Ясунари Кавабата: Анар

  • 29.12.2021
  • 3577

Бул кыска аңгемеден жапондорго гана таандык улуттук өзгөчөлүктүн элементтерин байкоого болот. Аңгеме жапондордун өзүнө өтө кызыктуу болушу ыктымал. Жапондор сөз түрүндө эмес, сезим аркылуу көбүрөк баарлашат деп айтылат. Кыргызда “болор бала богунан” деген накыл кеп бар эмеспи. Көрсө, жапондун балдары кенедейинен эле намыскөй, сезимтал келишет тура.
(Котормочудан.)

АҢГЕМЕ

Түнү бою соккон күзгү шамалдан анар дарагынын бариктери күбүлүп түштү. Күбүлгөн бариктер дарактын айланасына тегиз тегерек түрүндө жайылып жатат.

Эрте менен терезени ачып жиберген Кимико жылаңач анар дарагын таңдана карады. Бариктери бир түндө күбүлүп калганы таң калыштуу жана да уйгу-туйгу шамалга карабастан бариктердин жерге тегиз тегерек жайылып күбүлгөнүн кара.

Дарактын чокусунда калган жалгыз анар көзүнө урунду.

- Аай-иий, апаке, караңызчы, кандай сонун анар! – көрөр замат толкундануу менен кыйкырып жиберди.

- Иэ?!… Муну байкабапмын деле,  ̶  апасы ашканага жакка басып кетти.

«Муну байкабапмын деле»  ̶  апасынын бул сөзү Кимикого алардын жалгыз бой турмушун дагы бир сыйра эсине салып өттү. Ырас, жалгыз бой, жалгыздык эмей эмне, эшик алдында өскөн анарды деле байкаганга чамалары жок.

Эки жума мурун булардын үйүнө эки ата өтүшкөн тууганынын баласы коноктоп келип калды. Даракта жетилип бышкан анарды көрөр замат бала тарбаңдап дарак менен сойлоп жөнөдү. Анардан көз албай тарбаңдап даракка тырмышып, жогору чыгып бараткан баланы Кимико кубануу менен карады.

- Тигине, тигине, чокусунда эң чоңу турат! – Кимико сөөмөйүн дарактын чокусуна кезей болушунча кыйкырды.

- Көрдүм, ̶  деп жооп берди бала,  ̶  ага чыксам, кайра түшө албай калсамчы.

Эгерде эки колунда анар болсо, жерге кантип түшмөк деп ойлогон Кимико өзүнчө жылмайды. Бала тим эле иттин күчүгүндөй сүйкүмдүү көрүнөт!

Бала коноктоп келип калбаса, бышып жетилген анарды көрүшмөк эмес экен. Ошондон бери апасы деле, Кимико деле анар тууралуу эстешпегенин айт.

Бала келген кезде чокусундагы анар жашыл жалбырактарга жашынып турган. Азыр болсо көк асмандын фонунда кыпкызыл болуп көзгө даана урунат.

Кимико даракка жакындап барды да, узун шыргый менен анарды күбүдү. Жетилип бышкан анар жерге түшөр замат тең ортосунан чарт эте жарака кетти. Тим эле анардын ичинде буулугуп жаткан күч сыртты жарып чыккандай. Кимико анарды алып, сөрүнүн жылаңач тактайына койду. Жарылган жеринен бадырайып көрүнгөн мөмөлөрү күн нуруна кыпкызыл болуп кубулжуйт, чиркин.

Анарды кол менен этияттап жулуп албай, шыргый менен уруп түшүргөнүнө өзүн күнөөлүү сезип, анарды аяп турду.

Экинчи кабатка чыгып барды да, ал жерде саймасын сайганга киришти. Саат ондордо ылдыйдан ошол көчөдө жашаган Кэнкитинин үнү угулуп калды. Сырткы дарбаза ачык калып, Кэнкити короого түз кирип келсе керек.

- Кимико, түш ылдыйга, кызым! – ылдыйдан апасы кыйкырды, - Кэнкити келди мына… Чогуу ойногула.

Муну укканда кыз шашып-бушуп саймасын токтото салып, ылдыйга жөнөдү.

- Кимико сизден кабар алып келели деп жанымды койбоду. Аскерге кетип жатканыңызды угуп, өзү сизге биринчи барыштан уялды,  ̶  апасы короого кирип келген балага бура сүйлөдү, - Бир келип, биздин кыздан кабар алып койбогонуңуз кандай? Кириңиз, төргө.

Апасы чуркап келе калган Кэнкитини кетиргиси жок.

- Келгениң ырас болду. Жүрө кой, чогуу тамак ичебиз.

- Жок, кетишим керек,  ̶  деди бала. Кыязы бир жакка шашып жаткандай.

- Каап… Эмнеге,  ̶  деди апасы бушайман, - Кел, эч болбосо анардан ооз тий анда. Өзүбүздүн бактан үзүлгөн.

- Кимико, келатасыңбы, кызым?!  ̶  апасы кызын дагы чакырды.

Кимико тепкич менен ылдый түшүп келатканда бала андан көзүн албай карап турду, кыз болсо тепкичтен түшүп келгиче шашып, өзүн буттары тушалып калгандай сезди. Бала кызды караган калыбында анарды жарака кеткен жеринен шашпай жеп жатканы.

Кэнкити кызды бет маңдайынан көргөндө, көздөрү жайнай түштү. Колдору калчылдап барып, анарды жерге таштап жиберди.

Көздөр бири-бири менен тиктеше калганда, экөө бири-бирине жылмайды. Кимиконун жүзү албырып чыкты. Ал эми Кэнкити жөнөгөнгө камынып калды.

- Жакшы кал, Кимико, мен кеттим! – деп кыйкырды дикилдеп чуркап жөнөгөн бала, - Өзүңдү карап, жакшы жүр!

- Сен да жакшы жүр, Кэнкити! – шыбырады кыз дикилдеп бараткан балага карап. Артын карабай бараткан тиги муну укпай калды.

Кэнкити чуркап кеткен соң Кимико ал чыгып кеткен дарбаза тарапты карап, көпкө мелтиреп туруп калды.

- Кудай, ай… Мынчалык кайда шашат? Анарды да түзүк жеген жок. Ушул кантип болсун?! –кейип кирди кыздын апасы. Анан сөрүдөн эңкейип, жерде жаткан анарды алды.

Кэнкити кызды көздөрү жайнап карап турганын Кимико байкай калганда, Кэнкити колундагы анарды тең экиге бөлгүсү келип, анарды жерге катуу таштап жибергени ошондон. Шашкалактап кеткендиктен жерге түшкөн анар тең экиге бөлүнбөдү. Мындан улам бала кыздын алдында бир аз намыстанды окшойт.

Апасы ашканага кирип анарды жууп, тең бөлүп, сөрүгө кайтып келди.

- Мэ, жей кой, кызым,  ̶  апасы теңге бөлүнгөн анардын жартысын кызына сунду.

- Жок, кы-кыый бул[1], – дейт кызы мурдун чүйрүп, артка кетенчиктеп.

- Кы-кыый эмес, ботом, жесе болот муну.

Кыздын бети кызарып кетип, колун ыргылжың сунду.

Анарды жарака жеринен баштап жеп кирди.

Анарды апасынын көзүнчө оозанбай коюудан тартынып, аны көңүл кош гана жеп жатты. Анын кычкыл ширеси оозуна толо түштү. Кычкыл шире бүт денесин аралап, денеси жибип жаткансыды.

Апасы кызынын бул абалын аңдабастан, сөрүдөн туруп жөнөдү. Күзгүнүн жанынан өтүп баратканда кебетесин көрүп, чочуп кетти.

- Аай-иий! Кебетем кантет, кокуй! – кыйкырып жиберди. – Жана Кэнкити кирип келгенде чачтарым ушинтип саксайып турду беле? Уят эле!

Күзгүнүн алдына олтура калып, саксайган чачын тарады.

- Атаң өлгөндөн кийин,  ̶  апасы чачын тараганча, акырын сөз баштады, - Көпкө дейре чачымды тараштан коркуп жүрдүм… Чачыма тарак тиер замат атаң менен чогуу өткөргөн күндөрүм эсиме түшчү болду. Чачымды тарап, артка бурулсам эле атаң артымдан келип, кучактап калчудай сезилчү. Муну элестеткенде, чачымды тарап жатып, денем калчылдап корком.

Атасы тирүү кезде чогуу тамактанып бүтүшкөн соң, апасы ар дайыма күйөөсүнүн кешигин калтырбай жеген адаты бар эле. Кимико азыр ушуну эстеди.

Азыр болуп өткөн иштин артка кайрылып келбешин тээ көңүл тереңинде сезип, ошол учурда белгисиз бакыттын даамын сезип, көзүнөн мөлт-мөлт көз жашы чуурду.

Апасы убал болот деген ойдо ысырапкерликти илгертен жактырбай турган. Күйөөсүнөн арткан тамакты калтырбай жеп алганы да ошо. Кэнкити таштап салган анарды жеп кой деп кызына сунганы да көрсө бекеринен эмес тура.

Дене-боюн балкыткан бир жагымдуу сезимди туйганда, эмнегедир жанындагы апасынан өзүнөн-өзү уялды.

Коштошо салып, эчтекеден иши жок дикилдеп чуркап жөнөгөн Кэнкитини көргөндө, бүт денесин аралаган буга чейин белгисиз, жагымдуу сезимди эстеп, кайрадан жаны эргийт десең. «Мен сенин кайтып келишиңди өмүр бою күтөм»  ̶  деп ойлоду Кимико.

Кимико көз кыйыгында апасы жакты караса, күзгү турган тосмо күн нуруна жаркырап туруптур. Арыда апасы анардын жартысын тизесине койгон бойдон ойлуу олтурат. Апасы анардын жартысын жегенге эмнеге даай албай карап турганын балалык баёо сезиминде эми түшүнгөнсүдү.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Автор тууралуу учкай кеп: Ясунари Кавабата (1899–1972) – жапон жазуучусу, искусство жана адабият боюнча француз орденинин офицери (1962-ж.), адабият боюнча Нобелдик сыйлыктын лауреаты (1968-ж.). Нобелдик сыйлык ыйгарылган биринчи жапон жазуучусу (Андан кийин жапон жазуучуларынан Нобелдик сыйлыкты 1994-жылы Кэндзабуро Оэ алган.).

Кавабатанын чыгармалары жапондун улуттук көркөм салтына терең ширелип, ошол эле учурда азыркы адабияттын эркин колдонулган ыкмаларында жазылган. Негизги эмгектерине «Миң канаттуу турна», «Ак карлуу өлкө», «Эски борбор», «Тоонун ыйы» ж.б.у.с. романдары кирет. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.

1924-жылы Императордук Токио Университетинин филология факультетинен «англис тили» бөлүмүн бүтүргөн. Жазуучулуктан сырткары ар кайсы газеталарда кабарчы болуп иштеген. Өзүнүн айтуусу боюнча ата-энесинен эрте ажырап, жетимдиктин азаптуу жашоосу, Дүйнөлүк согуш жана согуштан кийин өлкөдөгү оор кырдаал  анын чыгармачылыгына күчтүү таасир эткен.

1972-жылы газга ууланып каза болгон. Жакын туугандары, жубайы муну кокустуктан улам деп эсептешсе, кээ бир аны жакындан билген санаалаштардын айтуусу боюнча өзүн-өзү атайылап ушундай жол менен өлтүргөн. Алардын баамында буга жазуучунун өмүрүнүн соңку жылдарында жеке турмушунда кездешкен кээ бир жагымсыз окуялар түрткү болгон. Бир версия боюнча буга анын жакын ини-досу, жазуучу Юкио Мисиманын трагедиялуу өлүмү себеп. Ал өлгөндөн кийин анын руху жазуучунун түшүнө тынбай кирип, аны өзүнө чакырып жаткандыгын жазуучу өзү көп жолу айтчу экен. (Юкио Мисима (1925-1970) – көрүнүктүү жапон жазуучусу, драматург. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына талапкерлиги үч жолу жактырылып, аз жерден сыйлыкка илинбей калган. 1970-жылы үч досу менен Итигайда (Жапония) аскердик бөлүктүн кол башчысын барымтагы алып, аскерлердин жардамында өлкөдө төңкөрүштү ишке ашыруу планы ишке ашпай калганда, өзүн өзү өлтүргөн. Жапондордо согуштан жеңилип баратканда, алдыга коюлган чоң максат ишке ашпай, өз жанын өзү кыйгандык  ̶  намысын сактап, абийир менен өлдү деп эсептелет. Муну кинолорунан деле байкоого болот.)

Кавабатанын өлүмү боюнча жакын санаалаш адамдарында ар кимисинин өз пикири болуп, бирок чыныгы себебин эч ким билбейт. Улуу жазуучунун өлүмүнүн анык себеби ошентип белгисиз бойдон калган.

[1] Кызы анарды тиги бала тиштеп салды деп, ошондон улам сунулган анарды алгысы келбеди. Кайра ойлонуп, апасынын көңүлү үчүн гана анарды алып, жеп баштайт (жапондордо ата-эненин сөзүн эч качан эки кылганга болбойт деген түшүнүк терең). Кийин апасы атасы тууралуу эскергенде, кайра ошол бала тиштеген анарды жеп алганына ичинен сүйүнөт. Буга чейин жан-дүйнөсүн уйгу-туйгуга салган белгисиз, жагымдуу сезим ичин аралап, жанында турган апасынан эмнегедир уялып жатат. Бирок бул кандай сезим экенин түзүк аңдабай, кызда аялдык инстинк иштеп, бул сезимге баш ийип жатканы. Бул «Мен сенин кайтып келишиңди өмүр бою күтөм» - деген сапка камтылган. Муну сүрөттөп берген жазуучунун зор чеберчилиги байкалат. (Котормочудан.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз