Ал эми узун чачтуулар…

— Йаң шын агай! Менин кишим келди, — Йао зоң үнүнүн барынча кыйкырды.

— Анда эмне? — Кашкабаш өзүнөн алысты көрбөгөн көзүн чакчайта үйдөн атып чыкты. Биз да Йао зоңду көздөй чуркадык.

— Үчүнчү кожоюн айтты, узун чачтуулар жөнүндө айтылган сөздүн баары калп экен. Чынында Хышү аркылуу бир нече ондогон качкындар өтүптүр – болгону ушул. Качкындар – булар үймө-үй кыдырып кайыр сурап жүргөндөр. — Йао зоң башкалар түшүнбөй калат дегенсип, качкындар тууралуу болгон билимин бир сүйлөмгө батырды.

— Ха-ха! Качкындарбы… – Кашкабаш болуп жаткан дүрбөлөңдү шылдыңдагансып, ошол эле учурда качкындардан коркуунун кереги жок дегенди билдиргендей каткырды. Мугалимди карап анын артынан калгандар күлдү.

Үчүнчү кожоюндан анык кабар уккандан кийин баары тарап кетти. Йао зоң да өз үйүнө жөнөдү. Дарактын түбүндө Ваң аксакал менен дагы үч-төрт киши калды. Кашкабаш көпкө короодо сейилдеген соң, мындай деди:

— Мен барып үйдөгүлөрдү тынчтандырайын. Эртең менен келем.

Ал колуна “Баминшучао” кармаган бойдон жөнөдү, бирок мага эскертүү бергенге да жетишип калды:

— Бүгүн кечке сабак окуган жоксуң, эртеге бир да суроого жооп бере албайсың. Тез сабакка отур, тентектенүүнүн кереги жок!

Мен капалуу Ваңдын чылым түтүкчөсүндөгү учкундарды тиктедим, сөз айтууга алым жок. Ваң чылымын тарта берди, тарта берди. Калың чөптүн арасында жаркырак коңузду эске салып, түтүкчөдөгү учкундар бирде өчүп, бирде күйүп жылтылдап жатканын көрүп турдум. Ошондо өткөн күздө чөптүн арасындагы жаркырак коңузду кууп баратып адашып кеткеним эсиме түштү, адашып жүрүп камышы өскөн көлчүккө туш келгем, ушунчалык коркконуман Кашкабаш жөнүндө унутуп калгам.

— Хе, баары эле узун чачтуулар, узун чачтуулар дешет – оозундагы түтүкчөсүн колуна алып, Ваң кайра сөзгө келди. – Адегенде алар эң эле коркунучтуу, кийин карасаң анча деле эмес.

— Анда, сен аларды көрүптүрсүң да. Кана айтчы, узун чачтуулар деги эмне болгон немелер? – кызыгуусун жашыра албай, тарбиячы Ли сурай кетти.

Ваң чоң ата деле узун чачтуулардан болсо керек. Мен чечтим, ырас, узун чачтуулардын келиши мени Кашкабаштан куткарса, алар ак ниет адамдар, ошондуктан мага жакшы мамиле жасаган Ваң узун чачтуу болууга тийиш.

— Ха-ха! Жок, Ли, сен ал кезде канча жашта элең? Мен жыйырмага келип калгам.

— Мен он бирге карагам. Апам мени Пин-тианга жеткирип салган, ошондуктан мен аларды көрбөй калдым.

— А мен Хуаңшан тоосуна жашынгам. Узун чачтуулар кыштакка келери менен качып кеткем. А бирок менин аталаш эки агам менен коңшум Ниу Сы камынып жатканда бир жаш узун чачтуу келип, аларды кармап алган. Аларды Тай пиң көпүрөсүнө алып барып, баштарын алмакчы болгон; бул иш колунан келбей калганда сууга түртүп жиберген. Алар сууга чөгүп өлгөн. А Ниу Сы кандай албеттүү адам эле – ал желкесине эки дан, дагы беш шэн күрүчтү салып, жарым лиге чейин жөн эле жеткире алчу. Азыр андайларды издеп таба албайсың… Мен Хуаңшан тоосуна кечке маал жеттим, тоонун чокусундагы бадалдардан али нуру кете элек, а төмөн жакта кеч кирип, талаадагы баш алган эгиндер күндүзгүдөй эмес, кара кочкул тарта түнөрүп көрүнөт. Мен тоонун этегине жеттим да, артымды карадым: мени кубалаган эч ким жок, жүрөгүм ордуна келе түштү. Айлананы кайрылып карасам, айылдаштардан эч ким көрүнбөйт, кайра капаландым. Качан гана караңгылык киргенде, тынчып калдым. Айлана жымжырт, тынчтык, бир гана: “үү, үү…”, “куак-куак-куак” деген үн угулат.

— Ал эмне болгон “куак-куак” – деп сурадым таңыркап. Ошол замат чочуган түр менен тарбиячым мени колдон алды, кийинки суроом ага кырсык алып келчүүдөй үтүрөйө:

— Бул чардаган бакалар.

— Экинчи жагынан үкү аянычтуу сайрап жатты. Сиз билесизби, — дедим тарбиячыма, караңгыда дарактар адамга окшоп көрүнөт экен… Ха-ха, кийин узун чачтууларды карап көрсөк, өзгөчө деле эч нерсеси жок экен. Алар чегингенде биздин кыштактыктар кетмен, күрөк ала чуркап кубалашкан. Биздин он кишиге каршы туралбай, алардын жүзү качып жөнөгөн. Алардын артынан байлык чогултушкан. Хышүдөгү Үчүнчү кожоюн ошондо байып кетпедиби.

— Байлыкты кантип чогултту?

— Байлыкты кантип табат? Э–э… Биздикилер үчүн чачтууларды кууп жөнөгөндө, куугунчуларды алаксытуу үчүн алар атайын жолго алтын, күмүш, бермет ыргытып кеткен. Биздикилер аларды терип, өз ара талашып, ар бир тыйын, бермет үчүн күрөшүп жатып артта калышкан. Мага да бир бермет тийген, чоңдугу төө буурчактай бар эле. Мен ага таң калып, сүйүнүп караганымда Ниу-эр акырын жашынып келип, мени таяк менен төбөгө бир коюп, берметти алып кеткен. Ал болбогондо мен да бай болот элем, албетте, Үчүнчү кожоюнга жетмек эмесмин дечи… Үчүнчү кожоюндун атасы Хы Гоу-бао дал ушул учурда Хы шүйгө кайрылып келген. Караса, үйүндөгү эски үкөккө бир өрүлгөн узун чачы менен жаш узун чачтуу жашынып алыптыр…

— Мына эмесе, жаан да жаап кирди, деди тарбиячы. Эс алууга да убакыт келди деди жаны тынч ала, кетүүгө камынып.

— Жок, жок, коё туруңузчу! Мен өзүмдү романдын эң кызык жерине келип, «мындан ары эмне болгонун билгиңиз келсе, кийинки бөлүмдү окуңуз» деген сүйлөмгө келип такалган окурмандай сездим; токтолбой аягына, окугум келди.

Менин мындай абалымды тарбиячым бөлүшкөн жок.

— Бар, бар, төшөгүңө, анан да эртең уктап калып, башыңа мугалимден сызгыч жейсиң.

Жаан күчөп кирди; жаандын шуудур тамчылары терезенин жанындагы банандын чоң жалбырагына түшүп, кумда жөрмөлөгөн чаяндай шоокум салат. Жаздыкка башымды коюп, ошол шоокумду тыңшап жатып, уйкуга кеттим.

— Ой, агай! Эмдиги сабакта мындан жакшы окуйм!..

— Сага эмне болду? Түш көрдүңбү?

— Мен да коркунучтуу түш көрүп жатыптырмын. Эми сен чочуттуң… Түшүңө эмне кирди? – Тарбиячым менин төшөгүмө шашып келип, мени таптай баштады.

— Түшүңө эмне кирди дейсизби? Айта турган деле эч нерсе жок… А сиз эмне көрдүңүз?

— Узун чачтууларды… Эртең айтып берем, азыр түн… Сен укта, уктай гой… Укта… Укта…

Жазуучунун таржымалы

ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турган Лу Шүн (1881-ж., 25-сентябрда туулуп, 1936-ж., 19-октябрда каза болгон, чыныгы аты Чжоу Шужэн) – азыркы кытай адабиятынын негиздөөчүлөрүн бири. Жапониядан билим алып, врач кесибине ээ болгон. Орус-жапон согушунда публицист катары коомчулукка таанылган. Анын Жапонияга барганга чейин темир жолчулардын академиясынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, немец, англис тилин үйрөнүшү, чет тилдеги көркөм адабиятты окушуна шарт түзгөн. Лу Шүн билимдүү үй-бүлөдөн чыккан. Анын чоң атасы Чжоу Фуцин Ханьлинь Академиясында кызматта болгон. Кийин атасы паракорчулукка тиешеси бар деген айыпка кабылып, бийлик чөйрөсүнөн кеткен. Атасынын өнөкөт учук оорусу Лу Шүндүн медик болушуна негиз болгон.

Лу Шүн – котормочу, редактор, сынчы, кытай адабиятында эпикалык кичи жанрды өнүктүргөн жазуучу, акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Ал солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан Мао Цзедун өмүр өткөнчө Лу Шүндүн күйөрманы болгон. 1909-жылы өзүнүн бир тууганы экөө «Чет элдик аңгемелердин эки томдугун Токиодо басмадан чыгарып, ага А.Чеховдун эки аңгемесин («В усадьбе», «В ссылке») киргизген. Лу Шүндү орус синологдору А.П.Чеховго окшоштурат. 1996-жылы корголгон Ван Дандын «Чехов и Лу Шүн: историко-генетические и типологические аспекты» аттуу диссертациясында мындай салыштыруу бар: «Россияда Лу Шүндү «кытайлык Чехов» атагандар бар, алардын чыгармачылыгында жана адамдык тагдырындагы окшоштуктар таң каларлык: экөө тең медицинадан адабиятка келген реалист-жазуучулар, экөө тең жөнөкөй адамдардын керемет образын жогорку чеберчиликте жараткан, кыска сюжеттүү аңгемелерди жазышкан, кылдат психолог болушкан; экөө тең иронияга жакын, сюжеттик лаконизмди сүйгөн. Ал гана эмес, экөө тең учук оорусу менен ооруган».

Лу Шүн 1918-жылдан башталган «кытай адабиятындагы революцияга» катышып, «Жаңы жаштык» аталган журналга Лу Шүн деген псевдоним (өз энесинин фамилясы) менен чыгармаларын жарыялай баштаган.
Лу Шүнгө натуралисттик-импрессионисттик сатира таандык. Анын «А-кьюнун чыныгы тарыхы» (А Qжынжуань, Q), чыгармасы – ханзу элинин жан-дүйнөсүн чагылдырган, ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабиятта жеткен бийиктиктердин бири эсептелет. Жөнөкөй адамдын тагдырга баш ийген момундугу, «жогоркулардын» интригасы, бийликтин элге текебер мамиле жасаган саясаты, алардын мыкаачылыгы, куулугу чынчыл сүрөттөлгөн. Синологдор «А-кьюнун» облиги аркылуу Лу Шүн окурмандарына өзүнүн жан сырын айткан дешет.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз