АҢГЕМЕ
Кеч күүгүм. Ал тоо башында жаркыраган жылдыздарга суктана карады. Кудум түнкү асмандын чоло жерин калтырбай шам жагып салган сыңар жылдыздар туш тараптан бажыраят. Жылдыздардын ушунчалык жарыктыгын биринчи байкашы. Жылдыз жарыгында кечки суук да күчөгөндөй. Сууктан ичиркенип ийинге жүткүнгөн түлкү сымал мейманканага кире качты. Алдында майда шагыл төшөлгөн жол жатат. Күбүлгөн жалбырактар жерде тоңуп, шамал аны учуруп кетишке шайы жетпеди.
Мончого чуркап кирип, жерден оргуштап чыккан ысык булактын суусу толтурулган бассейнге чалп секирди. Мочалка менен жаагын жышынганда жүзүнөн муздай жылдыздар күбүлүп жаткансыды. Бир маалда бирөө үн катты:
- Суук түштү. Жаңы Жылды да ушул жерде тососузбу?
Ал башын көтөрдү. Арыдан мейманканага келип-кетип жүргөн куш багар көрүндү.
- Жок, тоо ашып түштүк тарапка кетсемби дегем.
- Жакшы. Бир нече жыл мурун биз да түштүк тарапта болгонбуз. Минамиямада. Кыш башталса эле аягым ошол тарапка тартчу болду.
Куш багар сүйлөп жатып аны тиктеген жок. Жолоочу ага уурдана карады. Ал бир иш менен алек. Сууда тизелей олтуруп, суу четинде олтурган аялына колун сунуп анын көкүрөгүн жышып жууп жатты. Аял кудум ага эмчек эмизип жаткандай алдыга эңкейип алган. Арык денесине чапташкан эмчеги чыныдай бар. Денеси аялдыкындай эмес, тал чыбыктай ийилген кыз денеси, ипичке гүл сабагына окшош.
- Түштүктө баары сонун. Минамиямага биринчи ирет баратасыз го дейм?
- Жок, беш жыл мурда барып келгем.
- Иэ?
Аялын бир колу менен кармаган куш багар анын көкүрөгүндө көбүргөн самын көбүктөрүн жууп жатты.
- Ал жакта чайканада буту шал абышка болор эле жарыктык. Азыр бар бекен ошол киши?
Сөздү айтары айтып, кайра оңтойсуз абалга түштү. Куш багардын аялы да бир буту иштебеген шал шекил.
- Абышка дейсизби? Чайканадагы? Ким болушу мүмкүн?
Куш багар аны далысын салып карады. Арыдан аял жай үн катты:
- Ал абышка үч жыл мурда өтүп кетти.
- Ошондой де…
Аялдын жүзү эми даана көрүндү. Аны көрөр замат жүзүн буруп, бетине сүлгүнү жаба салды.
Аялды жазбай тааныганда, суу үстүнө уюлгуган туманга житип кеткинсип, анын маңдайында жылаңач тургандан чындап уялды. Беш жыл мурун аны ушунчалык катуу таарынтпады беле. Ошондон бери аялды аяп өзүн өзү тытып жейт. Ошончо жерден келип аялга ушул жайдан кезиккенин кара… Каран күн ай, каран күн! Деми кысылып, бетиндеги сүлгүнү сыйрып алды.
Куш багар ага көңүл бурбады. Өз жумушун жасай берди. Суудан чыгып, аялына барды да:
- Кел, дагы бир ирет чайканып чыгалы.
Аял арык колдорун жая салганда, куш багар аны колтуктан алып өйдө көтөрдү. Аял түпкүчтөй түйүлүп эрине жабышты. Аял сууга чумкуган кезде пайда болгон майда толкундар тарала келип, жолоочуну ээктен алды.
Куш багар да сууга чалп секирип, сууну шарпылдатып кашка башын жышып жатты. Жолоочу аялга уурдана карап турду. Аял ысык суу денесин куйкалап жаткансып көзүн чылк жумуп алган. Беш жыл мурда анын көз жоосун алган аялдын кундуздай кара коюу чачы суу бетине тегиз жайылды.
Бассейн чабак уруп сүзсө болчудай кенен. Суу ичинде бир ордунда былк этпеген аял эч кимге көңүл бурбастан өзү менен өзү. Жолоочу андан ичтен күбүрөп кечирим сурап жатты. Кудайга жалынгандай ичтен өксөп ыйлап кечирим сурады. Мүмкүн ал кетирген күнөөнүн айынан аялды кудай оорукчан кылып жазалап жаткандыр? Анын айынан! Аялдын купкуу денеси анын айынан аял оорукчан болуп калганын айтып көзгө сөөмөй кезеп кекетип жаткансыды.
Жылуу сууга салынган мейманканага келип-кеткендер куш багар аялына кантип кам көргөнүн кеп кылышса жүрөк тилинет. Оорукчан аялына кам көргөнүнө чүнчүп кетпестен, тескерисинче, мындан дем-күч алып, кайратын түздөп, ар күнү аялын ташып жылуу сууга каттаган кырк жаштагы эркекке бали. Куш багар аялын көбүнчө айылдагы мончого алпарып, бул жайга анда-санда келип жүргөндүктөн, жолоочу менен аял бетме-бет кезигише элек болчу.
Эч ким менен иши жок куш багар бассейнден чыгып, аялынын кийимдерин оңдоп-түздөп кирди. Суу жээгине аялдын ич кийимин, кимоносун коё салып, суудан аялын көтөрүп чыкты. Аялын алдына көтөрүп, аялы анын астында түпкүчтөй түйүлүп барат. Аялдын жумуру тизесин көргөндө, асыл таштуу шакек эске түштү. Күйөөсү аны кимоно үстүнө олтургузуп, денесин сүлгү менен шашпай аарчыды, анан чачын тарап берди. Андан соң аялын гүлгө ороп жаткансып шашпай кийиндирди.
Кимононун курун байлап, аялын жонуна аярлай көтөрүп, дайра бойлоп келген жолуна түштү. Кетип бараткан алардын карааны төбөдө сумсайган айдын суйдаң нуруна жарып турду. Аялын артына көтөрүп баратып да аны бир колу менен аяр сылап эркелетип баратканын айт.
Алардын карааны көрүнбөй калганда, жолоочу эчкирип ыйлап жиберди. Жылуу суу бетине көз жашы тып-тып тамды. Ыйлап жатып:
- Кудай бар! Кудай!...
Анын бактысына балта чаап салдым деп ушуга дейре өзүн эзип-жеп жүргөнү чоң катачылык экенине эми көзү жетти. Өзүн ашыкча кыйын сезип курулай дердеңдеп жүргөнүн да эми түшүндү. Адам эч качан башка адамды бактысыз кыла албайт тура. Көрсө, аялдан кечирим сураштын эч кажети жок экен. Бирөөнү басынтып-тебелеп, таарынтып басып жүргөн – бул сен кыйынсың дегенге кирбейт тура. Адамды таарынтып, аны басынтып жок кылып жибериш адам колунан келбеген иш экен.
- О, Кудай ай! Баш ийдим, Кудай сага! Багындым сага!...
Бир аздан соң дайранын жылжып аккан үнү угулду. Дайра менен агып кулак угуп, көз көрбөгөн белгисиз жактарга жоголуп кеткиси келди.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.